Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

Ыкчам эс тутумдан – узак мөөнөттҥҥ эс тутумга

Биз эки ай мурун кандай кийингендигибизди эстей албайт болушубуз керек, анткени мунун мааниси болсо да, эч кандай зарылчылыгы жок. Көпчүлүк адамдар үчүн деги эле кийинип жүрүүгө тийиш экендигибиз мааниге ээ, бирок кайсы кийимди кийгенибиз аларды кызыктырбайт. Эгер кимдир бирөөгө таасир калтырууга аракеттенсек же кийим кооздугу боюнча адис болсок гана мунун биз үчүн кызыкчылыгы болмок.

Маалыматтын ыкчам эс тутумдан узак мөөнөттүү эс тутумга келип түшүүсү үчүн төмөнкүлөр зарыл:
- Зарылчылык жана маанилүүлүк;
- кайталоо жана кылдат иштетүү.
Бир нерсе биз үчүн маанилүү болгондо, муну биз түшүнө алабыз, себеби аны мурунку тажрыйбабызга салыштырабыз. Бир нерсенин мааниси болгондо, ал биздин азыркы учурдагы же, балким, келечектеги жашообузга кандайдыр бир тиешеси бар болуп чыгат, анткени ал биздин мурунку тажрыйбабыз менен кандайдыр бир байланышы бар. Дал ошондой эле эгер биздин берген сабагыбыз маанисиз (атүгүл жарым-жартылай да аңдап билүү мүмкүн эмес) же зарылдыгы жок (окуучулардын жашоосуна эч кандай тиешеси жок) болсо, окуучулар аны өздөрүнүн мурунку тажрыйбасы менен байланыштыра албайт.
Маалыматты узак мөөнөттүү эс тутумга өткөрүү үчүн зарылдыкка караганда маани көбүрөөк роль ойнойт. Маанини күчөтүү үчүн ой жүгүртүү реакциясына караганда эмоциялык реакция чоңураак таасирге ээ болот. Бир нече фото сүрөттүн ичинен өзүңүздүн балаңыздын сүрөтү сиз үчүн кызыктуураак болору анык. Бул ‟ эмоциялык реакциянын мисалы. Ошондуктан: «Муну билип алуу керек», – десеңиз эле, окуучулар жакшы билип ала койбойт.
Эгер көндүмдөрдү ыкчам эс тутумдан узак мөөнөттүү эс тутумга которгубуз келсе, биз бул иш-аракетти кыйлага чейин кайталап турушубуз керек. Көптөгөн көндүмдөрдү толугу менен өздөштүрүп, автоматтык абалга жеткирүү үчүн 10 000 ирет кайталоо талап кылынат.
Мында кайталоонун жалпы саны эле эмес, анын жүргүзүлүү мөөнөтүнүн узактыгы да зор мааниге ээ. Мисалы, Мария Шарапова теннис ойноодогу ушунчалык чеберчиликке табиятынан таланттуу болгондугу үчүн эле эмес, талыкпастан ырааттуу машыгып жүргөндүгү үчүн да жетише алган. Эгер окутуучу чыгармачыл иш жүргүзбөсө, окшош, бирок айырмалуу тапшырмаларды түзбөсө, курулай кайталоо окуучуларды тажатып, мааниси кетет. Ошентсе да кээ бир окуучулардын умтулуусу ушунчалык күчтүү болгондуктан зериктирме көнүгүүлөрдү да чыдап аткарышы мүмкүн. Көндүмдү калыптандыруу үчүн тийиштүү иш-аракетти бир топ убакыт бою кайталоо керек. Андыктан бир эле күн ичинде 100 ирет кайталагандан көрө бир нече жума ичинде 100 жолу кайталоонун натыйжасы жакшыраак болот. Дал ушул себептен улам биз бир эле иш-аракетти (материалды) улам татаалдаштыра кайрадан үйрөтө беребиз. Балким, кайсы бир нерсени үйрөнүүгө аракеттенип, бирок үйрөнө албай койгон учуруңуз болгондур. Ошондо кийинки күнү дароо эле ишиңиз илгерилеп кеткен беле? Мунун себеби, идеялардын, көндүмдөрдүн ж.у.с. ыкчам эс тутумдан узак мөөнөттүү эс тутумга өткөрүп берилиши биз уктап жаткан мезгилде жүрөрүндө болушу мүмкүн. Мээбиздин кайсы бир маалыматты кандайча иштетээри жалпысынан биздин инсандыгыбызды калыптандырып, өзүбүздү сезүүбүзгө таасир эте турган тажрыйбабызга да көз каранды. (Мурунку тажрыйбадан чыпкага, кыска мөөнөттүү жана ыкчам эс тутумдарга багытталган жебелерди караңыздар).

Булак: http://arunet.kg/metodicheskiy-centr/111-zhozhzhdogu-insanga-bagyttalgan-okutuu.html


Кыргыз