Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

Кыргыз эл макалдары. А тамгасы 3-бөлүк 800 макал

Атаң мурап болгуча: жериң суулуу болсун.
Атаң өлсө өлсүн, атаңды көргөн өлбөсүн.
Атан төө мас болсо, тайлак төө менен дос болот,
жаман киши мас болсо, жакшысы менен кас болот.
Атан төө мас болсо, тайлак төө менен дос болот.
Атан төө мас болсо, тайлак төө менен дос болот.
Ана катын мас болсо, беш көкүл менен урушат.
Атаң этин оордобойт, султан сөөгүн кордобойт.
Атаңа көрсөткөндү балаңдан көрөсүң.
Атаңа эмне кылсаң, балаңдан ошону көрөсүң.
Атаңдан акча алсаң да санап ал. Ачка болсоң да азанчыдан үмүт этпе.
Атаңды дегендин тилеги катат, айланайын дегендин тилеги ашат.
Атаңды өлтүргөнгө — энеңди алып бер.
Атаңды көргөндөн акыл сура, энеңди көргөндөн тон сура.
Атаңды көргөндөн акыл ал, энеңди көргөндөн тон ал.
Атаңды көргөндөн акыл сура.
Атайлап кошчуң болбосо, жүгөнүң алып, атка бар.
Атакандын мүрзөсүндөй болсо керек.
Атактуу ууру ачтан өлөт.
Аталар сөзү — акылдын көзү.
Аталардын иши балдарга үлгү.
Аталаштан алтоо болгончо, энелештен экөө бол.
Аталаштан алтоо болгуча, энелештен экөө болсокчу.
Аталашым аттан түш, энелешим ээрге мин.
Аталуу бала арсыз жетим, энелүү жетим эрке жетим.
Аталуу бала кулак жейт, жетим бала туяк жейт.
Аталуу жетим — арсыз жетим, энелүү жетим — эрке жетим.
Аталуу уул — кожолуу кул.
Аталуу уул кулак жейт, жетим бала туяк жейт.
Атам өлсө — өлсүн, атамды көргөн өлбөсүн;
энем өлсө — өлсүн, энемди көргөн өлбөсүн.
Атам, энем бар болсун, оозу мурду жок болсун.
Атамды ажыга жиберип айныттык.
Атамдын өлөөрүн билсем, бир табак кебекке сатпайт белем.
Атамдын тапканы энемдин баракелдесине да жарабаптыр.
Атаны көрүп уул өсөт, энени көрүп кыз өсөт.
Атаны сыйлаган абийир табат, энени сыйлаган элге жагат.
Атанын азарында жакшы болот.
Атанын баласы азаарында бакшы болот.
Атанын баласы болбосоң да, адамдын баласы бол.
Атанын баркын көзү барда билбейт, балалуу болгондо билет.
Атанын жаман көргөн уулу түк күттү.
Атанын кадырын билбеген баланын башы кор болот.
Атанын каргышы — атылган ок.
Атанын каргышы балага ок, өрттөп ийчү чок.
Атанын кеби — балага, аганын кеби — иниге,
эненин кеби — кыз —келинге, эженин кеби — синдиге эм.
Атанын көөнү балада, баланын көөнү талаада.
Атанын мээри түшкөнгө адамдын каары түшөт.
Атанын салган жолу бар, эненин бычкан тону бар.
Атанын сыймыгын арсыз уул кетирет.

Атанын тилдегени — баласын бил дегени.
Атанын уулу болуш — урмат, элдин уулу болуш — кымбат.
Атасы балам десе, баласы балам дейт.
Атасы башка менен коён уулаба.
Атасы башка, аты кашка.
Атасы болушчаактын — уулу урушчаак, энеси болушчаактын — кызы ыйлаак.
Атасы жакшы айттырбайт, теги жакшы дедирбейт, сөөгү жакшы сөктүрбөйт.
Атасы жиндинин — бири жинди, энеси жиндинин — баары жинди.
