Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

Тагдыр. Даректүү роман

Тагдыр. Даректүү роман
Автору:
ЧЫНАР  КАЛЫБЕКОВА


Биринчи бөлүм

Алтындын төрөлүшү

Жыламыштын баш жагы арча бадал, жылга жыбыттары, түркүн кооздугу менен кирген кишини өзүнө тартып турат. Тиги тоолордон түшкөн мөңгүнүн суусу агып олтуруп булак башаттардан Жыламыш өзөнүнө келип кошулат. Тегерете тоо. Көз жоосун алган кооз жер. Кезинде ошол жыламыш өөрөнүн Жангарач баатыр ээлеп турган.
Жангарач Солтону бийлеп турган учурда, Жангарачка баш калкалап ар тараптан эл келип, ошол өөрөнгө жайгашкан. Агыбай, Алапбай, Төбөй, Кытай, Сарт, Кара сакал, Байтору деген уруулар, кыскасы жети уруу эл келет. Жангарач баатыр баарына жер берип, ар кимиси чарбачылык иш менен иштеп калышат.
Байтору тың неме болот. Жангарачка жагып калгандыктан ал жигитти аткошчу кылып жанына алып жүрөт. Бара бара бир туугандай болуп кетишет.
Мезгил өтөт. Байтору өзүнөн өзү көбөйүп, мал күтүп, балдары Жангарачтын балдары менен тең сүйлөп, тең ата болуп калышат. Ай алмашып, жыл жылат. Убакыт дегениң ай артынан ай, жыл артынан жылды кууп зымырап өтө берди.
Дүйнөгө түркүк болгон ким бар. Ошентип, Жангарач баатыр да, Байтору да учуру келгенде «оо дүйнө» сала беришти. Ал эми балдарынын ортодогу ынтымактары бузулбай, жайда жайлоодо, кышта кыштоодо бир болушуп, бир биринен кол үзүшпөй ынтымактарын бекемдешет. Жангарач баатырдын Токтонай деген уулунан Күмүшбек деген уулу абдан тың чыгып эл башкарып калат. Бир уул, бир кыздуу болуп, кыздын атын Алтын коет.
Ошол кезде Байторунун бир уулу да эркек балалуу болот. Эки тарап тең ортобуздагы катышыбыз үзүлбөсүн, аталарыбыз бир жүргөн кишилер эле, кол үзбөй түбөлүктүү катташ бололу деген жакшы ой менен бешик куда болобуз дешип, бата кылып коюшат.
Ошентип баягы жаңы төрөлгөн кыз менен жигитти бешикте жатканда эле кудалашып, бири бирине энчилеп салышат. Кырсыкты кайдан деп болот. Мына ошо маалда казак менен кыргыздын ортосунда чоң топ (УЭЗ) деп, Алтындын атасы Күмүшбек ошол топко кетип, кырсык болуп кайра келбей калат.
Тирүү болгондо чоң атасы Жангарач баатыр менен атасы Токтонайдын жүрөгү бул учурда тилинип тилинип турмак…
Бири кем дүйнө! Бири кем дүйнө, ай!
Балдардын ичинен тыңы да, мыктысы да, эртелеп эл бийлегени да, атасынын жанында чоң кишидей акыл кошкону да, Күмүшбек эмес беле. Минтип ата оордун басып, элди эл, журтту журт кылып кармап турганда кара басып кырсыкка кабылып олтурганы оор жоготуу болду. Жалгыз кызы Алтынды колдон узатсам деген ак тилегине да жетпей кетти.
Мезгил өтөт. Баардык нерсени мезгил өзү оордуна коет эмеспи. Алтын кыз чоңоюп, көзгө көрүнүп, суйкайган сулуу кыз болуп чыга келди. Ар тараптан куда түшөбүз дешип, кызга көз арткандар көбөйүп, жуучулар ат изин суутпай келе башташты. Жакшы кеп жерде жатмак беле. Акыркы кабарлар Байторунун айлына тез эле жетти. Айыл ичи дуу – дуу.
Катуу намыстанган Байторунун балдары дуу көтөрүлүп чыгышты.
- Биз бешик куда болгонбуз.
- Эл – журт күбө! Мына, көпчүлүк күбө!
- Күмүшбектин өзү менен кол алышып куда болгонбуз. Ырымын кылганбыз.
- Бүлө биздики! Тарттырып жиберип олтуруп калчу биз бекенбиз.
Көп узабай эле күндөрдүн биринде бир жоргонун башына кебез байлап, тогуздап бир үйүр жылкыны айдашып, – Кудалыгыбызды бекемдейбиз! – деп, келип калышат.
Ошол күндөн баштап Алтын кыз бекем кайтарууга алынды. Атасы сөз берген эле дешип ага – туугандары сөздөн кете алышпай Байторунун балдарына көнүп беришти. Салт деген салт! Ата сөзүн эки кылууга болбойт.
Күндөр өтүп жатты. Колдон алдырып ийбейли дешип, алты бакан селкинчек, акчөлмөк оюндарын уюштурушуп, кыз көрмөй салттарын жасап, жеңелери жандап, балдыздары кулак чоймой болуп, күйөө тарап тез – тез эле күйөөлөп келип турушат.

Ошентип, Алтынга жигит жагып, жигитке Алтын жагып баш кошо турган күндү биротоло болжоштуруп коюшту. Бири бирин жактырып, арзышып калган эки жаш экөө тең болжошкон күндү чыдамсыздык менен күтүп жатышты. Күн өткөн сайын жеңелери айланчыкташып Алтындын жанынан чыгышпайт. Саймачы кыз кетип калабы? – дешип айылдагы кыз – келиндери да тегеректеп кетишпейт.
Бул да болсо атадан калган салт эле. Илгертеден күйөөгө кетээр кызды ушинтип жеңелери, тели – теңтуштары айланчыкташып, ар бир күндүн ар бир саатын шаан – шөөкөт менен өткөрүшүп, жакшы ойлорду калтырганга аракет жасашчу турбайбы.
Бүгүн да боз үйдүн ичи толо кыз – келиндер. Баары көңүлдүү. Алардын шарактаган күлкүлөрүнөн ак боз үй кошо термелип, шаңга толкуп турду.
Бир кезде Алтын кыздын жакшы көргөн жеңелеринин бири Назик катуу кейий жашый кетти. Өзү да атындай илмийген, өтө назик жан эле.
