Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

Кыргыз эл макалдары. Ж тамгасы 1500 макал

«Жабагы жалдуу экен» деп, сатып алба, жаманды
малдуу экен деп жакын кылба.
«Жебейм, жебейм деп» жемекей катын түгөтөт.
«Жебейм, жебейм» деп жемекей катын түгөтөт,
«ичпейм, ичпейм» деп ичмекей катын түгөтөт.
«Жүр», «жүр» ат өлтүрөт, «Кал», «сал» куш качырат.
Жаа сынаарында катуу, суук чыгаарында катуу.
Жаагың сынса сынсын, шагың сынбасын.
Жаак жаңылаар, туяк мүдүрүлөөр.
Жаан баарыга саат, өлгөн өзүнө саат.
Жаан каарына алса—тамары тамчы, катын каарына алса — табары камчы.
Жаан каарынын тамаары тамчы, катын каарынын табаары камчы.
Жабагы жалдуу деп сатып алба, жаманды малдуу деп жакын кылба.
Жабагыны тай болбойт деп кордобо, кыштан чыкса мал болот.
Жабуу астында жал калат, жал калбаса, жан калат.
Жабуу, жабуу дебеңер, жайсыздан айгыр салбаңар.
Жабууласа жал калат, жол астында жан калат.
Жабыгып жүрсө жигитти жакырсың деп кордобо,
ташыркаган бууданды баса албайт деп болжобо.
Жабылган аяк, жабылган бойдон калсын.
Жабышсаң оролосуң, жаңылсаң жоголосуң.
Жагымсыз конок жатаар маалда келет.
Жадаткан меймандын жагымы жок.
Жаз — жарыш, күз — күрөш.
Жаз жамгыры ылай болбойт, ууру күчөп бай болбойт.
Жаз жардыныкы, кыш алдуунуку.
Жаз жарыш, күз күрөш.
Жаз кар эритет, жар жан сергитет.
Жаз келсе гул күлөт, кут келсе — адам күлөт.
Жазбаган кара жер, жаңылбаган бир алда.
Жазбай аткан мерген бар, алыскы ишти көргөн бар.
Жазган кулда чарчоо жок.
Жазганбаган кыздан түңүл, жаздай болгон кыштан түңүл.
Жазганды өчүрө албайсың.
Жазгы жамгырга ишенбе, кышкы күнгө ишенбе.

Жазгы муздун жабыктайынан кач, күзгү муздун күзгүдөйүнөн кач.
Жазгы мээнет — күзгү ыракат,
Жазгы суук жандан өтөт.
Жазгы этте жазык жок.
Жазда жамынчагыңды таштаба, кышта өзүң билесиң.
Жазда жаныңды айдабай, кышта казаның кайнабайт.
Жазда кылган мээнетти, кышта көрөт дөөлөттү.
Жазда магдырасаң, күздө жалдырайсың, кышта дабдырайсың.
Жазда малды айдап бак, кышта малды байкап бак.
Жазда кыл мээнетти, кышта көр дөөлөттү.
Жаздыктан өлгөн — жаман, ат, жоодөн өлгөн —салтанат.
Жаздын аракети, күздүн берекети.
Жаздын жаздайы жакшы, жаштын жаштайы жакшы.
Жаздын тонун кыш кийсе, тоңуп калат азамат.
Жаздын уйкусу (түйшүгү) — кышка кам.
Жазылбаса сыя жукпайт, жабыркаса кулак укпайт.
Жазында ырдап жүрбөсөң, кышында жыргап жүрөсүң.
Жаңдоочу кийик аттырат.
Жаңы жардын жалыны күчтүү.
Жаңыга умтул, жалаадан кутул.
Жаңылбас жаак мүдүрүлбөс туяк болбойт.
Жаңылыкты ач өсөсүң, жаңылсаң өчөсүң.
Жаңыны эски сактайт, койду эчки сактайт.
Жаңысында түлкү, эскисинде күлкү.
Жай — бейиштин белгиси, кыш — тозоктун белгиси.
Жай аккан суудан жаа бою кач.
Жай жакшы болсо, эл эгиндүү болот.
Жай кийгенин кыш кийген жарды кайдан байысын.
Жай кийгенин кыш кийген жарды кайдан оңолсун.
Жайбаракат — жазга жакпайт, жабыла иштөө — жалкоого жакпайт.
Жайбаракат жазга жакпайт, жарыша иштөө жалкоого жакпайт.
Жайдак тилден чаң чыкпайт.
Жайдын күнү жаш баладай.
Жайкы жамгырга, кышкы күнгө ишенбе.
Жайлоону жоо алса, кыштоону өрт алат.
Жайлоонун көркү мал менен, өзөндүн көркү сай менен.
Жайың болсо, мал табылат, ашың болсо, казан табылат.
Жайыл дасторкон — марттыктын белгиси.
Жайын билбей — жер тандаган кызык, алын
билбей — эр тандаган бузук.
Жайын билбей жер тандаган кызык, алын билбей
эр тандаган кызык.
Жайын билген — темирди үзөт.
Жайында баспаган, кышында чуркайт.
Жайында жаткан, кышында катат.
Жайында иштебей жаткан катын, кышында колун
отко кактаган (же каткан).
Жакасы жок тон болбойт, жабуусу жок үй
болбойт, ага — инисиз эл болбойт.
Жакшы жашынан эл башкарат, жаман карыган
сайын жашарат.

Жакшы — арына кул, жаман — малына кул.
Жакшы — жаман тизгиндеш.
Жакшы — жумуш башында, жалкоо — үй кашында.
Жакшы — сөздү таап сүйлөйт, жаман — каап сүйлөйт.
Жакшы — сөзү менен күлдүрөт, назы менен
күйдүрөт, мээрими менен сүйдүрөт.
Жакшы – сөзү менен сооротот, жаман – токмогу менен ыйлатат.
Жакшы — сыйлайт дили менен, жаман кыйнайт тили менен
Жакшы — сылык, жаман — өнөк.
Жакшы – эл камын ойлойт, жаман – өз камын ойлойт.
Жакшы — эли менен, жер – кени менен.
Жакшы абысыныңа баргыча, жаман чабаданыңды аңтар.
Жакшы абысыныңа баргыча, жаман сандыгыңды
(же кара кабыңды) аңтар.
Жакшы адам жайлоодогу гүлдөй, тийип турган күндөй.
Жакшы адам жер себинен, жаман адам эл
эсебинен жан сактайт.
Жакшы адам иш үстүндө, жаман адам сөз үстүндө.
Жакшы адам макалчы, жаман адам сакалчы
Жакшы адам он бешинде жашмын дебейт, жүзгө
чыкса карыдым дебейт.
Жакшы адам сөздү таап айтат, жаман адам каап сүйлөйт.
Жакшы адам улууну ак дилинен урматтайт,
кичүүнү орду менен ызааттайт.
Жакшы адамда жаштык жок, тобокелдин көөнү ток.
Жакшы адамдын досу көп, жакшы аттын ээси көп.
Жакшы азамат белгиси ары мырза, ары күл.
Жакшы ай менен күндөй, жакшылыгы ар кимге бирдей.
Жакшы айттырбай билет, суратпай берет.
Жакшы аким элин оңдойт, жаман аким элин кордойт.
Жакшы ат жанга шерик, жакшы ит малга шерик.
Жакшы ат жанга шерик, жаман ат малга шерик.
Жакшы ат камчы салдырбайт
Жакшы ата — жаман уулга кырк жыл азык
Жакшы ата алысты жакын кылат.
Жакшы атак жатак, жаман атак алыска качат.
Жакшы атанын кашыктап жыйнаганын жаман уул чөмүчтөп чачат.
Жакшы ата кашыктап жыйнаганын, жаман уул чеңгелдеп чачат.
Жакшы атка — бир камчы, жаман атка — миң камчы.
Жакшы атка бир камчы, жаман атка миң камчы.
Жакшы кишиге бир сөз, жаман кишиге миң сөз.
Жакшы атка жаман ат, жалы менеп теңелет.
Жакшы адамга жамандар, малы менен теңелет.
Жакшы аттын (малдын) тишин ачпа, жакшы эрдин
(адамдын) жашын сураба.
Жакшы аттын жалын сактагыча, жакшы жигиттин арын сакта.
Жакшы аттын тишин ачпа, жакшы эрдин жашын сураба.
Жакшы атыңдан айрылганча, жаман көзүңдөн айрыл.
Жакшы атыңдан айрылганча, жаман козуңдан айрыл.
Жакшы атыңды тойго мин, жаман атыңды буйга
мин, түнөп калган уйга мин.

Жакшы атын аябайт, баатыр жоону санабайт.
Жакшы ашын жейт, жаман башын жейт.
Жакшы аял — дөөлөт, жаман аял — мээнет
Жакшы аял — ырыс, жаман аял -уруш
Жакшы аял алгандын тою үйүндө.
Жакшы аял бир айыл элди агартат, жаман аял өз
башын эптеп агартат.
Жакшы аял жакын кошот, талыкпай окуу акыл кошот.
Жакшы аял жаман эрди жакшы кылат, жаман аял
жакшы эрди жер кылат.
Жакшы аял үй ээси, жаман аял жол ээси.
Жакшы аял үйдүн жайсаңы, жаман аял үйдүн шайтаны.
Жакшы баксаң эгинди, эгин берээр тегиңди.
Жакшы бала тил алчаак, жаман бала уялчаак.
Жакшы бала эр болот, жаман бала жер болот.
Жакшы болом десең, жакыныңа жан тартпа,
бактылуу болом десең, башка адамга көз артпа.
Жакшы болом десең, жакыныңа жан тартпа,
бактылуу болом десең, башкаларга көз артпа.
Жакшы болсо — бийден, жаман болсо — кулдан.
Жакшы болсо алганың, жаркылдаган кушка
окшойт, жаман болсо алганың, алдыңдан өткөн
сызга окшойт, каңтардагы музга окшойт.
Жакшы болсо алганың, жаркылдаган кушка
окшош, атыр жыттуу гүлгө окшош, жаман болсо
алганың, алдыңдан өткөн сызга окшойт.
Жакшы болсо катының — табыла берет акылың,
куусаң да кетпейт жакыныңЖаман болсо
катының — кете берет акылың, чакырсаң (кээде
жалынсаң) келбейт жакының.
( Жакшы болсо катының келип турат жакының,
жаман болсо катының качып турат жакының.
( Жакшы болсо катының, келип турат жакының,
жаман болсо катының, качып турат жакының,
жакшы болсо катының, табыла берет акылың,
куусаң да кетпейт жакының, жаман болсо
катының, кете берет акылың, чакырсаң келбейт жакының.
Жакшы болсо катының, табыла берет акылың.
Жакшы болсоң — жатык бол, улук болсоң — кичик бол.
Жакшы болсоң жатык бол, ар ким жолдош
башыңаЖакшы болуп тар болсоң, кимдер келет кашыңа.
Жакшы болсоң жатык бол, чындык сенден
адашпайт, карапайым калыс бол — сени төмөн санашпайт.
Жакшы болсоң жердей бол, баарын чыдап
көтөргөн, таза болсоң суудай бол — баарынын кирин кетирген.
Жакшы болсоң өздүн да, өзгөнүн да үзүрүн
көрөсүң, жаман болсоң экөөнөн тең кол үзөсүң.
Жакшы болуучу азамат жатып алып бий болот,
жаман болуучу азамат качып жүрүп ий болот.
Жакшы болуучу балаңды соодагер кылба.
Жакшы врач — өмүр шериги.

