Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

Жаркынайым

Жаркынайым

Кыргыздын сол канатынын ири урууларынын бири бол гон саруулардын баргы тобунун бийи Токтоназардын кызы, XVII кылымдын аягы  1844жылдардагы Кокон ханы Шера лынын аялы, Наманган беги Кедейбай датканын бир тууган карындашы, Кудаяр хандын энеси болгон. Жаркынайым дын туулуп өскөн жери КызРабат. Бул аймак азыркы На манган облусунун Уйчу районуна караштуу Аксикент деген жерде жайгашкан.

Жаркынайым менен Шералы Сарымсак, Кудаяр, Султан мурат аттуу уулдуу болушкан. Алардын ичинен Кудаяр Ко кон хандыгындагы белгилүү хан болуп, хандыкты жалпы сынан 25 жыл башкарган инсан. Жаркынайым менен айтылуу Курманжан «датка» өтө жакшы мамиледе болушкан. Алардын мамилеси 1830-жылы «датка» наамын алган айтылуу Нүзүп Эсенбай бий уулунун жана ошол эле жылдары «датка» наамын алган Алымбек Асан бий уулунун 18301845жылдардагы Кокон ордосунда кыргыз бийлеринин үстөмдүгүн орнотуу күрөпгүндөгү сая сий кызматташтыгы мезгилинде, Шералы ханды такка ол тургузуу иштеринде бекиген. Жаркынайым Шералынын сүйүктүү аялы гана эмес, эң жакын кеңешчиси да болгон.

Ордодо «Хаким айым» атка конуп, өтө таасирлүү инсан эле. Ордодогу хан сарай дын короосунда кышыжайы дайыма ак өргөө тиктирип, ошондо жашаган. Кыргыз төбөлдөрүнүн ордо бийликте рине аралашуусунда, так талашууларда олтурукташкан шааркыштак калкы менен элеттиктердин мамилесин бекемдөөдө Жаркынайымдын ролу чоң. Кудаяр хан эне си Жаркынайымды өтө сыйлаган. Ар күнү эртең менен энесинин ак өргөөсүнө салам айтып учурашып турган. 1868-жылы энеси өлгөндө үч күн бою ыйлап, мүрзөгө жөө коштоп барып өз колу менен көмгөндүгү айтылат. Кыргыз кызы, хан энеси, «хаким айым» аталган Жаркынайымдын сөөгү Кокон шаарынын ири көрүстөндөрүнүн бирине коюлган.


Кыргыз