- Оо – уу, кызыке! Сен кетип калсаң биз кантебиз? Сагынабыз го. Шырдакка оюуну ким салат? Эми сайманын жаңы түрү сайылбай…
- Ай, Назик! Сайылбай калат дегениң кандай? Антип айтпа! «Эрке кыз» эрге кетип жатат. Ал эмнеси экен. Тек, жашабагыр!
Төрдө олтурган бой сыны келишкен чырайлуу Акылай аттуу жеңеси жаш келинди катуу какты. Ага удаа эле жанындагы абысыны Назикти санынан мыткый чымчып алды.
Бейкапар олтурган Назик чоочуп кетти.
- Ой, жеңе. Мен… мен… Мен сагынабыз деп…
- Ии, сагынасыңар. Мен да сагынам! – деп, Акылай жеңеси Алтынга күлүп койду.
- Баарыбыз сагынабыз! Биз эмес Эрке кызды айыл, тоо, таш, баскан жерлери да сагынат. Бул да бизди сагынат. Туурабы, кызыке? – деди баягы Назикти чымчыган келин.
Баарысынан улуу болгондуктан Алтындын Акылай жеңеси олтургандарга акыл сөзүн айтып кирди. Ал ушунчалык кооз, жагымдуу сүйлөгөндүктөн ал сөз баштаганда баары тынчып калышаар эле. Акылай сөзүн улай олтургандарга каш какты.
- Кыз деген бойго жеткенден кийин олтура берген болбойт. Өз учурунда оордун табуусу керек да! Көп олтурган кызды “кара далы” дейт. Олтургандар коштоп кетишти.
- Ооба, туура, туура!
- Жеңем ырас айтат. Туурабы, келиндер?!
- Учурунда эле кеткени жакшы эмеспи.
- Буудайдын бараар жери тегирмен, кыздын бараар жери күйөө – дептир.
- Биздин кыз барган жерин жыргатат.
- Айылдын көркү биздин кыз!
- Ии – и, кызыкебиз жаман жерге кетип жаткан жок. Баатыр атабыз менен бир жүргөн,
үзөнгүлөш досунун балдарына кетип жатат. О – оо, алар да мыкты уруулар! Өзүмдүн төркүнүмдү ушунда мактап коеюнчу. Мени мында узатып жатышканда… – деп, Акылай эки жагын карап, тамагын жасай, сүзүлө мойнун созуп, анан сөзүнүн аягына чыкпай бырс күлүп жиберип олтуруп калды.
- Ой, жеңе? Жеңеме эмне болду? – деп, Назик олтургандарды карап каш кагып койду.
- Жеңеме, эмне болду? – деди, капталдагы келин Назикти чыканагы менен түркүлөй.
Бир нерсенин чекесин уккан келиндер тынч олтуруп калышмак беле. Акылайды туш тушунан жаалап киришти. Жөн олтурбаган Алтын сулуу жеңесин кытыгылап кирди.
- Ай, жеңе, айта берсең эми. Бир сөз баштасаң эле, кызыктуу жерине келгенде токтоп каласыз да. Айтсаңыз эми.
- Кой, атпайм. Бирөө жарымыңардын оозуңардан чыгып кетип, курмандыкка чалынып кетпейин. Мен да тынч олтурбаган жанмын да! – деп, өзүнчө наалып алды.
Назик куурчактай болуп мойнун созо Акылайдын экинчи капталына жабыша калды.
- И – ий, эми ичибиз бышып өлөбүз го. Жеңекеси… жең – оо – оо…
Акылай көздөрүн ала чакмак кыла айланта тегеретип, олтургандарды бир сыйра карап чыкты да бир топко демин чыгарбай, анан бир кезде:
- Астаапыралла! Аз жерден Баатыр атамдын атын айтып жибере жаздадым ээ? – деди.
Назик олтурган жеринен секирип кетти.
- Астаапыралла! Астаапыралла! Кудай сактаптыр ээ, жеңе?..
Назиктин алаңдаган кебетесин көрүшкөндө, саймасы да, оймосу да токтоп, боз үйдү баштарына үч көтөрө күлбөгөн киши калган жок.
Акылай өзүн баягындан да салабаттуу кармап сөзүн улады.
- Ошол, мени узатканда: – Баатырдын тукумуна бара жатасың. Сыймыктангын кызыке! – дешип, жеңелерим кудуңдап сүйүнүшкөн. Анан Баатыр атакебиз менен тизгиндешип бир жүргөн менин Байтору атам да оңой киши эмес да! Биздин тукум да мыктылардан Эрке кыз. Муну биле жүр. Кийин бир кези келгенде, Акылай жеңем айткан эле деп, айта жүрөөрсүң. Мен минтип беш алты баланы тууп, силердин тукумду көбөйтүп олтурам, эми сен кызыке, Байторунун тукумдарын көбөйт! Сенден мыкты балдар чыгат. Чоң атасы менен чоң тайтасын тартып балдарың баатыр, кыздарың өзүңдөй акылдуу, колдорунан көөрү төгүлгөн уз болсо… Эмне, жаманбы. Туурабы, келиндер? Ушу мен туурасын туурадай эле айттым окшойт.
Баары туура дешип, Акылайдын сөзүн туш – туштан коштоп кетишти.
– Ата конуштан бир кадам аттасаң да алыс да. Эркелеген энең жок… – деп, Назик келин Акылайдын оозун караган бойдон катып калган экен, анын түрүн көрүп Алтындын боору эзилип калды. Ызакор неме бултуңдай түштү. Алтын оордунан тура калып, назиктигинен таарынчаактыгы өткөн илмийген «оо – уу» жеңесин кучактап эркелей өзүнө тартты.
- Океандын ары жагына кетип жаттым беле жеңеке. Оо – ооногу турган белести ашсаң эле жетип барасың. Жеңеке, мени сагынып «оо – уу, кызыке!» – деп, сен оозуңду ачкыча мен жетип келем. Менин кейигеним Назик жеңе, мен кетип калсам, ушул сенин «оо – ууңду» ким айтып турат. Ошол жакка өзүм менен кошо ала кетсемби ыя?!
Келиндердин баары боорлору катып күлүп жатып калышты. Назик алгач уяла түшүп, анан чычалай, жанындагы өзү теңдүү келинди чымчый мойнун койколоңдотуп койду.