Жакшы деген бир ат (ты) бар, кууса жетпейт
(жеткис)Жаман деген бир ат (ты) бар, жууса
кетпейт (кеткис).
Жакшы деген бир атты кууса жетпейт, жаман
деген бир атты жууса кетпейт.
Жакшы дос жан жыргатаар азык, жаман дос
башка тиер казык.
Жакшы дос пайдасын тийгизбесе да зыянын тийгизбейт.
Жакшы жалган айгпайт, жалгандан пайда таппайт.
Жакшы жаныңа жолдош, жаман малыңа жолдош.
Жакшы жар марьггат, жаман жар карытат.
Жакшы жарсыз өткөн күн курусун.
Жакшы жашынан эл башкарат, жаман карыган сайын жашарат.
Жакшы желик болот, жүк көтөргөн көлүк болот.
Жакшы жетекчи элин түзөйт.
Жакшы жигит көктөгү (асмандагы) жылдыз.
Жакшы жигит сыртта — мырза, үйдө — кул.
Жакшы жигит сыртта мырза, үйдө кул; жаман
жигит үйдө мырза — сыртта кул.
Жакшы жигит эл камы үчүн жүгүрөт, жаман жигит
өз камы үчүн жүгүрөт.
Жакшы жигит элин өргө сүйрөйт, жаман жигит
элин көргө сүйрөйт.
Жакшы жүргөн жерине тынч салар, жаман жүргөн
жерине өрт салар.
Жакшы — журтунун камын жейт, жаман —
журтунун малын жейт.
Жакшы зайып үйдүн куту.
Жакшы зайып жаман эрди бий кылат, жаман
эркек жакшыны алса күң кылат.
Жакшы зайып тартарды таап, бөдөнөнү бөлө кылат.
Жакшы зайып таранчыны таяке, бөдөнөнү бөлө кылат.
Жакшы зайып—жарым ырыс, жаман катын— күнүгө уруш.
Жакшы ит өлүгүн көрсөтпөйт.
Жакшы ишке келет, жаман ашка келет.
Жакшы үйгө келгенде, жаман адам мас болот.
Жакшы өлсө бир өлөт, жаман өлсө миң өлөт.
Жакшы өмүрдүн алды—өрт, аркасы—күн.
Жакшы өскөн бала эшикте калган ата — энесин
төргө чыгарар, жаман өскөн бала төрдөгү ата —
энесин сыртка чыгарар.
Жакшы карасаң, сүттөн да кара табасың
Жакшы катын — жарым ырыс.
Жакшы катын — үйдүн көркү, жакшы чапан—
тойдун көркү.
Жакшы катын — капкалуу шаар, жаман катын —
ичи толтура заар.
Жакшы катын — катын, жаман катын — отун.
Жакшы катын — ырыс, жаман катын — уруш.
Жакшы катын жаман эрди зор кылат, жаман
катын жакшы эрди кор кылат.

Жакшы катын жаман эрди эр кылат, жаман катын
жакшы эрди жер кылат.
Жакшы катын жарым ырыс, жаман катын күндө уруш.
Жакшы кеңеш — жарым ырыс.
Жакшы келин — келин, жаман келин — өлүм.
Жакшы келсе — кут, жаман келсе — жут.
Жакшы кеп — жандын азыгы, жаман кеп — жандын казыгы.
Жакшы көргөн досунан мал аяган жигитпи.
Жакшы киши үлгү, жаман киши күлкү.
Жакшы киши калааны курат, жаман киши калааны бузат.
Жакшы киши карыса да, акылынан танбас.
Жакшы киши мал бакса — торугун семиртет,
жалкоо киши мал бакса — сөөгүн итке кемиртет,
Жакшы киши менен жанашкан жакшы.
Жакшы киши ооруса тойго барып келгендей,
жаман киши ооруса көрдөн чыгып келгендей.
Жакшы киши ооруса, коноктон келгендейЖаман
киши ооруса, көрдөн келгендей.
Жакшы күндө — душман дос, жаман күндө —тууган дос.
Жакшы көргөн досуңа ат байлатып сына.
Жакшы көргөн досуңдун, атын албай, тайын ал.
Жакшы көргөн досунан, мал (ат) аяган жигитпи?!
Эл четине жоо келсе жан аяган жигитпи.
Жакшы көрөт деп, бара бербе, берет деп, ала бербе.
Жакшы коңшу—жан азыгы, жаман коңшу—баш казыгы.
Жакшы конок ток болот, жаман конок шок болот.
Жакшы кошуна — бөксөрбөгөн казына.
Жакшы кошунаңа жарамсыз сөз айтпа.
Жакшы кушка жаман куш бабы менен теңелет,
жакшы кызга жаман кыз багы менен теделет.
Жакшы кушка, жаман куш, бабы менен теңелет,
жакшы кызга жаман кыз, багы менен теңелет.
Жакшы эрге жаман эр, жары менен теңелет.
Жакшы кыз — жакадагы кундуз, жакшы жигит — көктөгү жылдыз.
Жакшы кыз — жакадагы кундуз, жакшы уул — көктөгү жылдыз.
Жакшы кыз жакадагы кундуз,
Жакшы кыз кылыгы менен, жакшы ийне учугу менен.
Жакшы кыз эрден чыкпайт, эрден чыкса да элден чыкпайт.
Жакшы кызга жаман кыз багы менен теңелет.
Жакшы кыздын башына бермет менен шуру
ойнойт, жаман кыздын башында сирке менен бит ойнойт.
Жакшы кыздын башына, бермет менен шуру
ойнойт, жаман кыздын башына, какач менен кир ойнойт.
Жакшы кылсаң өзүңө, жаман кылсаң өзүңө, өөдө
карап түкүрсөң, кайтып түшөөр көзүңө.
Жакшы кылсаң өзүңө, жаман кылсаң өзүңө.
Жакшы максат — бүтүн кылат, жаман максат — күкүм кылат.
Жакшы мал (ат) жанга аралжы, жакшы дос (жолдош) малга аралжы.
Жакшы мал өлсө, жанга себеп.
Жакшы малдын тишин ачпа, жакшы адамдын жашын сураба.

Жакшы менен дос болсоң — ырыскысын тең
бөлөт, жаман менен дос болсоң — өзүнөн сени кем көрөт.
Жакшы менен дос болсоң, өлгүчөктү коштошот.
Жакшы менен жүргөн жарыйт, жаман менен
жүргөн убайым тартып карыйт.
Жакшы менен жүрсөң — күндө базар, жаман
менен жүрсөң — күндө азар.
Жакшы менен жүрсөң — жетесиң муратка, жаман
менен жүрсөң — каласың уятка.
Жакшы менен жолдош болсоң, оозуңа аш тиет,
жаман менен жолдош болсоң, оозуңа таш тиет.
Жакшы нерсе аз болот, жаман жүрөк таш болот.
Жакшы ниет — жарым иш.
Жакшы ниет — жарым ырыс.
Жакшы оозго — аш, жаман оозго — таш.
Жакшы санаа — жарым ырыс.
Жакшы санаа (тилек, сөз, үмүт, ниет) жарым ырыс (дөөлөт).
Жакшы санаалаштын белгиси — барын алышып, жогуна таарынышпоо.
Жакшы сүйлөсө — гүл төгүлөт, жаман сүйлөсө — жин төгүлөт.
Жакшы сүйлөсөң, бекер берет.
Жакшы сөз — жан семиртет, жаман сөз — жан кейитет.
Жакшы сөз — жан эритет, жаман сөз — жан кейитет.
Жакшы сөз — жарым дөөлөт.
Жакшы сөз — жарым ырыс.
Жакшы сөз — суу, жаман сөз — уу.
Жакшы сөз — таш эритет, жаман сөз — баш чиритет.
Жакшы сөз жан семиртет, жаман сөз жан кейитет.
Жакшы сөз жан эргитет.
Жакшы сөз жандын эшиги.
Жакшы сөз менен жылан ийинден чыгыптыр.
Жакшы сөз таш эритет, жаман сөз баш чиритет.
Жакшы сөздү айбан да билетЖакшы сөз жандын эшиги.
Жакшы сөздү айбан да түшүнөт.
Жакшы сөзү менен күлдүрөт, назы менен
күйдүрөт, мээрими менен сүйдүрөт.
Жакшы сөзү менен сооротот, жаман токмогу менен ыйлатат.
Жакшы сыйлайт дили менен, жаман кыйнайт тили менен.
Жакшы таап айтат, жаман каап айтат.
Жакшы таз башын жашырбайт, жакшы аял ашын жашырбайт.
Жакшы тамак жайдары кылат.
Жакшы тамак калганча, жаман курсак айрылсын.
Жакшы тамак калгыча, жаман курсак жарылсын.
Жакшы тилек — жарым ырыс.
Жакшы тарбиядан жашоо жеңил.
Жакшы тартип орнотсоң, элиң сыйлайт.
Ансыз элиң бир уучка сыйбайт.
Жакшы тилек — жарым ырыскы.
Жакшы төөнүн мурду жырылбайт.
Жакшы тондун жакасы бар, жеңи жок; жакшы
адамдын ачуусу бар, кеги жок.

Жакшы уктагың келсе, жатаарда тое ичпе,
болбосту ойлонуп капага түшпө.
Жакшы ургаачы колго түшсө күң болбойт.
Жакшы ургаачынын колунда куту, койнунда ырысы толо.
Жакшы уул атадан, жаман уул батадан.
Жакшы уул эл ишине жарайт, жаман уул колуңду карайт.
Жакшы уул элине баш болот, жаман уул элине кас болот.
Жакшы уулдун башына ырыс менен кенч ойнойт,
жаман уулдун башына келтек менен камчы ойнойт.
Жакшы уулдун башына, ырыс менен кенч ойнойт.
Жакшы ыр жан жыргатат.
Жакшы эл камын ойлойт, жаман өз камын ойлойт.
Жакшы эли менен, жер кени менен (даңктанат).
Жакшы элпек болот, жамандын колунда келтек болот.
Жакшы энелер төш жебейт.
Жакшы эр — эли менен, жакшы жер — кени менен.
Жакшы эр (жигит) элин өргө сүйрөйт, жаман эр
(жигит) элин көргө сүйрөйт.
Жакшы эрге жаман эр малы менен теңелет.
Жакшы эрге кыз барса, сылап сылап султан кылат.
Жаман эрге кыз барса, уруп — согуп ултан кылат.
Жакшы эрдин жашын сураба, жакшы аттын тишин ачпа.
Жакшыга — жанаш, жамандан — адаш.
Жакшыга (эстүүгө) айтсаң билет, жаманга (эссизге) айтсаң күлөт.
Жакшыга акыл айтсаң, таап алгандай сүйүнөт,
жаманга акыл айтсаң, алдап алчудай күйүнөт.
Жакшыга барсаң (түшсөң) жашарып жарайсың,
Жакшыга бир ата, жаманга да бир ата.
Жакшыга бир сөз, жаманга миң сөз.
Жакшыга жакын болсоң, колуң асманга жетер,
залим менен жакын болсоң, башың жерге кирер.
Жакшыга жакындаба, өзү сени сүйбөгөн соң.
Жаманга жакындаба, эч пайдасы тийбеген соң.
Жакшыга жалынса — жан калат,
жаманга жалынса — бир кашык кан калат,
Жакшыга жаман айтсаң, бейпай болот.
Жакшыга жанаш, жамандан адаш.
Жакшыга жата кал, жаманга ката кал.
Жакшыга жүрүм жок, жаманга өлүм жок.
Жакшыга жут жок, жаманга кут жок.
Жакшыга кызмат кылсаң — калынды дээр,
жаманга кызмат кылсаң — жалынды дээр.
Жакшыда жалуу жок, жаманда каруу жок,
Жакшыда жамандын сөз акысы бар, байда
жардынын көз акысы бар.
Жакшыда жамандын көз акысы бар, байда
жардынын өз акысы бар.
Жакшыда жатым жок, жаманда батым жок.
Жакшыда кек жок, жаманда тек жок.
Жакшыда кек жок, кекчилде тек жок.
Жакшыдан — мөөн, жамандан — жаан.

