Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

Ыза (новелла)

Ч. КАЛЫБЕКОВА.
ЫЗА
(новелла)
… Сүйүү оңой, бирок ошол сүйүүнү
түбөлүк кармап калуу…

Бир күн болбосо, бир күнү акыр бир жагынан чыгышмак. Ортодогу ажырым күндөн күнгө тереңдеп, төшөктөрү эбак муздап бараткан эле. Бул командировканы Жибек мурдагылардан башкача күтүп жаткан. Бирок ал күткөндөй болгон жок. Акмак экенсиң! Баары бүттү! – деди ичинен. …Жыйырма жыл. Жыйырма жыл кор болгон өмүрүм ай!.. Каякты карап жүрдүм. Минтип ара жолдо калаарымды билгенде… Майда калтырак баскан денесин араң токтоткон Жибек Акжолго ызалуу тикирейген калыбында үнсүз катты. Бул учурда анын жан дүйнөсү бейжайлана чаңырып, буркан – шаркан түшүп жатты.
Тобоо! Эркек деген эркек тура! Акжол бүт күнөөсүн эми гана сезгендей болду. Бирок ошентсе да эркек эмеспи, текеберленип күнөөсүн мойнуна албай, эски адатына салып буйтап кетем деген. Кайдан бул сапар буйтамак тургай, демин тарта албай тултуюп олтуруп берди. Жибек эми турмуш болбосуна көзү биротоло жеткенин сезип, жаак ылдый куюлган жашын ичине тарта, эрдин кесе тиштеди.

… Сен эмнени түшүнөсүң?! Эмнени?! Сен эч нерсе түшүнбөйсүң! Мени аял деп коет. Менин да башка аялдардай эле аял затына тааныш мүнөздөрүм, кылдарым бар. Мен тирүү жанмын! Аялмын! Сен ошону түшүнөсүңбү? Айтчы, айтчы, түшүнөсүңбү?!
Менин жалгыз жаткым келбейт. Сен кучактап жаткан аялдардай эле, менин да эркелегим, кучактагым, сүйгүм келет. Түшүнүп жатасыңбы? Мынабул эки кишилик төшөктө жалгыз оонап, таңдын эртерээк эле атышын күтүп, эки тиземди кучактап көз жашыма бетимди жууп олтуруу мага канчалыкка тураарын сен билесиңби?! Ал аялдын менден эмне артыкчылыгы бар. Эмнеси менен сени жипсиз байлап алды. Айтчы суранам? Менин эмнем жакпайт сага. Эмнем?!
Кай жазыгым үчүн мени мынча тебелеп, тепсеп келесиң. Кайсы күнөөм үчүн? Эмне үчүн тамак жеп олтурганда менин тамак жей албай сени жалдырап тиктегенимди көрсөң да көрмөксөн болосуң. Даагы уялбай: – Бир жериң ооруп турабы? – деп, каадалуу кишидей сурап коет. Ошонуңа да ырахмат! Менин эч жерим оорубайт. Ооруган дегенди мен байкуш билген да, билсем да сага билдирген эмесмин. Ушунча жыл чогу жашап жүрүп, менин бир ирет ооруганыма жаның ачып, врачка апардың беле? Айтчы, мен үчүн кыйналган күнүң болду беле? Качан мен сени: – Мен үчүн эркектей болуп кам көрбөйсүң. Мага муну жасабайсың, тигини жасабайсың! – деп, аялың катары кодуладым. Качан эле сага “чоңдун катынындай” чоектодум эле. Баары… баары… (тыным) Баары мообул жерден чыкчу эмес. Мен сени сыйлачуумун, аячумун, кызматыңа шек келтирбейин дечүмүн.
Сен кызматыңдан көтөрүлгөн сайын өзүм көтөрүлгөндөй сезилчү мага. “Катын көпсө эрге, эр көпсө элге”- дегендей, макалды бекем кармадым. Сенин тапкан ташыганыңды тыкан кармап, оорду оордун таап, жакшы аял болгум келген. Ошонун баарын жасадым. Тайралаңдап кеткеним жок. А, сен мага эмне кылдың. Жыйырма жыл… Орой айтканда “күңдөй” мамиле жасапсың Акжол! Мен сага жакшы аял гана эмес, жаныңа жакшы дос болуп, акылыңа акыл коштум. Кыйын кезеңде кубат берген коргоочуң болдум. Сен акырындап көтөрүлө баштадың. Ат казыгың болсун деп… Бакыйган үч баланы төрөп бердим. Үч бала! Сенчелик чоң кызматта иштеген адамдар жокпу? Өкмөт башкарган кишилер деле үй – бүлөсүн унутпаса керек.
Антип караба. Керек болсо үч балаңдын кандай төрөлүп, кандай бой жеткендерин да атадай болуп билгениң жок. Сага кызматың болсо болду. Берер жообуң барбы? Кайсы жоопту айта аласың. Биринин окуусуна барып…
Ээ, койчу! Керек болсо, балдарыңдын окуткан мугалимдери, булардын сага окшогон атасы бар экенин да билишпейт. Бир “чоңдун” балдары – деп, гана мамиле жасашчу. Ушулбу, сенин кыйындыгың?!
Эмне үчүн жашап жатканыңды деле түшүнбөй койдум. Таап келген чөнтөк толо акчаңа корстон болбой эле кой! Бизге сенин акчаң эмес, өзүң керексиң. Өзүң керек болчусуң Акжол. Өзүң!
Мендеги кусалык балдарыңдын ар биринде бар. Баарын жүрөгүм сезет. Сезгенде эмне. Берген суроолоруна жооп таба албай, жооп бермек тургай өзүмдүн дайнымды таппай калам. Мен сени сагынып куса болгондой эле, балдарың да куса болушат. Бир үйдө жашап, бир дасторкондон тамак ичип, бир төшөктө жатканыбыз менен, арабыз өтө алыстап кеткенин билесиңби, Акжол?.. Атадан калган сөз бар. “Эр мекени туулуп түшкөн жери, ит мекени жугунду ичкен жери” – дейт. Үй – бүлө деген мекендин башталышы, кичинекей мекениң го… Кадырыңа жетем жегенге эмес, бул жашоодо, – Катаңды оңдойм! – дегенге көбүрөөк ишен дептир. Сен антип караба. Сага акыл үйрөтөйүн дегеним жок. Азыр мага акыл айтаар киши жок. Бир сөз менен айтканда: – Жолумду тоскон көп, жол көрсөткөн жок! – болуп олтурам. Мен киммин? Бакытка тор жайган күтүүчүмүн. Балыкчы тор жайып балыкты күтөт. Мен бакытты күтөм. Балыкчы ар сапарында олжолуу кайтат. Мен жалгыз кайтам. Ай, эч нерсе эмес. Буюрса эртең болот. Ар бир күндү ушинтип алдайм.
Менин сага аялдай эркелегим келсе, ошондой эле балдарың да аталык мээримге зар. Бирөөсүн баладай эркелеттиңби? Үтүрөйгөн кабагыңдан башка сенин деле күлүп жайнаганыңды көрүштүбү? Биз сенин кол алдыңда иштеген кызматчыларың эмеспиз да. Бизди, – Үй – бүлө! – дейт. Үй – бүлө болгондон кийин жаркылдап жайнап, ачуу – таттууну бир көрүшүбүз керек да. Балдарга аталык дагы, энелик дагы мээримибизди төгүшүбүз керек да. Ушундай эмеспи, Акжол. Балдар да сени менен чогу басып, чогу жүрүп, ата – баладай ысык мамилени эңсешет. Жумалап келбей койгонуңду жөн эле коеюн, жок дегенде айына бир күн үйдүн “кожоюнундай” балдарың, аялың бар экенин сезсең…

