Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

“Христиан” дүйнөсүнөн “цивилизациялуу” дүйнөгө карай

“Христиан” дүйнөсүнөн “цивилизациялуу” дүйнөгө карай

Суперэтностун масштабындагы жүрүш-туруш көнүмүштөрүнүн алмашылышы өңдүү зор кубулуш эмдигиче байкалбаса жана баяндалып жазылбаса таң калыштуу эле болмок. Андай болбоптур, мунусу да, тигиниси да биздикинен башкача көз карашта, түшүнүктөрдүн жана терминдердин бөлөк системасы аркылуу баяндалып келген. Бирок бул кырсык эмес! Анткени башка системанын терминдерин өз системаңа которуп пайдаланууга дайыма болот, бизден мурда түздөн-түз байкалган нерселер мындан өз баалуулугун жоготпойт.

Вернер Зомбарт өзүнүн “Азыркы экономикалык адамдын руханий өнүгүшүнүн тарыхы боюнча этюддар” деген эмгегинде “капитализмге чейинки адам”, т. а. “табигый таза адам” азыр бардык чөйрөдө учураган майда мүдөөлүү, түшүнүгү тар, ыймансыз адамга кантип айланып кетти деген суроо салат. Зомбарт боюнча XII—XIV кылымдарга чейин, капитализм пайда боло электе “чарбалык ишмердүүлүктүн башкы максаты өз керектөөсүн камсыз кылуу болгон; адам канча чыгымдаса ошончолук киреше киргизүүгө тийиш1. Андан артык байлык топтоо акмактардын иши деп эсептелчү.

Бирок эки тап бар: алардын бири байсеньорлор жана экинчиси көпчүлүк карапайым эл. Булардын айырмачылыктары анча чоң эмес. Өмүрүн үзгүлтүксүз тобокелге салып, сеньор коп байлык табат, бирок анысын ошол замат той-тамашага, үлпөттүү аңчылыктарга, сулуу айымдарга ысыраптап чачып жиберет. Ага байлык топтоонун кереги жок — анткени ал эртең болчу кезектеги согушта курман болушу мүмкүн жана андан кийинки согушта да аман калары белгисиз. Ошондуктан ал көзү тирүү кезинде, ден соолугу барында өз күнүн шаан-шөкөттөр менен өткөрүүгө умтулат.

Дыйкан да өз үй-бүлөсүн багууга жетиштүү түшүм берер жер иштетет. Кол өнөрчү да “көңүлдүү өмүр сүрүүгө күндөлүк жетчү каражат таап, андан артык байлык топтоо үчүн жумуш иштөөнү каалабайт”. Ушундай адамдар, эгер Рокфеллерди билгенде аны ач көз кемпай деп эсептешмек.

Бирок орто кылымдарда жашаган европалыктар жибек көйнөк кийгендер менен алтындан жасалга тагынгандарды акылдан адашкандар деп санашкан эмес. Алтын буюмдарды алар баалай билишкен жана ал үчүн өз жандарын да, башкалардын өмүрүн да аяшкан эмес. Алар алтынды баалашканы менен акчага көңүл кош мамиле жасашкан. Акчага кызыгуу XII кылымдарда гана күчөй баштайт. Ошондон кийин “киреше табууга жан талашуу” пайда болгон, буга чейин мындай адат еврейлерде гана байкалган. Ач көздүк эң алды католик кызматкерлерди, анан шаардыктарды, акыры бүтүндөй өлкөлөрдү кучагына тарткан, бирок ал ар кайсы жерде ар башка даражада жана ар кандай түрдө болгон. Кээде ал байлык деңизден ары жаткан өлкөлөрдү талап-тоноо жолу менен, кээде соода- сатык жүргүзүү менен ишке ашырылган; бирок булар да өтө опурталдуу болгон; кээде “жек көрүмчү сүткорлук”, айрым убактарда кирешелүү жана пайдалуу кызматка ээ болуу байлыкка жол ачкан. Бирок бардык учурда алды-артына карабай байлыкка жутунуу башкы стимул болгон, мындай жорук-жосундар мурунку убактарда дээрлик байкалган эмес.