Атасы козу бычпагандын, баласы өгүз бычаар.
Атасы өлгөн киши уктаса да, ачка киши уктабайт.
Атасы өлгөн уул көбөт, энеси өлгөн кыз көбөт.
Атасы көргөндү уулу көрөт, энеси көрбөгөндү кызы көрөт.
Атасы топко кирбеген сөзгө кулак салбайт.
Атасыз уул (бала) жетесиз, энесиз кыз никесиз.
Атасына баласы аш ичкенди (аял алганды) үйрөтөт.
Атасынан баласы ашып түшпөсө, акыр заман болот.
Атасынын көзүн көрбөй калган соң ашыкканы курусун.
Ата — эне берген тарбиядан турмуш өзү берген тарбия он эсе артык.
Ата — эне кара мүртөз болсо, өз баласын каргайт,
кан кара мүртөз болсо, өз башын өзү жалмайт.
Ата —энеге баланын алалыгы жок.
Ата — эненди сыйласаң өз балаңдан жакшылык көрөсүң.
Ата —энеңди сыйласаң, өз балаңдан опаа (жакшылык) көрөсүң.
Ата —эненин кадырын билген уул эл багар.
Ата —энеси жоктун эли бар, эли жоктун өлүмү бар.
Ата — энесине акаарат кылганды ташбараң кылат, шарият деп законун табат.
Атка (аттууга) жөө жете албайт.
Атка бербес кунан бар.
Атка бергис кунан бар, кызга бергис жубан бар.
Атка жапкан үркүттөн, жалгыз туумай бүркүттөн.
Атка жеңил, тайга чак.
Атка мингенде эле көчүгү кыйшык эле.
Аткан мерген эмес, тийгизген мерген.
Аткан ок таштан кайтпайт, элчи кандан тилин тартпайт.
Аткан ок таштан кайтпас, аттанган элчи жолдон кайтпас.
Аткананы күзөткөн, ашканадан кайтат.
Атпаса мылтык сай болбойт, анткор адам бай болбойт.
Атпастын огу алты кулач.
Аттан айрылганы, канаты кайрылганы.
Аттан айрылсаң айрыл, ээр токумдан айрылба.
Аттан айрылсаң да, абийирден айрылба.
Аттан аттын неси артык, аша баскан изи артык.
Эрден эрдин неси артык, эптей келсе күчү артык.
Аттан тай озоор.
Аттан түшсөң да ээрден түшпө.
Аттан түшсөң да, үзөңгүдөн түшпө.
Аттанганда эле көчүгү кыйшык болучу.
Аттууга жөө дос эмес.
Аттууга жөө жете албайт, экөөнө бирөө бата албайт.
Аттууга жөө жете албайт, экөөнө бирөө баталбайт, эки ат минген кеч калбайт.
Аттууга жөө жете албайт.

Аттууга тайлуу жетем дейт, тайлуудан төө ашам дейт.
Аттууга тайлуу жетем дейт, тайлуудан төөлүү ашам дейт.
Аттууну жөө демитет, эрди (кемпай) катын кемитет.
Аттууну жөө демитет, эрди кемпай кемитет.
Аттууну көрсө, жөөнүн аягы талыйт.
Атты аркан байлайт, эрди ант байлайт.
Атты арыганда көр, эрди (жигитти) карыганда көр.
Атты арыганда көр, жигитти карыганда көр.
Атты ашууда сына, эрди алааматта сына.
Атты баксаң ар жерде, жоого бербес тар жерде.
Атты билгенче ай керек, адамды билгенче жыл керек.
Атты достой сүйсөң, душмандай минесиң.
Атты камчы менен айдабай, жем менен айда.
Атты көрсө эшектин аягы талыйт.
Атты көрсө, жөө баскандын буту талыйт.
Атты мээнет чырмаса, аягынан басынат, төөнү
мээнет чырмаса котур болуп кашынат, байды
мээнет чырмаса ашканага жашынат.
Атты мээнет чырмаса, аягынан басынат.