Жибектен мындай сөздөрдү уч уктаса түшүндө күтпөгөн Акжол алласы оозунан түшө нес боло олтуруп калды. Бул учурда Жибекти токтотуу мүмкүн эмес эле. Анын алдында өзүн торго түшкөн бир жандыктай сезип турган Акжол Жибекти тике кароодон айбыкты. Демин араң араң тартып, жердин катуусунан гана кирип кетпей бозоруп турду. Ал аз да болсо өзүнүнүн кетирген каталыктарын сезгендей болду. Ооба, сезди. Эми каршылык көрсөтүп кейкеңдей албасын да сезди. Баары кеч болуп калганын сезди. Жек көрө карап урган Жибектен көзүн ала качты. Бир топ оор тынымдан кийин Жибек жаак ылдый куюлган жашын сүртө, сөзүн кайра баштады.

…Жараткан ай! Кандай сыноого салдың эле. Ушунун баарын неге айтып жатам. Деги кереги бар беле. Жок! Жок! Айтуум керек. Бүгүндөн калтырбай баарын айтуум керек. Ук! Эмне?.. Эмне дейсиң?! Ооруп калгансыңбы? Ой, боорум, ай! Канчадан бери минтип күлө элек элем. Эч жерим ооруган жок! Жана да оорубайт! Мени антип анткор тиктебей эле кой. Болгону мунун баары кусадан… ызадан чыккан кептер. Жыйырма жыл чогу бирге өмүр сүрдүк. Бул аз убакыт эмес. Тең өмүрдү өткөрдүк. Эми канчасы калды бир Кудайдын өзү билет.
Акыр бир күн ушундай болоорун жүрөгүм сезгени качан. Кептин баары өзүмдө! Өзүмдө! Билем. Өзүмдү өзүм кыйнап, сенин баардык кылык – жоруктарыңа, көрсөткөн кордуктарыңа көз жумуп, ээрдимди тиштеп чыдап жүрө берген күнөө өзүмдө. Өзүмдү эч кечирбейм! Эч кечирбейм!!! – Чоңдун аялы! Чоңдун аялы деген сөзгө семирип, көзүмдү чел каптап жүрө бергениме, арсыз жан экениме азыр бармагымды тиштеп арданып олтурам. Эшек да кээде кежирленип баспай туруп алат. Ошол эшекче болбогонума өкүнөм. Убал жок мага! Мага сенин “чоңдугуңдун” кереги эмне эле. Мен чоңдун же болбосо алдындагы кызматкерлерин сүрү менен сызгырган “зөөкүр начальниктин” аялы болгум келген эмес. Мени түшүнгөн, эркелеткен, сыйлаган, үй – бүлөгө ысык мээримин чачкан камкор эркектин аялы болгум келген. Мени сүйүп, эркелетип, аялзатынын асыл жүрөгүн сезген, туйган эркектин жары болгум келген.
Үч балаң чоңойгончо сенин командировкаң бүткөн жок. Айлап – айлап кетчүсүң. Ага да көндүк. Ошол келээр кездериңди кандай күтчү элем Акжол. – Чарчап келдим! Бир аз эс алайынчы? – деп, тескери карап жатып алчусуң. Андагы кордугуң андай болчу! Эмдиги кордугуң мындай болуп олтурат. Ал кезде балдар менен ырылдап – чырылдап, күндүн өткөнү билинбей, сабалап жылдар өтүптүр. Азырчы?! Ар кимиси чоңоюшуп, өз – өз иштери, окуулары, тели теңтуштары менен алек. Баягы эле үй күчүк болуп, төрт дубалды кайтарып, ала иттей жыйган дүйнөңдү кайтарган мен! Эмне, мени жыргатканың ушулбу?! Сенин ишиң жакшы болсун деп, бир үйдөн бир эле “чоң” чыкса жетет! – деп… Сен үчүн! Сен үчүн!!! Билсең, ата – энемдин сөзүн укпай, мага кылган аракеттерин четке кагып, мен келесоо, сен үчүн баарын таштадым эле го Акжол!
Калп дечи? Жалган дечи? Ушундай болбоду беле. Мектепти жалаң беш менен бүтпөдүм беле. Менин окууга чоң мүмкүнчүлүгүм бар эле го. Ушунун баарын жалган дечи? Эмне үчүн мени сага буюрду экен. Эмне үчүн?! Башкалар түгөнүп калгансып мени алдың? Сен мектепти бүтүрүп жатканда, мен бечара мектептин босогосун жаңы аттабадым беле. Көрсө сен карышкыр, оозун ачкан жаш неме айтканымдай болот деп, илгери эле бүтүм чыгарып койгон турбайсыңбы. Ошондой болуп жатпайбы. Неге мени кор кармадың Акжол?! Неге?! Неге?!