- Мен кызыкени эркелетип ошентем. Канча созсом ошончо жакшы көргөнүмдү билдиргеним эмеспи. Энем менин кызыкени ошентип чакырганымды абдан жактырат.
Анысы өзүнө жарашкандыктан, суйкайган өңү бажырайып суп сулуу боло түштү. Аны капталдагы бир абысыны «тигини» дегендей бир сүзүлө карап, ал деле мойну башын кылтылдаткан болду эле, жанатан карап турган Акылай күлүп жиберди. Келин ичинен тына тим болду. Анан чыдабай кеттиби, же Акылайдын байкап калганына териге түштүбү, созула:
- Биз деле жакшы тергейбиз го. Мен «кайнатамдын кызы» дейм! – деди.
- Мен «мончок кыз» дейм! Баса тигил жеңем эмне өткөндө «саймачы кыз» деп жатты. Энем укса эмне кылат билесиңерби? Кыздын асыл сапаттарын айтпоо керек. Кийин келин болгондо айтсаңар болот. Туурабы, аяй жеңе? – деп, Назик даагы каш кагып койду.
Антсе төрдүн баарын ээлей, сайма сайып баятан Байторунун тукумун мактап олтурган Акылай жеңесине жага бербей калдыбы, оордунан аста козголуп, тамагын жасай:
- Ооба. Сенин каш какканың бир укмуш! Ай, Назик, сен тура айтасың. Мына менин жеңелерим: – «Ай кыз, аяй кыз, кызыке…» дешип тергешчү. Келиндер ай, күлө турган бир нерсе айтайынбы. И – ий! Байкуш жеңелерим нени гана көрүшпөдү. Сөз келгенде бирөө жарымдын акылдуулугун да менин эне – атамдын көзүнчө айта албай калышчу. Бу, салт дегениң кыйын эле иш го. Кызга кырк үйдөн тыюу дегендей эле, келин байкуштарга деле оңой эмес. Чычыбыз агарганча тергеп жүрүп өтөбүз. Узун аке, кыска аке, баатыр аке, балбан аке, Кыз кыркынды мындай кое туралы. Чоң энелерге келгенде: Чоң чепкен энем, чым чапкан энем, саймачы энем, каймакчы энем,
Жеңесинин сөзүнө чыдабай кеткен Алтын чый – пыйы андан ары улап жиберди.
- Куймакчы энем, чоң бакшы энем, кошокчу энем, бозочу энем, тумарчы энем, оюукчу энем, шырыкчы энем, көрөгөч энем, бал каймак энем… Анан дагы, – Тапан бала, чакан бала, эрке бала, серке бала… Тергеген кайнилериңер калып калбадыбы. Булардын азан чакырып койгон аттарын эрге тийгенче гана айтышса керек ээ, жеңе? Анда да тууган өз энеси гана. Аталар да көпчүлүк учурда: – Энеси, кызыңа антип кой, минтип кой! – деп, кайрылгандары…
- Менин атам ошентип эле кайрылчу. Акылай деген атымды унутуп калчубу, же ошентип айткан өзүнө жакчубу билбейм. Мага, – Кызың! – дегени жакчу эмес.
Олтургандар туура дегендей баштарын ийкешти. Акылай кейий сөзүн дагы улады.
Бир күнү чай үстүндө энем баш болуп олтургандар: – Айылдагы бир кишинин баласын кыйын экен! Ой, шумдук экен! Мыкты жигит болуптур! Мыктынын мыктысы! – деп сөз кылышып калышты.
– Ким? Ким экен? Ким экен ал?
– Биздин айылданбы?
– Оо, кокуй! Сулуу женемдин айлынан да.
– Ай, кудайым ай. Кое тургулачы. Ай, кудайым ай! Азыр. Азыр. Ошентип…
Сөзгө чечен, түз сүйлөгөн, ачык айрым Акылай жеңеси Алтынга абдан жакчу. Бир кызык тамаша баштаганын сезип, чыдабай оозунан сөзүн жулуп алды.
- Анан эмне, бөкөчөй болуп чыктыбы? Бол эми, тез айтпайсыңбы.
Алтынга кошулуп олтургандар жаалап киришти. Чыдабай кеткен Назик:
- Оо – оо – оууй, жеңе, өзүң эле күлө бересиңби? Айтсаң, биз да кошулуп чогу күлөлү. Ошончо күлкүлүү беле? – деп, жанына ыктай олтурду. Акылай бир топко боору эзиле өзүн араң токтотуп кебин улады.
- Ой, келиндер. Азыр, азыр. Куурагырдыкы, ичим да түйүлүп калбадыбы. Анан мыкты, акылдуу, тың жигит экенин айтып жатышса, энем өзүмдүн эле жеңемден сурап калбайбы, – Мактайт эле, мактайт. Ал бала кимдин баласы? Аты ким экен, ыя? – деп.
Антсе байкуш жеңем эмне дээрин билбей, аты… аты… деп келип эле мукактана түштү. Ан сайын жарыктык энем такып туруп алса болобу. Шашып кеткен жеңем:
- Ии, ии… зээндүү бала, Зээнбек дешет го… деп, айланасын карап койду.
Анда энем кечке тиктеп:
- Ыя, Зээндүү, Зээнбек? Ушундай да ат бар экен ээ. Ойго келгенин кое беришет. Тобоо! – деди, этегин кагына наалый.
Төрдө олтурган атам чынысын жерге кое бырс эле күлүп жиберди. Мен жерге жата калып күлүп жаттым.
– Ой, кантет. Атасынын көзүнчө кыз киши антип күлбөйт! – деп, энем мени урушуп жүрөт. Мен жеңемден алаңдаган көздөрүнөн көзүмдү албай кечке күлдүм.
Келинин ыңгайсыз абалда калганын байкаган атам энемди бир карап алды да:
- Ай, байбиче, байбиче. Ушу сен бир нерсе уксаң кечке такый бересиң да. Жигиттин аты Акылбек экен. Ой, кемпир, бери кара. Менин атым Акылбек да. Энеңер менин атымды да унутуп бараткан го… Ок, кудай сакта! Келе балам, чайыңдан бир чыны куй.
Кайын атасынын атын кантип айтмак эле дегендей кемпирин акшыя бир сүрдүү карап алды да сөзүн улантты.