Жакшыдан ат калат, жамандан дат калат.
Жакшыдан башчы койсоң элди түзөтөөр, жамандан
башчы койсоң элди жүдөтөөр.
Жакшыдан бөөн, жамандан—жаан (туулат)
Жакшыдан жаман туулса — чыгаша,
жамандан жакшы туулса — киреше.
Жакшыдан жаман туулса эм табылбайт,
Жамандан жакшы туулса тең табылбайт.
Жакшыдан качпа, жаманга баспа.
Жакшыдан пайда тийбейби — эки таалай төп
болсо, жамандан пайда тийбейби—өз курсагы ток болсо.
Жакшыдан сөз калат, соодагерден бөз калат,
усталардан дат калат, молдолордон кат калат.
Жакшы —жаныңа жолдош, жаман —малыңа жолдош.
Жакшылардын сөздөрү май сепкендей,
жамандардын сөздөрү тай тепкендей.
Жакшылыгын алса — кут,
жамандыгын алса — жут.
Жакшылык — жамандыкты бирдей ойлон.
Жакшылык ай менен күндөй, бардык элге бирдей,
жаралганың чын болсо, пайда кыл карап жүрбөй.
Жакшылык болсо билип ал,
жаш куракта билим ал.
Жакшылык жакшылык менен бүтпөйт.
Жакшылык жан эритет, жамандык жан кейитет.
Жакшылык жерде калбайт.
Жакшылык жолдо калбайт, асыл таш жерде калбайт.
( Жакшылык өмүр шамы, чөккөн көңүлдү чалкытат,
өчкөн отту тамызат.
Жакшылык көрсө — дүңгүрөп калат, жамандык
көрсө — үлдүрөп калат.
Жакшылык кылсаң бирөөгө бир жамандык
ойлонот, жамандык кылсаң бирөөгө тагдырым деп тим болот
Жакшылык кылсаң — ырыска батасың, калпың кармалса кайда качасың?
Жакшылыкка жакшылык — ар адамдын башында,
жамандыкка жакшылык — эр адамдын башында.
Жакшылыкка жакшылык, ар кишинин ишидир,
жакшылыкка жамандык, көр кишинин ишидир,
жамандыкка жакшылык, эр кишинин ишидир,
жамандыкка жамандык, кем кишинин ишидир.
Жакшылыктан кечик, жамандыктан кечикпе.
Жакшылыкты досуңа кыл, досуңдан артса өзүңө кыл.
Жакшылыкты унуткан, жамандыкка жолугат.
Жакшылыктын жолу узун, жанашкандын колу узун.
Жакшылыктын жолу узун, ыймандуулуктун колу узун.
Жакшыны — сөз өлтүрөт, жаманды — таяк өлтүрөт.
Жакшыны — сөз ээрчийт, жаманды — чөп ээрчийт.
Жакшыны жараштыр, жаманды адаштыр.
Жакшыны жатым дебе, жаманды досум дебе.
Жакшыны жатым дебе, жаманды өзүм дебе.
Жакшыны көрүп пикир кыл, жаманды көрүп шүкүр кыл.

Жакшыны көргөн, жаманды бөлгөн — бул акылмандык.
Жакшыны көрсөң жакшы болосуң, бакшыны көрсөң бакшы болосуң.
Жакшыны коштой бил, жаманын таштай бил.
Жакшыны мактасаң, жоону чабат, жаманды мактасаң, каман чалат.
Жакшыны мээнет чырмаса, жакыны менен кас
болот, баланы мээнет чырмаса, сарыкарт түшүп таз болот.
Жакшыны мээнет чырмаса, жакыны менен кас болот.
Жакшыны отко салса ойноп турат, күлгө салса күлүп турат.
Жакшыны сөз өлтүрөт, жаманды таяк өлтүрөт.
Жакшыны сөз ээрчийт, жаманды чөп зэрчийт.
Жакшыны сыйласаң эсинен кетпейт, жаманды
сыйласаң эшигиңден кетпейт
Жакшыны уккуң келсе, жаманды айтпа.
Жакшыныкын сатып ич, жамандыкын басып ич.
Жакшынын — шарапаты, жамандын — кесепети.
Жакшынын акылы ташка тамга баскандай,
жамандын акылы түз жерге казан аскандай.
Жакшынын асты тар, арты кең болот.
Жакшынын аттан жыгылганы да жакшы.
Жакшынын аты жакшы
Жакшынын аты өчпөйт.
Жакшынын жакшы билээр сымбатын, жамандар
кайдан билсин, адамдын арзаны менен кымбатын.
Жакшынын жакшылыгы (пайдасы) тиер ар жерде,
жамандын жамандыгы (зыяны) тиер тар жерде.
Жакшынын жарыгы жалпыга тиет.
Жакшынын жаты болбойт, жамандын уяты болбойт.
Жакшынын иши да, сөзү да элге пайда, жаманда андай сапат кайда?
Жакшынын иши жугат, жамандын бити жугат.
Жакшынын өзү да жакшы, сөзү да жакшы,
жамандын өзү да жаман, оозунан чыккан сөзү да жаман.
Жакшынын өзү өлсө да, сөзү өлбөйт.
Жакшынын өмүрү жарым.
Жакшынын көөнүн калтырганча,
жамандан муш же.
Жакшынын көкүрөгү элге калкан.
Жакшынын колуна мал түшсө жалпы эл менен
көрөр, жамандын колуна мал түшсө түбөлүк
кетпестей көрөр.
Жакшынын сөзү жатык болот, жамандын сөзү
кычык болот.
Жакшынын сөзү каймак, жамандын сөзү токмок.
Жакшынын сөзү кепил, жамандын өзү кепил.
Жакшынын сөзү таш эритет, жамандын сөзү баш чиритет.
Жакшынын сөзү ташка тамга баскандай.
Жакшынын сөзүн капка сал.
Жакшынын тебетейи кебинен кетпейт (жанбайт).
Жакшынын тоюна бар, жамандын өлүмүнө бар.
Жакын талашса, жатка жем.
Жакынга көз жеткирет, алыска тил жеткирет.
Жакындагы тебишет, ыраактагы кишенешет.

Жакынды жаралаба, алысты каралаба
Жакыны көп жазганбайт.
Жакыныңа жат болбо, өз элиңе кас болбо.
Жакынын сыйлабаганды жат сыйлабайт.
Жакырдын жайын жалчы билет.
Жакырчылык илдет, жан багуу — милдет.
Жакырчылыкта табылбайт тыйын.
Жалаң кудайга ишенген жөө калат.
Жалакор жалаа издейт, паракор жалаадан кетпейт.
Жалактап шыпыр болбо, жан кечти түшөт колго.
Жалам айраны жок баласынын аты Жууратбек.
Жалгабаган кудайга, жалынбаса не болот!
Жалгаймын деп үзүп алба, түзөймүн деп бузуп алба.
Жалган айтсаң, жадында сакта.
Жалган жерден өрт чыкпайт.
Жалган сөз сени жарытпайт, чындык сөз сени карытпайт.
Жалган сөз бел ашырган менен эл ашырбайт.
Жалган эсеп түпкө жетет.
Жалганды чын кайтарар.
Жалганчы аксактан мурда колго түшөт.
Жалганчы өлгөн адамды күбө тутат.
Жалганчынын сөзү жалганга кетет.
Жалганчынын чын сөзү жалганга кетет.
Жалгыз аттуу — жарышчаак, жаргак шымдуу — күрөшчөөк.
Жалгыз аттуу жарышчаак, жаман катын урушчаак.
Жалгыз аттын чаңы чыкпайт, жалгыз эрдин даңкы чыкпайт.
Жалгыз аттын чаңы чыкпайт, чаңы чыкса да,
даңкы чыкпайт, жалгыз эрдин аты чыкпайт,
(жалгыз кишинин үнү чыкпайт) аты чыкса да даңкы чыкпайт.
Жалгыз бала атка чапса, атасы көчүгүн көтөрөт.
Жалгыз баласынын көзүн чыгара чабат.
Жалгыз болсоң жакшынын жөрөлгөсү жаныңда болсун.
Жалгыз болсоң чогоол бол, көп жанынан түңүлсүн,
жарды болсоң кооз бол, бай жанынан түңүлсүн.
Жалгыз болсоң чогоол бол, көп жанынан түңүлсүн.
Жарды болсоң жоомарт бол, бай малынан түңүлсүн.
Жалгыз болсоң шок бол.
Жалгыз бээлүү жан сактайт, эки бээлүү эл сактайт
Жалгыз дарак токой болбойт, жалгыз таруу ботко болбойт.
Жалгыз дарак токой болбойт.
Жалгыз жүргөн жарыбайт, жарыса да марыбайт.
Жалгыз жүрүп жол тапканча, көп менен бирге адаш.
Жалгыз жыгач үй болбойт, жалгыз жигит бий болбойт.
Жалгыз иттин үргөнү билинбейт, жалгыз кишинин
жүргөнү билинбейт
Жалгыз үйдүн тамагы жетсе да, табагы жетпес.
Жалгыз өгүз кош болбойт, жаакташкан дос болбойт.
Жалгыз өгүз кош болбойт, эки арамза
(жаакташкан, жакалашкан) дос болбойт, дос
болсо да акыбети оң болбойт.
Жалгыз өлө жегиче, досуң менен бөлө же

Жалгыз өлсө — чуу чыкпайт, жар ураса суу чыкпайт.
Жалгыз өлсө чуу чыкпайт, жар куласа суу чыкпайт.
Жалгыз карга бокко тойбойт.
Жалгыз кол түйүн чечпейт
Жалгыз кыз — жалама туз, эки кыз — эрмек кыз,
үч кыз ата —энеге күч кыз.
Жалгыз кылган уурунун, жаманаты — жалпыга.
Жалгыз таруу ботко болбойт, ботко болсо коюу
болбойт, жалгыз адам тутка болбойт, тутка болсо
да журтка болбойт.
Жалгыз таруу ботко болбойт, ботко болсо коюу болбойт.
Жалгыз таруу ботко болбойт, жалгыз адам тутка болбойт.
Жалгыз чапкан ат күлүк.
Жалгызга жар — кудай.
Жалгызга жылдыз жолдош.
Жалгызга кудай жар.
Жалгыздыгын жашырган көбөйбөйт.
Жалгыздык жалдыратат.
Жалгыздык жалдыратат, жалкоолук шалдыратат.
Жалгыздын жары — кудай.
Жалдуу болсо — ат, жакалуу болсо — тон.
Жалкоого кеч кирбейт, жаманга эс кирбейт.
Жалкоо — ашка белен, ишке керең.
Жалкоо «биз бүтүрдүк» деп, бүткөн иштин башында.
Жалкоо «качан тамак берет» деп, катынынын кашында.
Жалкоо жеңилдин асты менен оордун үстү менен жүрөт.
Жалкоо карап отуруп чарчайт.
Жалкоого аш болсо да, иш болбосо.
Жалкоого иш буюрсаң, өзүңө акыл үйрөтөт.
Жалкоого күн кечкирбейт.
Жалкоого шылтоо көп.
Жалкоолук адамды карытат, эмгек адамды байытат.
Жалкоону алкы башкарат, ак ниетти намыс башкарат.
Жалкоонун иши аз, себеби көп.
Жалкоонун сыркоосу көп, жандеменин шылтоосу көп.
Жалкоонун шылтоосу көп.
Жалпылап көтөргөн жүк жеңил.
Жалтанбаган жоону жеңет, жадабаган тоону жеңет.
Жалчы жумшаган жарыбайт, кул жумшаган куунабайт.
Жалчы жумшаган жарыбайт.
Жалчы мал багат, жакшылар калың салат
Жалы барда чамынган, жаман аттын белгиси,
жаны барда жалынган — жаман эрдин белгиси.
Жалын пастайт, желпилдеген чок калат.
Жалындуу жаштык кезиңде жазгы суудай ташкында.
Жалындуу эрдин белгиси — жалтанбай тосот жоо бетин.
Жалынса жакшы кечээр, чапса болот өтөөр.
Жаман атты жакшы бакса тулпар болот.
Жаман — жакшыны териштирүү кыйын.
Жаман — өз ашынан куру калат.
Жаман — каап сүйлөйт, жакшы — таап сүйлөйт.

