Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

Платон

Платон (Х.Т.ч. 427—347) — Байыркы Грециянын эң көрүнүктүү философу. Ал — философияда бүтүндөй бир багытты негиздеген жана философиянын бүткүл тарыхынын жүрүшүндө өз таасирин тийгизип келген жана тийгизип жатат. Көп учурда, а түгүл философиянын бүткүл батыш тарыхы — Платондун чыгармаларына жазылган эскерүүлөр деп айтышат. Ал Афинага жакын жердеги Эгина аралында туулган. Анын атасы Аристон Аттиканын акыркы падышасы Кодранын тукумуна, энеси Перектиона Солон аттуу мыйзам чыгаруучу белгилүү адамды берген үй-бүлөдөн чыккан. Анын чыныгы ысмы Аристокл.

Уламышка караганда аны Платон деп Сократ атаган имиш. «Платон» — грекче кең далылуу же жоон дегенди билдирет. Жаш чагында ал спорт менен көп машыккан. Философия менен алектенүүдөн мурда Платон көркөм адабият, музыка жана живопись тармагында адабий ишмердикти жүргүзөт. Ал көптөгөн ырларды жазган. Философия менен ал Гераклиттин шакирти Кратил аркылуу таанышат. Кратил Гераклиттин окуусун улантып, бирок анын көз караштарын өтө эле аша чапкандык менен түшүндүргөн. Эгерде Гераклит бир кечкен сууну эки кече албайсың десе, Кратил муну бир жолу да жасоого болбойт, анткени ал тынымсыз агып тургандыктан кечер маалда ал башка агым болуп калат деп эсептеген. Ошондой эле белгилүү бир нерсени аты менен атоого болбойт, анткени нерсе дайыма өзгөрүп тургандыктан мурдагы аталыш өзгөргөн нерсеге ылайык келбей калат. Ошондуктан Кратил нерселерди атынан атабастан, тигил же бул нерсени сөөмөй менен көрсөтүү керек деп сунуш кылат. Платонго Сократ өтө күчтүү таасир көрсөтөт, Сократ менен таанышкандан кийин Ал көп саякат жасайт, Египетте, Түштүк Италияда, Сицилияда болот. Сократ өлгөндөн кийин Афинаны таштап, Мегарада жашайт. Андан кийин Афинада бир аз жашап турган соң Египетке келет, ал жерден Түштүк Италияга, андан Сицилияга барат. Бул жерде ал тиран Дионисий Старшийдин тууганы Дион менен таанышат. Бирок Дионисий Платонду кулдукка сатып жиберет, кулчулуктан аны Аннекирид акысын төлөп бошотуп алат. Кырк жаш курагында Афинага кайтып келип, Платон Академия деп аталган өз мектебин уюштурат.

Диондун чакыруусу боюнча ал Сицилияга эки жолу каттайт. Өзүнүн идеал мамлекет жөнүндөгү долбоорун турмушка ашыруу үчүн аракеттенип, Платон Сиракузга барат. Бирок Платондун бул аракети оңунан чыккан эмес. Өмүрүнүн акыркы жылдарын Платон Афинада өткөрөт. Платон чыгармалары толук бойдон бизге жеткен биринчи эң ири философ болгон. Бирок Платондун чыгармаларынын түп нускасы жөнүндөгү проблема «платондук маселени» пайда кылган. Платондун чыгармаларынын кол жазма түрүндө сакталган тизмеси 34 диалогду, «Сократка апологияны» жана 13 катты камтыйт. 34 диалогдун айрымдары кээ бир изилдөөчүлөр тарабынан түп нуска эмес деп эсептелинет. Платондун философиясын баяндоону анын философиялык ой жүгүртүү усулунан баштоо керек, бул усул өтө өркүндөп өскөн сократтык маектердин усулу болуп саналат (Анын үстүнө Сократ платондук маектердин борборунда турган адам). Ушул усул аркылуу диалектика келип чыгат, ал суроолорду туура кое билүүдөн жана ага туура жооп берүүдөн жана ушундай жол менен чыныгы аныктамаларга келүүдөн жана каралып жаткан предметтин маңызын аныктап билүүдөн көрүнөт.

