Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

Толубай сынчы

ТОЛУБАЙ –  сынчы. Элдин тарыхында аты кылымдардан кылымга унутулбай, өмүр жолу, аткарган кызматы, кылган иштери алгач эл арасында аңыз сөз катары тарап, бара-бара легендага айланып кеткен инсандар болот. Алардын айрымдары же бир чоң таланттын, же кадимки адамдардан өзгөчөлөнгөн өнөрлөрү м-н башкаларды айраң-таң калтырган кандайдыр бир касиеттин ээлери болушат. Байыртадан бери келе жаткан элдик ишеним б-ча мындай адамдар төгүн инсандар эмес, аларды кандайдыр бир касиет колдогон,  өзгөчө шык-жөндөмдөрдүн ээлери болушкан. Мына ошондой адамдардын катарына акылман-сынчы Толубайды кошууга болот. “Токтогулдай ырчы бол, Толубайдай сынчы бол” деген лакаптын калышы да, алардын  өнөрүн жогору баалаган элдин урмат-кадырлоосунан жаралгандыгы шексиз. Жеке кыргыздар эле эмес, түрк тилдүү бир катар элдердин оозеки чыгармаларында легендарлуу сынчы катары Толубайдын ысмы же ага байланышкан кыргыз легенда-уламыштарына абдан окшош,  үндөш сюжеттер учурайт. Мис.,  өзбек, түркмен, казактардын “Короглы” (Көр уулу Султан) эпосторунда жылкычы Толубай, Толубек аттуу персонаж учурайт. Бир кездеги Алтын ордонун (12–14-к.) составында болгон элдердин көбүнүн легенда-уламыштарында жолуккандыгына караганда, Толубай ошол доордо жашаган тарыхый инсан болгон деп болжошко толук негиз бар. Ошондой болсо да анын өмүрү ж-а чыг-лыгы ж-дө бизге тарыхый так маалыматтар жеткен жок. Болгону – эл оозундагы уламыш-легендалар, жөө жомок түрүндө гана материалдар бар. Ар кайсы элдин версияларында, варианттарында бир да Толубай сынчынын өзүнө, бирде башка каарманга таандык кылынып айтылган окуялардын, адам аттарынын алмаштырылган учурлары болот.

Мис., Толубай дын кан тарабынан сокур болушу кыргыз легендасында анын  өзүнө таандык кылынса, “Короглы” эпосу кеңири баяндалган элдерде Толубайдын аты эскерилгени м-н окуя башкы каармандын чоң атасы же атасы, же бир башка эле адамга байланыштырылат. Мындай чаташуулар чыгарманын сюжетине байланыштуу элдик оозеки чыг-лыкта боло берүүчү салттык көрүнүш.  Алсак,  Толубай  сынчынын  сокур  болушу  жөнүндөгү уламыштын чыгышына 14-кылымдагы тарыхый окуя себепчи болгон. “Короглы” эпосу башкалардан эл арасында популярдуу легенданы өзүнө ылайыктап пайдаланган дешке толук негиз бар. Анткени, эпостун башкы каарманы Короглы (сокурдун уулу) аталышы мына ушуну талап кылган. Толубай өзү ж-дө “Көз жеткен жердеги тоонун бетиндеги чымчыктын түрүн тааныйм. Жаман менен жакшыны айра билем” деп айтат. Анын сынчылык касиети баарыдан мурун  анан кыраакылыгы,  өтө баамчылдыгы м-н байланышкан. Ал кичинекей деталдан чоң жыйынтык чыгарган акылман. Мис., ал бала кезинде , кан тулпарын сынатканда Толубай бир күн кечке минип: “Тулпардын тулпарыгы анык экен, бирок, эки кемчилдигин байкадым. Тулпар туулганда эшектин сүтү менен оозантылып, уйдун сүтү менен өскөн экен”, – дейт. Сынчынын сөзүн тулпарды баккан саяпкер да ырастайт. Муну кантип билгендигин кан сураганда Толубай: “Каным, тулпарды бир күн кечке минип жүрүп кыялынан билдим, туруп-туруп эле 213 www.bizdin.kgкошкуруунун ордуна эшекче коркулдап калат экен. Суу кечип чыкканда уй арткы бутун силкип-силкип алат эмеспи, бул тулпар да ошондой уй адатын жасайт экен”,  –  дейт. Ушул эле эпизод кыргыз жомокторунда аты белгисиз сынчыга ыйгарылып айтылат.

Мындан сырткары “Мендирман” аттуу кереметтүү жөө жомок м-н контеминацияланып да айтылышы учурайт. Классик акын А. Осмонов элдик легендадан алып “Толубай сынчы” аттуу эң сонун поэма жараткан. Анын поэмасына Ы. Абдракманов жазып тапшырган материал негиз болгон. Поэманын тескери каарманы Азиз кан болуп берилет. Акын мында Жаныбектин элде айтылган “Азиз” эпитетин анын аты катары пайдаланган. Кыргыз киночулары да “Толубай сынчы” аттуу мультфильм жаратышыт. Демек, Толубай сынчынын нускалуу  өмүрү,  үлгү аларлык аткарган иштери бүгүнкү күндө да элдин рух дүйнөсүнө таасир этип, өзүнүн тарыхый жашоосун татыктуу улантууда

Булак: http://bizdin.kg/elib/kitepter/pdf/enclpdia_%20kg_adabyat.pdf


Кыргыз