Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

Табият таануу менен тарыхтын айкалышы

Табият таануу менен тарыхтын айкалышы

Илгери дүйнөнү анын көзгө көрүнүп турган ар түрдүүлүгүнө карабай бир бүтүн нерсе катарында, бири биринен ажырап, бөлүнүп тургансыганына карабай өз ара байланышкан нерсе катарында түшүнүп турган кезде табият таануу менен тарыхты айкалыштыруу маселеси ойго келген эмес. Түбөлүккө сакталып калууга татыктуу делген бардык окуялар жылнаамаларга киргизиле берген. Согуштар менен суу ташкындары, коңторушар менен кара түрмөлөр, генийдин төрөлүшү жана куйруктуу жылдыздын пайда болушу сыяктуу бардык көрүнүштөр менен кубулуштар келечек муундар үчүн керектүү жана кызыктуу бөлөт деп эсептелинген. Ал кездеги илимий көз карашта “окшоштон окшош жаралат” деген сыйкырдык принциби үстөмдүк кылып турган, бул болсо элдердин же айрым инсандардын тагдырлары менен табият кубулуштарынын ортосундагы бай- ланыштарды боолголоп чечмелөөгө мүмкүндүк берген. Бул принцип астрологияда жана төлгөчүлүктө колдонулуп, өнүгүп келген, бирок кийин бул принциптер айрым илимдердин өнүгүшүнө, илимий ачылыштардын көбөйүшүнө байланыштуу турмушка жараксыз, беймаани ырым-жырымдар катары сүрүлүп ташталган.

XVIII—XIX кылымдарда илимдердин тармакташып кеткендигинин натыйжасында ого эле коп маалыматтар чогулуп, XX кылымдын башы ченде анын серепте кароого көз кыйыры жетпей калган болучу, көркөмдөтүп айтканда, Илимдин кубаттуу дарыясы кол менен чапкан арыктарга агып кирген эле. Ал суулар кеңири мейкиндиктерге жан киргизип турду, бирок ал дарыядан суу алып турган кол соолуп калды, т. а. дүйнөгө көз караштын бир бүтүндүгү бузулду. Ошентип, күздө соккон катуу шамал кол түбүнө чоккон туздуу топуракты чаң ызгытып учуруп келип талааларга чачып жатат. Эми жакын арада үйүр-үйүр мал жайылып жан бак- кан, кургак болсо да оттоорго чөбү бар талааларды шор басат, биочөйрө оз ордун, албетте, түбөлүккө эмес, бирок узак убакытка какырлыкка бошотуп берет. Акыры эл да бул какыраган чөлдү таштап кетүүгө аргасыз болот, арыктарга тунмшилендилер толуп, бүтөлөт да, дарыя болсо кайрадан жаны нук таап ага берет, табигый өзөн сууга толуп, көл калыбына келет. Шамал жер катмарды учуруп, анын ордуна топурактын жука катмарын төшөйт, ал жерге чөп кылтыйып өсүп чыгып, мал өтөбөгөндүктөн бөө түшүп жыгылып турат. Бир нече кылым өткөн соң ал жерлер семирет, көлдө планктондор пайда болот. Ошондон кийин чөп жей турган жаныбарлар кайтып келет. Сууда сүзүүчү канаттуулар менен кошо сууга балыктын уруктары келип түшөт. Жашоо өзүнүн көп түрдүү көрүнүшүндө кайрадан салтанат кура баштайт.

Илимде да ушундай, тар кесипчилик билим топтоонун каражаты катары гана пайдалуу, илимдерди тар макташтырып бөлүү бир мезгилдерде керек бөлгөн, антпесе да бөлбөйт эле, бирок ал бөлүнүү узакка улантыла берсе аягы жакшылык менен бүтпөйт. Маалыматтарды кеңири жалпылоо үчүн системага салбай топтой берүү да майнапсыз иш болуп калат. Айткылачы, байыркы илимдин принциптери ошончо эле туура эмес беле? А балким, анын мажестиги постулаттарда эмес, ал постулаттарды туура эмес пайдаланышкандыктарына болуп жүрбөсүн? Чындап келгенде “табият тарыхы менен адамдардын тарыхынын” өз ара катышы жок эмес, бар. Ал карым-катышты биздин көз алдыбызда ургаалдуу өнүгүп жаткан изилдөө усулунун жана топтолгон билимдердин жыйындысын пайдаланып баамдоого болот. Бул жол менен барууга аракеттенип, алдыбызга жаратылыш кубулуштарын интерпретациялоодо тарыхты изилдеп үйрөнүү пайда алып келиши мүмкүнбү деген маселе коёлу.