Ач көздүк аны канааттандыруу мүмкүнчүлүгү түзүлгөндө гана пайда болот деп күмөндөр ой жүгүртсө болчудай. “Капиталисттик духту капитализм өзү жаратат” деген тезисти Зомбарт жокко чыгарат. Ап М. Вебердин протестантизм менен капитализмдин ортосунда байланыш бар деген оюна да макул эмес. Булардын ордуна Зомбарт “капиталисттик духтун…” өнүгүшүнүн себебин “ата-бабалардан мураска калган кулк- мүнөздөн” көрөт. Муну бизге көнүмүш болгон илимий тилге которгондо, мындай шыктуулук — тукум куучу белги болуп чыгат. Демек, Зомбарттын ою боюнча өзгөчө “буржуазиялык кулк-мүнөздөгү” адамдар болот, алар “ишкерлер” жана “мещандар” болуп экиге бөлүнөт. Бирин- чилери — капитализмди негиздеген кайраттуу шылуун адамдар, экинчилери — эринчээк, ортозаар жана ишине тың кызматкерлер, алар өздөрүнөн мурда жашап өткөндөрдөн кийин калган боштуктарды гана толтуруп турат имиш.

Зомбарттын айтуусу боюнча капитализмге “шыктуулук” жалгыз адамдын же организмдин гана эмес, этностун деңгелинде да байкалып турат. Анын мындай чечимге келишине бул көрүнүштүн биологиялык жаратылышы түрткү берген. “Капитализмге шыктуулугу начарыраак” этносторго ал кельттер менен готторду, алардан да ылдыйраак турган испан иберлерин кошот, иберлерге “дээрлик бардык элдерди азгырган алтынга кызыгуу жат экенин” жазат.

Капитализмге шыктуу этностор “баатыр элдер” жана “соодагер элдер” делинип эки сортко бөлүнгөн. Булардын биринчилерине — Зомбарттын ою боюнча римдиктер, норманндар, лангобарддар, сакстар, франктар, демек, англичандар менен француздар кирет, экинчилерине — флоренциялыктар, шотланд лоулендерлер жана еврейлер, анан да “эн алгачкы доорлордо эле акылдуу жана айлакер соодагерлер болуп эсептелген” фриздер кирет. Фриздерди соодагер деп Зомбарт голланддар менен шотланд лоулендерлердин соодагерлигин белгилөө үчүн пайдалангандай, анткени Төмөнкү Шотландияда фриздер да жашагандыгы жөнүндө божомол бар эмеспи. Славяндар менен гректерди ал четтеп өтөт, кейпи бул калктарды еврейлерден айырмалап европалык эмес деп ойлосо керек. Бул болсо ал өз көз карашын географиялык регион боюнча эмес, суперэтнос аркылуу түшүндүрүүгө аракеттенгенин көрсөтөт. Анын көз карашынын бул өзгөчөлүгү автордун жүргүзгөн талдоосун биздин изилдөөбүз үчүн кызыктуу кылып отурат, анткени ал чындыгында чүнчүү фазасын акматикалык фазадан инерциялык фазага өтүүчү көпүрө катары баяндайт, бирок элдерди (этносторду) туруктуу системалар, расалардын бөлүкчөлөрү катары эсептеп, Тосканадагы “мещандык духтун” салтанат курушун тосканалыктардын канына этрусстардын “каны” аралашканы менен түшүндүрүүгө аргасыз болот; акыйкатта этрусстар б.з.ч. IV кылымда эле тукум курут болушкан, ал эми Флоренция б. з. XV кылымында барып мещандык өлкө болуп отурат. Автордун мына ушул 2 мин жылга жаңылышкандыгынын өзү эле шек туудуруп, бул концепцияга сын көз менен кароого аргасыз кылат.

