Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

Киндиктүү токоч

Тигил кыштактын жогору жагында жаткан адыр дын башталышы бул эле жакын жердегидей сезилет. Анын этегинде чакан суу тегирмен орун алган. Тегир мендин дубалы тыпындуу ак топурак менен тоонун таштарынан тургузулуп, сыртынан да, ичинен да одур бодур болуп, тоонун түбүндөгү чакан урчуктуу дөбөчө өңдөнүп да кетет. Бул үйдү айылдагы улгайып калган адамдар дөөтү деп ыйык тутуп, ызааттап келишет.
Ушул тегирменди Бечел чоң атам баштанаяк өзү тургузду. Таш тургай ал кишинин тактайды жамага нын айт! Анчамынча ийне түртпөгөн аялдын жамаа чысынан алда канча өйдө боло турган. Ал эле дейсиң би, тегирмендин барасын айланта турган суунун нугун курганы өзүнчө кызык. Адегеде таштарды тикесинен пгаберлүү кыртышка тизип, аны бекитип, тегиздеп алып, бетине тилкесинен кеткен тактай нооту жасады. Алиги аралдын суусун өзүнөн тарта, айрыла турган терең арык казды. Ал кишинин чапкан арыгынын те реңин да, текшисин да карап ал! Сууга эле тумчугам дебесең, ал арык менен башынан аягына чейин агып отурсаң да эч нерсеге урунупберинбей, шыр келээриң анык эле. Арыктын таманына, эки бооруна сеңселген чөбү бар чым төшөп бекитилген. Арык менен жайба ракат аккан сууну салып, бир кундө алда нече кайра тартып, чымдын тамырын жерге бекитпедиби. Сеңсел ген чөп суу жылжып аккан сайын суйсалгандай болсо, карап эле тургуң келет.
Курманжан экөөбүз эшектеги жүгүбүздү түшүрүп, оозу ачылып турган доотүгө кирдик. Торт баштык ти зилип бурчка коюлганы менен кирип барганда эч ким дин көзүнө урунбайт. Бечел чоң ата бизди оюбузга койду. Унчуккан жок. Кыязы тегирменчи бетине жап кан тордун астынан козүнүн кыйыгы менен бизди бай кап койду өңдөнөт.
— Кезек алып койдуңарбы? — Иштеп аткан иши нен баш кеторбой ушинтти тегирменчи. — Ошенткиле, мен далайга чегет окшоймун. Жедеп таш жалтырагы ча тим койгонубузду карабайсыңбы. Анын үстүнө ко лум бошобой жылуучулукта чеге албай калбадымбы. Азыр кудайдын күнү бир эле тутам. Керээлдин кечке колдон эч нерсе чыкпайт. Башкасын кой, алакандай жерин чеге албай жатам. Баса, балакайларым, бүгүн күнго жекшембиби?
— Ооба,— экөөбүз жарыша жооп бердик.
— Мактебиңер жылуубу?
— Ысык. Чым коң чыртчырт эткен сайын сизди эстеп отурабыз.— Тегирменчи мулуюп күлүп койду. Болжолу ичинен оз эмгегине ыраазы болду сыяктанат.
— Буюрса кийинки жылга да мыкты жер камда дым, Эмкисин устундай узунузун чаап, чакмактай жыйнап, эрте кургатып берейин деп жүрөм. Ага ичеги да кетпейт, өзү эле дүрт этип күйүп, чогунун табы копко сакталат.
Ушул Бечел чоң атамды атайын милдеттендирип, чым көң оодар деген деле киши болбоду. Өзү эле жер кезип издеп, чаап, үйүп коюп, мектепке келип:
— Балабакыра менен ташытып алгыла. Мында жеткирген соң кертипкертип майдалап алгыла, кором жу болбойт,— деп айтып кетчү. Биздин мектептегилер Бечел чоң атамдын мунусуна көнүп алышкан.
Тегирменчи эми бетиндеги торду алып бизге ун чукту:
— Кардыңар ачтыбы?
— Э, байбиче, киндиктүү токочуң бар беле?
Үйдөн жооп болбоду.
— Баргыла. Бирдемеси бар го. Казанга жапкан то кочунан катып койгону болуп калганда ушинтип ун чукпай отура берчү эле. Чоң энеңерге киргилечи.
Экообүз жарыша боз үйго кирип бардык. Чыгданын тартып коюп, жаңы эле отурайын деп койногүнүн этегин жыйган чоң эне элейип карап калды. Көптөн кийин мурдун шуу тартып, жерде жаткан жекендин орүлгон кырын баса отуруп үшкүрүп жиберди.
— Атаңардан кат келип жатабы? — Экөөбүз тең жер карадык.
