Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

САГЫМБАЙ ОРОЗБАКОВ

САГЫМБАЙ ОРОЗБАКОВ

Эпосту түзгөн эл. Эпосту кайра элге жеткирүүчү, жомокчу — бул манасчы. Манасчы — акын, тарыхты жакшы билген, акылга бай адам жана тубаса элдик артист. XX кылымда жашаган манасчылардын эң көрүнүктүүсү, таланттуусу жана улуусу Сагымбай Орозбак уулу болуп саналат. Бирок ушул улуу киши жөнүндө бир да сөз жазыла элек. Сагымбай улуу акын, улуу эпосту түзүүчүлөрдүн бири. Эпосту кандай гана шартта окугун, баары бир сени өзүнө тартып алат да, укмуштуу жөнөкөйлүгүнө, эркин күчүнө, уйкалышкан сөз тизмегине, сонун образдарына тамшандырат. Сагымбай элдик адабияттын пири катары сезилет да улуу Гомердин элесиндей көрүнөт.

Сагымбай 1867–жылы ЫсыкКөлдүн күнгөй тарабында «Тору айгырда» туулган. Атасы Орозбак Ормонхандын кернейчиси болгон. Агасы Алишер эл көзүнө илинген кадимкидей эле манасчы болгон. Кийин иниси таанылып чыкканда агасы «Манас» айтууну койгон. Сагымбай элдик легендада айтылгандай, 14—15 жашында эле «түш көрүп» жана Тыныбектен үйрөнүп манасчы болгон. Ал жаш кезинен эле оозго алынып ЫсыкКөл, ТяньШань өрөөнүнө бүт айтып, анан Чүй, Талас, КетменТөбө, Алайга чейин барып айткан. Ошол «Манас» айтып барган бир –жылы Чүй өрөөнүнөн 400 керкашка жылкы айдап келген эле дешет. Казак элине баргандагы сыйы да ушуга тете болгон. 30 жашында СарыҮйсүн, Кум казактарынын ырчылары менен жолугушканда, тигилер: «биздин казак, кыргызда мындай олуя ырчы жок»,— дешкен дейт.
Сагымбай өз доорунун барлык улуу кишилери менен байланыштуу болгон жана өз заманын жакшы тааный билген.
Кыргыздын улуу акыны Токтогул менен КетменТөбөдө кезигишкенде Токтогул Сагымбайга баш ийген экен. Токтогул менен олтурганда бир күн, бир түн тынбай айтыптыр.

Ошондо Токтогул: «кыргыздан мындай манасчыны көргөн эмесмин, эстен тандым», — деген экен. Эл артисти Молдобасан Мусулманкулов да жогору баа берген.
Сагымбай 1916-жылы Кытайга эл менен кошо үркүп барып, ал жерде да «Манас» айткан. Сагымбайдын вариантын жазуу революциядан кийин башталды. Улуу манасчы чын дили менен «Манаска» берилген Ыбырайым Ак Молдону ээрчитип алып, төрт жыл бою жаздырган. Ал эч кандай эмгек акы, калем акы да алган эмес. Бир күнү «Манасты» жаздырып жатып Ыбрайымга: «Азыркыбызга кейибейли, кийинки укумтукумубуз үчүн кейийли, жүр нарыга салбай жакшылап жазып, жакшылап айталы, булар билбесе кийинки калыс өспүрүмдөр билер. Бизге ыракмат айтышаар» — деген экен. Анын бул акылман сөзү айтканындай эле бар.

Албетте, ал киши биздин күндө өзү айткандай бааланууда.
Сагымбай кийин да кыргыз жерин бүт кыдырып өнөрүн элге тартуулады. Ал өз элин баатырлыкка, эр жүрөктүүлүккө, адилдикке жетелеген акын болгон. Эл аны жалаң гана манасчы катары баалабастан, көрөгөч, касиеттүү киши катары да баалашкан. Ошондуктан өз балдарынын аттарын Сагымбай деп койгондор да болгон.

Кээ бир учурларда малга кырсык учурап, өлүмжетим болгон жерлерде «касиети тийет» дешип, Сагымбайды чакырып, «Манас» айттырышкан. Элдин арасында манасчынын образы төмөнкүдөй айтылат: жазы маңдай, жалын көз, жүзүнөн ырыс тамган, ырына ооз тең келбеген, жайкалган кара сакал, кара мурут, ак көңүл, кичи пейил, салабаттуу, чексиз адамгерчиликтүү кыргызда ченде туулган сонун адам эле».
Кыргыздын Гомери Сагымбай Орозбак уулун дайыма эскерип туруу менен анын туулган жана өлгөн жылдарын (1930-жылы 63 жашында, Кочкор районунда КошДөбө кыштагында өлгөн) улуу акындар катары белгилеп турушубуз керек.

Алыкул Осмонов 1946-жыл


Кыргыз