Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

Лексикология

Лексикология – тилдин сөздүк курамынын азыркы жана анын мурунку тарыхый өсүш абалын изилдөөчү тил илиминин бир бөлүгү. Лексикология гректин leхis — сөз, logos — окуу деген сөзүнөн алынган, демек сөз жөнүндөгү окуу дегенди билдирет.

ЛЕКСИКА

Тилдеги бардык сөздөрдүн жыйындысы лексика деп аталат.

СӨЗДҮН КУРАМЫ ЖАНА СӨЗДҮК ФОНД

Тилдеги сөздөрдүн бардыгы биригип келип, сөздүн курамын түзөт. Сөздүн курамындагы эн башкы нерсе – сөздүк фонду болуп саналат. Ага тилдин уюткусу болгон уңгу сөздөр кирет.
Сөздүн курамына караганда сөздүк фонду өтө жай өзгөрөт.

ДИАЛЕКТИЛИК ЛЕКСИКА

Белгилүу бир диалектиге мүнөздүү болгон же ал диалектиде адабий тилдеги маанисинен башка да маани берген сөздөр: сыйыр (уй), сүдрө (сүйрө), чыз (сыз), чөжө (жөжө), турпак (топурак), шорпо (сорпо), буун (муун), сагат (саат) ж.б.

ЖАЛПЫ ЭЛДИК ЛЕКСИКА

Тилдеги жалпыга белгилүү, түшүнүктүү жана күндөлүк турмушта даныма колдонулуучу сөздөр: киши, окуучу, борбор, коом, базар, эл, эмгек, китеп, алтын ж.б.

КӨП МААНИЛҮҮ СӨЗДӨР

Бир сөздүн көп мааниде колдонулушу. Мисалы, аш (тамак) – аш (ашып кетүү), там (тамуу) – там (уй), таң (таңуу) – таң атуу, көз: а) адамдын көзү; б) терезенин көзү; в) ийненин көзү.

ЖЕКЕ МААНИЛҮҮ СӨЗДӨР

Бир нерсенин атын билдирип турган сөздөр жеке маанилүү создөр деп аталат. Мисалы, адам, шаар, кыш, жамгыр, тоо, мектеп, бала, китеп ж.б.

СӨЗДҮН ЛЕКСИКАЛЫК МААНИСИ

Ар бир сөздүн өз башындагы материаллык мааниси лексикалык мааниси деп аталат. Мисалы, мал, сүт, уй, китеп, темир, чагылган, машина, жыгач, үстөл ж.б.

СӨЗДҮН ГРАММАТИКАЛЫК МААНИСИ

Сөздөрдүн грамматиканын карамагына түшкөндө сүйлөмгө карата өз ара катышка ээ болгон маанисин айтабыз. Мисалы, Сабак башталды. Сабак – зат атооч, жалпы зат атооч, атооч жондөмөсүндө турат. Сабак сүйлөмдүн ээси, эмне? деген суроого жооп берди, уңгу түрдө турат; башталды – этиш, баяндооч.

СӨЗДҮН ӨТМӨ МААНИСИ

Жаратылыштагы кээ бир нерселердин, түшүнүктөрдүн атынын тилде мурдатан колдонулуп жүргөн сөздөр аркылуу берилиши сөздүн өтмө мааниси деп аталат. Мисалы, тумшук – канаттуулардын тумшугу, тоонун тумшугу, кочкор тумшук; туяк – малдын туягы, артыңда туяк (бала) калды; кол – кол койду, кол жыйнады; түлкү (жырткыч айбан), түлку (куу, плдамчы, митаам).

СИНОНИМДЕР

Айтылышы ар түрдүү, мааниси бири-бирине жакын сөздөр. Мисалы, бөрү – карышкыр, акылдуу – эстүү, киши – адам, мыкты – сонун, кооз – сулуу – көркөм, бактылуу -таалайлуу, көк — асман; эс — акыл, төмөн — ылдый, өйдө -жогору, жүгүр – чурка, эл – журт – калк, атак – даңк, жакшы дурус – мыкты – түзүк.

ОМОНИМДЕР

Айтылышы бирдей, мааниси ар башка болгон сөздөр.
Мисалы, ат (зат атооч) – ат (этиш), ак (сын атооч) – ак (этиш), жаш (сын атооч) – жаш (зат атооч), үй (зат атооч) – үй (этиш), жат (этиш) – жат (тактооч), кат (зат атооч) – кат (этиш), ээ (сүйлөмдүн ээси) – ээ (кожоюн); бак (таалаи) (зат) – бак (этиш).

АНТОНИМДЕР

Мааниси бири-бирине карама-каршы айтылган сөздөр ан-тонимдер деп аталат. Мисалы, аз – көп; өйдө – төмөн; чоң
- кичине; келим – кетим; баш – аяк; улуу – кичүү; ак -кара; жакшы – жаман; жаш – кары; ачуу – таттуу; илгери
- кийин; арык – семиз ж.б.