- Асмандан түштү дейсиңби, тигил эле биздин зергер соодагер Матыйдын баласы. Тигил УЭЗге кирген экен. Ошол үчүн айыл аңыз кылып мактап олтурушат да! – деди.
Анан бир топтон кийин тамагын жасап, чайын уурттай:
- Келин да туура келиштирди. Акылбек менен Зээнбектин түшүнүгү бир эле болуп жатпайбы. Туура айттың балам. Туура! – десе болобу.
Атамдын какшыгына териге кеткен энем бурк эте чынысын жеңеме суна:
- Ой, жана эле ошентип айтпайт белеңер. Балаң бирдеме бирдемелерди айтып кеткенинен ким деп олтурбаймбы. Матыйдын балдарын тааныйм да. Чайды кызыл кызыл куй балам. Башымдын шакыйы кармап калыптыр – деп, чоюлуп коет.
- Таанысаң ошол. Менин иштерим бар эле – деп, атам бырс күлө оордунан туруп эшикке чыгып кетти.
- Ии, анан? Анан эмне болду?
Алтын боору эзиле жеңесин кучактай, көздөрүнө тигилди.
- Ошол. Чай ичип бүттүк. Дасторконду жыйнап бүтөөрү менен бир кызарып, бир бозоруп, анан шайтаны кармап калды окшойт, жеңем байкуш эшикке атып эле чыкты. Аркасынан чыксам короонун артына барып алып өлгүдөй күлүп жатыптыр. Ошол күнү экөөбүз кечке күлдүк. Андан да тамак үстүндө эстеп калсак, эшиккке чыга албай айлабыз кеткеничи. Ошондой күндөр болгон кызыке. Бүгүнкү күндү али далай далай эстээрсиң.
Аңгыча баятан тим үн катпаган боорсоктой болгон аял үн катты.
- Сенин жеңең да кыйын экен. «Зээндүү бала» деп сөз таба калган. Өз аты ким экен дедиңер ыя? Укпай да калдым.
- Ой, «боорсок жеңе», сенин кулагыңа эмне болгон. Кийинки күндөрү бир сөздү эки кайталатып мазаны алчу болдуң да. Жигиттин аты Акылбек экен да. Менин атам, жеңемдин кайын атасы Акылбек болуп жатпайбы.
- Ээ, кокуй! Ошондой дебейсиңби. Кыйын болгон экен. Кайын атасынын атындай де.
Боорсок жеңе дегендери Акылай менен жашташ, эки бети кыпкызыл болуп нуру төгүлгөн, мүнөзү оор, оңой менен аркы – беркиге аралаша койбогон, токтоо, сулуу аял эле.
- Ооба, менин жеңемдин кыйыны кыйын болчу. Баса, жеңемдин аты Үкү эле. Сөздөн эч бир жаңылчу эмес десеңер. Үкү түндө кыйын көрөт да. Кайран жеңем, биз күндүз кандай көрсөк, ал түндө дал ошондой көрчү. Айылдын сыртына чыгып, ак чөлмөк ойногонубузда ошол ак чөлмөктү ыргыткандан караса түшкөн жерин жазбай тапчу. Эми жакшы эле угуп жатасыңбы чоң жеңе? Боорсок жеңе десем таарынба. Бирок сага жарашат ой. Чынбы, келиндер? Кызыке, сен айтып койчу. Мага таарынса кырк күн салам бербей коймоюу бар.
Боз үйдүн ичи кыраан каткы түшүп, кээси бармактарын ийнеге сайдырып, бай байлап жатты. Өзү да таркылдаган неме эле. Боорсок жеңелери олтурган жеринде оонап эле жатып калды. Анан бир убакта дагы үн катты.
- Билбейм. Бир “боорсок” дейсиңер, бир “томолок” дейсиңер. Өзүңөр билгилечи.
- Опей! Таарынып калдыңбы? Ай, жеңе! Бирок сага “боорсок” деген жарашат.
- Жок, ай. Таарынып эмне кылайын. Айта бергиле.
Алтын кытылдай, эми боорсок жеңесине жакын келип олтурду. Анан анын жоолугун оңдоп, бети башынан сылай:
- Таарынба. «Боорсок» – деп, мен койгом. Сага жарашат жеңе! – деп, күлүп койду.
- И – ии, мейли. Боорсок дейт, томолок дейт. Иши кылса көнүп эле келе жатам.
Ичинен жакшы эле теригип турса да, боорсок жеңеси олтурган калыбынан жазбай, келиндерге сыр алдырбай, калп ырсая Алтынды эркелете үн катты.
- Жакшы эле угам. Андан бери көп эле өттү го. Бир жолу акеңердин ачуусуна тийип коюп, ушул кулагыма муштум жегем. Карыганда ооруйт окшойт го. Бирин уксам, бирин укпай калам. Айта бергиле угуп эле жатам.
- Кулакка жегем? Сиз акемден…
Алтын жеңесинин тизесинен башын көтөрбөй боору эзилип калды. Келиндер улуу болгондуктан ичтеринен бышылдап тим болушту. Тамагын жасай, андай нерселер өзүнүн деле башынан далай өткөн Акылай сөзүн улады.
- Эми эриңдин ачуусуна тийсең андай таяктын далайын жейсиң дечи. Кейибе жеңе, береги жонго деле далай далай камчы тийген. Узун неме колун төмөн карай шилтегенде кулагыңа тийгенин кара. Каап, жогору көздөй чапканда боюңдан ашып түшмөк экен. Меники камчысын шилтегенде эле шыйрагыма ороло калат. Кара баскырдыкы десе.
Баятан араң чыдап олтурган келиндер дуу эле дей түшүштү. Боорсок жеңе кебелген да жок. Жаратылышынан оор неме, бир капталына оонай, саймасына тигилип:
- Баарына береги тил күнөөлүү да келиндер. Тилди тартпасаң жебеген таякты жейсиң. Жашмын да, укуруктай болгон немеге боюм менен теңеле албасам да, тилим менен теңелем депмин го. Өзүм бир үйдүн жалгыз эрке кызы элем. Кой, мени коюп, жеңеңди айтчы. Акылай сен жакшы сүйлөйсүң. Сенин тамашаңды угуп эле олтургуң келет. Жанагы жеңеңдики кызык болуптур. Ошондон сүйлө! – деди саймасына үңүлө.