— Жаман балдарча! Бүгүн болбосо эртең келет. Уруш деген ТашЖон менен тегирмендин ортосу беле? Жер алые эмеспи.
«Курган байбиче жалгызын ойлогондо көөдөнү ерт тонүп, туз куйгандай ачышат» дегенин уккан элем. Ал киндиктүү токоч жапкан сайын казандын ортосу на калыңыраак субала жабыштырганын билгендер бар. «Эл аман, эл ичинде сен аман бол» деп күбүрөөчү экен. Анан нандын эң акыркысы түгонгүчо ошол ортоңкусун эч кимге берчү эмес дешчү. Уулу капилет кирип келсе алдына коёру болбой калчудай катчу тура. Мына азыр да ошол нан тиги чыгдандагы аяк каптын чонтогүндө экен.
Чоң энем бизге чорголуу коночоктү карматты:
— Me, ноодон, тигил жогорку арыктан суу алып келгилечи? ТашЖондогу кол тараптан келчү жолдо чоочун жолоочу жокпу, карай келгиле. Көзүңөр курч эмеспи, жакшылап байкасаңар?
Чоң энем бир жакшылыкты күтүп жаткансып, же кубана албай, же туталана албай, бизди шүк эле зоок кылып жумшан жатканы сезилип турду. Сууну тегир мендин түбүнөн деле алса болмок. Бирок, тигил тектир ден алыскы жол даана көрүнөт эмеспи. Ошондуктан үмүттүү суранып, тегирменге ким эле келсе ушинтип сууга жумшай берет. Баары чоң энемдин суроосун ат карышат. Чоң атам биздин уруунун улуусу болгондук тан булардыкына кээде жон эле келип тос шыпырып кетчүмүн. Кийинки учурларда чоң энём белин бокчой түп ошол жакка араң чыгат да, абышкасы кыйкырма йын андасанда колун серепчилеп, ылдый жакты карап отура бермей адат таап алган. Өлүпөлүп отуруп, ол гондон калган жалгызынан да чочулап жүргонүн Бе¬чел чоң атам туюучу. Ошондуктан кемпирин оз жа йына койгондон өтөөрү жок экенин билип, жондо кан ча отурса да созго албай билмексен болуп коюучу.
Анысы менен келгендердин иши не. Биз да килей ген чорголуу көнөчөктү алып сыртка чыгып кеттик. Биз келгиче жаны жай албай эки жолу боз үйдүн эши гин айкарасынан ыргытып, тунарып бара жаткан ко зүн серепчилеп жолду карап жиберди. Агарып, ка раан тутпай жаткан жолго нааразы боло, этегин кагы нып алды. Анан жон эле огожолоп:
— Абышка, кулакмээни эс алдырып алсаңчы,— деди.
— Эсим кеткидей эмне бүтүрүпмүн.
— Таң аткандан кеч киргиче таш минип отурганьщ эле жетишпейби?
— Чайың кайнадыбы?
— Азыр.
Аңгыча тогүпчачып сууну которүп экоөбүз кирип бардык.
— Чоң эне, ТашЖондо эч ким көрүнбөйт,— жары шып жооп бердик.
— Кантип эле?
— Ишенбесеңиз өзүңүз караңызчы.
— Силерге көрүнбөсө мага кайдан. Көзүмдүн оту очүп баратпайбы, кагылайындарым.
Экөөбүз кылган ишибизге ыраазы боло чоң энеме жылмая карап калдык. Келип калганымда чоң энем дин самоорду очоктун жээгине коюп, анын шуулдап турганын тыңшагансып ойго батып, уулунун жүргөн турганын элестетип, тунуп отурганды адат кылып алга нын байкоочу элем. Эмнегедир азыр ал адатын таш тады. Чым көңдүн кыпкызыл чогунун үстүнө божу сая коюп, чоң жез чайнекти божунун ортосундагы ил гичке иле салчу болуптур. Ал заматта кайнап, чорго сунан атырылган суу төгүлүп жаткандай көрүнүп кет¬ти көзүмө. Ушул учурда Бечел чоң атам үйгө кирип, кемпири дасторкон жая баштады.
— Абышка, киши көрүнбөйбү тигил жолдо?
— Тынч эле. Майдандан келе жаткандар болсо жол чаңдабайбы. Жөн эле уулуң шып этип келчүдөй күтө сүң да, байбиче! Сүйүнчү сурап эле бешалтоо келээр.
— Ошентээр күн гана, абышка.
— Болот, шашпа энеси. Чайыңды берчи? Балдар да ачка болду го, бая эле келишти эле.