Атты тайында такшалт, кунанында куурат,
быштысында бышыр, асыйында асыра.
Атты такалаганча, жолду бакала.
Атты такаласа, эшек бутун көтөрөт.
Атты чапсаң алыска чап, чыкпай калса бактыңан тап.
Аттын ачуусу кулагынан билинет, иттин ачуусу куйругунан билинет.
Аттын баары тулпар болбойт, куштун баары шумкар болбойт.
Аттын жаманы — аңги, адамдын жаманы — баңги.
Аттын жаманы акырды булгайт, уйдун жаманы казыкты булгайт,
Аттын жоргосу кызык, тондун торкосу кызык,
козунун сорпосу кызык, чайдын кызылы кызык,
суусундун тунугу кызык, төрдүн төбөсү кызык,
аялдын сулуусу кызык.
Аттын көркү — жалында, кыздын көркү — чачында.
Аттын сыры ээсине маалым, кыздын сыры төркүнгө маалым.
Атчабышта ат өлөт, эр сайышта эр өлөт.
Аты арыса да өзү карыбайт.
Аты жакшы азамат, качса — кутулат, кууса — жетет.
Аты жаман мурун камчыланат, атасы жаман мурун айтат.
Аты жоктун буту жок.
Атың арык болсо — бир чап, отунуң аз болсо—бир жак.
Атың арык болсо бир чап, отунуң аз болсо бир жак, ашың аз болсо бир сал.
Атың барда желип жүрүп жер тааны; атаң барда берип жүрүп эл (же дос) тааны.
Атың барда жол тааны, атаң барда дос тааны.
Атың барда — жер тааны, атаң барда — эл тааны.
Атың жакшы болсо — жолдун ыраагы, уулуң жакшы болсо — көңүл жыргалы.
Атың жакшы болсо — жолдун ыраагы, уулуң жакшы болсо — көңүл чырагы.
Атың жакшы болсо, камчынын кереги не.
Атың жаман болсо айлаң кетет, алганың жаман болсо тууганың кетет.
Атың чыкпаса, жата калып ат үркүт.
Атың чыкпаса, жер өрттө.

Атын алба, тайын ал.
Атын атаса, куту сүйүнөт.
Атын аяган жер карайт, кушун аяган көк карайт.
Атын билгенче затын бил.
Атына жараша — заты.
Атына жараша ээри.
Атына кызыкпа, затына кызык (атын билгенче затын бил).
Атына кызыкпа, затына кызык.
Ач — кекиртет, ток — секиртет.
Ач атым — бар атым, ток атым — жок атым.
Ач бала ток бала менен ойнобойт, ток бала ач болом деп ойлобойт.
Ач бала ток бала менен ойнобойт, ток бала эртеңкисин ойлобойт.
Ач бала ток бала менен ойногусу жок, ток баланын ичинде эчтемеси жок.
Ач бала ток баладай ойнобойт, ток бала ач болом деп ойлобойт.
Ач бийден ток ит жакшы.
Ач болсоң алда де, ток болсоң тобо де.
Ач болсоң ашык этин жебе, ток болсоң да томук этин жерибе.
Ач болсоң да ашык этин жебегин, ток болсоң да томук этин жебегин.
Ач итке тамак берсең, ток ит да кыңшылайт.
Ач иттин артын сук ит жалайт.
Ач иттин артын сук ит жалаптыр.
Ач өлтүрбө, ток өлтүр, кыш өлтүрбө, жаз өлтүр.
Ач кадырын билбесең, аччылык берет жазаңды.
Ач кадырын ток билбейт, оору кадырын соо билбейт.
Ач кадырын ток билбейт.
Ач кайгысын ток билбейт, жок кадырын бар билбейт.
Ач калардыкы кеч калар.
Ач калганда ток болууну унутпа, ток болгондо ач калууну эсте.
Ач карышкыр — ийинге жатпайт.
Ач карышкыр — ток күсөйт, ток карышкыр — кан күсөйт.