НЕОЛОГИЗМДЕР

Тилдин сөздүк курамында пайда болгон жаңы сөздөр. Мисалы, космонавт, спутник, учкуч-космонавт, кораблъ, ракета, автоматтык станция, орбита, акционердик коом, рэкет, бизнес, акимиат, пейджер, спикер, мэр ж.б.

ЭСКИРГЕН СӨЗДӨР

Тилдин сөздүк курамында эскирип, колдонуудан чыгып калган сөздөр. Мисалы, хан, буурсун, булдурсун, найза, бараң, болуш, зоот, калкан, кошуун, саадак, жасайыл, ак олпок, миң башы, он башы
Эскирген сөздөр тарыхый сөздөр жана архаизмдер болуп экиге бөлүнөт.

ТАРЫХЫЙ СӨЗДӨР

Белгилүү бир тарыхый доорго тиешелүү колдонулуп, кийин колдонуудан чыгып калган, бирок элдик оозеки чыгармаларда, көркөм адабияттарда, жазма эстеликтерде гана колдонулган сөздөр тарыхый сөздөр деп аталат. Мисалы, болуш, ыстарчын, датка, миң башы, бий, зекет.

АРХАИЗМДЕР

Азыр колдонулбаган, колдонуудан чыгып калган эски сөздөр архаизмдер деп аталат. Мисалы, уруят (эркиндик), от араба (поезд), жалчы (пролетариат), кырааткана (китепкана), бирикме чарба (колхоз), кементай, увазир ж.б.
Архаизм гректан архайас (эски, байыркы) деген сөзүнөн алынган.

КЕСИПТИК ЛЕКСИКА

Белгилүү бир кесипке таандык болуп айтылган сөздөр кесиптик лексиканы түзөт. Мисалы, га – гектар; механизатор,центнер ж.б. – айыл чарба кызматкерлерине; йод, доктор, дарыкана, операция, хирург, бинт – медицина кызматкерлерине; живописъ, графика, скульптура, портрет – сүрөтчүлүк кесип-тегилерге; очерк, аңгеме, повестъ, роман, поэзия – жазуучуларга; ээ, баяндооч, суйлөм, сөз, уңгу, мучө – тил илимине таандык; адыргы кылыч, эриш, аркак – өрмөкчүлүккө.

МЕТАФОРА

Заттарды, буюмдарды айрым белгилеринин окшоштугуна карай ооштуруп атоо. Мисалы, бут – адамдын буту, столдун буту; кулак – адамдын кулагы, казандын кулагы; көз – малдын көзү, терезенин көзү; тиш – адамдын тиши, соконун тиши.

МЕТАТЕЗА

Бир же катар айтылган эки сөз ичиндеги тыбыштардын орун алмашылып айтылышы. Мисалы, тегирмен – темирген; кунөм – кумөн; кочуш – кошууч; мыкчы – мычкы; нысап -ынсап; кымындай – кыпындай; жалгыз – жангыз; кыйнал -кыйлан; каракчы – карачкы; алаксы – аласкы; дарыя – дайра; топурак – турпак; мин – им.

ПРОТЕЗА

Сөздүн башына тиешелүү тыбыштардын кошулуп айтылышы. Мисалы, ыстарчын (старшина), ыштат (штат), ыштарап (штраф), ыстансия (станция), ысклат (склад), ыспрапке (справка).

ЭПЕНТЕЗА

Сөздүн ичине тыбыштын кошулуп айтылышы. Мисалы, куружок (кружок), пулан (план), кулуп (клуб), тырактор (трактор), ыспорт (спорт).

ЭПИТЕЗА

Сөздүн аягына тыбыштардын кошулуп айтылышы. Мисалы, Минск-и-ге, акт-ы-га, фонд-у-га, митинг-и-ни, аерб-и, банк-а-га.

МЕТОНИМИЯ

Бир нерсенин атын экинчи түшүнүктүн ордуна колдонуу. Мисалы, Эки чыны ичти (эки чыны кымыз ичти дегендин ордуна), Пушкинди жаттоо (Пушкиндин чыгармаларын жаттоо), чайнек кайнады (чайнектеги суу кайнады), мектеп сыйлайт (мектептин жамааты сыйлайт).

СИНЕКДОХА

Бер нерсе жөнүндө түшүнүк берүү үчүн аны ошол заттын бир белгиси менен атоо. Мисалы, улууларды – аксакал, бир үй-бүлөнү – тутун, эркек баланы – туяк деп атоо.