Акылай тамагын жасай баарын тегиз карап:
- Силер бир нерсеге баа берген жоксуңар. Атам Акылбек болсо, мен Акылай болуп жатпаймбы. Мени да тергейт да жеңем. Анан тигил эл мактаган жигиттин аты Акылбек. Ошону кайнатасы байкап, а, кайын энеси кайра эзип жатпайбы байкуш жеңемди. Ээ, чоң жеңе, мен ошол жеңемдей боло албай келгенимде кайын энемден да, улуу абысындарымдан да катуу жеме уккам. Анан кагылып согулдук да. Баарын көрдүк го…
- Ии, эмне болуп жеңе?
- Айтсаңыз? Айтсаңыз жеңе?
Келиндер Акылай жеңесин туш туштан баса калышты.
- Ой, береги эрке кызыкенин кол өнөрчүлүгүн мактайм, – деп.
- Ии, ошондон башта. Мени «боорсок» десе эле жыргай бербей.
Акылай жеңеси аңгемесин андан ары улады.
- Эрке кыздын апасын тамакка чакырган элек. Кайдан билдим, тамак жеп бүттүк. Кайненем чайыңды апкел дегенинен шашкалактап чай куюп жатып:
- Эрке кыздын колу чебер. Күндө бир эл билбеген оюктарды таап чыгат. Көрсөткөнүн жаттай албай келиндер эсибиз оойт. Саймачылыгына бир да келин жетпейт эне! Кудай буюрса эрке кыз саймачынын саймачысы болот го. Анын сайган саймасын карап эле олтургуң келет. Шумдук! – деп, кайын энем менен кайын атамдын алдында мактап жатсам, төрдө олтурган кызыкенин энеси мени жактырбагандай бир тиктеп алды.
- Капырай! Кызын мактап жатсам мени катуу караганы эмнеси? – деп ичимен таарына түштүм. Балекет ба – аас! Кайын энем мага акшыя караганда түшүндүм. О – оо, энемдин сүрүнөн кечирим сурайын десем үнүм чыкпайт. Сүрдүү эмеспи. Коркконумдан тилимди жутуп алгандай, башымды жерге сала эшикке атып эле чыктым.
Боорсок бырс күлүп жиберди да, какшык менен сөз ыргытты.
- Кудая тобоо! Сен да сүрдөнөт экенсиң ээ?
- Ал кезде жаңы келин болуп келгем. Жашмын да! Эрке кыздын энесин көргөндө азыр да кирээрге жер таппай калам. Өзүңчү?!
- Бай акемдин кемпири сени жаш деп койду да. Оо, менин кайын энемдердин жанын сууручу экен. Баары коркушат. Опей, сыйлашат дегеним да. Ай, кызыке энем укпасын ээ, суранам. Мен келгени эле «чоң жеңе», көзү жок жерде «бай акемдин эрке кемпири» дейм! Ооба, ооба. Ушул убакка дейре көзүнө тике карай элекмин.
- Ооз басырык кылбасаңар баарыңарды сатам! – деди Алтың шаңк эте.
Акылайдын түрүн көрүп боорсок жеңеси чоочуй чаңырып жиберди.
- Ой, суу бергиле. Кокуй, кокуй. Суу! Суу!
Баары демсиз жаткан Акылайды карап катып калышат. Боз үйдүн ичи заматта чаң тополоң боло түштү. Чыныга толо суу апкелген Назик жалдырай туруп калат. Боорсок сууну чынысы менен чачып жиберип сестене туруп калды. Назик даагы сууга жүгүрдү.
- Ой, чачпайсыңбы! Эмне карап турасың?
- Кокуй, жеңе, сага эмне болду?
- Ой, сууну ичирсең. Жеңе, суу! Суу!
- И – ий! Ушинтип да ойнойт бекен.
- Ой, бул күлүп жатыптыр да.
- Ай, жеңе?!
Катуу коркуп кеткен боорсок абысыны бурк этти.
- Жосунуң жолдо калгыр! Кишинин жүрөгүн түшүрүп…
Акылай экинчи келиндин колундагы чоң кеседеги суудан кере – кере жутуп, бир топко унчукпай калды. Аландагаң Алтын эми жеңесин эркелей чымчып чымчып алды. Кытылдаган Акылай баарын тегерете карап:
- Капырай, канча чымчысаңар да кайын энеме жетпейсиңер го. Колунун учунда уусу барбы, жылаан чаккандай көзүм ала чакмак болуп кетээр эле.
Бир кесе сууну чачаарын чачып жиберип, ыңгайсыз абалда турган Назик Акылайга буркулдай бир тийди.
- Ой, эмне мынча күлдүң жеңе?
- Ошол кайын энемди эстеп.
Бая катуу чоочуп кеткен боорсок буркулдай өзүнчө кагынып силкинип алды.
- Эстебей куру! Эсиңен танып калган экен деп…
- Байкуш жеңем, мени жакшы эле көрөт турбайсыңбы.
- Жаман көргүдөй сенде алалбаган өчүм бар беле. Куруп кет.
- Жаным десе, боорсок жеңем. Мен да сени абдан сыйлайм.
- Куру, куру! Бооруң катып калдыбы деп да катуу коркуп кеттим. Бу, күлкү деген да жаман да. Ичегиң түйүлүп, бооруң катып калат. Не бир окуяларды укканым бар. Сен өзүң абдан күлкүчүсүң, абайла. Экинчи минтпегин.
Капталдан Назик Акылай жеңесине суроо узатты.
- Ыя, жеңе. Жанагы кайын энеңиз эмне болду?
- Ии, бир тоодон бир тоого жомок айтып секирип кетсек, кайын энем кайкайып үйдө калган турбайбы.
Алтын жеңесине тийише күңк этти.
- Опей, анын жанында менин энем дале олтурабы, же чайын ичип бүтүп үйүнө кетип калды бекен?
- Ай, эркем ай! Ушинтип какшык менен соесуң да. Эми аягына чыгайын келиндер. Эрке кыздын колу алтын, саймачылыгына бир да келин жетпейт эне деп…
- Эми кудай урбадыбы муну. Болду дегилечи. Ай, кыз. Сен эмне кошулдуң?
Жайды Назик түшүндү. Бырс күлө олтургандарга карап:
- Мен айтсам эч кими күлбөйт. Түшүндүм. Жеңе… жеңе… Ой, ичим түйүлүп калды.