Ач карышкыр ийинден чыгат.
Ач карышкыр ток күсөйт.
Ач кекирет, ток — секирет.
Ачка киши, аш ылгабайт.
Ач кекирет, ток семирет.
Ач киши урушчаак, арык кой тырышчаак,
Ач көз — тойбойт.
Ач көз адам тойбос, соргок соргоктугун койбос.
Ач көз байыса, ачка уктайт.
Ач көз кусканын билип, жутканын билбейт.
Ач көзгө баардыгы аз көрүнөт.
Ач көздүн айдаганы өнбөс.
Ач көздүн айдаганы өнбөс, байлаганы семирбес.
Ач көздөн айран сурасаң, акчаң барбы дейт.
Ач көздөн карыз сураба, сукка карыз бербе.
Ач көздөр өлсө да ач көздүү өлбөйт.
Ач койнунда нан болбойт.
Ач кулагым, тынч кулагым.
Ач кулактан — тынч кулак.
Ач тоюнат, арык семирет.
Ач тоюнат, сук тойбойт.

Ач тоюнат, сук тоюнбайт.
Ач, ток өнөктөш.
Ачарчылык көчөгө чыгарат, калпычылык — үйгө камайт.
Ачарчылыкта туулган баланын эки көзү ашта,
Ачарчылыкты көп көргөн, өзү тойбой «ме» дебес.
Жетимчиликти көп көргөн, үч чакыртпай «ии» дебес.
Ачка болсоң да азанчыдан үмүт этпе.
Ачка болсоң жашоонун эмне экенин ошондо билесиң.
Ачка жүргөнчө айранга талкан чалып (кээде нан сындырып) жеген жакшы.
Ачка киши — урушчаак, арык киши — тырышчаак.
Ачка киши айылдайт, ток киши уктайт.
Ачка кишиге таң атпайт.
Ачка кишинин ачуусу жаман.
Ачка короздун түшүнө актаган таруу кирет.
Ачка менен токтун ортосу жарты нан.
Ачка турганча айранга нан сындырып жеген артык.
Ачкага аш бышыртпа, үшүгөнгө от жактырба.
Ачкадан өлгөн наабайдын койнунан нан чыгыптыр.
Ачкаңда жеген куйрукту, тойгонуңда унутпа.
Ачкалык — арам, адалды таңдабайт.
Ачкалык — аш тандабайт, ашыктык — жаш тандабайт.
Ачкалыкка өзүң чыдасаң да курсагың чыдабайт.
Ачкалыкта алтындан, бир жутум жарма артык.
Ачканы — аш менен коркутпа.
Ачканы аш берип коркутпа.
Ачканын аңы жүрбөйт.
Ачканын оюнан тамак кетпейт.
Ачкачылык көчөгө чыгарат, калпычылык үйгө камайт.
Ачкачылыкта алтындан бир жутум жарма артык.
Ачта жеген куйканы токто унутпа, токто жеген куйканы түкта унутпа.
Ачта кеңеш табылбайт, жокто кеңеш табылат.
Ачтын — тогу, арыктын — семизи бар.
Ачтын күчү — тамагында, жөөнүн күчү —
таманында.
Ачтын көзү нанда, токтун көзү тондо.
Ачтын оюн ток билбейт, жоктун оюн бай билбейт.
Ачтын тогу бар, сологойдун оңу бар.
Ачтын тогу болот, бардын жогу болот.
Ачтын тогу, арыктын семизи бар.
Ачтын токтугу бар, арыктын семизи бар.
Ачуу — акылдын душманы, напси — ыймандын душманы.
Ачуу — бычактын мизи, акыл — бычактын сабы.
Ачуу — душман, акыл — дос.
Ачуу — душман, акыл—дос, акылыңа акыл кош.
Ачуу болуп, мурчтан өтпөйт, таттуу болуп, балдан өтпөйт.
Ачуу менен таттууну — таткан билет, алыс менен жакынды — баскан билет.