Жаман — кишиден кийин, иттен илгери.
Жаман — эки аяк аш ичсе, бир аягы башына жүк болот.
Жаман (же жалгыз) аттуу жарышчаак, жаман тондуу күрөшчөөк.
Жаман агайын — күнүчүл, жакшы агайын— сынчыл.
Жаман адам — өз ырыскысына өзү түкүрөт.
Жаман адам жакшыны тааныбайт.
Жаман адам өзү боло албайт, болгонду көрө албайт.
Жаман айгак жанына тартат.
Жаман айгыр үйүрүнө тап.
Жаман айгыр энесине тап берет
Жаман айтпай жакшы жок
Жаман айыл болгонун милдет кылат.
Жаман атка камчы, жакшы атка камчы
Жаман атка жал бүтсө, жалына торсук байлатпайт.
Жаман эрге мал бүтсө, жанына коңшу кондурбайт.
Жаман атка жал бүтсө, жанына торсук байлатпайт.
Жаман атка жал бүтсө, жанына чанач байлатпайт.
Жаман атты жакшы баксаң — тулпар, күйкөнүн
табын тапсаң — шумкар.
Жаман атты жал басат, жаман аялды чач басат.
Жаман атты жал басат.
Жаман атты мингенче жөө жүргөн артык, жаман
катын алганча бойдок жүргөн артык.
Жаман аял белгиси казаны калат жуулбай, кабы калат буулбай.
Жаман аял кетем деп коркутат, жаман эркек өлөм деп коркутат.
Жаман бала тентек, жакшы бала элпек.
Жаман бергенин доолайт.
Жаман болбой жакшы болбойт.
Жаман болоор жигит чегинчээк, кедей болоор жигит эринчээк.
Жаман болоор жигиттер, өз боюна кас болот.
Жарды болоор жигиттер, дөөлөтүнө мас болот.
Жаман болсо катының, ичтен жеген митедей.
Жаман болсоң — бир кишисиң, жакшы болсоң — миң кишисиң
Жаман бука өз башына чөп үйөт.
Жаман да (же кичине да) болсо, өз козуман кочкор салам.
Жаман да болсо атабыз, жакшыны кайдан табабыз.
Жаман дарт—жалкоолук.
Жаман жолдош көлөкө сыяктуу: күн ачыкта качып
кутула албайсың, күн бүркөктө издеп таба албайсың.
Жаман дос көлөкө сыяктуу: күн ачыкта кутула
албайсын, күн бүркөктө издеп таба албайсың.
Жаман достон ачык душман артык.
Жаман жаңдаса «жаңдайт» дейт, акыл айтса «алдайт» дейт.
Жаман жайын айтам деп, баарын айтат.
Жаман жакшыны сыйлабайт.
Жаман жанын сатат, малын катат, жакшы малын сатат, элин катат.
Жаман жарманын кызуусу (же ысыгы) менен черүүгө аттанат.
Жаман жарманын ысыгы менен черүүгө аттанат.
Жаман жашка тойбойт, жашка тойсо да ашка тойбойт.
Жаман жашырынбайт, жакшы көрүнбөйт.
Жаман жнгит жан сактайт, жакшы жигит эл сактайт

Жаман жигит той бузат, жаман аял үй бузат.
Жаман жүргөн киши өзүн билбейт, башка бирөөнү назарына илбейт.
Жаман жүрүп жакшы болгондон сактан, жарды жүрүп бай болгондон сактан.
Жаман жоктон жогору.
Жаман жолдош жоого алдырат, жаман сөз доого калтырат.
Жаман жолдош жоого алдырат, жантык жолдош уятка калтырат.
Жаман жолдоштон жалгыздык артык.
Жаман жыл эстен кетет, жаман кошуна эстен кетпейт.
Жаман жылкы жал күтсө (же жаман жылкыга жал
бүтсө), жанына торсук байлатпайт.
Жаман инек — музоочул, жаман катын — төркүнчүл.
Жаман инек музоочул, жаман катын төркүнчүл.
Жаман ит жазгы тамактан куру кылат.
Жаман ит жайлоодогу жармадан үмүт кылат.
Жаман ит күндүз үрөт.
Жаман ит күндүз үрөт, жаман күйөө кайын менен айыл жүрөт.
Жаман ит ыркырап буттан алат, жаман катын аркырап беттен алат.
Жаман иттин аты «Бөрү —басар».
Жаман иттин чычкысы түлкү кууганла келет.
Жаман үйдүн (жамандын) коногу билет.
Жаман үйдүн ити кабанаак, жаман кыз болор тубанак.
Жаман үйдүн коногу бийлейт.
Жаман үйлүү жардыга борошолуу чилде кас.
Жаман өз ашынан куру калат.
Жаман өз ишине кулдук урат.
Жаман өз үйүндө коноксуйт.
Жаман өз камы үчүн күйүнөт, жакшы эл камы үчүн жүгүрөт.
Жаман өзү боло албас, болгонду көрө албас.
Жаман өзүн билбейт, жакшыны көзгө илбейт.
Жаман каап сүйлөйт, жакшы таап сүйлөйт.
Жаман калем, жакшы эстен мыкты.
Жаман катын — күндө уруш.
Жаман катын алганча — бойдок жүргүн өлгөнчө,
жаман бычак алганча—тиштеп жегин тойгончо.
Жаман катын белгиси, жапкан наны каралаБеш
эчкиси тууса эле, бел кырчоодон сарала.
Жаман катын мактанат, жарга тартып аттанат.
Жаман катын терисин жыйбай иттен көрөт, башын
жуубай биттен көрөт.
Жаман катын терисин жыйбай иттен көрөт, чачын
жуубай биттен көрөт
Жаман катын чыккан жерин төркүнсүйт.
Жаман катындын амалы кырк эшекке жүк.
Жаман көргөндүн бөркү казанбактай.
Жаман кийим жок болсо, жакшы кийим кор болот.
Жаман киши өз үйүндө коноксуйт, жаман кыз өз үйүндө манапсыйт.
Жаман киши өз камы үчүн күйүнөт, жакшы киши
эл камы үчүн жүгүрөт.
эЖаман киши мас болсо, жакыны менен кас болот.
Жаман киши мал күтсө, жанына коңшу кондурбайт.

Жаман кишиден кийин, иттен илгери.
Жаман көргөн уулу түп тутат.
Жаман көрүп май бергенче,
жакшы көрүп чай бер.
Жаман көрсө жармасын бербей койсун.
Жаман кой шишегинде карыйт.
Жаман койчу жайытын бир күндө түгөтөт.
Жаман кушту жакшы бакса шумкар болот.
Жаман кыз бет тырмаак болот.
Жаман кыз тамак үчүн ыйлайт, жакшы кыз энесин сыйлайт.
Жаман кыз тырмаак болот.
Жаман кыздын белгиси — жазгы келген коноктой,
үй —бүлөсүн жүдөтөт мизи мокок ороктой.
Жаман кыздын сөздөрү, көк желкеге ургандай.
Жаман кылып коюучу, жакшысы уят болуучу.
Жаман кыргый сагызганга жем.
Жаман малын катат, жакшы элин катат.
Жаман малын коруйт, жакшы арын коруйт.
Жаман менен жанашканча бир кылым, жакшы
менен чай кайнамча бирге бол.
Жаман менен жолдош болбо, наадан менен сырдаш болбо.
Жаман менен жолдош болсоң жоого алдырат.
Жаман менен жолдош болсоң, балаасына каласың.
Жаман менен жолдош болсоң каларсың уятка,
жакшы менен жолдош болсоң жетерсиң муратка!
Жаман мыйзам жакшы элди жакыр кылат.
Жаман сөз доого калтырат.
Жаман сөз жүрөккө барып так болот.
Жаман тайын тааныбайт.
Жаман төө жабуусун жерийт, жаман адам айлын жерийт.
Жаман тил үчүн жакшы баштан айрылыптыр.
Жаман төө мингенче, жөө жүргөн артык.
Жаман катын алганча, бойдок жүргөн артык.
Жаман туугандан жакшы коңшу артык.
Жаман туугандан жакын кошуна артык.
Жаман туугандын намысын талашам деп, жакшы
душманың менен кас болбо.
Жаман уй жайытын бир күндө түгөтөт
Жаман уй жарда музоолойт.
Жаман уста темирди да согот, көмүрдү да согот.
Жаман уул — атага кул.
Жаман уул атасы өлгөндө көбөт.
Жаман уул атасы өлгөндө бир көбөт, катын алганда бир көбөт.
Жаман уул жакшы атанын наамын булгайт.
Жаман чарылдак болот, кабанаак иттей арылдак болот.
Жаман чөйчөктөгү сууга чөгүп өлөт.
Жаман эки аяк аш ичсе, бир аягы башына жүк болот.
Жаман энеден бала да качат.
Жаман эрге мал бүтсө, жанына коңшу кондурбайт,
Жаман эрден мал тайса, жаздыктан башын көтөрбөйт.
Жаман эрдин белгиси — үйдө баатыр, жоодо жок.

Жаман эркек тууганчыл, жаман катын төркүнчүл.
Жаман эсеп түпкө жетет.
Жаман ээрден жайдагым артык, жаман катындан
бойдогум артык.
Жаман, жайын айтам деп, баарын айтат.
Жаманга (соргокко) чоң аягыңды көрсөтпө.
Жаманга айткан кайран сөз, өлгөнгө ыйлаган кайран көз.
Жаманга айткан кайран сөз.
Жаманга айткан сөз кулактын сыртында калат.
Жакшыга айткан сөз жүрөктө калат.
Жаманга айткан эссиз сөз, өлүккө ыйлаган эссиз көз.
Жаманга акыл айтсаң, тосо чыгып закүн айтат.
Жаманга алкыш да жок, каргыш да жок.
Жаманга барсаң (түшсөң) убайым менен карыйсың.
Жаманга башчы болгончо, жакшыга коңшу бол.
Жаманга берсең кызыңды, алтын башы кор болот.
Жаманга дөөлөт жар болсө, көтөрө албай маң болот.
Жаманга жакшылык кылба, жоорго бок сыйпаба.
Жаманга жакын болсоң, жалаасы жугат.
Жаманга жалынба, жакшыга таарынба.
Жаманга жалынбагын малы бар деп, эшекти
сылабагын жалы бар деп.
Жаманга жардам кылсаң, жакшылыгыңды билбейт.
Жаманга ишиң түшпөсүн, токойго кушуң түшпөсүн.
Жаманга үңүлбө, жакшыдан түңүлбө.
Жаманга өчөшпө.
Жаманга кеңеш айтсаң, буйруктай көрөт.
Жаманга кеп айтам (гэп урам) деп, сөзүндү айып кылбагын.
Жаманга кеп айтса, теңтушсуп калат.
Жаманга күн салгыча, көтөрүп көргө сал.
Жаманга олжо түшсө, бөлүшө албай колго түшүптүр.
Жаманга сый жарашпайт.
Жаманга сый көрсөтпө, уйга суу көрсөтпө.
Жаманга сырыңды айтсаң, жарда жыгат.
Жаманга чөп илээшет, жакшыга сөз илээшет.
Жаманга чоң аягыңды көрсөтпө.
Жаманга эш тарткыча, камчы менен беш тарт.
Жаманга эш тарткыча, жаакка беш тарт (же камчы менен беш тарт).
Жаманда достук жок, жакшыда кастык жок.
Жаманда тек жок, жакшыда кек жок.
Жамандан жазган, нттен иймен, элиңди сүй.
Жамандан жакшы болду деп кубанба, жакшыдан
жаман болду деп кайгырба.
Жамандан жакшы туулат адам айтса ынангыс,
жакшыдан жаман туулат бир аяк ашка алгысыз.
Жамандан жакшы туулат, адам айтса ынангысыз.
Жамандан жакшылык артпайт, кедейден кешик артпайт.
Жамандан жарты кашык аш артат.
Жамандан жарты кашык аш артпайт.
Жамандан жарты кашык аш калат.
Жамандан жасоол койсо, жалгыз уулунун көзүн аңтара чабат.

Жамандан кач, жакшыга жанаш.
Жамандан кач, жакшыга кучак ач.
Жамандан тил укканча, жакшыдан таяк же.
Жамандан тон кийсең (жамандын тонун кийсең), тойдо доолайт.
Жамандан тон кийсең, тойдо доолайт.
Жамандарга олжо түшсө, бөлүшө албай көпкө түшөт.
Жамандардын жакшысы болгуча, жакшылардын жаманы бол.
Жамандашпа турасың, жаакташпа —тунасың.
Жаманды доого жиберсе, чуу чыгарат.
Жаманды жаныңа жолотпой айрыл, жакшыны изде, артыңа кайрыл.
Жаманды жасоол койсо, жалгыз уулунун көзүн чыгара чабат.
Жаманды ит да каппайт, жакшыны жаман сөз ээрчибейт.
Жаманды койсон жайына, күндө келет чайыңа.
Жаманды кудай неге албайт, жаткан төөгө мине албайт.
Жаманды мактаса жардан алыс кетиптир.
Жаманды мактасаң, каманчалык өлтүрөт.
Жаманды төө үстүнөн ит кабат, эл четинен жоо алат.
Жаманды төө үстүнөн ит кабат.
Жаманды эл четинен жоо алат.
Жамандыгы болбосо, жат дегениң жок нерсе.
Жамандыгы болбосо, жаштыгы калган жок.
Жамандыгыбыз болбосо, жаштыгыбыз калган жок.
Жамандын бары таарынчак, ар бир ишке корунчаак.
Жамандын жароосуз жерде дыкандыгы болот.
Жамандык — өчпөйт, жоолашкан — өспөйт.
Жамандык бир күндө, жакшылык миң күндө.
Жамандык бирөө, жакшылык көп.
Жамандык жалгыз келбейт, жаныңды эзип мээлейт.
Жамандык жаманга жарашат.
Жамандык жерге жатпайт, жакшылык ичке батпайт.
Жамандык жерге жатпайт.
Жамандык жолго баспагын — кырсык тилеп
аласың, досуңа чуңкур каспагын — өзүң түшүп каласың.
Жамандык издетпей эле табылат.
Жамандык кылбасаң, жабыкпай жүрөсүң.
Жамандык кылгандын үйү күйөт.
Жамандыкка жакшылык — эр кишинин ишидир,
Жакшылыкка жамандык — ар кишинин ишидир.
Жамандыкты амандык жеңет.
Жамандыкты таманымдын астынан табам.
Жамандыкты үнуткан — жакшы, жакшылыкты унуткан — жаман.
Жамандын бажасы көп, жанына пайдасы жок.
Жамандын барынан жогу, ачынан тогу.
Жамандын барынан жогу.
Жамандын берген ашынан, жакшынын айткан сөзү артык.
Жамандын бир аты жоош, бир аты момун.
Жакшынын бир аты залим, бир аты зулум.
Жамандын бир өнөрү артык, жата калып ат үркүтөт.
Жамандын бир өнөрү артык.
Жамандын бойдогу бийлейт, жардынын коногу бийлейт.
Жамандын жакшысы болгончо, жакшынын жаманы бол.