Жибек бир топко өзүн токтото албай солуктайт. Мындайды күтпөгөн Акжол баягыдан да нес боло, дене башы өлө түштү. Анын ички дүйнөсүндө да баш аламан, будуң – чаң түшүп жатты. Бул эмне болгон бук? Бул кайда, мен кайда жүргөм? Сен Жибекти сүйүп албадың беле? Ал чындык эле да. Анан кантип… кантип… Кай жакты карап жүрдүң? Кайсы кара баскан күнү жолдон адаштың, Акжол? Эми эмне болот. Мунун бугун кантип басып, кантип кайрадан бооруңа кысасың. Деги ошондой болушу мүмкүнбү? Караба! Көзүнө тике караба! Кайсы бетиң менен карамак элең. Сенин бетиң күйүп калган. Сен акмаксың! Сен катуу адаштың, Акжол! Өз оюнан өзү чоочуп селт эте түшкөн Акжол Жибек менен капысынан тиктеше түшүп, ошол замат көзүн ала качты. Жер астын үстүн болуп кетти. Жек көрө караган Жибек андан ары сөзүн улантты.

Эмне? Менин ыйлаганыма таң калып жатасыңбы? Албетте таң каласың. Бүгүн биринчи көрүп жатсаң, таң калбай анан. А, мен сага көрсөтпөй, билдирбей, жашырып жыйырма жыл бою ыйлап келдим. Сен ошону сезген жоксуң. Туйган да жоксуң. Сенин көзүң көр, жүрөгүң таш! Мерес наадансың! Сен адам эмессиң!
Эмне жалдырайсың. Мени бүгүн көрдүңбү? Кара, жакшылап карап ал! Акыркы көргөнүң ушул болоор. Карап ал. Сенден келген бөтөн аялдын атырынын жыты менин жүрөгүмдү айлантып, кускумду келтирип жатат билсең. Сенин мага тааныш, мага сиңген, жаныңа жакын келгенде менин башымды айлантып… аялдык делебемди козгогон тер аралаш жытың…

Жибек тескери бурулуп кетет. Бир топко оор тунжуроо басты. Жооп кайтармак тургай үн чыгаргандан сестенген Акжол мелтиреп жер тиктеп, кетирген күнөөлөрүн санап бүтө албай башы маң болуп олтурду. Жибектин ар бир сөзү сөөгүнөн өтүп чучугуна жетип жатты.