Эми үйдүн ичи карыжашыбыздын сөзүнө толуп кеткенсиди. Бечел чоң атам алдыга чай келгенче кин диктүү токочтун согушка чейинки бир окуясын баш тап калды:
— Анда тиги доөтүнүн ичи да, тышы да данга то¬луп, бир киши эле онон беш капка чейин эгин салдыр чу. Экөөңчилеп эшек менен суу кечмек кайда. Азыркы суудагы салынып турган эки устун көпүрө менен жон доруна көтөрүп өтүшчү.
2*
19
— Ойий! Баарын которо берип белдери сынбай бы? — Курманжан аткый кармаган токочун жебей эле кармаган боюнча улам созго алаксыйт. Же дасторконго койбойт. Аны байкаган Бечел чоң ата кемпирине:
— Байбиче, дагы токочуң бар беле?
Карбаластаган чоң энем наны түгөнгөнбү, эң акы
рында желчү токочту алып чыкты. Чоң атам эч нер се туйбаган, билбеген болуп сөзүн улады:
— Анда ушундай жука жабылчу бекен. Буртуюп ортодогу киндиги бармагыңды басып калчу. Башынан казанга жапкан токоч ошондой болот дечи. Бирок чоң энеңердики өзгөчө жабыла турган эле. Билесиңерби, билбей калдьщарбы, айылда арабакеч Ысак деген бол гон. Анын ушул тегирменге бир жолу дан алып кел гени эсимде. Ысак ырдыван арабага жүктөп келип, суунун өйүзүнө токтотуп коюп, эгинди озү ташуучу. Байкуш «дан ташыгандан чарчаарбы?» деп коюучу эле, барбалактап. Бир жолкусунда бели бекчейгенче ташы ды. Ушу, жаңылбасам согуш чыгаардын алдыңкы жы лы бекен? — Сурмасы жок көздөрүн ого бетер жүл жүйтүп, ошол окуяны эстеп аткандай болду.
— Акыркы ала капты жээкке чыгара бергенде жо нунан сууга чалп эттирип түшүрүп жиберип, озү түзө ло калды. Каптын оозу чие байланган экен, ал ташка капталып акпай токтоп калды. Балбан эле байкуш! Ошончо суусу менен тартып алып, кайрадан жонуна салып, туштушунан шорголотуп, көтөрүп келип эптеп тиги тамдын түбүнө койду.
— Жеңе! Оо жеңе дейм, ансыз да бозоң сары кай мактанып көбүрүпжабырып турчу эле. Эми атып тур гандай болсун. Бул буудайдан угут өндүрүп ал,— деп калды.
— Ошону, кемпир ала жайга жеткирдиңби?
— Элге бергеним канча. Апакай кобонко муруттан ганда алда немедей татына болуп калат тура. Аныңдын бүдүрү жерге түшсо, алда кайдан козго урунат экен.
— Ошону айтам да. Баса, кептин баары токочтон чыгып отурбайбы. Барбайган ошол байкуш башындагы тебетейин алса, жарыштан чыккан күлүк сымал ба¬шынан кок буу көтөрүлүп, далайга басылбады. Чоң энеңдин капчыгы чыккан кара аягына бозо куйдуруп, ушул киндиктүү токочту бүт жөсө болобу. Өзүм да одономун. «Капырай, кантип, кайсы жагына батты?» десем,— менин ашказаным бөдөнөнүн бөтөгөсү белэ жа рыктык. Дагы болсо дагы орун бар» — десе болобу.
Экөөбүз ооз ачалбай түйшөлүп койдук. Курман жандын колундагы нанды бая Бечел чоң атам бөлөк коюп: —Бөбөгүңө ала барчы, мындан жейличи,— де¬ген анын оюндагысын тапкандай. Курманжан бөбөгү экөө үйдө калып, энеси кыштата карагайга кеткен эле. Кол күч жетпей жатса өспүрүм балага карайбы. Анын үстүно журттун оор абалын корүп туруп, кол арага жараган балдарын «эл ичинде эсен болгула» деп муун чактүйүнчөгүн байлап, «мындан кийин муну ичкиле» деп дандабырын, кыштык сарамжалын жасап кеткен. Бечел чоң ата баамчыл да:
— Тигил эгиндерди качан салдыр деди эле апаң? — Жооп күтүп сурап калды.
Курманжан оозунан сөзү түшүп, томсоруп саамга жер карап турду да, анан унчукту:
— Салдырып ала бергиле деген.
— Өзү жокто элеби?
— Ооба.
— Үрөн калдыбы?
— Ороого үрөндүгүн куюп койгонбуз.
— Коп беле?
— Кулактуу чоң чака менен бирби, экиби? Аны апам билет.
— Ырас экен. Чай ичкиле?
— Ошентип Ысак балбан акыркы кабын ташып коюп: — Эми абышка калааны каалаганча ал. Кадак тап жүросүңбү кабы менен жон кой. Кайра эле ушул унталканды озүбүз ичипжеп кетип жатпайбызбы. Келе, жөңе, бозоңдон дагы бирди баса куй,— дечү. Де¬ти тартынбаган шар жигит эле.