Жамандын жаманынын адам таппас амалы бар.
Жамандын жан жыргалы — уйку, жалангычы — жылкы.
Жамандын жан жыргатары — уйку.
Жамандын жан сактары — айыл, жан жыргатаары
— уйку, жалаңгычы — жылкы (же мал баккан).
Жамандын жаны ардак.
Жамандын жаны таттуу, жай табаары көр.
Жамандын жаштыгы өлгөнчө калбайт.
Жамандын жолдошу (жек жааты) көп, жанына пайдасы жок.
Жамандын жыргалы – уйку.
Жамандын өзү да өлөт, кою да өлөт.
Жамандын өзү коркок, сөзү чоркок.
Жамандын өзү тартуу, жакшынын сөзү тартуу.
Жамандын өзү теңелбесе дагы сөзү теңелет
Жамандын өзүнөн да сөзү күчтүү.
Жамандын катыны болгуча, жакшынын жесири бол.
Жамандын кесепети бир чакырым алда жүрөт.
Жамандын көпкөнү жаман, бучуктун өпкөнү жаман.
Жамандын койнунда жатканча жакшынын жанында жат.
Жамандын колуна бийлик тийсе оңдурбайт.
Жамандын колуна дес тийсе оңдурбайт.
Жамандын колунан жакшы аш жегиче, жакшынын таягын же.
Жамандын коногу билет, жардынын бойдогу билет.
Жамандын миң сөзү, жакшынын бир сөзүнө татыбайт.
Жамандын ойну жаман, буканын мойну жаман.
Жамандын ойну калбайт.
Жамандын сөзү — таркылдак, төөдөн кулап түшкөндөй.
Жамандын сөзүн талашып, жакшы менен араз болбо.
Жамандын тапканы — жапалак.
Жамандын төрүндө отурганча, жакшынын ирегесинде отур.
Жамандын тонун кийсең, тойдо доолайт.
Жаманчылыкты аманчылык жеңет.
Жаманы болбой жакшы жок, чымыны болбой бакшы жок.
Жаманы кылып коюучу, жакшысы уят болуучу.
Жаманы өлсө— бири өлөт, жакшысы өлсө баары өлөт.
Жамгыр — жер ырысы.
Жамгыр болбой дан болбойт, тегирмен болбой нан болбойт.
Жамгыр жаабай булут көчпөйт, жан кыйналбай жумуш бүтпөйт.
Жамгыр жааса, сел болсо — жаз да болсо кыш
менен тең, бетинен бедер кеткен сон, — кымкап
да болсо бөз менен тең.
Жамгыр өзүн сел ойлойт, көлчүк (же кудук) өзүн көл ойлойт.
Жамгыр менен жер гүлдөйт, эмгек менен эр гүлдөйт.
Жамгыр менен жер көгөрөт,
Жамгыр менен жер көгөрөт, бата менен эл көбөйөт.
Жампаны таяк менен чапсаң, өзүңө чачырайт.
Жан — ооруган жерде.
Жан аябаган жоо алат, мал аябаган доо алат.
Жан аяшкан дос болбойт.
Жан бар жерде каза (же өлүм) бар.
Жан бергендин жанында турба.

Жан бир чыгат, эки чыкпайт.
Жан кейибей, иш бүтпөйт.
Жан кыйналат дебесе, жардылыктан ким өлөт?
Жан кыйналбай жан чыкпайт.
Жан кыйналбай жумуш бүтпөйт, талаптанбай муратка жетпейт.
Жан сакташ оңой, жан жыргатыш кыйын.
Жан тартпаса да, кан тартат.
Жан эки чыкпайт, бир чыгат.
Жанашып калсаң (койсоң) жаманга, жакшылык
кылбайт адамга.
Жанга күйбөс кандай (таңдай) дос.
Жанга күйгөн — жандай дос; жанга күйбөс —
кандай дос?
Жанга күйгөн жандай дос,
Жаңгакты чак, жаныңды бак.
Жандоочу кийик аттырат.
Жандоочусу жакшы болсо, уулуңа кийик аттырат.
Жандуунун жаны башка.
Жанжагына карабайт, жакыным деп санабайт.
Жанжемил, мурч жанга — тынч.
Жанчканга дагы ал керек, жаныңды сакта а көрөк.
Жаны ачыгандын жанына барба.
Жаны ачынгандын жанына барба.
Жаны барда жалынган – жаман эрдин белгиси.
Жаны барда сүйүнгөн жаман эрлин белгиси.
Жаны бардын, үмүтү (өмүрү) бар.
Жаңы дос келгенде, эски достун көзүнөн жаш чыгат.
Жаныңа ким күйсө досуң ошо.
Жаңылбас — бир гана Кудай, жазбас — кара жер.
Жанын аябаган жоо алат.
Жанын баккан жарыбайт да марыбайт, элин
баккан карыбайт да арыбайт.
Жаның болсо мал табылат, ашың болсо, казан табылат.
Жаныңда жүз сомуң болгончо, жүз жолдошуң болсун.
Жапалак куш мактанса, жардан чычкан алдым дээр.
Жапалак менен ташты урса да, жапалак өлөт.
Жапалакты таш менен урса да жапалак өлөт,
жапалак менен ташты урса да жапалак өлөт.
Жапкан наны карала.
Жапыз да болсо тоом бар, тайыз да болсо суум бар.
Жар — эрдин жаны.
Жар башында жапалак, жапалак көрсөң атып өт,
жаманды көрсөң качып өт.
Жар жыгылса суу бөгөйт, жалгыз өлсө ким жөлөйт.
Жар түбү — кечүү, тоо түбү — эл.
Жар ураса суу чыкпайт, жалгыз өлсө чуу чыкпайт.
Жара айыкса так калат, жаман сөздөн кек калат.
Жараат бүтөт, так калат.
Жарактуу киши зар болбойт, камдуу киши кор болбойт.
Жарактуу күнү жоо келбейт.
Жаралуу кийик жата албас.

Жараткандын бир күнү бар—жарым айга бергисиз,
бир түнү бар — жатса уйку келгисиз.
Жарачу уул жашынан.
Жаргылчактуу катын — жакшы катын, электүү
катын — эрке катын.
Жардамы тийбеген — жардам күтпөсүн.
Жарды — байга жетем дейт, бай — кудайга жетем дейт.
Жарды байга жагынам деп, жалгыз эчкисинен айрылыптыр.
Жарды байыйт, жаш чоңоёт.
Жарды болоор жигит эринчээк (кээде дөөлөтүнө мас) болот.
Жарды болор жигит, эринчээк болот.
Жарды болсоң — көчүп көр, жалгыз болсоң — өлүп көр.
Жарды болсоң да — ардуу бол.
Жарды болсоң көчүп көр.
Жарды болсоң, байдай бол, жалгыз болсоң, көптөй бол.
Жарды жүрүп бай болгондон сактан.
Жарды менен жоолаш болгончо, бай менен барымталаш бол.
Жардыга бай чоң, жалгызга көп чоң.
Жардыга таарынба.
Жардынын кызы арзан деп, жайсыздан катын алба.
Жардылыгын жашырган байыбайт, жалгыздыгын
жашырган көбөйбөйт.
Жардылык жаман эмес, жалкоолук жаман.
Жардылык уят эмес, байлык мурас эмес.
Жардылык уят эмес, жалкоолук уят.
Жардымын десең — аласаң койбойт, жалгызмын
десең, кудайың койбойт.
Жардыны кыйнаган менен, жар түбүнөн суу чыкпайт.
Жардынын бир тойгону — байыганга барабар.
Жардынын бокчосуна коёндун кулагы батпайт.
Жардынын жалгыз аты айгыр, жатып алып кайгыр.
Жардынын жалгыз аты качааган.
Жардынын жаны ардактуу, байдын малы ардактуу.
Жардынын жаны кыйналат, байдын малы кыйналат.
Жардынын жети каңшаары бар.
Жардынын уйүн коногу бийлейт, жамандын үйүн
бойдогу бийлейт.
Жардынын уйу жылда кысыр.
Жардынын чөнтөгүнө акча түшсө, турна болуп
кыйкырат.
Жаркырагандын баары эле алтын эмес.
Жарлуу күнү конок келбейт, жарактуу күнү жоо келбейт.
Жарма тамыр жарытпайт.
Жарма, жарма да болсо карма.
Жарма, чайды жаман деп, этти кайдан табасың.
Жармага таарынып, бирөөгө жамандык издебе.
Жармаңа ченеп суу куй, жылкыңа ченеп ышкыр.
Жарманын кызуусу менен черүугө аттаныптыр.
Жарнамаң мыкты болсо, соодаң жакшы болот.
Жароокер катын жатканча таяк жейт.
Жартыны бөлүп жеген таттуулуктун белгиси.

Жартыны жарып жеген татуулуктун белгиси.
Жарыбаганга иш түшсө тозуп калат азамат.
Жарыбагандын кызын жалчыбаган алыптыр, экөө
биригип журтта калыптыр.
Жарыңды гүл арасынан тап, багыңды эл арасынан
тап, балаңды эл арасына бак.
Жарык дүйнөдө бир улак жаралса, бир түп шыбак
кошо жаралат имиш.
Жарылганды ууру алат.
Жарым жолдо кайткандын жолу болбойт
Жарым ниет — жарым ырыс.
Жарыяң таасирдүү болсо, базарың өкүмдүү болот.
Жасалса күнөө, жалооруп өрөпкүбө.
Жат — жарытпайт, өз — өлтүрбөйт.
Жат жалгабайт, өз өлтүрбөйт.
Жата берсе ат арыйт, жүрө берсе жол арбыйт.
Жата берсең чалкалап, мал семирбейт кайкалап.
Жатаар курсак жармадан айлансын
Жатаарда көп ичкен, жаман түш көрөт.
Жатакчыны тер кысса, жүгүн жөө ташыйт.
Жаталак — өлөт, чычалак — көнөт.
Жатар курсак жармадан айрылсын.
Жатка жанашып, өзгө карасанаба,
Жаткан арстандан жорткон түлкү көп билет.
Жаткан бойро, жүргөн дарыя.
Жаткан өгүз жок.
Жаткан өгүзгө чөп жок.
Жаткан оору эмес, баккан оору.
Жатканга жаан жукпайт (же тийбейт).
Жатып жеген, катып жейт.
Жатып ичеер жигиттен, сарамжалдуу чал жакшы.
Жатып ичер — жан бакты.
Жатып ичер аш болсо, жалкоолук жанга тынч экен.
Жатып ичер аш болсо, жардылык жанга тынч экен.
Жатып ичер жаман адат, көп жашатпай жайыңды табат.
Жатып ичээр — жанбакты.
Жатып ичээр жаман адат, көп жашатпай жайыңды табат.
Жатып ичээр жарма болсо, жардылык жанга тынч экен.
Жатып ичээрге жай менен кыштын айырмасы жок.
Жатып өлгүчө, атып өл.
Жаш — каруусу менен, карт — кеңеши менен.
Жаш – күчү менен, кары — кеңеши менен.
Жаш — улук эмес, ажал — улук.
Жаш бутактын ийилгени— сынганы, жаш
жигиттин уялганы — өлгөнү.
Жаш жыгач отундан жаркырап күйгөн тезек жакшы.
Жаш жыгачка куу жыгач сүйөнүп өсөт.
Жаш кайың желди сүйөт, жаш жүрөк теңди сүйөт.
Жаш карыса да, жан карыбайт.
Жаш кезде коркок болсо, карыганда чоркок болот.
Жаш кезинде сыйлай жүргүн аксакалды, карыны,