Бул айткандарым түшүңө да кирбегендир. Мени кыркка чыгарбай картайтып… Керектен чыгарып салдыңбы? Эскирген буюмдай кылдың ээ? Менин түшүнүгүм боюнча ошондой эле болуп жатпайбы.
Мага тике кара! А, аялдар, кырктан кийин күчөөрүн билесиңби? Керек болсо, эми сенин мага күчүң жетпейт! Сен мени эркек катары канааттандыра албайсың! Мейли миң ирет аракет кыл, тыянак чыкпайт. Анткени сенин күчүңдүн кеткени качан. Сен көрүнгөн “кунаажынга” көзүңдү артып, ой – тоону аралап, сай – сайлап алактап жүрүп, эчак демиңди суутуп алгансың! Уялбай эле бетиңе айтайын. Балдардан гана тартынып уятым жол бербейт да. Болбосо, сага көргүлүктү бир көрсөтөт элем. Менин эркек сөөрөйүм!
Аркаңдан жүгүрүп, күнү – түнү үйгө чейин издеп телефонду тытып жаткандар, сенин эркектик күчүңө ээришип, чыдабай өлүп бара жаткандарынан издешет деп ойлоп жүрөсүңбү? (каткырып жиберет) Оо, жаңылышасың. Аларды уктатпаган сенин чөнтөгүңдөгү акча! Ооба, ошол акчалар! Колуңдагы бийлик! Чоңдугуң!!! Акчаң менен сени андигинтип кутурткан бийлигиң жок болсо, чокчоңдогонуңду көрөт элем. Жанагындай кызын менен тең кыздар эмес, итим да карабай эле. Минтип аркаңдан эч ким жүгүрмөк эмес! Аны бөркүңдөй эле көрүп кой “чоң” сөөрөйүм! (тыным)
…Кудайга шүгүр! Буюрганын ичип, жеп, кийип жатабыз. Кесир кылбайын. Кудай өзү кечирсин. Менин жанымды кейитип, түн уйкумдан кетирген, жаныма тынчтык бербеген сенин кылык – жоруктарың. Менин аял экенимди эсиңе албаганың болуп олтурат. Маселенин баары уйпалап – суйпалап үч баланы төрөтүп салгандан кийин, керектен чыккан буюмдай караганыңда!
Мен Аялмын, Акжол! Мен сенин кан – жаныңдан жаралган үч баланын энесимин! (тиктеп калат) Эмне?.. Аял экениңди көрүп турам? (башын чайкай) Жок! Жок! Сен менин сөлөкөтүмдү гана көрүп турасың. Сөлөкөтүмдү! А, мен сага даана, ачык түшүндүрүп жатам. Мен аялмын! Баардык аялзатына тиешелүү нерсенин баары менде да бар. Мен да жашоодон өз энчимди алгым келет! Ачылгым келет! Мен да дене кумарына кангым келет! Балкыгым, көлкүгүм келет! Эркектин койнунда балыктай туйлап, сымап болуп ээригим келет! Сен ушуну түшүнөсүңбү?! Сен ушуну ойлодуңбу? Жок! Жок! Мен сенин үй кызматчың эмесмин да. Кириңди жууп, үйүңдү жыйнап, тамагыңды жасап, күтүп, төшөгүңдү салып… Анан да кай терезеңден ууру кирип жыйган дүйнөбүздү көтөрүп кетет – деп, кайтарып олтургудай. Сен мага ошондой мамиле жасайсың.

Мүмкүн азыр чыгып кетсем баары акырындап оордуна келээ деген ой менен Акжол оордунан турууга аракет жасады. Аны эки көзү эшиктен өтүп турду. Олтурган оордуна обдула бергенинде Жибек ийнинен катуу баса өктөм сөзүн улантты.

Качпа! Олтур! Олтургун! Бүгүн укпаганды угасың. Бул темага экинчи эч качан кайрылбайбыз. Биринчи жана акыркы жолу сага сырымды төгүп олтурам. Ук, Акжол! Ук! Уккуң келбесе да угасың. Мындан ары чыдай ала турган менде ал жок.
Айтылбаган сырлар, ыза, куса… Мунун баарын өзүм менен алып кетким келбейт. Жыйырма жыл кандай аял менен жашаганыңды сен да билгин. Сезгин. Андан кийин кандай ойлосоң өз ишиң! Мага баары бир тыйын!

Бир топко созулган оор тыным. Эми такыр кутулбасын сезген Акжол козголгон жок. Жибектин жек көрүп караган көздөрү желкесин тешип бараткандай болду.

Жана айтпадымбы, акыр бир күн чыкмак баары. Кадыр – баркыңды кетирбей тынч жашай берсең, даагы да көзүмдү жумуп жүрө берет белем, ким билет. Болоор иш болуп, боесу канды дегендей, ары же бери болушуң керек. Чыр чагы жок коштошолу. Эми мага, – Бул үйдөн кетпейм! – деп, ач кенедей жабышсаң да кетирем.
Көздүү мончок жерде калбайт! Мен да кадырыма жеткен, мени – Аял – деп, кастарлап сезген бирөөнү табаармын. Балдар чоңоюп калышты. Өз жайлары менен кетишет. Аларды аял алба, эрге тийбе, мени кайтарып олтурасыңар. Мен жалгыз калдым – деп айтууга менин кандай акым бар. Өзгөчө кызымдын менин кейпимди кийгенин эки дүйнөдө каалабайм! Энелик мээримден өксүткөнүм жок, ар биринин бактылуу турмуш курууларына да колуман келгенин аябайм!
Сен өзүң тандаган жолуң менен кете бер. Мен да аялдай жашагым келет. Уктуңбу? Аялдай! Канча өмүр бергенин бир Кудай Таала өзү гана билбесе, биз кайдан билебиз. Жок дегенде өмүрүмдүн аягында аял затына таандык, аялдык жашоонун даамын татып, кызыгына батып, өз баамды билип, анан кетейин бул жайдан. Жараткан аз да болсо мага дагы, аялзатына таандык мүнөз – энчисин берген чыгаар. (көздөрү жашылдана сумсая түшөт)
Билесиңби, Акжол? Өзүмдүн сага ушунча убакыт көз каранды болуп жүргөнүмдү, айбанча да береги жашоодон ырахат албаганымды ойлогондо, кантип арданбай кое алам? Арданам! Арданам! Ички дүйнөм ачылбай, бир сөлөкөт болуп жүрө бергениме арданам! Ушунун баарына сен жеткирдиң Акжол. Сен! Сен!

Катуу ызаланган Жибек көздөрүн аарчый өзүнө келет. Ушул тапта ал өз жанынан да, жашоодон да кечип тургандай болду. Катуу арданды. Өзүнүн бае мүнөзүнө, назиктигине, жумшактыгын арданды. Өзүн чөйрөдөгү аялдардын мыскылына айлангандай сезди. Өзүнүн жан дүйнөсүнөн арданды.