Арийне, социалдык көрүнүштөр менен жаратылыш кубулуштары өз ара окшошпогону менен ал экөөнүн ортосунда кайсы бир жерде карымкатыштын бар экени ачык нерсе. Маселе, ошол карым-катыштын белгилерин табууда турат, анткени ал жалпы алганда антропочөйрө болбошу мүмкүн. Эгерде антропочөйрөнү биомасса катары түшүнө турган болсок, анда бул кубулуштун эки тараптуулугун белгилеп алууга тийишпиз: а) мозаикалуулук, анткени адамдардын ар кайсы жамааттары айлана-чөйрө менен ар башкача карым-катышта болот; эгерде биз кийинки беш миң жыл аралыгындагы кеңири белгилүү тарыхты эске алсак, анда булар түрдүүлүк жана анын себептери эле алдыга койгон маселенин ачкычы болушу мүмкүн; б) изилденүүчү маселенин — адамзаттын коп кырдуулугу. Муну ар бир адам (же бүткүл адамзат) дене да, организм да, кайсы бир биоценоздун жогорку звеносу да, коомдун мүчөсү да, улуттун өкүлү да ж.у.с. деген мааниде түшүнүү керек. Жогоруда келтирилген ар бир маселеде предмет (бул жерде адам) ар түрдүү илим тармагы аркылуу изилденет, бирок бул изилдөөнүн башка аспектилерин жокко чыгарбайт. Биз изилдөөчү маселеде бир бүтүн нерсе катарында адамзаттын дал этностук тарабы өтө маанилүү болуп эсептелет.

Гносеологияга бир аз саякат жасап көрөлү. Жөнөкөй байкоо жүргүзгөндө эмнелерди көрүүгө болот деген суроо коёлу. Көрсө, ал предметтин өзү эмес, предметтердин чектери экен. Биз деңиздин суусун, асманды көрөбүз, анткени алар жээктер, аба, тоолор менен чектешип турат.

А бирок суунун тереңинде же анын үстүнкү бетинде жашаган балык торго түшүп, абага суурулуп алынганда суу деген бар экенин түкшүмөлдөшү мүмкүн беле. Биз да убакыт деген категория бар экенин билгенибиз менен анын чегин билбегендигибизден ага жалпы кабыл алынган тар- типте аныктама да бере албайбыз. Айырмачылыктар канчалык күчтүү болсо, биз көзгө көрүнбөгөн, бирок боолголоп, т. а. кыял менен сүрөттөй ала турган предметтер ошончолук ачык боло берет.

Окуялардын тизмеги катары тарыхты биз үзгүлтүксүз байкап турабыз. Демек, тарых дегенибиз бул чек ара… Бактыга жараша, ал чек материянын кыймылынын социалдык формасы менен жаратылыштагы кыймылдын төрт формасынын ортосундагы чек экенин билебиз. Мындай болгон соң, социочөйрө жана ал жараткан техночөйрө менен бир катарда кандайдыр бир жандуу маңыз адамдардын айлана-чөйрөсүндө гана эмес, алардын өздөрүнүн ичкерки дүйнөсүндө да жашап турат деп айтсак болот. Бул кубулуштар ушунчалык карама-каршылыктуу болгондуктан адамдардын аң-сезими аркылуу оңой эле баамдалып турат. Так мына ошондуктан гуманитардык концепциялар жараксыз, туурасын айтканда, жетишсиз болуп чыкты. Гуманитардык концепциялар тарыхый процесске же процесстерге географиялык, биологиялык, социалдык же (идеалисттик системадагы) руханий факторлордун таасирлери жөнүндө маселе коёт да, процесстин өзүн, ал процессти түзүүчү нерселерди эмпирикалык жалпылоого мүмкүндүк берүүчү процесстер менен факторлордун оз ара бай- ланышы унутта калат. Бул жерде сунуш кылынып отурган усул — тарыхтагы түшүнүксүз жерлердин “чатышын чечүүгө”, андан соң изилдөөлөрдүн ар түрдүү усулдарынын жыйынтыктарын эске алуунун негизинде синтезге өтүүгө зарыл керек болгон талдоонун, т. а. “мүчөлөп бөлүүнүн” так өзү, андан башка эч нерсе эмес.

XIX кылымдагы тарыхграфияда табият кубулуштары менен социалдык көрүнүштөрдүн байланышы көп учурда эске алынган эмес.1 Азыркы мезгилде жаратылыш процесстеринин динамикасы ушунчалык мыкты изилденгендиктен аларды тарыхый окуялар менен салыштыруунун мүмкүндүгү ачык болуп калды. Адам ландшафттын биоценозуна эң жогорку жыйынтыктоочу звено катары кирерин биоценология көрсөтүп отурат, анткени адам эң ири жырткыч жаныбар, демек, ал табияттын эволюциясына баш ийет, бирок бул экинчи бир кошумча учурду — өз алдынча өнүгүүгө жөндөмсүз болгон жана акырында талкаланып, кыйрап турган техночөйрөнү түзүүчү өндүргүч күчтөрдүн өнүгүшүн жокко чыгарбайт. Булак – bizdin.kg


Кыргыз