Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

Азыркы кыргыз тили. Морфология. 1-лекция

Тема: Кыргыз тилинин грамматикасы

Маселелер:
1. Грамматика жөнүндө жалпы маалымат.
2. Грамматиканын түрлөрү, бөлүмдөрү.
3. Грамматикалык маани, грамматикалык каражат,
грамматикалык форма, грамматикалык категория.

1.  Лингвистикада фонетика, лексикология сыяктуу негизги бөлүмдөрдүн бири болуп грамматика эсептелет. «Грамматика» терминин грекчеден которгондо «окуу жана жазуу  өнөрү» дегенди туюндурат. Грамматика тил илиминде төмөнкүдөй маанилерде колдонулат:

Сөздөрдүн  өзгөрүш формаларын, түзүлүшүн,  сөз айкашын жана сүйлөмдөрдүн типтерин  үйрөтүүчү  тил илиминин бир тармагы;

Кандайдыр бир тилдеги сөздөрдүн, сөз айкаштарынын жана сүйлөмдөрдүн түзүлүшү;

Сөздөрдүн  өзгөрүшүнүн  өз ара айкашынын жана сүйлөмдөрдүн түзүлүшүнүн белгилүү  бир тил  үчүн берилген эрежелеринин жыйындысы. Демек, ар бир тилдин грамматикасы тил менен бирге пайда болуп, анын өнүгүшү менен кошо  өзгөрүүгө учурап, өз сапатын жакшыртып, нормаларын тактаган нечен доорлордун жемиши болуп саналат.

2.  Максаты, милдети, изилдөөлөрдү  камтуу объектиси жана жазылыш стили боюнча грамматиканын бир нече түрлөрү бар: Нормативдик грамматика  тигил же бул тилдин түзүлүшүн, андагы илимий жактан толук далилденген талашсыз эрежелерди  өз ичине камтыган грамматика болуп эсептелет. Буга мектептерге, орто окуу жайларга, жогорку окуу жайларга, жогорку окуу жайларга арналган грамматикалар кирет. Мындай грамматикалар  өкмөт тарабынан  бекитилген атайын программалардын негизинде жазылат.

Нормативдик грамматикалардын алда канча өркүндөтүлүп, тилдин түзүлүшүн терең анализдеп, бардык маселелерин камтыган, атайын тематикалык, ысымдык, терминдик ж.б. көрсөткүчтөр менен жабдылган басылмасы академиялык грамматика деп аталат. Илимий грамматикада тилдин түзүлүшүндөгү тигил же бул кубулуштар ар тараптуу илимий көз караштардын негизинде тереңдетилип, ар кандай талаш-тартыш маселелери менен кошо берилет.

Илимий иликтөөлөрдүн мүнөзүнө жараша ал тарыхый грамматика жана сыпаттама грамматика деп экиге бөлүнөт. Тарыхый грамматика (диахрондук грамматика деп да аталат.) тилдин грамматикалык түзүлүшүн тарыхый өсүп-өнүгүш процессинде териштирет. Сыпаттама грамматика (дескриптивдик грамматика деп да аталат) тилдин түзүлүшүндөгү ар түрдүү кубулуштардын бардыгын азыркы учурдун гана көз карашынан туруп баштан-аяк иликтеп чыгат. Салыштырма грамматика тектеш тилдердин грамматикалык түзүлүшүндөгү жалпылыктар менен айырмачылыктарды аныктоо максатын көздөп, өз ара салыштырууларды жүргүзөт. Мунун байыркы жазма эстеликтердин материалдардын пайдалануу менен иликтөөлөрдү жүргүзгөн салыштырма-тарыхый грамматика деген өзгөчө түрү да бар.

Салыштырма грамматиканын бир түрү болуп тектеш эмес тилдердин материалдарын салыштырып изилдеген грамматика эсептелет. Мындай грамматика тектеш эмес тилдердин грамматикалык түзүлүшүндөгү жалпылык жана айырмачылыктарды иликтеп, жалпы тил илиминдеги айрым теориялык маселелердин чечилишин көздөйт. Грамматиканын бөлүмдөрү. Грамматика бири-биринен изилдөө максаты жана изилдөө алкагы боюнча айырмаланган эки бөлүмдөн турат.

Морфология – тилдин грамматикалык курулушунун алгачкысы. Ал сөздүн грамматикалык касиеттерин ачып, изилдеп үйрөтөт. Сөздүн курамын, сөз жасоонун жолдорун, сөз түркүмдөрүн окутат.

Синтаксис – тилдин грамматикалык курулушунун андан аркысы. Анда сөз айкаштары, алардын типтери, айкашкан сөздөрдүн өз ара карым-катыш байланыштары, сүйлөм, сүйлөмдүн түзүлүшү, түрлөрү, мүчөлөрү окутулат.

3. Сөздөр лексикалык маани (сөздүн керт башына гана тиешелүү) менен катар грамматикалык мааниге да ээ болушат.

Демек грамматикалык маани дегенибиз-айрым сөздөрдүн керт башына гана тиешелүү болбостон, алардын бүтүндөй бир тобуна тиешелүү болгон жалпыланган маани. Грамматикалык маанилер экиге бөлүнөт:
Жалпы категориялык грамматикалык маанилер;

Жеке грамматикалык маанилер.
Жалпы категориялык грамматикалык маанилерге төмөнкүлөр кирет: заттык маани, белгилик маани, сын-сыпаттык маани, сан-өлчөмдүк маани, кыймыл-аракеттик маани ж.б. Жеке грамматикалык маанилерге жөндөмө, сан, жак, таандык, чак, ыңгай, мамиле, даража ж.б. маанилер кирет.

Сөз түрдүү формада өзгөрүлүп кетсе да андагы жалпы категориялык маанилер грамматикалык маани өзгөрбөй кала берет. Ал эми жеке грамматикалык маанилер болсо өзгөрүлө берет. Мисалы: ук, уктук, уккула деген сөз формаларынын баарында тең кыймыл-аракеттик маани (жалпы категориялык маани) сакталып турат да, жеке грамматикалык маанилер өзгөрүп кеткен: ук (буйрук ыңгай, 2-жак, жекелик сан, келер чак маанилери), уктук (башталгыч ыңгай, 1-жак, көптүк сан, өткөн чак маанилери), уккула ( буйрук ыңгай, 2-жак, көптүк сан, келер чак маанилери).

Грамматикалык маанилер тиешелүү грамматикалык каражаттар аркылуу туюндурулат. Алар:
Уланды мүчөлөр:барам (-ым), кызыңа (-ың,-а), уулунун (-ы,-нын) ж.б.
1. Кызматчы сөздөр: сиз жөнүндө, келечек тууралуу, ошол го, ал үчүн, үйдү көздөй ж.б.
2. Сөздүн лексика -грамматикалык маанилер боюнча топторду түзүшү: кагаз, суу, асман, буудай, кайчы-заттык маанилер; тур, бас, кыймылда, сүйлө, жүрү-кыймыл-аракеттик маанилер; жети, тогуз, кырк, жетимиш, токсон-сан-өлчөмдүк
маанилер; жашыл, кызгылтым, күрөң, боз, ак-сын-сыпаттык маанилер ж.б.
3. Интонация: Мен, Мен? Эмне? Бол! Кош! Өш! ж.б.
4. Басым: Сатып бересиң. (буюруу маанисинде айтылды);
Сатып бересиң! (Өкүм буюруу маанисинде айтылды) ж.б.