Ачуу сөз — жылаандын зары, таттуу сөз — жүрөккө дары.
Ачуу суроо берип, таттуу жооп күтпө.
Ачуу тил — жыландын (дай) заары (арбайт). Таттуу тил — жүрөккө дары. (Таттуу
тилден жаның жыргайт).
Ачуу тил таттуу турмушту бузат.

Ачуу — акылсыздыктын башталган жери.
Ачуулуу башта акыл жок.
Ачуулуунун алдына турба.
Ачуулуунун жанына жолобо.
Ачуулуунун астынан чыкпа.
Ачуулуунун баары кас эмес, ардактоо бар мойнунда.
Ачуулуунун сөзү ачуу
Ачууну акыл жеңет.
Ачууну ачуу басат.
Ачууну ачуу баспайбы, алып келчи насыбайды.
Ачууну таттуу кылган — туз, алысты жакын кылган — кыз.
Ачуунун да таттуусу бар, таттуунун да ачуусу бар.
Ачуунун даамы ачуу.
Ачуунун даамын татпаган таттуунун даамын биле албайт.
Ачуунун даамын татпаган, таттуунун даамын билалбайт.
Караңгыны көрбөгөн, жарыкты да билалбайт.
Ачуусу келген бай: «чөгөрүп, өлтүрөм»— деп,
чортон балыкты көлгө ыргытыптыр.
Ачуусу келген чакчыгай өгүздүн жон терисин айра чокуптур.
Ачуусу келген чакчыгай айга ачууланыптыр.
Ачуусу келген чакчыгай, айга чапчыныптыр.
Ачуусу чукул — айыпка жыгылат.
Ачык ооздун душманы көп.
Ачык сөздүн даамы ачуу болот.
Ачыкканга — аш бышыртпа, үшүгөнгө — от жактырба.
Ачыкканга казан астырба, үпгүгөнгө от жактырба.
Ачыкканга мал көрсөт, адашканга жол көрсөт.
Ачыккандан каныккан жаман.
Ачыксаң алданы айт, тойсоң топук кыл.
Ачыла элек сандыкта, бычыла элек кундуз бар.
Ачылбаган сандыкта бычылбаган кундуз бар.
Ачылган кабак жакшылык көрөт, бүркөлгөн кабак
бир балээни көрөт.
Ачылган кабак жакшылык табат, бүркөлгөн кабак
бир балээге калат.
Ачылгандын айыбы жок — өзү билип жапкан сон,
адашкандын айыбы жок — кайтып үйрүн тапкан соң.
Ачынган — тилдүү, ачыккан — ууру болот.
Ачынганга мал көрсөт, адашканга жол көрсөт.
Аш – аттуунуку, той – тондуунуку.
Аш — ичкен оозго жарашат.
Аш — ээси менен, баш — мээси менен.
Аш (ашын) болсо, табак табылат.
Аш аз болсо, ээсин сыйлайт.
Аш акылы жокту алып урат, көөдөнү жокту көтөрүп урат.
Аш аттуунуку, той тондуунуку.
Аш берген киши айыптуу.
Аш бергенге муш берген — акылсыз, муш бергенге аш берген — намыссыз.
Аш болсо, казан табылат, жан болсо, жабуу табылат.
Аш болсо, табак табылат.
Аш бышкан казанда таш бышпайт.

Аш бышканда пайда бол.
Аш бышырган даамын (тузун) билет.
Аш десе ала — була, иш десе ийру —буйру.
Аш жебедик таш жедик, этегиң жапчы, кудагый!
Аш ичкен оозго жарашат.
Аш ичсең — акылың менен, тон кийсең — сактыгың менен.
Аш ичсең акылың менен.
Аш кадырын ачыккан билет, жок кадырын тарыккан билет.
Аш кадырын билбеген, үй ээсин уялтат.
Аш катыгы ак болот, эл катыгы бек болот.
Аш көп болгон жерде каада көп.
Аш көп болсо, каада көп.