Идеялар теориясы. «Теэтет» диалогунда Платон билимдин маңызы жөнүндө маселе коёт: «Билим деген эмне?» — буга жообунда билим дегенибиз бул туюм эмес экендигин көрсөтөт. Сезимдик билим чыныгы билим боло албайт, анткени сезимдик нерселер түшүнүлгөнгө чейин эч нерсени билдире албайт, мисалы биз чет тилин угуп турганыбыз менен аны түшүнбөйбүз. Демек, чыныгы билим дегенибиз — бул акыл-эс аркылуу жетишиле турган билим, бул учурда мындай билимдин предмети катарында эми нерселер эмес, бытиенин маңызы катарында идеялар чыгат. Идеялар жөнүндөгү маселе Платон тарабынан аркыл диалогдордо каралат, ал диалогдор төмөнкүлөр: «Гиппий Болыиий,» «Федон», «Пир», «Филеб». Платондун «идеялар» жөнүндөгү түшүнүгү сонундук түшүнүгүн кароонун мисалынан алда канча ачык көрүнөт. Жогоруда аталган диалогдордо Платон ой жүгүртүүлөрдүн негизинде сонундук түшүнүгүн аныктайт, ой жүгүртүүлөр көрсөтүп тургандай, сонундук түшүнүгү сонундуктун кандайдыр бир эмпирикалык түрүнө жөн гана ылайык келе бербейт. Ал сонундук телонун кандайдыр бир бөлүгү катарында же дагы бир башка түрдө көрүнбөйт. Платондун пикири боюнча, сонундукту обьективдүүлүк, мейкиндик жана убакыт менен байланышкан конкреттүү шарттарга багыныңкы эместик, тийиши жоктук сыяктуу белгилер аныктайт.

Платондун «идеясы» бардык сезимдик нерселерден кескин түрдө айырмаланат. Нерселер дайыма өзгөрүп турат, ал эми идея, б.а. сонундук өзү менен өзү болуп, эч качан өзгөрбөйт, өз сынынан жазбайт. Платонго ылайык, бизди курчап турган материалдык дүйнөнү сезимдерибиз аркылуу таанып-билебиз жана ал дүйнө идеялар дүйнөсүнөн жаралат, ал идеялар дүйнөсүнүн «көлөкөсү». Идея өзгөрүүсүз, кыймылсыз жана түбөлүктүү бар болуп турганда материалдык дүйнөнүн нерселери дайыма пайда болуп жана өлүп жок болуп турат. Мисалы, биздин турмушубузда заттык столдор көптөгөн столдордо көрүнө турган столдун түбөлүктүү жана өзгөрүлбөс көлөкөсү болуп саналат. Платон түшүнүктөрдү гипостаздаштырат, б.а. жалпы түшүнүктөрдү өз алдынча маңызга, реалдуулукка айландырат. Платондун пикири боюнча, айрым жеке нерселер сезим аркылуу билинет, ал эми акыл-эс болсо айрым жеке нерселерди эмес, маңыздарды аңдайт, демек, бул маңыздар — нерселердин негизин түзө турган идеялар болуп саналат. Платон идеяларды конкреттүү сезимдик нерселерден ажыратып, идеялардын дүйнөсүнө баш ийген, материалдык дүйнөдөн тышкары турган чыныгы маңыздар катарында карайт. Материалдык дүйнө деп Платон конкреттүү, сезим аркылуу кабылдана турган нерселердин жана кубулуштардын дүйнөсү катарында түшүнөт, бул дүйнө реалдуу бытие катарында түшүнүлгөн идеялар дүйнөсү менен бытие эмес материалдык дүйнөнүн ортосунда турат, мына ушул бытие сыяктуу болуп көрүнгөн бытие реалдуу бытиени бытие эместен бөлүп турат.