Зөмбарттын байкоолору туура, бирок аларды чечмелеп түшүндүрүүсү канааттандырарлык эмес деп айтсам болот. Иберлер — рим мезгилинде эле гомеостаз абалында жашаган жана алар европалыктардын эң байыркы катмары болгон. Этногенездин акыркы фазасын көрүү менен гана андан мурдагылар жөнүндө бүтүм чыгаруу жарабайт. Соодагер этрусктардын тукуму азыркы корсикалыктар болуп саналат. Алар өз ата-бабаларынын кесиптерин XIX кылымга дейре эле унутта калтырышып, соода-сатык жүргүзүүнүн ордуна вендеттаны (кан кууп өч алуу) артык көрүшкөн. Кельттер жөнүндө биз жогоруда жазганбыз. Ал эми Зомбарт тарабынан тизмектелип айтылган соодагер элдердин баары жалпы бир белгиге — аргындашуунун өтө жогорку даражасына ээ болгон элдер. Тоскана Римдин Түндүк тарабында жатат. Тоскана аркылуу X кылымдан кийинки убактарда эле швабдар-гиббелиндер, анжуйлар-гвельфтер, испандар, француздар, австриялыктар кыйма-чийме басып өтүп турушкан. Ушулардын баары тосканалыктардын популяциясына өз генофонддорун чачып кетишкен. Шотландиялык Лоуленд — скоттордун, англдардын, норманн-викингдердин жана француз барондорунун карым-катнаш зонасына айланган, аларды бул тынчы жок чек аралык аймакка англиялык жана шотландиялык королдор атайылап жиберип турган. Фриздер мекендеп турган Рейндин төмөнкү агымы да герман, кельт жана роман калктарынын этникалык карым-катнашынын аймагы болгон. Дал ушул белги гана “соодагер элдердин” бардыгына таандык жалпы нерсе болгон. Буларга түштүк Италия менен Андалусияны да кошсо болот, муну Зомбарт жөн гана көз жаздымда калтырса керек. Албетте, мындан маселе өзгөрүп да кетпейт.

“Сеньорлор” менен “ишкерлердин” айырмасы да анча чоң эмес. Тигиниси да, мунусу да ар кайсы модустагы пассионардуулукка ээ. Биринчилери менменсинген, мансапкор немелер, экинчилери ач көз, бирок бул айырмачылыктар да анчалык олуттуу эмес. Эң негизгиси булар да, тигилер да “капиталисттик духтун” чыныгы ээлери болгон мещандардан, клерктерден кескин айырмаланышат. Бул “капиталисттик дух” пассионардык жогорулоодо ар дайым пайда болуп туруучу алгачкы чыгармачылык көрөңгөнүн жакырланышынын туундусу болсо керек. “Мещандар” ар дайым “сеньорлорго” сын тагып турушат, себеби, алар ошолордой болгусу келет, бирок боло алышпайт. Алар чыгармачыл көкөлөөдөн кийин ара туулган жандар болушкандыктан аларда “баюуга умтулуудан” башка касиет калган эмес, т. а. булар гармониялуу, ал эмес субпассионардуу адамдардын катарына кирет. Мына ушулардан улам биз кадимки энтропиялык процесс жүрүп жатканын байкайбыз, муну эми ысыган газдын сууп, сууга, андан соң музга (муну ар бир этногенездин прогрессинин жеткен чеги — гомеостаз абалы деп түшүнсө болот) айланышына салыштырып түшүндүрсөк болчудай.

Эми Зомбарттын байкоолорун биз жогоруда сунуш кылган этногенез схемасына салып көрөлү. IX—XI кылымдарда Европада “капитализмдин духу” али жок кезде, активдүү этникалык аргындашуулар да дымып турган. Адамдар жакында эле калыптанган жана өзгөчөлүктөрүн катуу сактаган этникалык майда топторго бөлүнүп жашашкан. Жаңы жаралган бул этностор ар кайсы расалардын өкүлдөрүнөн турганы эч кандай мааниге ээ болгон эмес. Алардын ар кимисинин жүрүш-туруш адаттары да ар башка болгон. Тиги же бул этностун алдына коюлган маселе анын бардык мүчөлөрүнө тиешелүү маселе болгон. Калктын бардык катмарларында пассионардуулук бирдей учурда пайда болгондуктан социалдык абал өзгөрүлүп турду — коркок феодалдар четинен өлүп жоголуп, эр жүрөк вилландар же рыцарларга, же шаардык эркин адамдарга айланып жаткан эле.