Баарын айланта караган боорсок чыдабай кетти.
- Буларга эмне болуп жатат?
Күлкүсүн араң токтоткон Акылай жеңеси абысынына тигиле:
- Ай, ушул катып калган күлкүнүн айынан бир күнү ичегим түйүлүп өлүп каламбы деп корком. Эми мени кара боорсок жеңе. Ай, келиндер, биздин боз үйдүн тегерегинде киши кара жокпу? Бери мага жакыныраак жылсаңар. Эрке кыздын энесинин аты Саймачы кыз эмес беле. Мен алардын кашына олтуруп алып Эрке кызды: – Саймачы! Укмуштай саймачы! – деп кайра кайра сайрап жатсам. Анан кайын энем мени чымчыбай кимди чымчыйт.
- Апей бетим!
- И- ии, жеңе! Уят болгон тура.
- Кокуй, жеңе!
- Ээ, кокуй! Ошондой болмок. Сен куру! Сен куру! – деп, боорсок артка тоголонду. Назик аны басып жатып калды.
Тээ бир кезде араңдан барып өзүлөрүнө келген келиндер кайра даагы бир ыкшып орду оордуларына жылып жетишти. Анан бир топко жым жырт боло түшүштү да, Акылайдын алаңдаган көздөрүн көрүшкөндө, Алтын баш болуп боз үйдүн ичин түп көтөрө кайрадан каткырып жатып калышты.
Жеңесинин көңүлүн көтөрөйүн дедиби, Алтын Акылайга ыктап, кытыгылай:
- Ай, жеңе. Эчак өлгөн кайын энеңден коркконуң кандай. Же, арбагы мында баш багып калса кантем деп турасыңбы. Ой, боорум ай! Келиним мени унутпаптыр деп, ыраазы болуп жаткан чыгар. Андай кишилерди бат бат эскерип туруу керек.
Алтын сөзүн улады.
- Саймачы кыз, Саймакүл, Саймабүбү, Сайрабүбү, Саймакан, Сайракан. Жеңеме кыйын эле болуптур. Ой, туш кийиздин саймасы, керменин саймасы, шырдактын саймасы, боз үйдүн саймасы… Деги бул сөздүн кошулбаган жери жок го. Сууну тиги жогорку сайдагы, төмөнкү сайдагы булактан апкелдим деп да айталбаган тура бечара жеңем. Анда дагы “сайы” жатпайбы. Көчкөн кезде боз үйлөрдү сай сайлап тигет.
Боз үйдүн ичи даагы “дуу” дей түштү. Боорсок жеңелери бая тоголонгон бойдон жыйнала албай жаткан эле. Эми чындап жарылчуудай таркылдап бир күлдү дейсиң. Назиктин оозу ачылган бойдон калды. Шашканынан боорсокту тургузганга аракет кылып колунан тартып жатты.
- Ай, и – ий, жеңе. Сиз жаман күлөт турбайсызбы. Эркектердей корсулдап. Туруңуз.
- Өзүң кыңылдап чоюлсаң эле, элдин баарын жибек кылып салгың барбы. Турчу ары, кыңылдабай. Өзүм эле турам. Кудай берген күлкүнү да тыят. Силер эмне мага күлүп жатасыңарбы. Өмүрүмдө бир жолу кенен күлсөм, ошону да көрө алышпайт. Бүттүм мына!
Жанатан өзүн кармап турган Акылай бир каткыра барып токтоду.
- Тобоо! Адамга адам окшош болот деген чын, ай келиндер. Боорсок жеңеңер наалыганы, таптап, баптап сүйлөгөнү кудум менин кайын энемдин эле көчүрмөсү. Чалына таарынганда азыркы сендей болуп тескери карап олтуруп алчу десең ыраматылык киши. Бир айырмасы бойлуу, анан абдан келишкен өңдүү эле. Кокуй, таарынып калба. Сен да өзүңчө сулуусуң ай. Бой бербесе да башкасынын баарын берген.
- Ооба, жеңем өзүнчө сулуу жан. Туурабы, кызыке? – деп, Назик шашып кетти.
- Өзүмдү өзүм жакшы билем. Акеңерге жаксам болду да. Даагы эрге тиймек белем.
Алтын оордунан туруп барып, боорсок жеңесин тамашалай жеңинен тартты.
- Э, кокуй жеңе? Сизге бирөө сөз айттыбы?
- Опей! Кантет! – деп, боорсок жеңеси чоочуп кетти.
Канткен менен боорсок жеңеси баарынан улуу эмеспи. Олтургандардын улуусу ушул боорсок жеңеси менен Акылай. Ыңгайсыздана түшкөн Назик олтургандарды сөзгө тартты.
- Илгери бир келин абдан күлкүчү экен дейт. Күлгөндө да бир укмуштай күлчү экен. Уккан кишинин жаны жыргап кетчү экен. Күндөрдүн бир күндөрү аялынын таттуу күлкүсүнө мас болгон күйөөсү кытыгылай берип келинди өлтүрүп алыптыр. Кайын энем айтып берген.
Назик жеңесинин сөзүн Алтын жулуп алды.
- Ой, жеңе, ал келиндин кытыгысы бар экен. Аны мен да энемден уккам. Жолдун ары капталында кетип бараткан киши деле: – Кыты, кыты… – деп койсо, боору эзилип калчу экен.
- Ошол үчүн күйөөңөр менен жатканда күлбөгүлө. Назыңарга кумары канбай өлтүрүп алышат. Ой, сак болбосо, бу, күлкү деген жаман да. Сак болгула! – деди Акылай.
Назиктин көзү теп тегерек болуп чакчая түштү.
- Апей! Чын эле. Назданабыз деп…
Алтын даагы апырта коркутуп кирди.
- Уят! Уят! Баланчанын аялы назданам деп… төшөктө өлүптүр дешип… Ыя, жеңе?
Баарынан да боорсок жеңеси катуу чоочуп кетет.
- Кокуй! Киши укпасын. Шерменде болбойбузбу. Кой, кокуй! Киши укпасын. Кой!
Жанатан карманып олтурган Акылай даагы “бап” эттире какшык ыргытып койду.
- Боорсок жеңеңер “барк, барк” эте боз үйдү башына көтөргөндө, мунун назына батпай эле акеңердин жүрөгү түшүп өлүп калабы деп корком. Неси болсо да абайла жеңе!