Ыза… куса… будуң чаң түшкөн жан дүйнөмдүн азабын ичимен тартып, жарылып кетпеген жаным, эми сен ойгото албаган аялдык сезимимди ачык айткандан уялмак белем. Менимче мунун эч деле уяты жок экенине азыр көзүм жетип, уялууну да, апкарып коркууну да сезбей турганым ошондон.
Деги уялып жүрүп эмнеге жеттим?! Айтчы, Акжол?! Эмнеге? Сен мени көргөзмөгө койгон куурчакка айланттың. Карап гана койгонуң болбосо, колуңа алып кармалап көргөнүң жок! Ошого арданам! Анан да жаркылдаган жаштыгымдын кунарсыз өткөн күндөрүнө арданам. Ошол изи жок кеткен, ойгонбогон кыз кыялдарымдын… эркектин кучагында ээрибеген күндөрүмдү…

Жибек башын мыкчый тескери бурулуп кетти. Эми аны токтотуу эч мүмкүн болбой калды. Анын сөзүнөн Акжолго эч тааныш эмес бейжайлык, анан да катуу сүр байкалды. Бул анын жан дүйнөсүндөгү көптөн бери тынчттык бербеген ызасы, бугу эле да.

Оо, Кудай! Ушунун баарын мен айтып жатам ээ?.. Ооба, мен айтып жатам. Уккун! Көз ирмебей уккун! Сенин жонуңду тиктеп, качан чарчаганы жазылып, качан ойгонуп мени кучактайт. Качан мени кучагына бекем – бекем кыса аймалап өпкүлөйт – деп, көзүмдү жалдыратып сени аңдып жатып атырган таңдарыма арданам!!! Арданам! Арданам!!! Акжол!!!
Баркымды, баамды билбеген, менин ички аялдык аруу сезимимди ойгото албаган сендей “дөңгөчкө” туш келгениме арданам! Өзүмдү өзүм эч кечирбей! Кечиргим келбейт!!! Жолобо мага! Алыс тур! Эми мени түшүндүңбү? Түшүндүңбү, Акжол?!

Аялдык албууттанган бейжайлык менен эч качан айтпай турган сырын айткан Жибек, дене башын калтырак басып, бир топто барып өзүнө келгендей болду. Катуу жарыштан чыгып келген аттай, эки бети албырып, эки таноосу дирт дирт этип, катуу күйүгүп чыкты.

Мени кийинтип, ичинтип, эч нерседен кем кылбай келдим дээрсиң. Аның ырас. Айттым го. Сен мени куурчак кылып төрт дубалдын ичине, музейге койгон куурчактай көргөзмө кылып коюп койдуң. Мени өзүңдөн башка эч ким көргөн жок. Өзүң да көргөн жоксуң! Жанымда жаткан сен көрбөсөң, дубалдын ары жагындагылар кайдан көрүшөт. Кантип?! Кайдан?!
Билсең, сага сөз тийбесин, баланчанын аялы баландай жерде жүрүптүр, көрдүм – деп, бирөө жарымдар кеп – сөз кылбасын деп, курбу кыздарым барган – баскан жерлерге да барбадым. (колун шилтей) Буларды койчу! Мунун баары болбогон кеп. Майда чүйдө нерселер.

Башы маң Акжол нес абалда оордунан тура жөнөдү. Жибек өкүм менен дагы да ийинден баса олтургузду. Акжол кандай тураса, ошондой нес боло олтуруп берди.

Олтур! Мен кебимдин аягына чыга элекмин. Олтур! Айтаарымды айтып, дээримди деп алайын. Анда кийин сени бир мүнөт да кармабайм. Күтүп турат, өлбөйт! Жыйырма жыл жаныңда жатып, күтүүдөн өлсөм мен өлөт элем го. Олтургун!!!

Жибек эми катуу ажаанданды. Аны мурунку Жибекке салыштыруу эч мүмкүн эмес. Акжолдун алдында тап такыр бөтөн Жибек тургандай болду. Акжол үн чыгарбаса да, өзүнө каяша айткан кишидей Жибек Акжолду шылдыңдай кыйкырды.

Кыйкырбасаңчы? Мен кыйкырып жатамбы. Кимден уялып жатасың? Кимден?! Балдарыңданбы?.. Балдарың… Алар менден да жакшы билишет сенин жашооңду. Билсең, мен да кызыңдан уккам. Ал шермендең институтта кызың менен чогу окуучу турбайбы. Сырттан окуу бөлүмүнө которулуп кетти деген. Сен которгон чыгарсың. Кызыңдан уялымыш этип. Уялчаак киши! Эки жакта тең алчактап жүрө берем деген оюң өзүң менен чогу кетсин. Мен андайга чыдабайм. Чыдагым да келбейт. Калган өмүрүмдү да сенин желкеңди тиктеп өткөрчү алым жок! (тиктеше түшүшөт) Ошондой, Акжол!
Мени антип караба. Сенин дооруң бүтүп баратат. Кандай айтсаң, кандай ойлосоң эрк өзүңдө. Кутурмактан кутуруп кетипсиң де. Ооба, ооба. Мен кутуруп кеттим! Мени сен кутуртуп жатасың. Эч нерсеңдин кереги жок! Кааласаң баарын көтөрүп кет. Баарын! Баарын! Байлыгың да, бийлигиң да, жыйган дүйнөң да!!! Эч нерсеңдин кереги жок!

Жибек уламдан улам күчөйт. Ал бирде ыйлап, бирде күлүп жатты.