Аш көп болсо, кедей ток.
Аш койгонго аш кой, таш койгонго таш кой.
Аш кылам деп таш кылат.
Аш менен — ээси, баш менен — мээси (мактанат).
Аш менен ээси мактанат, баш мээси менен мактанат.
Аш сунгандын баары дос эмес, таш ургандын баары кас эмес.
Аш турган жерге оору турбайт.
Аш ээси менен, баш мээси менен.
Аша байлык жоону көбөйтөт.
Ашаарын ашаган, жашаарын жашаган.
Ашаарын ашады, жашаарын жашады.
Ашаткысы жеткенде алды мындай катарбы.
Ашка жүк, башка жүк.
Ашка тоймок бар, башка тоймок жок.
Ашка тоймок бар, жашка тоймок жок.
Ашкабакты бирөө дарбыз деп жептир.
Ашказандын кебин кылып, Ата Журттун даңкын чыгара албайсың.
Ашканада аял көп болсо, аш бышпайт.
Ашкере сынчы бузат, ашкере жеген кусат.
Ашпоз ачтан өлбөйт.
Ашпоз аш жытына семирет.
Аштан качкан акмак ачтан өлөт.
Ашты кордосоң — кустурат, эрди кордосоң — шаштырат.
Аштык айда жазында, айдабасаң жазында, ачка өлөрсүң кышында.
Аштык бер, аштык берсең баштык бер, баштык
берсең артып бер, артып берсең тартын бер.
Аштык жеген арыбайт, ак (тык) ичкен карыбайт.
Аштык көп болуп эки жыл ичпейт… Төө көп болуп конокко сойбойт.
Аштык көп болуп, эки жыл ичпейт.
Аштын (тамактын) даамы тузунда (туз менен).
Адамдын даамы тилинде (сөз менен).
Аштын даамы туз менен, адамдын даамы сөз менен.
Аштын таттуусун таткан билет, жолдун алысын баскан билет.
Аштын тузун — таткан билет.
Ашуудан ат алмаштырбайт.
Ашуудан көрбөй, торпудан көрдүм.
Ашуусу болбой тоо болбойт, аркары болбой зоо болбойт.
Ашы бар (же аш ичкен) аяктан аттаба.
Ашы бар аяктан аттаба.

Ашы бардын карды ток.
Ашы жок үйдү ит да сүйбөйт.
Ашы кордун — башы кор.
Ашы кордун өзү кор.
Ашыгып айтсаң да, ашыра айтпа.
Ашыгып жооп берген — аз ойлойт.
Ашың болсо, казан табылат.
Ашың жогуна кайгырба, ишиң жогуна кайгыр.
Ашың жок болсо да, кашың болсун.
Ашың жок болсо да, кашың жокпу?
Ашың калса калсын, ишиң калбасын.
Ашыңды бербесең бербе, ташың менен урба.
Ашыңды ичейин, арыңа чычайын.
Ашыңды ичейин, кадырыңа чычайын болбо
Ашык болгон адам акын болот.
Ашык дүйнө баш жарбайт.
Ашык ойногон азар, топ ойногон тозор.
Ашыккан — адашат, тойбогон тозот.
Ашыккан — азат, тойбогон — тозот.
Ашыккан — аштан куру калат.
Ашыккан калар уятка, сабырдуу жетээр муратка.
Ашыккан (сабырсыз) калар уятка, саргайган жетер муратка.
Ашыккан (шашкан) кыз эрге жетпейт, эрге жетсе,
этеги жерге жетпейт.
Ашыккан алыс узабайт.
Ашыккан ашка бышат.
Ашыккан ашка жеткенче, ашы текке кетет.
Ашыккан аштан куру калат.
Ашыккан калар уятка, саргайган жетер муратка.
Ашыккан кыз эрге жетпейт, эрге жетсе (этек
жеңи) жерге жетпейт.
Ашыккан ууру ачка өлөт.
Ашыкканга лаппай табылбайт.
