Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

Качкын

Тогузунчу класста математика сабагынан текшеруу иши жүрүп аткан. Качкын эсепти такыр чыгаралбай кой­ду да, алды жагында отурган Алиядан тымызын кочуро баштады. Муну бир учурда мугалим байкап калды да, кыжыры келип Качкынды доскага чыгарды. Аны балдар­дын алдына тургузуп коюп: «Менде абийир жок, эсепти өзүм чыгаргандын ордуна бирөөдөн көчүрүп атам…» — деп айтышын талап кылды…

Качкын класстан портфелин көтөрүп чыкканда али эоте эле…

«Быяктан кетемин… Аңыракайга… Аякка барып иштей-мин… Кечки мектептен окуймун…» Анын капа болуп кал­ган көкүрөгүнөн ушул кыйкырык чыгып атты. Бул анын оюна капыстан келген чечим эмес, коптон бери оюнда жургон. Тек гана, ага себеп табылбай аткан. Ал эми ма­тематика мугалиминин бүгүнкү жоругу — «чыгалбай тур­ган коз эле, чыгып кетти озу эле» болду. Ошентип ал Аңы-ракайга биротоло кетүүнү чечти.

Качкын Аңыракайды өмүрүндө коргон эмес, баарына география мугалими күнөөлүү.

— Аңыракай! — деп тамшана турган ал.— Эр журок, кайраттуу, эрки күчтүү адамдардын мекени! Ал — баты-шында Моюн-Кум менен Бетпак-Талаа, түндүгүндө Бал-каш кол, түштүгүнде биз менен чектешип жатат. Мына, карагылачы,— дей турган ал терезеге чукул келип, тун­

дүк тарапка кыялдана көз жиберип.— Тээтигини кызгылт мрамор түспөлдөнгөн борчуктары бар тайпак — Жайсаң дөңсөөсү. Ошол дөңсөөлөрдүн ары жагы — Огор өрөөнү. Ал өрөөндөн соң Чүй-Или тайпак тоосу бар. Анын түн-дүгүндо — Жуусан-Талаа, а андан ары —Тоо-Кум чолү. Бул — эбегейсиз такырлар, туздуу майда колдор, жайкы-сын соолуп калчу булактар, эшилме кум доболөр, бирин-серин соксөөлдөр… Мына ошол чөлдөн кийин бетегелүү Балкаш түздүгү башталат… мына ошол түздүктө кулан коп болот. Балкаш четиндеги соолуп калган Ак-Көл деген колдун ордунан туздуу куюндар көтөрүлөт. Анын бийик-тиги кээде жүз, кээде беш жүз кулачка жетет… А Бал-каш көлү агыш келет, себеби тайыз. Бирок жээгинде баш­ка эч бир жерде өспөгөн турангүл деген дарак осот.’Ал барпайган, жыты буркураган гүл ачат. Балкаш бою жай-кысын түркүн куштардын мекенине айланат, себеби жээк-тери саздуу, камыштуу келет…

Мына ушул Аңыракайдын биздин жерДен бир озгочо-лүгү — анын жайкы аптаптагы закымы. Анда не деген гана түстөр жок?! Баары бар го! Баары бар! Эгерде, си-лердин араңардан кайраттуу, эрки күчтүү эр жүрөк адам-дар чыга турган болсо, ошол адам кийин Аңыракайга ба­ра турган болсо, ал ошол закымдардын арасынан аппак ат минген аппак көйнөкчөн бийкечтер, кыпкызыл ат мин-ген кыпкызыл көйнөкчөн бийкечтер, копкок ат минген копкок койнөкчон бийкечтер, сапсары ат минген сапсары койнокчен бийкечти, күроң ат минген күроң кейнокчон бийкечти… коре алат! Ал — Закым сулуу! Андай сулуу бир 1 болсо Сахарада гана болушу мүмкүн… Аны кергон да ар-манда, көрбогон да арманда…

А Качкын ошол Закым сулууну керүп арманда калгы-сы келчү. Ошондуктан, жандүйносү ар дайым табышмак-туу, сырдуу, кыялкечтүү Аңыракай талаасына тартылып туруп алчу…

Мына эми ошол Аңыракайга кетчү күн да келди…

Үйүно кирди да, портфелин бурчка ыргытып, мештин түбүндо үңкүйүп отурду. Үйдогүлор жазгы талаа жумуш-тарында жүргон эле…

Ал «озүнүн Аңыракайга кеткендиги туурасында» куш тилиндей кат жазды да, үстол үстүно коюп, атасынын эс­ки рюкзагына бир сыйра кийим-кечесин, биртике азыгын салып, үйдон чыкты…

Ушундан бир жумадан кийин ал озү эңсеген сырдуу жерде турду. Торт тарабы тең аңырайган эзндик…

— Эсиңерде болсун! — дей турган география мугали­ми. — Адам адам болуш үчүн кандайдыр бир чечүүчү кадам же эрдик жасашы тийиш. Бирок эрдикке кеткен жол ото катаал болот. А эрдикти эр жүрок адамдар гана жасай алат, ал корккондордун колунан келбейт… Ошен-тип ал оспүрүмдордү эрдикке — чолго чакырчу… Шор суулары бар аптаптуу чолго…

Май айынын акыркы күндорү болчу. Жусан-Талаа шумдуктуудай коктоп чыккан! Кайда карабагын, когүлтүр жаздыктар! Талаа гүлдорү ушул элсиз мейкиндикти ажа-йып кооздукка бологон!

Качкын талаа коркүно көзү тойбой карай берди, ка­рай берди. Коңүлү асманга куштай коколодү… Ал эми ушул керемет кооздукка баткан сайын талаада эмгек эт-мек, маңдай тери менен эрдик жаратмак, бүт элдин, анын ичинде алиги мугалиминин козүно да корүнмок…

Качкын ушул килем талааны кара-ап туруп, алдыда-гы бардык кыйынчылыктарды которүүго, элге таанылуу үчүн колунан келгенин иштоого бел байлай кетти…

Бул жер Ак-Соок деп аталат экен. Чыгыш тарабын-дагы кыштоо Жалпакчы, андан аркысы Суу-Чолок, анан Ой-Сөөк, Бел-Соок болуп кетет. А батыш жагында Кош-Кудук, анан Чий-Кудук, андан аркысы Каймак-Кол, Ба-ба-Сай… Бирок, бу жердин аттарында суу, кудуксай де­ген создор болгон менен, чындыгында алардан дайын жок. Бул Жусан-Талаадагы алгачкы кудукту ушул Качкын жалданып келген гидромелиаторлор тобу казмакчы. Кудук казчу мастердин айтымына Караганда: «Жүздогон кудук-тар казылып, жер сугарылып, айдалып, эгин эгилип. Ал бу жердеги малга кышкысын мол тоют болот. Мындан кийин, жүздогон чакырым алыстыктан быякка жем та-шылбайт. Бул малдын кыштан семиз чыгышына зор обол-го түзот. А семиз мал деген жогорку сорттогу эт, мыкты сапаттагы жүн!..»

Азыр береги бетегелүү түздүкко чатырлар тигилип атат. Качкын турган жерде кудук казчу техниканын шай-мандары жатат. Ал эртеңден тартып мунарга айланып, эки-үч күндөн кийин бул талаа кубаттуу мотор үнүнон жаңырып, алгачкы кудук казыла баштамакчы.