Боорсок териге түштү.
- И – иий! Ушинтесиң да!
- Ой, сулуу жеңе, антпеңизчи. Эмне, боорсок жеңем али жаш, өң десе өңү бар. Акеме Кыркбай тартууласам деп ойлонуп журсө… Жаман уялттың да жеңеке – деп, бурчта кийиз кыркып жаткан Бурулуш чыдабай сөзгө аралашты. – Боорсок жеңеңер менден беш эле жаш улуу. Азыр жеңемдин ачылып, чачылып турган чагы. Жылкычы акем ал күчтөн кете элек. Кааласа, Элүүбай, Алтымышбай, Жетимишбайлар келет. Ботом, Сексенбай, Токсонбайлар деле болуп кетип жатпайбы. Туурабы, келиндер?
Акылай шаңк дей каткырып жиберди.
- Оймочу жеңеңер туура айтат. Ой, сен баятан кайда жүрдүң?
- Камырым ачып калган экен. Нан жаап келе калдым. Ой, сизге мен суу чачтым го. Кирип келсем чаң – тополоң түшүп жатыпсыңар. Жүрөгүм да түшүп калды. Тигине дасторкондо ысык нан турат. Анан чай ичели. Кызыктын баарын өткөрүп жибердим окшойт.
Кашты серпий Акылай сөзүн андан ары улады.
- Көп кызыкты өткөрүп жибердиң. Сенин тилиңде сөөлүң бар. “Сүф” деп койсоң, Боорсок жеңеңер бирди эле эмес, эки үчөөсүн бир эле таштап койбойбу. Кырктан кийинки баланын кызыгы өзгөчө дешет го.
Алгач бир аз териге кызарып кеткен Боорсок өзүн кармай, камырабай сөз кайтарды.
– Оозуңда бардыр Букеш. Айтканыңар келсин. Ансыз деле акеңер жанды койбойт. Кудай берем десе, мен каршы чыкмак белем.
Алтын женесинин сөзүн илип кетти.
- Мына! Азаматсың жеңе! Кудай берсе кулдугубуз бар. Эркек болсо Кыркбай, кыз болсо Кырк кыз коебуз. Биздин тукум көбөйө берсин Акылай жеңем айткандай. Туурабы, Акылай жеңе?
Акылай Алтындын сөзүн бышыктай улап кетти.
- Сөздүн аныгы, силер мында эмнеге келдиңер? Тукум көбөйтөбүз деп келдиңер да. Мына мен да мында Жангарачтын тукумун көбөйтөм деп, – Баатыр уулдарды, акылдуу, сулуу кыздарды бергин! – деп, Теңирден тилеп, Жараткан Эгеме жалынып келгем. Кудайга шүгүр! Кудайга шүгүр! Жандарын бекем кылсын. Беш эркек, эки кызды акеңердин алаканына салып бердим. Күн – түнү бармагыңарды теменеге сайдырып олтура бербей…
Акылай жеңелеринин сөзүнүн төркүнүн жакшы түшүнүшкөн жаш келиндер кызарып кетишти. Анан бири бирин астыртадан карашып, кытылдай күлүп жатышты.
Акылай андан ары сөзүн улай, Алтынга көзүн кысып койду.
- Мунун сага да тиешеси бар кызыке. Акылай жеңең жөн эле айта бербейт. Жер жамандап барбасын. Баары билет, кайын энем өтө катуу киши эмес беле. Бас десе басчубуз да, жат десе жатчубуз. Кыңк деп көр. Адам эй, адам! Жандын акылдуусу да, мыктысы да, катуусу да менин кайын энем окшойт деп коем. Чү – шш! Оозуңардан чыгап кетпесин.
Алтын Акылайга тийише сөз ыргытты. Аны келиндер коштоп кетишти.
- Жеңе, жеңекеси! Ооз басырык кылбасаң болбойт.
- Кызыке туура айтат.
- Ооз басырык кылыңыз жеңе.
Акылай баарына мээримин чача жылмая карап:
- Кызыкени узатканда кошо турган кошокту баарыңарга үйрөтөм – деди.
Баятан бултуңдай, капталын салып олтурган боорсок жеңе күңк этти.
- Чын айтасыңбы? Өзүң эле кошуп салчу элең жеңе. Бизге деле берсең боло.
- Эч кимге бербесем да, сага сөзсүз берем. Кайын энемден үйрөнүп калган не бир кошоктор бар. Ой, аркаңды салбай, бери мага жакыныраак олтурсаң. Сенин таарынчаак экениңди билбепмин. Аркы кызыл жиптен мага жөнөтүп кой.
Олтурган келиндер байкашса да байкамаксанга салышып тим болушту. Баятан кырын салып олтурган боорсок жеңе эми түздөлүп олтурду. Канткен менен таарынганды билбеген, өзүнчө эле жүрө берген, колуна тийген иштин майын чыгара аткарган бир мүнөздүү жан эле.
- Эрке кыз, сенин узатуу тоюңда бутубуз үзүлгөнчө кызмат кылып, кыз узатуу кошогун бир солкулдатып кошолу кызыке. Туура айтамбы, жеңелер. Карап тур, жеңелериңди ошондо бир көрөсүң!
Назик жеңеси кашын серпий тыкылдап койду. Анан Алтынды чачтан сылай эркелетип, Назик үнүн созолонтуп кошуп кирди.
Кызгалдактай жайнаган сулуум,
Көркү сен элең айылдын сулуум.
Басканың сенин маралдай эркем,
Бак айтсын барган жериңден сулуум!

Көлөкө жерге бакканбыз эркем,
Көйкөлтүп шуру такканбыз эркем.
Кылыгың сенин жүрөктү эзген…
Ии – и – ий, анан эмне эле, жеңе? Жакшы эле келе жатып, жаңылып калбадымбы.
- Оо, бар экенсиң го, созулмам! Сенин мынча тың экениңди байкабаптырмын. Ай, узун моюн, Назик, Назик дегендей эле бар экенсиң. Ошентип төрт – беш сапты таштап койсоң, тигил Байторунун келин – кесек, кемпирлеринен бери жыгылып калышсын. Анан моюнду койколоңдотконду унутпа. Сеникиндей узун моюн эч кимде жок. Көздү айтпай эле коеюн.