картайганда кайра өзүңө, сыйдын тийет жарыгы.
Жаш келсе —ишке, кары келсе —ашка.
Жаш күчү менен, кары кеңеши менен.
Жаш кургаганда — жетимдик унут болот.
Жаш курдаш эмес, заман курдаш.
Жаш төккөндөн көрө, маңдай тер төк.
Жаш улук эмес, акыл улук.
Жаш улук эмес, өлүм улук.
Жаш устанын бычагынын учу эки миз.
Жаш чак — алтын так.
Жаш чыбыктын ийилгени — сынганы, жаш
жигиттин уялганы — өлгөнү.
Жашаганды билбеген, жашоонун баркын кетирет.
Жашка — кызмат, карыга — урмат.
Жаш — күчү менен, кары — акылы менен.
Жашоо — бирге, өлүм — башка.
Жашоо кандай болсо, өлүм ошондой болот.
Жашоо ырахаты — ден соолук.
Жашоодон кечүү — акылсыздык.
Жашоонун өзү жашыл өрт.
Жашта берсин мээнетти, карыганда берсин дөөлөттү.
Жаштайында сүзөнөөк бөлсө, картайганда үзөнөөк болот.
Жаштардын басканы — жыргал, карылардын жатканы — жыргал
Жашты жадатсаң — чабат, итти жадатсаң — кабат.
Жаштык бар жерде жалын бар.
Жаштык деген кеп эмес.
Жаштык жашынып кетет,
карылык камынтпай келет.
Жаштык кезиң — мастык кезиң.
Жаштык коштошпой кетет,
карылык учурашпай келет.
Жаштык менен ден соолуктун кадыры карыганда билинет.
Жаштык укмуштуу доор, жаракөр уяттуу бол.
Жаштыктын кадырын карыганда билет.
Жаштын кайраты бар, карынын айбаты бар.
Жаштын тилеги бир, жибектин түйүнү бир.
Жашчылык өзү — чөп гүлү,
жайдын жамгыр өткүнү.
Жашчылык — жайдын жамгыр өткүнү.
Жашы бирге — курдаш, жаны бирге — сырдаш.
Жашы жеткен адамдын, төрүнөн көрү жуук болот.
Жашы улуу болсо да, жаны курбу көп болот.
Жашыңда берсин мээнетти, карыганда берсин дөөлөттү.
Жашыңда денең чың болсо, карыганда тың болорсуң.
Жашыңда калжың болсоң, карыганда мылжың болорсуң.
Жашыңдан жаман жолго баспаганың, адамдык сапатынды сактаганың.
Жашыл — оңот, жаш – чоңоёт.
Жашыл оңот, жаш чоңоет, кызыл оңот, кыз чоңоет.
Жашыңда берсин (кылсаң) мээнетти, карыганда
берсин (көрөсүң) дөөлөттү.

Жашында жигит октолот (же шок болот),
жашаганда токтолот, жалгабаса кудайым жабыгып жүрүп жок болот.
Жашында жигит октолот, жашаганда токтолот.
Жашында жигит шок болот, карыганда токтолот.
Жалгабаса кудурет, жабыгып жүрүп жок болот.
Жашырган жиниң болгуча, ачык жемең болсун.
Же ойногон оюн жок, же мүлжүгөн моюн жок.
Жебей туруп, сиңирээриңди ойлон.
Жебес жерге чөп бүтөт, ичпес жерге суу бүтөт.
Жебесең да май жакшы.
Жебесең да май жакшы, ичпесең да чай жакшы
Жебести ашка салба, билбести ишке салба.
Жеген билбейт, туураган билет эттин жакшы жаманын.
Жеген билбейт, туураган билет.
Жеген ооз уялат.
Жеген оозго жарашат.
Жегенге тойбогон жалаганга тоет беле.
Жегенде тойбогон, жалаганда тоймок беле.
Жегендин кусмайы бар.
Жегени да жаман, дегени да жаман.
Жегениңди көп көрбөйм, алыштырганда аз болбосун.
Жегениңдин наркы бар.
Жегениңдин наркы бар, жебегендин дарты бар.
Жегичтики суудан суута кетет.
Жез кадырын жезчи билет, эр кадырын эл билет.
Жез эскирсе дат болот, желедеги кулун ат болот.
Жездеме ишенип жүрүп жесир калдым.
Жең ичинде кол жүрөт, эл ичинде эр жүрөт.
Жеңең билди дегенче, жер жүзү укту десеңчи.
Жеңем билди дегенче, жер жүзү билди десеңчи.
Жеңеме (же энеме) ишенип, эрсиз калдым.
Жеңи жаман — аш алып иче албайт.
Жеңил акыл – бутка күч.
Жеңилбес кол — эл, кыйшайбас жол — эмгек.
Жеңилди жерден, оорду колдон алган.
Жеңилер жоо алды — артына карабайт.
Жеңишке жеткен бактылуу, жерине берип бактыны.
Жейин десе — тиши ооруйт, берейин десе — ичи ооруйт.
Жек көрүүдөн кастык туулат.
Жеке өтүктүүгө жете албайт, соору өтүктүү бата албайт.
Жекен жеринде көгөрөт, эр элинде көгөрөт.
Жел желпинте соккон менен, таң мезгилсиз ата койбос.
Жел жүрбөсө, чөптүн башы кыймылдабайт.
Жел өпкөнүн деми сууйт.
Жел менен жарышпа, көлөкөңдү кууба.
Жел сөз жанга дары болбойт.
Жел чыкпаса жан чыгат.
Желдин чаңдуусу жаман, сөздүн каңкуусу жаман.
Желдүү боз баланы жеткире мактаба.
Желдүү күнү сүйлөбө — сөзүң сая кетпесин,

тумандуу күнү караба — көзүң сая кетпесин.
Желе түбү — казык, жекен түбү — азык.
Желеде кулун жетилсе, аргымак күлүк ат болот.
Желип өмүр өткөн соң, жигит болбойт чал кайтып.
Желмогуздун эң кичинекейи кыйын.
Желмогуздун эң кичүүсү кыйын.
Жем талашпас куш болбос, сөз талашпас эр болбос.
Жем талашып боктон өлбөй, эл талашып октон өлгөн жакшы.
Жемди көргөн кыргый торду көрбөйт.
Жемди көрүп, көктөгү куш торго түшөт.
Жемелесе жерге кирбеген, көтөрмөлөсө көккө
чыкпаган, көтөрүңкү көк челек деген болуптур.
Жемиштин жайын жеген билбейт, багбан билет.
Жөн сурамак изаттан, ат сурамак келбеттен.
Жер — казгандан, ушак — айткандан түгөнбөйт.
Жер — ырыстын киндиги, билим — ырыстын тизгини.
Жер азыгы — суу.
Жер байлыгы — эл байлыгы.
Жер жалмаган неченди: падыша, төрө, чеченди,
оозунан кудай түшпөгөн зикир чалган эшенди.
Жер жемишин берет, эл эмгегин берет.
Жер — казына, суу— алтын.
Жер кишинин акысын жебейт.
Жер кулагы жети кат (эмне болсо да угула берет).
Жер кулагы жети кат.
Жер куураса, алабата чыгат.
Жер мээнетти жебейт.
Жер семизи — мал семизи.
Жер тамыры чөп өстүрөр, эл тамыры от күйгүзөр.
Жер тамырынан эл тамыры көп.
Жер тармал — өн, жеңиш үчүн — өл.
Жер тойбой — эл тойбойт.
Жер эмгекти жебейт.
Жер эрдин эмгегин жебейт.
Жер ээн болсо, доңуз дөбөгө чыгат.
Жер ээн болсо, суур (кээде доңуз) дөбөгө чыгат.
Жерге өзүң ийилбесең, жер сенден кийиндейт.
Жерге өзүң көөмп алып, жерге таарыныч кылбагын.
Жерге келет бир кезек, жерге кезек келгенде:
байчечекей чөп жайнайт, эрге келет бир кезек,
эрге кезек келгенде, эгиз күлүк ат байлайт.
Жерге түшкөн — жетимдики.
Жерге түшкөн гүл болот, отко түшкөн күл болот.
Жерге чачылган кык, тогуз жылы пайдасын тийгизет.
Жерде жаткан жумуртка, асманда учкан куш болот.
Жерде жаткан жумуртка—асманда учкан канаттуу.
Жерде жафаа жок, кудайда ката жок.
Жерде жүргөн коңуз бар, адамдан чыккан доңуз бар.
Жердей март да жок, жердей зыкым да жок.
Жерден жарака кетсе, акылдын жүрөгү аркылуу өтөт.

Жерди тегиз дебеңиз, алды — артында кайкаң бар,
элди тегиз дебестен, алды-артыңды байкаңдар.
Жердин да кулагы бар.
Жердин көркү —Алайда, ашуунун көркү—кундузда,
сулуунун көркү — кыргызда (калында).
Жердин көркү — эгин, эрдин көркү — билим.
Жердин Койсарысы көлдө экен, адамдын койсарысы сен экенсиң.
Жердин кулагы жети кат.
Жердин танабын тартса кыскарат, коё берсе —узарат.
Жердин уусун билген киши, караңгыда карсактын изинен жаңылбайт.
Жери байдын, эли бай.
Жеримде жээрде сакал бий элем, эми жети сакал кул болдум.
Жерин сүйбөс эл болбойт, элин сүйбөс эр болбойт.
Жеринен ажыраган жети жыл ыйлайт, элинен
ажыраган өлгөнчө ыйлайт.
Жеринен ооган жүк оңолбойт.
Жеринен ооганга жети жылы конуш жок.
Жесе да, жебесе да бөрүнүн оозу кандуу.
Жебесе да — бөрүнүн оозу кандуу.
Жетегинде болбосо, жетелеген не болот! Жетек
жеткирет, чагым өлтүрөт.
Жетеси жокко жети күн айт.
Жетеси жокту жетелесе билбейт, акылы жокту алдаса билбейт.
Жетеси жокту жетелесе да болбойт.
Жетесиз жети уулуң болгончо, эстүү бир кызың болсун.
Жетесизге кеп айтсаң, беттен алып аркырайт.
Жети атасын билбеген уул — кул, жети энесин
билбеген кыз — күң.
Жети баштуу ажыдаардан коркпо, эки жүздүү адамдан корк.
Жети өлчөп бир кес.
Жети кишинин бири кыдыр.
Жети күндүк жаандан желип өткөн суу артык.
Жети күндүк жаандан, желип өткөн суу жакшы.
Жети күндүн бири өлүм.
Жетиле элек наадандан жетектеген ат жакшы.
Жетим — жетилет, жерге — кошулат.
Жетим бала кекчил, жесир катын элчил (же эмчил), өгөй өөнчүл.
Жетим да торолор, заман да оңолор.
Жетим жүрүп жетилет.
Жетим өз киндигин өзү кесет.
Жетимге боор ооруса, жеңеси койнун ачат.
Жетимдин акысын жебеңиз, жетимдин акысын
жесеңиз — тынч жатамын дебеңиз.
Жетимдин акысы тозоктун оту.
Жетимдин желкеси кыйык.
Жетимдин курсагы жети кат.
Жетимдин сүйгөн тамагын ким берет.
Жетимиштеги чалдын көңүлү калса да, жетидеги
баланын көңүлү калбасын.
Жетимиштеги чалдын көңүлү калса дагы, жетидеги
баланын көңүлү калбасын.

