Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

“Системанын” жөнөкөй түшүнүгү

“Системанын” жөнөкөй түшүнүгү

Социалдык системанын кеңири белгилүү мисалы катары бир үйдө чогуу жашаган үй-бүлөнү алалы. Системанын элементтери: үй-бүлө мүчөлөрү жана алар колдонуучу буюм-тайымдар, анын ичинде күйөөсү, аялы, кайын энеси, уулу, кызы, үй, кудук, мышык бар. Булар чогуу түрдө, күйөөсү менен аялы ажырашып кеткиче, өз алдынча иштеп, маяна таап балдар бөлүнгүчө, кайын энеси менен күйөө баласы урушуп калгычакты, кудуктун оозун чөп басып, суусу балырлагыча, мышык там үстүнө бала тууганга дейре бирдиктүү үй бүлөнү түзөт. Ушундай “бөлүнүүдөн” кийин, үй-бүлө мүчөлөрү чогуу болушкан күндө да ал үй-бүлө болбой калат, короодогу жандуу жана жансыз нерселердин баары өз ордунда болгонуна карабай үй-бүлө системасы бузулуп, жок болуп кетет. Тескерисинче, эгерде кайын эне өлүп, үй кайра курулуп, мышык кайдадыр жоголуп, уул өз алдынча бөлүнүп, элементтердин саны кыскарганына карабай үй-бүлө сакталып калат. Анткени системанын чыныгы көрүнүшү жана аракети үчүн жандуу жана жансыз нерселер негизги фактор боло албайт, мында эн башкы ролду өз ара байланыштар аткарат. Ал эми байланыш деген түшүнүктүн оордук-жеңилдиги, ысык-суугу, заряды жок экени белгилүү.

Бул бири экинчисине окшошпогон адамдардын ортосундагы ички байланыш системалык байланыштын чыныгы көрүнүшү болуп эсептелет. Муну кайсы бир башка көрсөткүчтөр аркылуу аныктоо мүмкүн эмес.

Системадагы байланыштар оң жана тескери таасирдүү болуп, айрым адамдар өз өмүрүндө системадагы байланыштардын оң жана тетири белгилерин алмаштыруу өзгөчөлүгүнө ээ. Мисал келтирели. Жаны туулган наристенин улуулар менен байланышында өзгөчө багыты жана “салмагы” болот1. Ал жөнүндө камкордук көрүлөт, аны тарбиялап, окутат. Ал эр жетип үй-бүлөгө ата болгон мезгилде байланыш белгиси тетири өзгөрүлөт: ал өз ата-энесине камкордук көрүп, балдарын тарбиялайт. Акыры, ал өзү картайганда кайрадан камкордукка жана багууга муктаж болуп калат. Бул мыйзам ченемдүүлүк ар кандай системанын туруктуу эместигин жана анын динамикалык тең салмактуулукта (гомеостаз) болорун же бул системадан сырткары турган кайсы бир импульстун түрткүсүнө жараша кыймылда болуп турарын көрсөтөт. Балким, бул импульс жогорку баскычтагы система үчүн чектелүү болушу мүмкүн, бирок мындан таасир механизми өзгөрүп кетпейт.

Үй-бүлө — системанын эң ачык мисалы. Анткени менен мындан бир топ татаал системалар, айталы, этнос, социалдык түзүлүш, түр, биогеоценоз да ошол эле мыйзам ченемдүүлүккө баш иет. Алар иерархиянын принциби боюнча түзүлгөнүнө карабай, подсистемалар — системалык бир бүтүндүктү — суперсистеманы; суперсистемалар — гиперсистеманы ж. у. с. түзөт. Ушинтип, динамикалык стереотиптерди түзгөн жалпы байланыштардын бар болуп турушу аздыр-көптүр туруктуу келет, бирок эч качан түбөлүктүү боло албайт.

Ошентип, система катарында этностун туруктуулугунун ченеми анын чоңдугу, т. а. элинин саны жана ата-баба салтын толугу менен кайталагандыгы менен аныкталбастан, байланыштардын орточо эсеби менен аныкталат. Белгилүү бир чектерден сыртка кескин түрдө чыгып кетүү же кыйроого, же дүркүрөп өнүгүүгө алып келет. Этностун ийкемдүүлүгү ушундайча түзүлөт. Ал ийкемдүүлүк сырткы таасирлердин күчүн басаңдатууга, ал эми кээде жоготкондорун калыбына келтирүүгө мүмкүндүк берет, анткени “көп байланышы” бар система байланыштарды кайра түзүүдөгү жоготууларды толуктайт.

Мына ушундай жөнөкөй түшүндүрүүдөн соң эми илимий аныктоолорго, т. а. бизге зарыл керек болгон көлөмдөгү кибернетикага жана системалогияга өтөлү. Булак – bizdin.kg


Кыргыз