XIII—XIV кылымдарда бөлүнүүлөр жүргөнү байкалат. Өтө бирдиктүү этностордо социалдык системалар татаалданып, королдуктарга баш кошуп, ирилешип, артыкбаш пассионарийлер крест жүрүштөрүнө же коңшу өлкөлөргө (Жүз жылдык согуш) кетет. Этникалык карым-катнаштар бар аймактарда “соодагерлер” пайда болуп, байый баштайт. Буга окшогондор акматикалык фазада, көбүн эсе чүнчүү фазасында бийликтегилердин колдоосуна таянып, уруш-талаштардан пайда таап жашашат. Бара-бара алар күч алып отуруп, өзүлөрүнө көбүрөөк ыңгайлуу болгон инерциялык фазага өтөт. Бул фаза аларга ушунчалык жаккандыктан ага “цивилизация” деген ардактуу наамды да ойлоп таап, ыйгарышкан; алардын ою боюнча мындай абал түбөлүктүү деп эсептелген.

Чөйрөнүн агрегаттык абалынын ар кандай өзгөрүүсү зор энергияны, биздин маселеде пассионардуулукту сарптоону талап кыларын биз эми билип калдык. Бардык энергия сыяктуу эле пассионардуулук да ар түрдүү потенциалдуулуктардын шартына жараша аракеттенет. Бул ар түрдүүлүк, же табигый кубулуш болгон пассионардык түрткүнүн эсебинен, же бир этностун пассионардуулугу экинчисинен жогору болгон этностор аралык тыгыз карым-катнаштардын эсебинен пайда болушу ыктымал. Жыйынтыктары да ар түрдүү болот: табигый ландшафттардын бузулушу экинчи вариантта гана байкаларын жогоруда келтирилген мисалдар менен тактаганбыз.

Антропогендик ландшафттардын бузулушу сөзсүз болучу көрүнүш эмес, бактыга жараша, өтө сейрек кездешүүчү чектен чыккан кайгылуу

көрүнүш. Эгерде башкача болгондо, неантроп жашап келаткан 50 миң жыл ичинде бардык геобиоценоз жок кылынып, түшүм бербеген Жер бетинде адам ачкачылыктан кырылып калмак. Ошондуктан адамдын биочөйрөгө тийгизген таасири карама-каршы эки багытта — жашоону сактап туруучу жана жашоону тануучу жол менен жүрүп келатканын моюнга алышыбыз керек.

XVI—XVIII кылымдарда романдык-германдык суперэтностун пассионардуулугунун төмөндөшү ыкчамдайт. Пассионарийлер колонияларга аттанып, ал жакта же каза таап, же ооруп, жарым жан болуп кайтып келип жатышты. Гармониялуу адамдар болсо өз үйүндө, өз талаасында, устаканасында, кеңсаларында, университеттин аудиторияларында тынбай эмгектенип жүрүштү. Алар өздөрүнө оор сезилген, колдон келбес өңдөнгөн артыкчылыктарга жетүүгө умтулушкан жок, ал үчүн аларда бош убакыт да болгон эмес. Дал ушул учурда пассионарийлердин бошогон орундарын “соодагерлер” — флоренциялык сүткорлор, кошоматчы дипломаттар, айлакерлер, авантюристтер ээлеп калат. Алар жергиликтүү этносторго жат немелер болгону менен таажычандар үчүн өтө ыңгайлуу болгон, эгерде алардын деги эле баш калкалар мекени болбосо андан бетер жакшы болгон.

Анан эле алардын багына Уатт буу машинасын ойлоп табат, андан ары техниканын ар кандай өркүндөтүлгөн түрлөрү пайда болот. Шаарлар кеңейип, шаар калкы ар түрдүү улуттардын өкүлдөрүнөн курала баштайт. Адам эми өз этносу менен мурдагыдай тыгыз байланышпай, сейрек карым-катышта болуп калат. Мына ошондо, Зомбарт эң сонун баяндап да, жамандап да жазган европалык адамдын “капиталисттик духу” чыга келет.

Эмне үчүн бул ушунчалык оңой ишке ашты? Анткени, каймана айтканда, бул “суу тоңуп, музга айлангандыктан” гана оңой ишке ашты. Бардыгы тоңгон учурда, т. а. обскурация фазасы келип жеткенде, этносту ичинен бүлүнтүп жеген бактерия сыяктуу болгон соодагерлер тукум курут болот да, этнос болсо бөлүнүп отуруп калдыкка айланат.


Кыргыз