Акылай кыткылыктай күлүп Назикти сөз менен чымчып – чымчып койду. Ырасында эле Назик мойну узун, бою башы келишкен, көздөрү бакыракай, айылдын көркү болгон сулуу келин болчу. Уялганда же бир нерседен корккондо бакырайган көздөрү ого бетер тостоюп, алаңдап кетээр эле. Кошогунун аягын таппай калган Назик катуу уялып кетти.
- Койчу, жеңе, ушинтип уялтып жибересиз да. Сиз кечке мени эле тиктеп калсаңыз, сөздөрүмдү чаташтырып, баш аягын таппай, аралаштырып ийдим. Аягы эмне болуп кетти.
Керилте сайып сайманы,
Кайын энеге жакканбыз – деген жакшынакай сөздөрү дагы бар эле да ээ?
Жаш келиндин уялып калганын байкаган кыраакы Акылай кайра аны көтөрмөлөй мактап, сөзгө алды. Мунусун олтургандар
- Көңүлүңө келгенин кошо бергин да. Баптап – таптап дегендей. Баатырдын тукуму баатырдын тукумуна бара жатат. Кандай кошсоңор да жарашат.
Бак айтсын барган жериңден,
Барктуулар чыккан элиңден!
Мына! Сеники бир укмуш кошок болгудай Назик. Ушинтип эле термелей берсеңер кошок деген чыга берет. Кызыкенин баскан – турганын, жакшы сапаттарынын баарын мактагыла. Уздугун мактагыла! Наздыгын мактагыла! Назик туура айтат келиндер. Эртең кызды узатканда оозуңарды ачып, илең – салаң болбой тыңыраак болгула. Баатыр акенин келиндери эптеп эле бир жандар экен, кокуй! – деп, менин төркүндөрүмө сөз болбойлу. Алардын келиндери шаңкылдашып шайыр. Шатра – шатман жүрүшөт.
Келиндер намыстангандарынан чурулдай түшүштү.
- Ой, сулуу жеңе, бизден эч кам санабаңыз.
- Бизде да намыс бар.
- Бүт кызматыбыз Эрке кыз үчүн!
- Өлсөк да Байторунун аялдарынан жеңилбей калалы.
- Кызыке дегенде кошок эмес, тозогуна кошо түшүп кетээрбиз.
- Жакындаган сайын өзүбүз күйөөгө кетчүдөй уктабай калдык го, ыя! Неси болсо да уят болбогондой узаталы ээ келиндер. Намыс деген намыс! – деп, Алтындын жакшы көргөн боорсок жеңеси аягында созула шаңк этти.
Алтын жеңелерине ыраазы боло, толкунданганынан оордунан тура барып боорсок жеңесин кучактай бетинен өптү. Анан олтургандарга кайрыла мындай деди.
- Ай жеңелер! Ар бир адамдын туулганда асан чакырып койгон аты бар. Боорсок жеңемдин өз аты ким экенин билесиңерби?
Келиндер унчукпай калышты. Кантип айтышмак эле. Алтын сөзүн улады.
- Мына! Билбейсиңер. Билгениңер да толук атын айтпайсыңар. Жеңелер, Боорсок жеңемдин асан чакырып койгон аты Айтолкун! Мындан ары боорсок жеңе дебей, Айтолкун жеңе деп эле айтсаңар. Туурабы, Акылай жеңе?
Олтурган келиндер бирөө карап тургандай уяла жер карашты.
- Апей, кантип айтабыз?
- Уят го… Мен айта албайм.
- Акем укса эмне дейт? Кызыке, тамашаңды кой.
- Энем укса менин да башымды жулат. Жеңемен да уят.
Баары Акылайдын оозун карап калышты. Улуу болгондуктан туурасын туура деш Акылайдын милдети да. Тамагын жасай боорсокту кечке тиктеп сөзүн салмактуу баштады.
- Ээ, кокуй! Салт, салт менен. Бирок келин кесектин чын атын билбегенибиз уят эле иш. Сени мен Толкун эле деп жүрчүмүн. Көрсө, Айың да бар тура. Айтолкун турбайбы. Ай, боорсок, кичүүлөр сенин көзүңчө айта албасы бышык. Улуулар кызыкенин сөзүн жерге таштамак белек. Мен мындан ары Айтолкун эле дейм.
Айтолкундун эки бети кып кызыл болуп албырып чыкты.
- Ырахмат жеңе. Бу, тергегендин деле жаман жагы болот экен. Көзүмө тике айтышпаса деле, сыртыман сезип эле жүрөм. Мен өлгөндө да “боорсок жеңем” дешип кошок кошуп узатышабы деп чоочуп жүргөм. Ырас кылбадыңбы кызыке. Кудай сага өмүр берсин.
Оюгун кесип жаткан Бурулуш так секирди.
- Ой, жеңекебай! Мен тап такыр айткан эмесмин. Жеңе деп гана жүрдүм.
Четте олтурган Назик чыйпылыктап кетти. Айтолкунду бетинен өөп жалынып ийди.
- Ии – и – иий! Кечир, кечиргин жеңе? Мен ушул эле боз үйдүн ичинде айтчуумун. Экинчи айтпайм. Тилиме тибиртке чыксын. Оозуман чыгып кетсе жазала мени жеңекебай.
Баары Назиктин кыймыл аракетине, сүйлөө манерасына күлүп жатышты.
- Мейлиңер, күлсөңөр күлө бергиле. Эрке кыз туура айтат. Силер го, мен келин болуп келгенде “боорсок женең” келди деп… Эмне үчүн “Ай жеңе”, “Айдай жеңе” деп айтпайбыз.
- Ай, Айдай деп…
- Кокуй, өзүңдүн кайын энеңди айтып салбадыңбы?!
- Эмне?! И – ии, бетим! Өлдүм, өлдүм! Эч ким уккан жокпу?
Катуу чоочуп кеткен Назик уялганынан бетин баса калды.
- Биз уктук.
- Мен уктум.
- Эми ооз басырык кылганы калдың го, сулуу келин.
Таң эртеден бери күлкү – шаңга бөлөнүп олтурган кыз – келиндер бул күнү кечтин кантип батканын да билбей калышты. Асмандагы жылдыздар толук чыккан кезде гана баары үй – үйлөрүнө таркашты.

Толугу менен көчүрүү


Кыргыз