Ашыккандык — шайтандык.
Ашыкпаган адам араба менен коен уулаптыр.
Ашыкпаган араба менен коёнго жетет.
Ашыкпаган тез жетет, ашыккан адашып кетет.
Ашыктык жаш тандабайт, ачкачылык — аш тандабайт.
Ашыктык өлүмдөн күчтүү.
Ашыктыкка алдастап, жетим көпөлөкчө өрттөнүп
өлүүгө болбойт.
Ашым калса калсын, ишим калбасын.
Ашына жараша табагы, ишине жараша тамагы.
Ашынан табагы кымбат.
Ашып барып нары өлбөй, же аша электе бери
өлбөй, бейпай болуп белде өлдүң, бей сарамжал жерде өлдүң.
Аюу — аманын тилейт, адам — жакшыны тилейт,
акмак жамандыкты тилейт.
Аюу аманын тилейт, акмак жаманын тилейт.
Аюу аманын тилейт, жакшы жаманын тилейт.
Аюу менен алышкан, арыстан менен кармашат.

Аюуга карышкыр ажайып көрүнөт.
Аюудан — аюу, бөрүдөн — бөрү. Ат казыгын айланат.
Аюудан (карышкырдан) корккон отунга (токойго) барбайт.
Аюудан качсаң — дөңгөккө, дөңгөктөн качсаң — аңгекке.
Аюудан корккон токойго (же отунга) барбайт.
Аюунуң жанында жолборс, жылмакай жигит турбайбы.
Аюунун чучугун жеген жатпайт.
Аяарга малы жоктун, аяарга жаны да жок.
Аяган көзгө чөп түшөт.
Аягы жаман төрдү булгайт, оозу жаман элди булгайт.
Аягы жебей башы жейт, аркандап койсо жакшы жейт,
туягы жебей башы жейт, тушап койсо жакшы жейт.
Аягы кысканын, арышы кыска.
Аяк (бут) жүгүрүгү ашка, ооз (тил) жүгүрүгү башка.
Аяк желдүү болсо — ташка тиет, ооз желдүү болсо — башка тиет.
Аяктагы сууга агып өлөйүн, чөйчөктөгү сууга чөгүп өлөйүн.
Аякталбаган иш— бүтпөгөн иш
Аяктуу сөзгө аргасыз жооп кайтарат.
Аяктууга жол бербеген, ооздууга сөз бербейт.
Аял — үйдүн куту.
Аял — үйдүн туткасы.
Аял болбосо ашкана жетимсирейт.
Аял жакшы — эр жакшы, вазир жакшы — хан жакшы.
Аял жакшы — эр жакшы.
Аял жакшысы — ырысы мол, аял жаманы —
кайгысы зор.
Аял жакшысын — эри сүйөт, эр жакшысын — эли сүйөт.
Аял намыс үчүн кара киет.
Аял сергегинен жумуш бүтөт, эркек сергегинен ырыс түтөт.
Аял турмушу — заман күзгүсү.
Аял — эрдин жарым өмүрү.
Аялды ашынан тааны, баланы башынан тааны.
Аялды ашынан тааны.
Аялдын азабы көп, түйшүгү түмөн.
Аялдын акылын жесиринде көр, баланын акылын жетиминде көр.
Аялдын анткорү улуу болбой кичүү болот, ага болбой жеңе болот.
Аялдын жаманы атыңды булгайт, эрдин жаманы элди булгайт.
Аялдын сулуулугу — ажарында, эркектин сулуулугу — акылында.
Аялдын чачы узун болгон менен акылы кыска.
Аялсыз үй — суусуз тегирмен.
Аялсыз үй суусуз тегирмен менен тең.
Аялың мыкты болсо — бактың, аялың кыйды болсо — каттың.
Аялыңды атым дебе камчы салып, балаңды өзүм дебе эрке багып.
Аярлап сүйлөгөн кишинин амалы көп.
Аяш жолу бир башка, адаш жолу бир башка.


Кыргыз