Байбичеси абышканын кебине алаксый адатынча көзүн сүзүп, мурдун аңырайтып, таноолорун үйлөи отуруп калды.
— Ошо жанга жамандыгы жок байкуштун да ың жыңы жок болуп отурбайбы. — Ал киши өзүнчө сүй лөп жылдызы түшүп турганын көрүп, эмнегедир боо рум ооруй түштү.
Бечел чоң атам байбичесине акырая карады.
— Алааматта жүрүп кат жазмак кайда! Кабар кел бесе колу бошобой жүргөнү ошол. Эл ичиндеги биздин эмнебизди сурасын. Баягы тоо, дан салган тегирмен… Ким кайда көчкөнү жатат деп өзүнчө сурайт беле?
Экөөбүз тең күлүп жибергенде Бечел чоң атам ыраазы боло түштү.
— Эми, балдар,— оюндагысын айталбай далайга үн каткан жок. — Карып бара жатам, аны мындан бил гиле. Ала жайда тигил кабактагы чым көңдү силердин мектеп үчүн чаап дайындап коёюн деп жүрүп жили гиме суу өткөнбү, жатып калдым. Болжолу кабыргаман кагындымбы, дем ала албай жатып, далай күн жөтөл басып кыйналдым. Тиги чөп, бул чөптү кайнатып ичип отуруп, сүзөктөп барып мына эми туруп кеттим. Ошон дон коор калганбы, суукка чай кайнам отура албай, тегирмендин ташы чегилбей жатат. Аны күтсөңөр ачка кала тургансыңар, сен го өзүң билет экенсиң, Курман жан. Сен да, Арашан айланайын, апаңа түшүндүр. Жаргылчактан өтөөрү барбы, анын үстүнө дан кором жу болбойт. Ушул күндө чымчым унталкан да табыл бай жатпайбы заман тарып. Экөөңдүн күчүңө тоо том корулбайбы. Пайгамбар жашынан өткөн мен деле таш чегип, жер коңторуп жүрбөймүнбү. А экөөңөргө жар гылчак тегеретиш кеппи?
Бечел чоң атам экөөбүздөн жооп күткөндөй унчук пай калды. Үйдүн ичи да бир паска дымый түштү. Курманжандын сүйлөөгү кээде жаныңа батса, кээде мындай учурда пайдасынын тийгенин моюнга албасам жарыймынбы.
— Чоң ата, ун коромжу болот го,— дей салды ша пылдап.
— Кайдан? Бир кол менен кайра жакшы эмеспи?
— Кесек болобу дейм да. — Мен да Курманжандын сөзүн ырастагансып башымды ийкедим.
— Бала бойдон турбайсыңарбы? —Чоң атам экөө бүздү которо сүйлөдү.
— Катыгүн десе, экөөңдү эки үйдөгү эр бүлө деп жүрсөм, жүрөгүңөр жок белем…
Ырас эле экөөбүз тең уяла түштүкпү, мен кызарып кеттимби, бетим тызылдап, ысыды. Курманжандын мурдунун үстү эчак эле тердеп кетиптир.
— Ошенткиле. Бул буудайды жаргылчакка тарткан да сыйралапсыйралап майдаласаңар, кебекулпакка эч нерсе чыкпайт. Акыркысын бүтөөрүңөрдө четибелин деги кесегин элеп алып, андан чыккан улпаккебегин кошуп кайра айлантып өткөрүп койгула. Талкандан да анчейин акшак чыгарбагыла. Акшактуу жарма ичкенге жакшы болгону менен талкан коромжу болуп калат. Согуш бүткүчө колдун бирин жуумп, бирин ачып тур баса болобу, кагылайындарым.
Бечел чоң атам экөөбүздөн жооп күттү. Бирибири бизди карап, кимибиз мурда сүйлөорүбүздү билбей тиктештик.
— Мейли, таң аткыча бүтүп коёбуз,— дедим.
— Эгинди кайра жүктөйлүбү? — экөөбүз жарыша сурадык. Бечел чоң ата алаканын жайып, жүзүн сы лап, бата кылып дасторкондун четин имере беттеди.
— Майдандагы балдар журтуна эсен келсин,— деп кобурады. Байбичеси да ошентти, анын артынан үшкү рүгү таш жара бирдемелерди ичинен кайрып алды.
Бечел чоң атам тегирмендин ичине экообүздү ээр читип кирди да, аркайган таштардын коңулунда коруп жаткан топ бөжөктөй баштыктарды көтөрүп, сыртка чыгарып, өзү эшекке тыкыйтып артып берди…