Жеткен — жети муштайт, жетпеген — бир муштайт.
Жеткен — кесек менен, жетпеген — тезек менен.
Жеткен жети муштайт, жетпеген бир (эки) муштайт.
Жеткен кесек менен.
Жеткенден —калтек, жетпегенден — мантек.
Жеткенден калтек, жетпегенден мантек жеп.
Жеткилең бийик жол болбойт, жээн —тага эл болбойт.
Жетпеген — жекчил.
Жетпести кууба, келбести күтпө.
Жибекти туталбаган жүн кылат, катынды күтө
албаган күң кылат.
Жибекти туталбаган жүн кылат.
Жигит бир сырдуу, кырк (төрт, сегиз) кырдуу болот.
Жигит болсоң бекем болгун, чириген талдай бош болбой.
Жигит үйдө туулат, жоодо өлөт.
Жигит өзү менсинет, жигитти ким теңсинет?
Жигит өлөөр жерине күлүп барат, кыз жыргаар жерине ыйлап барат.
Жигит келсе, кыз даяр.
Жигит тереңи көк ирим көлдөй, жигит күчтүүсү каптаган селдей.
Жигитке бир сыр, жети кыр керек.
Жигитке жетимиш өнөр аздык кылат.
Жигитке жетимиш түрлүү өнөр аз.
Жигитке кырк өнөр аздык кылат.
Жигитке намыс кымбат, ар кыйын.
Жигиттик желип өтөт ашкан белдей (соккон
желдей), карылык каршы келет казган көрдөй.
Жигиттик өттү ашкан белдей, карылык келди казган көрдөй.
Жигиттик келип өтөт соккон желдей (ашкан
белдей), карылык каршы келет казган көрдөй.
Жигиттин өзү жакшы болсо, тегин сураба.
Жигиттин өзүнө караба, сөзүнө кара.
Жигиттин куну — жүз жылкы, ары — миң жылкы.
Жигиттин сөзү өлгөнчө, өзү өлсүн.
Жигиттин түзүн (же сырын) айтпай, ишин айт.
Жигиттин уялганы — өлгөнү.
Жиксиз жерден жел чыкпайт.
Жиндини садага менен тойгуза албайсың,
пайгамбарды ырасмы менен тойгуза албайсың.
Жип кессең — узун кес, кеп салсаң — кыска сал.
Жип кессең, узун кес, кеп салсаң, кыска сал.
Жипти кессең узун кес, кепти салсаң кыска сал.
Житкен окту аткан ок табат.
Житкен окту каккан ок чыгарат.
Жүгү уйда болсо да, дымагы төөдө.
Жүгүргөн албай — буюрган алат.
Жүз – жүрөктүн күзгүсү.
Жүз дос — аз, бир кас — көп, (Миң дос — кем, бир кас — артык).
Жүз дос — аз, бир кас — көп.
Жүз жолу айткандан бир жолу көргөн жакшы.
Жүз жолу айткандан бир жолу көргөзгөн артык.
Жүз жолу уккандан, бир жолу көргөн жакшы.

Жүз сөздү бир сөз токтотот.
Жүз сом күткөнчө, жүз жолдош күтөйүн.
Жүз сомуң болгуча, жүз жолдошуң болсун.
Жүз, жүзгө жеткенде кудайдан күдөрүңдү үз.
Жүзгө жет, мүдөөм кет.
Жүзгө чейинди «жасоол» дейт, миңге чейинди
«кол» дейт, миңден ашыгын «кошуун» дейт.
Жүздүн (карынын, өрдүн) көркү сакал, сөздүн көркү макал.
Жүздүн көркү — сакал, сөздүн көркү — макал.
Жүздөн — бирди, миңден — онду танда.
Жүздөн бирөө — чечен, миңден бирөө — көсөм.
Жүздөн күлүк, миңден тулпар.
Жүзүмүн жеп, багын сураба.
Жүйөөлүү сөз жүлүнгө тиет.
Жүйөлүү сөз жүйөсүн табат, жүйөсүз сөз ээсин табат.
Жүйөсүн таап жумуш кыл, жерин таап тыным кыд.
Жүктү лөк көтөрөт, мээнетти эр көтөрөт.
Жүктүн өз теңи, теңтуштун өз кеби.
Жүктүн оорун нар көтөрөт.
Жүрбөгөн атка «чу» деген дем.
Жүргөнүмдү жел билет, конгонумду сай билет.
Жүргөнүмдү жел билет, коногумду сай билет.
Жүрө албаган жол бузат, айта албаган сөз бузат.
Жүрөгүм күйгүчө, билегим күйсүн.
Жүрөк менен кан бирге, жүлүн менен жан бирге.
Жүрөк сыры тилден чыгат.
Жүрөк сырын көз билдирет.
Жүрөккө доо кеткенче, өзөккө өрт кеткен жакшы.
Жүрөккө жакын алба, жибитип алда.
Жүрөктөгү сыр жүздөн байкалат.
Жүрөктөй үЙДӨН, ЖүЛГӨДӨЙ түтүн.
Жүрөктөн чыкпай, жүрөккө кирбейт
Жөжөнү күзүндө санайт.
Жөө жүргөнчө, төө минген жакшы экен.
Жөө жүргөнчө, ТӨӨ МИН.
Жөө жүрүп ырдаганы курусун, өгүз минип жыргаганы курусун.
Жөө калган эр — канаты жок карга.
Жөө калганча ат кадырын билбес, ач калганча аш кадырын билбес.
Жөөнүн топосу чачылбайт, жалгыздын сөзү өтпөйт.
Жөөнүн ырысын аттуу жебейт.
Жөөнүн энчисин атчан албайт.
Жөн билгини жумшасаң, акыл үйрөтпө.
Жөнү жок багыныш, эр жигитке өлүм менен тең.
Жөнү жок чыркыратып кетпе, жолуңду түбөлүктү эсте.
Жөтөл — картаңдын күлкүсү.
Жоболоңдуу жолго чыкса, эмгектүүнүн этеги булганат.
Жоболоңдууга жолдош болбо.
Жоголгон бычактын сабы алтын.
Жоголуп табылган мал — олжо, ооруп айыккан жан — олжо.
Жоготуу — тапкычтыкка үйрөтөт.
Жойпу дос ишке жарабайт, мыкты күчүн аябайт

(кээде: жойпу дос ишке жарайт, мыкты дос күчүн аяйт).
Жойпу наадан — жоодон жаман.
Жойпулук эмне дедирбейт, жокчулук нени жедирбейт.
Жок азабын бар сезбес да, ач кадырын ток билбес.
Жок болсо, баарына көнөт.
Жок болсо, март да бере албайт.
Жок жокко — көмөктөш.
Жокко амал жок.
Жокко дабаа жок
Жокко суу да жок, алып ичер идиш да жок.
Жокко суу да жок.
Жокко туз да жок.
Жоксуз жалтаң, жондуу балтаң.
Жокто байдай сыйлагын, бай малынан түңүлсүн.
Жоктон бар болоор, бардан жок болоор.
Жоктон барды жараткан адамдын акылы.
Жоктон бары артык.
Жоктон көрө жогору.
Жокту жок издеген табат, жолдошу шайыр болсо,
жолоочунун кумары канат.
Жокту жок издеген табат.
Жокту жок табат.
Жокту керек таптырат, өйдө — төмөн чаптырат.
Жокту керек таптырат.
Жоктун бары болот, арыктын семизи болот, ачтын тогу болот.
Жоктун бир арманы бар, бардын миң арманы бар.
Жоктун жайын жакыр билет.
Жоктун жону катуу, өгүздүн (же буканын) мойну катуу.
Жоктун жону катуу, өгүздүн мойну катуу.
‘Жоктун жону катуу.
Жокчулук таштан да катуу, оорулук зындандан да оор,
Жокчулук эрди жоботот.
Жол (из) кууган — казынага жолугат, кеп (сөз) кууган — балаага жолугат.
Жол азабы — көр азабы.
Жол кыскарткан сөз.
Жол атасы — туяк, сөз атасы — кулак, суу атасы — булак.
Жол бирге болсо да тагдыр башка.
Жолдошун таппаган эр азат, башчысын таппаган эл азат.
Жол үстүндө жоокер тыныкпайт.
Жол кууган казынага жолугат, кеп кууган балаага жолугат.
Жол салсаң — өтөсүң, ор казсаң — түшөсүң.
Жолборс (арстан) нзинен кайтпайт, жигит сөзүнөн кайтпайт.
Жолборс изинен кайтпайт, баатыр сөзүнөн кайтпайт.
Жолборс терисин кийгендин баары баатыр эмес.
Жолборс чабуу эр даңкын чыгарат.
Жолборс чапкан алп — ал колбашчы.
Жолборс чапкан эр — жоону чабат.
Жолборстун баскан изин ит баспайт.
Жолборстун жаткан жерине ит батпайт.
Жолборстун жаткан жерине өрт күйбөйт.
Жолго чыксаң — шайлан, бел куруңду (же бооңду) байлан.

Жолго чыксаң жол азыгың мол болсун.
Жолго чыксаң жолоочуңду шайлап ал.
Жолго чыксаң шайлан, бел — бооңду байлан.
Жолдо жүрсөң, жортуп жүр.
Жолдо тамактын оордугу жок.
Жолдон келип, төр меники дейт.
Жолдон келип, тон меники дейт, эшиктен кирип төр меники дейт.
Жолдон чыксаң да, көптөн чыкпа.
Жолдош болбо айгакка, мүдүрүлтөт тайгакка.
Жолдош болбо коркокко, жүк артпагын торпокко,
иш кылдырба чоркокко.
Жолдош болсоң кууга, башыңды салаар чууга.
Жолдош таппаган эр азат, башчысын таппаган эл азат.
Жолдош таппаган эр өксүк, башчысын таппаган эл өксүк.
Жолдошту жол айрат.
Жолдошу көптүн колдоосу көп.
Жолдошу көптүн олжосу көп.
Жолдошуң жаман болсо алыс жолго түн катпа,
аялың жаман болсо, киши алдында үн катпа.
Жолдошуңду жонуңа, оорубаса мойнуңа көтөр.
Жолдошуна күйбөгөн жоого түшөт.
Жолдун тегизин бил, сөздүн негизин бил.
Жолоочу ат жалына казан асат.
Жолоочу болсо — атын ал, жортуулчу болсо — башын ал.
Жолоочу болсо атын ал (жолго сал), жортуулчу
(тоноочу) болсо башын ал (ортого сал).
Жолоочу жол менен, жортуулчу эл менен.
Жолоочуң кечиксе — сүйүн, жортуулчуң кечиксе —күйүн.
Жолоочулукка эрөөн жок.
Жолоочуну ээрчип ит убара (же өлөт).
Жолоочуну ээрчип, ит өлөт.
Жолоочунун — жолдогусу жакшы, жолдо болбосо —үйдөгүсү жакшы.
Жолоочунун азЫгы жолунда.
Жолоочунун бай экенин ким билет, кул экенин ким билет?
Жолоочунун жолдогусу жакшы, жолдо болбосо — үйдөгүсү жакшы.
Жолоочунун үзөңгү боосу алты кабат, кулу — бийин ким билет?
Жолу болор жигиттин жеңеси алдынан чыгат.
Жолуң шыдыр, жолдошуң кыдыр болсун.
Жолуңа кууну албай, акылдууну ал.
Жолун таап ырдаса, кубаныч экен ыр деген.
Жомок деген жорго сөз.
Жомоктон курсак тойбойт, кулак кубанат, көңүл тоёт.
Жоо аяган — жаралуу, катыны — каралуу.
Жоо аяган — жаралуу, эри өлгөн катын — каралуу.
Жоо аяган жаралуу.
Жоо аяган өзү өлөт.
Жоо жакадан, бөрү этектен алганда.
Жоо жакаласа, бөрү этектер.
Жоо капыстан чабат, өлүм суратпай келет.
Жоо качканда баатыр көбөйөт.
Жоо келгенде — баатыр бол, доо келгенде — акыл бол.