ТАБУ ЖАНА ЭВФЕМИЗМ

Тилдеги кээ бир сөздөрдү өз аты менен атабай, жымсалдап, башка сөз менен атоо табу же тергеме сөздер деп аталат: чечек оорусун – улуу тумоо, мончок; чыйканды – сыздоок; безгек оорусун калтыратма деп атоолор кирет. Ошондой эле келиндердин кайнагаларын, кайнилерин, кайын сиңдилерин атаган (молдо бала, уста бала, кызыке, шопур бала, почточу аке) ж.б. сөздер кирет.
Тилдеги айтууга ылайык келбеген кээ бир сөздөрдү сылык, сыпайы сөздөр менен атоо эвфемизм деп аталат. Эвфемизм гректин еи – жакшы жана рпепи – сүйлөө деген эки сөзүнөн турат. Мисалы, боюнда бар аялды кош бойлуу, кош кабат; ооруп калды дегенди сыркоолоп калды, табы жок; сокур, көр дегенди азиз; өлдү дегенди көз жумду, кайтыш болду, дүйнвдөн кайтты, чарчады, ээси алды.

ОМОФОН

Айтылышы жана угулушу бирдей, бирок жазылышы ар башка сөздөр. Мисалы, ава – аба, басар – базар, шкап – шкаф, бикир – пикир, доклат – доклад, боюс – поезд, барат – парад, бул – пул (акча).

ЭТИМОЛОГИЯ

1. Сөздөрдүн түпкү теги же эң алгачкы формасын табуу. Мисалы, кулач деген сөздүн алгачкы формасы кол ач; өйуз деген сөздүн алгачкы формасы ал, жуз; бугун деген сөздүн алгачкы формасы бул (бу), кун.
2. Тил илиминин сөздүн түпкү тегин изилдөөчү тармагы. Этимология гректин etimon – сөрдүн чыныгы, түпкү мааниси
жана logos – окуу, илим деген сөздөрүнөн алынган.

Этимологиялык талдоого мисал:

Сар кар – сар тажикче башкы, чоң деген мааниде, демек, башкы, чоң кар. Чаткал – чат (кыргызча), кол – монголчо озөн, суу деген мааниде, демек, чат суу. Жумгал – жум монголчо сол, гал – өзөн, суу, демек, сол суу деген мааниде. Жети-Өгуз – өгуз (эгиз) – бийик маанисинде, демек, жети бийик жер, жети чоку дегенди түшүндүрөт.

СЕМАСИОЛОГИЯ

Тилдеги сөздөрдүн маанисин, ал маанилердин өзгөрүшүн изилдей турган илим. Гректин semasia (маани), logos (окуу, илим) деген сөздөрүнөн алынган.

ТЕРМИН

Илимдеги бир түшүнүктүн атын атоо үчүн алынып, бир мааниде колдонулуучу сөз же сөз тизмеги.
Тил илимине байланыштуу терминдер: грамматика, морфема, фонема, морфология, синтаксис, фонетика, орфография; тарых илимине байланыштуу терминдер: коом, XXI кылым, кул ээлөөчүлүк коом, жаңы тарых, капитализм, буржуазия; математика жана физика илимдерине байланыштуу терминдер: алгебра, математикалык анализ, кошуу, көбөйтүү.

ТЕРМИНОЛОГИЯ

Илимдин ар кайсы тармактары боюнча тилде колдонулган терминдерди изилдөөчү же үйрөтүүчү илим.

ИДИОМА

Башка тилдерге сөзмө-сөз которууга мүмкүн болбогон турук-туу сөз айкашы. Мисалы, Кабырга менен кеңешуу; бармак басты, көз кысты; кой оозунан чөп албаган; төбө чачы тик туруу; эшек такалоо; акесин таанытуу; сай-сөөгу сыздоо; тили буудай кууруйт.

ФРАЗЕОЛОГИЯ

Тил илиминдеги сөздөрдүн туруктуу же эркин сөз айкаштарын, алардын түзүлүшүн жана маанилик жагынан болгон өзгөчөлүктөрүн изилдеген бөлүм: ботокөз, койкөз, кызыл кырман, бармак басты, көз кысты; сызга отуруу. Фразеология гректин phrasis – туюнтма, кеп түрмөгү жана logos – окуу деген сөздөрүнөн алынган.

ЛЕКСИКОГРАФИЯ

Тилдеги сөздөрдү жана фразеологиялык айкаштарды жыйноо, тартипке салуу иши; тил илиминин сөздүктөрдү түзүү ишинин теориясын иштеп чыгуучу бөлүмү.