Эмне колуңдан келет айтчы? Эч нерсе! (ый аралаш) Кор болгон жаштыгымды, күтүү менен зарыгып өткөн күндөрүмдү кайрып бере аласыңбы?.. Кайрып бере аласыңбы? Эмне кылып бере аласың эми мага?! (суроолуу) Э – э – эмне? (каткыра) Мен сага жашоодогу аял затына тийиштүү, мага, мага тийиштүү нерсени мага бере албаганыңа, мени ача албаганыңа, аял менен эркекке тиешелүү канбаган кумар тууралуу айтып жатам. Сага болгон негизги нааразычылыгымдын, ачуу ызанын төркүнүн эми түшүндүңбү?!
Менин сага берилгим келген. Көп нерсени арнагым келген! Сен аны сезбедиң. Сен менин жан дүйнөмдү аңтарган жоксуң. Же эркектердин баары ушундайбы? Колунда турган нерсени көрбөй, баалап, барктабай, неге башка жакка жүгүрөсүңөр. Айтчы, Акжол? Эмне үчүн мендеги жылуулукту, назды… кыялды… эч нерсеге алмашкыс ысык мамилени… эмне үчүн башка бирөөдөн издедиң? Эмне үчүн мени менен сырдашпай, бирөөлөрдүн кумарын кандырып… башкалар менен сырдаштың?! Эмне үчүн менин көңүлүмдү ачпай бирөөлөрдүн көңүлүн ачтың?! Толуп турган жигит чагыңда неге мага төгүлбөй, башкаларга төгүлдүң?! Неге! Неге?! Неге!!! Мен сага бала тууп, үйдө олтуруш үчүн эле керек болдумбу? Айтчы, Акжол? Неге?!
Аялдардын бири биринен эч айырмасы жок. Баары окшош. Баары бирдей. Сен күткөн ошол мамилени, сен ошолорго жасаганды, мен да каалагам. Мен да күткөм! Досуңдун ашын касыңдай ич! – деген. Менин да ошол аялдардай, сенин алдыңда апчылып, жулмалангым келген. Бырча – бырча сөгүлгүм келген. Муну баары төшөк кумарына батуу эмеспи?.. Сен кайра кайрылып барбаган күндө да ошол аял, сени менен жуурулушуп, бир түнү миң түнгө тете болгон ырахат алганын сен кайдан билмек элең. Ошол бөтөн аялга берген бир түндүк ырахатты неге мага ыраа көрбөдүң?! Неге! Неге?!

Мунун баарын күтпөгөн Акжол бирөө башка чапкандай түштү. Ырас эле, эмне үчүн Жибекти ойлогон жок. Ырас эле, эмне үчүн… эмне үчүн… Башына суроолор батпай башын мыкчый ден – дароо боло олтуруп калды. Ит болупсуң да, Акжол! Баары Жибек күйгондөй болуп жатпайбы. Күнөөнүн баары өзүңдө болуп жатпайбы. Жибектин күйгөнүндөй эле бар. Мунун баарын кантип жууйсуң? Кантип жибитесиң? Кантип Жибектин жүрөгүн басасың? Кантип… кантип… Өз оюу менен чаң тополоң түшүп жаткан Акжолду Жибектин күлкүсү селт эттирди.

Тобо! Тобоо!!! Кантип күлбөйсүң. Мас болуп алып, бир конокто досуң менен тамашага батып, мен тууралуу айткан сөзүңдү угуп, келесоо жаным анча деле маани берген эмес экем. Таң калба. Ошол досуңдун аялы айткан. Эмне болгон сөз деп турасыңбы. – Менин аялым уйдай эле болуп жата берет. Эч нерсе менен иши да жок! – депсиң. Кантип уялбай айттың? Эркектик баатырлыгыңбы?.. (какшыктай) А, сен менин төшөктө кандай экенимди билгенге аракет кылып көрдүңбү? Кызыктыңбы? Өзүңө мени тарттыңбы?! Жок! Анткени, жолдон – белден жолуккан жолбундарыңдан мага кезек тийген жок! Билем. Чоочуп кеткенсип, ылжып мас болуп келгенде кездериңде ырсалактап, мени жаңы көргөнсүп кучактамыш болуп калчусуң. Кучактаганда эмне? Көзүмдү жалдыратып жаткан мен бечарага бир ооз жылуу сөз айтканга алың келбей, аюудай бөлмөнү башыңа көтөрө коңурук тартып кетчүүсүң. Андай кезде ашаткы жыттанган арагыңдын жытынан өзүм качкан күндөр болгон. (кекетип) Туура айтамбы? Туура! Туура!
Арактын эле жыты болсо эмне… түркүн – түстүү буркураган атырдын жыттарычы? Көйнөгүңдүң жакасына сиңип калган кызыл – тазыл ооз боекторчу? Ошондой эле жабышкан узун – кыска болгон аялдардын чачтары… Оң тетири кийилген бутуңдагы байпагың… Чөнтөгүңө адашып түшүп калган жүз аарчулар. Машиңда калып калган нерселер…
Баарынан да уйкусуроо менен мени кучактап алып, эзиле эркелетип айткан аялдардын аттарычы… Айчүрөк! Күнчүрөк! Жазгүл, Назгүл… Койчу! Кайсы бирин айтып түгөтө алам. Кылбаганың калдыбы сенин. Кап – кап. Какшаганда не?
Бүттү! Менин калган өмүрүм сага баары бир болсо болоор, мага баары бир эмес! Мен жашоону кайрадан баштайм. Ошондой! Азбы, көппү, Жараткан Кудайым аз болсо да, жараткандан кийин аялдык сезимден берген чыгар. Куру калтырбаган чыгаар. Мен ошону сезгим келет. Мен өзүмдү сынагым келет. Менин азыр толуп турган кезим! Болгону 37ге гана чыктым.
Адам баласы жашоого жалгыз келип, жалгыз кетет дегенге көзүм анык жетти. Жанымда эрим, кашымда балдарым, үстүмдө үйүм, астымда ашым! Үй толо буюм. Кийгенге кезек жетпеген кийимдер… Баары, баары бар. Баары менде болду. Бирок ошолордун бири да жан дүйнөмдү жалгыздыктан сактаган жок. Бул арманымды түшүнөсүңбү?! Мен жалгыз жашап келдим Акжол. Жалгыз!!!
Көлөкөдөй ээрчиген жалгыздык бир күн да, бир саат да менден калган жок! Менин ички дүйнөмдүн коңултактаганын эч ким да сезген жок! Мен, менин энчиме бөлүнгөн аялдык бакытты эми издегенге даяр турам. Мага таң калып, антип караба. Мен да тирүү жанмын. Мени да бирөө эркелетип бооруна кысса… Мага азыр ошол керек!