Жоо кеткен соң, кылычынды ташка чап.
Жоо кеткенден кийин кылычыңды бокко чап.
Жоо кеткенден кийин кылычыңды ташка (бокко) чаппа.
Жоо кыстаса баатырга бар.
Жоо малынын тезеги пайда.
Жоо сырын жоо билбейт.
Жоо түбү — эл, жар түбү — кечүү.
Жоо чапкан алпка айып жок.
Жоого барсан баарың бар, доого барсаң бириң бар.
Жоого жалынба — жаныңды алат, доого жалынба — малыңды алат.
Жоого жаныңды берсең да, сырыңды бербе.
Жоодон алып качкан жан арам.
Жоодон ачарчылык күчтүү, жошултуп алсыратат күчтү.
Жоодон корккон — жоого дос, элди сүйгөн — эрге дос.
Жоодон корккон жолдошун сабайт.
Жоокер жараксыз болбойт, ырчы комузсуз болбойт.
Жоокерге тон тиге албаган жар — жоо босогосунда күң.
Жоолашкан эки журттун кыйыры ыйык.
Жоолашкан эки элди бириктирүү үчүн кайраттуу
кол керек, акыл дагы мол керек.
Жоолук да болсо жолго ийги.
Жоомарт менен калыстын төрт аягы кыбыла.
Жоомарттын жайы бейиште, сараңдар калат кейиште.
Жоон болсоң капкурсак дейт, ичке болсоң —
жылан жуткан жип курсак дейт.
Жоон сүзүлгүчө, ичке үзүлөт.
Жоону сайса ким (эр) сайды, аты калды Манаска.
Жоону сайса, эр сайды, аты калды Манаска.
Жоону таап ал, жоошутуп чаап ал.
Жоонун малынын тезеги жугат.
Жоонун сыртында болбо, ичинде бол.
Жоонун түбү эл болор, тоонун түбү бел болор.
Жоор семирсе баш бербейт,
Жоор семирсе баш бербейт, жаман сүйлөсө сөз бербейт.
Жоор семирсе баш бербейт, жаман сөз бербейт
Жоорду чымын ырбатат.
Жоордун жайын жакыр билет, жокчулуктун жайын бакыр билет.
Жоош төө чуудаларга жакшы.
Жооштон жоон кеп чыгат.
Жооштон жоон чыгат.
Жорго жүрүшүнөн баа болот, жаман жүрүшүнөн кул болот.
Жорго жүрүшүнөн пул болот, жаман жүрүшүнөн кул болот.
Жорго жолду арбытат, жокчулук эрди карытат.
Жорго минген жолдо мас, катыны сулуу күндө мас.
Жорго минген жолдошунан айрылат, көп жашаган курдашынан айрылат.
Жорго минген менен жолдош болбо, жоболоңдуу менен айыл конбо.
Жорго мингенге жолдош болбо.
Жоргодон жорго чыкса төрт аягы тыбырайт,
чеченден чечен чыкса оозу — мурду кыбырайт.
Жоргодон туулган жорток бар, баатырдан туулган коркок бар.
Жоргоң мыкты болсо төшкө сал, ишиң катуу болсо элге сал.

Жоргонун баркын мингенде билерсиң, жакшынын
баркын өлгөндө билерсиң.
Жоргонун кадыры желгенде билинет, жолдоштун
кадыры өлгөндө билинет.
Жоргонун тери кургабайт, эркенин жашы кургабайт.
Жорто албаган (жүрө албаган) жол бузат, айта албаган сөз бузат.
Жорто албаган жол бузат, айта албаган сөз бузат.
Жортсоң — жол аларсың, жолугушсаң — сөз угаарсың.
Жортуп жүрсөң, жол өнөр.
Жортуулда жоокердин жоосу —уйку.
Жортуулчунун башы жолдо калат.
Жору тарпка конот, чымын майга конот.
Жору тарпка тойсо, чарбакты эңсейт.
Жору томого кийгендей.
Жору, жору, жорумун, аты куштун зорумун, беш
тырмагым жогунан аты куштун корумун.
Жоруга томого кийгизгендей.
Жорулуу жерде тарп калбас.
Жорунун өзү тоодо болсо да, көзү бөксөдө.
Жосунсузга жорго мингизсе жарашпайт.
Жука жерден жыртылат, ичке жерден үзүлөт.
Жулук ууру журттан айлансын.
Жумурткадан кыр тапкан кудайым.
Жумуру башка бир өлүм, эрте — кечи баары бир.
Жумуру башта нелер жок.
Жумурунда уузу жок өмүрүндө тойдум дебейт.
Жумуш кылсаң үшүйсүң, арак ичсең тердейсиң.
Жумуштан качып жашынган жаман, жалкоолук күчөп. ашынган жаман.
Жумушту кечеңдетпе, ырбатып тереңдетпе.
Жумуштун көзүн тап, кыйшыктын тегин тап.
Жумшак айткан месел сөз, муз жүрөктү эритет.
Жумшак жыгачты курт басат.
Жупуну — жугумдуу, сыпайы — сүйкүмдүү
Журт аймагы кең, аалам менен тең.
Журт арасы — темир талкуу.
Журт арасын атанын арам сийдик уулу бузат.
Журт кечээ кубарса, бүгүн көгөрөт.
Журт кыйырын күзөткөн алп кеткенде өз
жоолашар, душман көк ташка кылычын жанаар.
Журт мазар, журттан чыккан азар.
Журтка жек көрүнгөндү кудай жек көрөт.
Журтту жалгасын, журт ичинде бечера бизди жалгасын.
Журттун ынтымагына балта чапкан бузукуну журт алдында мууздайт.
Журту тирүүнүн өзү тирүү.
Жутаанак төө жабуусун жалмайт.
Жуталаң жылы ит семиз, тумоолуу жылы молдо семиз.
Жуткан — жумурда, ичкен — ичегиде.
Жуткан жутабайт.
Жутканга комсоо дебесек, кебеги менен кылканы.
Жуурат ичкен кутулат, жугунду ичкен тутулат,
Айран ичкен кутулат, аягын жалаган тутулат.

Жуурат төгүлсө, жугу калат.
Жуучулукка кордук жок, элчиликке өлүм жок.
Жыгач кессең узун кес — кыскартыш оңой, темир
кессең кыска кес — узартыш оңой, көйнөк
бычсаң кенен быч — кыскартыш оңой.
Жыгач ким жагаарын билет, мал ким багаарын билет.
Жыгачка мөмө бүткөн сайын салбырайт.
Жыгачты кессең — узун кес, кыскартышы оңой
иш, темирди кессең — кыска кес, узартышы
оңой иш, көйнөк бычсаң — кенен быч, кичиртиши оңой иш.
Жыгачты курт чиритет, элди өзгө иритет.
Жыгачтын баары тез болбойт, сарынын баары жез болбойт.
Жыгачтын жумшагын курт жейт, адамдын жумшагын адам жейт.
Жыгачтын ийрисин тезге салса түзөлөт,
жолдошуңдун ийрисин кепке салсаң түзөлөт.
Жыгылган күрөшкө тойбойт.
Жыгылган ооганга күлөт.
Жыгылгандын үстүнө жудурук (муштум).
Жыгылсаң нардан жыгыл, (жез) буйласын кармай жыгыл.
Жыгылсаң, нардан жыгыл, буйласын ала жыгыл.
Жыгылсаң, нардан жыгыл, этиң оорубас.
Жыйноочу бармакка басып, тырмакка кысып жыйнайт.
Жыкмак бар, баштан аттамак жок.
Жыл дегениң, жылгадан аккан суу.
Жыла баскан жылманын кеби жылуу, ичи ала.
Жылаңачка — караган — бута.
Жылаңачка тон бербей, атласты кантип кийесиң.
Ач калганга аш бербей, тамакты кантип ичесиң.
Жылан ийри сойлосо да, ийнине түз кирет.
Жылан оз уусунан өлбөйт.
Жылан өлтүрөйүн десе, таш алып бербейт.
Жылан кээде чагат, тажаал күндө чагат.
Жылан кээде чагат, ушакчы күндө чагат.
Жылан чаккан кайтат, бөйөн чаккан кайтпайт.
Жылан чакпай, жылкы теппей.
Жыланга чактырган аркандан коркот.
Жыландай ийрилип башталса, шоонадай чубалып бүтөт.
Жыландан сыр сураса, чаяндан калыс кылат.
Жыланды жылан чакпайт.
Жыланды үч кессе да, кескелдирикче алы бар.
Жыландын куйругун баспа — чагат
Жыландын сырты жумшак болсо да, ичи заар.
Жыландын териси —кооз, тиши — уу.
Жыландын уусу — тишинде, жамандын уусу — ичинде.
Жыландын уусу башында, бейкамдын (же жалкоонун) жоосу кашында.
Жыландын уусу башында, бейкамдын жоосу кашында.
Жыландын уусунан айыкса болот, ушактын уусунан айыгыш кыйын.
Жылдаш катын — сырдаш.
Жылдыздар жайнаган түн сонун, жылытып тердеткен күн сонун.
Жылдыздын көбү — асмандын көркү, билимдин көбү — акылдын көркү.
Жылдырма оосурактын жыты жаман.

Жылкы — берен, жылкыны баккан — эрен.
Жылкы (айбан) кишенешкенче (искешкенче), адам
сүйлөшкөнчө (көрүшкөнчө).
Жылкы аласы — тору ала, сыртынан таанылат,
адам аласы — ичинде, баамчылар жаңылат.
Жылкы жайлоодо семирет, бордогусу байлоодо семирет.
Жылкы кашынышканча (кээде кишенешкенче),
адам сүйлөшкөнчө (кээде көрүшкөнчө).
Жылкы кишенешип, киши сүйлөшүп таанышат.
Жылкы кишиге канат, төө кишиге күч.
Жылкы семирсе, жылкычы сүйүнөт.
Жылкы суудан калбасын.
Жылкы, жылкы, жылкыдыр, жылкы эрдин мүлкүдүр.
Жылкыга жыландай уул жарайт.
Жылкыда жая жал болсо, койдо козу, куйрук бар.
Жылкыда жал болсо, койдо козу, куйрук бар.
Жылкыдан качыр, мусулмандан капыр туулат.
Жылкыдан оосоң жалын карма, уйдан оосоң
мүйүзүн карма, кишиден оосоң оозуңду карма.
Жылкыңа карап ышкыр.
Жылкыңа ченеп ышкыр, алыңа ченеп бышкыр.
Жылкыңа ченеп (же карап) ышкыр, мурдуңа ченеп бышкыр.
Жылкыны имерсе, качагаан жылкы өзү эле четке чыгат.
Жылкычы болгон бээ багат, жылас болгон төө багат.
Жылкычы болуучу уул ээрде уктайт, ээрде уктоочу уул эл багар.
Жылкычы кадик адис болбосо, жоого минер ат жок.
Жылкычынын бир көргөнүн хан көрбөйт, бир көргөнүн ит көрбөйт.
Жылкычынын бир көргөнүн хан, бир көргөнүн ит көрбөйт.
Жылкычынын жыйганы жубан үчүн.
Жылкычынын ичкенин бирде ит ичпейт, бирде кан ичпейт.
Жылуу келген душманды суук чыгарба.
Жылуу сүйлөсө жыла — жыла жылаан ийинден чыгат.
Жылуу сөз жылытат, муздак сөз муздатат.
Жылуу сөз жылытат, суук сөз муздатат.
Жылуу, жылуу сүйлөсөң, жылан ийинге кирет,
катуу —катуу сүйлөсөң мусулман (кээде каапыр) динден чыгат.
Жылуу —жылуу сүйлөсө, жылан ийинден чыгат
(же) Жылуу —жылуу гэп урсаң, жылан ийинен чыгат.
( Жылуу — жылуу сүйлөсө, жылан ийинден чыгат (имиш).
Жылуулук – от бар жерде, сулуулук — кал бар жерде.
Жылуулук жер астынан келет, оюнду курчуткун демеп.
Жылуунун муздашы — бат, муздактын жылышы — кымбат.
Жылуусу жок тон курусун.
Жылымчы оосурактын жыты жаман.
Жылып консо жылкы сүйүнөт, жылбай отурса
катын сүйүнөт, жылкы семирсе жылкычы сүйүнөт,
Жылып, жылып булут кетет көк калат, жүрүп,
жүрүп жалгыз кетет көп калат. Душман кыйрап,
согуш унут болсо да, жүрөктөрдө көксө суубай кек калат.
Жылып консо жылкы сүйүнөт, жылбай отурса катын сүйүнөт.
Жыргаганымдан жылкычы болуптурмунбу.

Жыргайсыңбы, куурайсыңбы — жашоо керек.
Жыргалдын ана башы — ден соолук.
Жыртык — тешикке күлөт.
Жыртык ийненин кереги тиет.
Жыртык үйдү жел табат, калп сөздү эл табат.
Жыртык үйдү жел табат, калпычыны эл табат.
Жыртык үйдөн кыйшык түтүн чыгат.
Жыртык тешикке күлөт.
Жыртык тондуу — күрөшчөөк.
Жыртыкка жамак табылат, дартка дабаа табылат.
Жыя албаган жыйынга шүмшүк, асырай албаган айылга шүмшүк.
Жээ ары барып, Чүйдө өлбөй, жээ бери келип, үйдө өлбөй.
Жээн келгенче, жети бөрү келсин.
Жээн эл болбойт, желке таз болбойт.
Жээн эл болбойт, желки тон болбойт.
Жээн эл болот бай болсо тайкеси, желки тон
болот, май болсо желкеси.
Жээн эл болот — жарашса тайкеси, желки тон
болот — жарашса узу.
Жээндин жээни, желкинин тону (жыты тууган).
Жээринде майда чайна, айтаарыңда мыкты ойло.
Жээриңди майда чайна, айтаарынды мыкты ойлон.
Жээриңе келгенде жети кабат бөрү элең, жебесиңе
келгенде жин окуган молдо элең.


Кыргыз