СӨЗДҮКТӨР

Бир тилдеги сөздөр чогултулуп, алфавит тартибине келтирилип чыгарылган китеп. Сөздүктөр ар түрдүү болот. Мисалы, орфографиялык сөздүк, түшүндүрмөлүү сөздүк, котормо сөздүк, терминологиялык сөздүк, энциклопедиялык сөздүк, фразеологи-ялык сөздүк, синонимдер сөздүгү, омонимдер сөздүгү, антоним-дер сөздүгү

ОРФОГРАФИЯЛЫК СӨЗДҮК

Тилдеги сөздөрдү туура, катасыз жазууга үйрөтүүчү сөздүк. Буга X. Карасаевдин «Орфографиялык сөздүгү» (1966, 1983) кирет. Мисалы, бүгүңкү эмес, бүгүнкү, долбор эмес, долбоор, деңгел эмес, деңгээл, адам зат эмес, адамзат, разы эмес, ыраазы, рахмат эмес, ыракмат.

ТҮШҮНДҮРМӨЛҮҮ СӨЗДҮК

Тилдеги сөздөргө адабий тилдин нормасында түшүнүк берүүчү сөздүк. Буга «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү» (Э.Абдулдаев, Д.Исаев, 1969) кирет. Мисалы, аалам – дүйнө жүзү, жер жүзү. Аарчы – бет аарчы, жүз аарчы – бети-колду сүртө турган кол жоолук. Жобо – белгилүү бир маселе боюнча эрежелердин, закондордун жыйындысы. Кабык – бир нерсенин сыртын кап-тап турган бөлүгү. Болушуу – бир жакка, экинчи тарапка талам-даш, жардамдаш болуу, ага жан тартуу.

КОТОРМО СӨЗДҮК

Бир тилдеги сөздөрдү экинчи же үчүнчү тилге которуп берген сөздүк. Буга проф. К. К. Юдахиндин «Орусча-кыргызча» (1957), «Кыргызча-орусча сөздүгү» (1965) кирет. Же «Англисче-орусча-кыргызча сөздүктөрү», «Орусча-англисче-кыргызча сөздүктөрү» ж.б.

ТЕРМИНОЛОГИЯЛЫК СӨЗДҮК

Илимдин, техниканын ар кайсы тармагындагы терминдерге түшүнүк берген сөздүк. Буга проф. Б.Ө.Орузбаеванын «Лингвистикалык терминдердин орусча-кыргызча сөздүгү» (1972) кирет. Мисалы, активный глагол – активдүү этиш, анализ – талдоо (тыбышты, муунду, сөздү, сүйлөмдү же мүчөнү бөлүктөргө ажыратып талдоо). Гласные долгие – созулма үндүүлөр. Местоимения указательные – шилтеме ат атоочтор.

ЭНЦИКЛОПЕДИЯЛЫК СӨЗДҮК

Айрым терминдерге, түшүнүктөргө, тарыхый окуяларга, олкөлөргө, географиялык аттарга, белгилүү, өтө көрүнүктүү адамдарга, кубулуштарга ж.б. түшүндүрмө берген, сүрөттөр ме-нен жабдылган сөздүк.
Буга Кыргыз энциклопедиясынын 6 томдук сөздүктөрү, Нарын, Ысык-Көл, Ош областтарынын энциклопедиялык сөздүктөрү кирет.

СИНОНИМДЕР СӨЗДҮГҮ

Тилдеги айтылышы ар башка, мааниси бирдей болгон сөздөргө түшүнүк берген сөздүк. Буга Ш.Жапаров, К.Сейдакматовдун «Кыргыз тилинин синонимдер сөздүгү», К.К.Сартбаев, С.Үсөналиевдин «Кыргыз тилинини синонимдер сөздүгү» (орто мектептин окуучулары үчүн, 1973) кирет. Мисалы, абийирдүу – уяттуу – ар-намыстуу, ызааттуу; залим – таш боор, ырайымсыз, кара ниет, канкор.

АНТОНИМДЕР СӨЗДҮГҮ

Тилдеги айтылышы бири-бирине карама-каршы келген сөздөргө түшүндүрмө берген сөздүк. Буга «Кыргыз тилинин антонимдер сөздүгү» (1988) кирет. Мисалы, аз – көп, арбын; жакшы – жаман; улуу – кичуу; узун – кыска; өйдө – төмөн; оң – тетири; оң – сол ж.б.

ТОПОНИМИКА

Географиялык энчилүү аттарды жыйноочу жана изилдөөчү илим: Ысык-Көл, Нарын, Жалал-Абад, Чолпон-Ата, Сары-Булак, Чуй, Кемин, Тоң, Жети-Өгуз.

ОНОМАСТИКА

Адам аттарын изилдөөчү тил илиминин бир бөлүгү. Мисалы, Тоголок Молдо, Молдо Кылыч, Акыл Карачач, Кыз Сайкал.

КАЛЬКА

Бир тилдеги сөздү же сөз айкаштарын өз калыбынан бузбай экинчи тилге ошондой эле сөз тизмектеринин жардамы менен которуу. Мисалы, доска почета -  ардак такта, красный уголок
- кызыл бурч, литературный язык – адабий тил, учитель -мугалим, преподавателъ – окутуучу, ученик — окуучу.