Жибек башын чайкай, карап турган Акжолду айланта сынай тиктейт.

Кеч! Кеч болуп калды! Жана айтпадымбы. Сен эми мага мында калган күндө да эч нерсе бере албайсың. Анткени бөтөндөргө берип, соодандын бүткөнү качан! Эмне антип карайсы? Караба. Антип карап менин жүрөгүмдү түшүрө албайсың. И – ии… (кекете) Катуу тиет бекен? Бирок сенин жыйырма жылдын ичинде мага кылган, ит көтөргүс кылык – жоруктарыңдын жанында менин сага койгон сыным болбогон нерсе деп ойлойм. Чымынга да турбаса керек сен үчүн. (тирмийе) Жүрөгүм… Жүрөгүңдүн ооруганы менен эсептешким да келбейт! Анткени менчелик сезип, менин жүрөгүмдөй оорубасын билем!!!
Оозумду ачып, он жети жашымда торуңа түшкөм. Күйөө деген ушундай болот экен деп жүрүпмүн да. А, сен карышкыр!.. (тып токтойт). Мен байкушту оңго – солго калчап, кадырыма жетмек тургай, казык кылып мынабул төрт дубалдын ичинен чыккыс кылып кагып салган турбайсыңбы. Сүйгөнүң, кадырлаганың, алаканга салганың, ыйлатпаганың ушулбу?! Ушулбу?! Кечтим баарысынан! Кечтим! Чоңдугуңа да, байлыгыңа да, акча чечпейт тагдырды, акчаңа да! Баарына тойдум!!! Шайы көйнөктүн ичинде ызам сөөгүмө өтүп сыздап жүргөндөн көрө, кайыр сурасам дагы ээн эркин, кенен дем алып, жөнөкөй элдердин арасында өмүр сүргөнүм чон бакыт болоор.

Бир убакта күтпөгөн жерден үйдү башына көтөрө каткырып жиберди. Жибектин бул турушу Акжолду катуу чоочутту. Бирок “лам” дегенге чамасы жок болчу. Айтып айтып, бүгүн болбосо эртең жазылып кетээр деген үмут турду.

Билбегендерге биздин жашоо бейиш. Кайдагы бейиш? Кайдагы?! Бул деген тозок! Сен, сен экөөбүз дүнүйөнүн кулубуз! Сыртыбыз жалтыраак, сүрдүү! Элдер да бизди ошондой карайт. А, чындап келгенде, баары жасалма. Жалган! Жан дүйнөбүз бош! Үйгө ким келбесин, кайда барбайлы акча менен байлыктан башка сөз жок. Конокто да негизги тема ошол. Бири бириңерди аңдып олтуруп, эмне жеп, эмне ичкениңерди деле билбей каласыңар. Кимди көтөрүш керек, кимди жоготуш керек… Мына силердин кымбат жашооңор!!! Муну эмне айтып жатам. Мага десеңер бири бириңерди жеп салгыла. Мага эми ысык – суугуңар жок. Силердин жасалма дүйнөңөр мени эми кызыктырбайт. Жанагы “селпилдегиңе” жакса жагаар. Ансыз да ээрчитип жүрүпсүң го.

Катуу ызасы менен айнектеги гүлдү идиши менен жерге чаап салган Жибек Акжолго атырылып барып тык токтойт.

Эх, Акжол! Сен… сен… Көз өткөнчө бирге болобуз деген элем. Менден күнөө издебе. Мен сага жакшы “үй кызматчы” болуп бердим. Баары бүттү! Баары бүттү! Өткөндү кайрып ала албайсың.
Жаштыгым өзүн гүлдөтө албаса да, ар бир мүнөт саатымды балдарыма арнадым. Балдарым мага нааразы болушпас. Алар айтпасак да түшүнүшөт дебедимби. Баса, кызыңдын айтканын уга кет. (тыным) – Апа, ушул силердин жашоо да жашообу? Мен баарын билем. Сизди капа болбосун деп, айта албай жүргөм. Кызматтагы эркектердин баары эле ушундайбы, же менин атам элеби? Тигил кыз аябай жаман кыз болчу. Группадагылар баары билишчү. Бир киши машинасы менен алып келип, алып кетип жүрөт – дегенди уккам. Бирок менин атам экенин билген жок элем. Атам экөөн бир көрүп качып кеттим! – деди. Мына сага Акжол.
Өзүң тууган балаңдан ушундай сөз уккандан көрө өлүп калган артык эмеспи. Жердин катуусунан калдым. Андан да, мени жоошутканы го, – Эмне үчүн атам Сизди бетиңизден өөп эркелетпейт дегеничи. Менин курбуларымдын ата – энелери биздин көзүбүзчө эле тамашалашып, бири – бирин кучактай беришет. Чоң кишилердин бири – бирин эркелеткендери аябай “интересный” болот экен – деп, ыйлаган бойдон ички үйгө кирип кетти. Ошондой, Акжол. Ошондой болду.

Жибек оор үшкүрө олтура кетти. Анын назик, жароокер жан дүйнөсү бир туруп дале Акжолду аяп жаткандай. Бирок бетпактанган ызасы жол бербей бетпактанууда. Эки ойдун чатагына катуу чайналган Жибекти баары бир бетпак ыза жеңип кетти. Жибек Акжолду катуу жекире, ошол эле учурда аяп турду.

Беш – он жыл билинбей эле өтүп кетет. Жылдан кийин кандай болот. Ошолорду бир элестетип көрдүңбү? Ушул бойдон тура берем деп жатасыңбы? Жо – оок, Акжол. Андай болбойт. Бийлигиң колдон кеткенден кийинки жашооңду тап – так, дап – даана көрүп турам. Кыйын болот, кыйын болот. Балдарды алыстаткым келбесе да, өзүң алыстатып койдуң. Өзгөчө кызыңдын жаны сени менен бир эле. Кичинелеринде алар менен сенин ишиң болгон жок, азыр аларды сени менен иштери жок! Көп нерсени колуңдан чыгарып жибердиң. Сен эми биз үчүн көргөзмө гана болуп калдың.
Эртең кызың турмушка чыгат, балдарың үйлөнөт. Ошондо намыс үчүн болсо да, куда – сөөк, дос – душмандардын алдында телегейи тегиз, бүтүн үй – бүлөдөй көрүнүү үчүн “атасы” дегизип, төргө катарлаш олтураарыбыз бышык. Муну сен үчүн, сени атасы деп сыйлаганым үчүн эмес, бөтөндөрдүн алдында балдарымды жогору көтөрүү үчүн гана жасайм. Муну да билип кой.
Миң аял алсаң дагы, миң кубул, сага менчелик чыдаган аял эч болбойт! Аны да билип кой. Мен оюмду айттым, баары чоңоюшуп калышты, андай – мындай дей да албайсың. Өзүлөрү чечиштери да мүмкүн. (көпкө тигиле) Кой, сени абдан көп кармап койдум. Эмне дейин, жаш аялдын ырахатына батып, оокатыңды кыла бер. Бийлигиң колуңдан кетип, чөнтөгүң бөксөргөндө кууп чыгаарын да унутпа! Тең өмүрдү чогу жашадык, сени дале болсо аяп жатканымды кара.
Балдардан кам санаба. Эгер көңүлдөрү болуп барам дешсе, барышат. Өлсөң аркаңдан ыйлап, топурак сала турган ушул үч балаң. Башка сага ким барат? Жакшы көрүшсө да, жаман көрүшсө да, – Атам! – деп, аркаңдан ушулар өкүрөт! Кайда болсоң да жиберем. Анткени сенин балдарың.

Коштошуунун эң акыркы мүнөтү Жибектин муун – жүүнүн бошотуп, айласын кетирип турса да, сыр алдырбай ээрдин тиштеди. Анан өзүн кармай, Акжолго тигилди. Бейжай ыза болсо, жеңдим дегенсип каткыра күлүп алды. Бул саатты эч күтпөгөн Акжол ден – дароо боло чайпалып оордунан турду. Жанатан күткөн кыял, үмүт кумдай эшилип, ойлор бир жерге токтобой, деңгирей түштү. Анан акыркы жолу Жибекти карап алгысы келди. Бирок көздөр коркоктукка салып, таптакыр карай алган жок. Бул уятты күчтүүлүгү эле. Аттиң арман! Ушул уят, ар мурунураак ойгонгондо не… Карачы, жада калса акыркы ирет бир карап алганга алы келбей турганын. Жибектин актыгынын, наздыгынын, кор болгон жаштыгынын алдында канча күнөөң бар экенин сезип карай албадың ээ?.. Карачы, Жибектин күлкүсү кандай керемет! Эми эч качан укпайсың. Эч качан. Эч качан сага эркелебейт. Сени эрим дебейт. Баары бүттү! Бул кезде Жибек да эң акыркы сөзүн камдап турган эле.

Үйгө досторуң келгенде: – Көргөн адамдардын көзү тиет деп, аяшыңарды үйдөн чыгарбайм. Сулуулугун көрдүңөрбү? Абайлагыла, көзүңөр тиет! – деп, мени тигил ашканага кетиргенче шашчу элең. А, шордуум! Кыскасы, өзүм да жебейм, өзгөлөргө да жегизбейм! – сен болдуң. (ыза аралаш күлкүсүн тыя албай) Болду. Эми кете берсең болот. Канча көңүлүмдү калтырсаң да, алмончоктой болгон балдарымдын атасы эмессиңби. Жакшылык гана каалайм. Кай жакта болбо, аман жүр. Аман жүр, Акжол! Кош!

Аягы.

Кыргызстан Улуттук Жазуучулар Союзунун мүчөсү,
КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер,
Т.Абдумомунов жана А.Токомбаев атындагы сыйлыктардын ээси,
актриса, акын – драматург Чынара Калыбекова.

Бишкек шаары.


Кыргыз