Реалдуу, б.а. Платондун пикири боюнча, нерселер сыяктуу көрүнгөн нерселер идеялардын көлөкөсү, кебетелеши гана болуп саналат, бул идеялар бизди курчап турган бардык нерселердин өзүнчө бир үлгүлөрү катарында чыгат. Идеялар Платон үчүн бир тектүү эмес, ал өзүнчө бир иерархияны пайда кылат. Бир катар идеялар жогорку даражадагы идеяларга таандык кылынат, алар: жыргалчылык, акыйкат, сонундук, адилеттүүлүк идеялары. Андан кийин физикалык кубулуштар менен процесстерди билдирген идеялар жүрөт, буларга: от, кыймылсыздык, кыймыл, түс, үн таандык. Идеялардын үчүнчү катары жандуу нерселердин айрым түрлөрүн, мисалы жаныбарларды жана адамды чагылдырат. Андан ары предметтерге, мамилелерге жана башкаларга таандык идеялар жүрөт. Платондун идеялар концепциясынын дагы бир тарабы бар. Платон үчүн идея онтологиялык мааниде алганда реалдуу бытие катарында гана чыкпастан, ал жөнүндөгү ой, ал бытие жөнүндөгү түшүнүк катарында да чыгат, б.а. предметтин маңызы жөнүндөгү тектик түшүнүк болуп саналат. Идеяны реалдуу бытие катарында жана предметтин маңызы жөнүндөгү түшүнүк катарында кароо тааным процесси жана анын маңызы жөнүндөгү суроого жооп берүүгө мүмкүндүк түзөт. Платондун оюнча, билимди туюмга да, туура ой-пикирге да, туура ой-пикирди маани менен кошууга алып барып такоого болбойт. Чыныгы билим — идеялар дүйнөсүнө сүңгүп кире турган тааным. Платондун тааным теориясында анын эскерүү (воспоминаний) концепциясы маанилүү роль ойнойт.

Анын пикири боюнча, жан дене менен кошула электен мурда өзү билген идеяларды эстей алат. Өзүнүн эскерүү теориясын ырастагысы келип Платон «Менон» диалогунда Сократтын бир өспүрүм менен болгон маегин келтирет, бул өспүрүм математиканы эч качан окуп-үйрөнбөй туруп эле туура коюлган суроолордон кийин Пифагордун теориясын өз алдынча аныктамалоого жетишет. Ошентип, Платон тааным теориясында билим менен ой-пикирди так бөлөт, мындай бөлүү ал үчүн чоң маанилүү болгон. Мунун биринчиси идеялар жөнүндөгү билимдерге тиешелүү, экинчиси сезимдик дүйнө менен байланышкан. Билим абсолюттук акыйкатка алып келет, пикир болсо нерселердин тышкы жагына гана тиешелүү. Жогоруда айтылгандардын баарын Платон диалектика деп атайт жана муну ал логика деп да, тааным жөнүндө окуу деп да, усул жөнүндө окуу деп да, бытие жөнүндө, идеялар жана алардын түрлөрү жөнүндөгү окуу деп да, ошондой эле реалдуу бытиенин чыныгы түпкү тегин аң-сезимдүүлүк менен таанып-билүү деп да түшүнөт. Платондун гносеологиялык жана онтологиялык көз караштары анын жан жөнүндөгү түшүнүгү менен тыкыс байланыштуу. Платон үчүн жан материалдык эмес, ал өлбөйт, түбөлүк жашайт. Жандын да өз иерархиясы бар, ал эң жогору турган акыл-эске, андан соң эркке жана изги максаттарга, анан кумарлык жана сезимдик болуп бөлүнөт. Платон философиянын тарыхында биринчи жолу духтун материяга мамилеси жөнүндөгү маселени ачык түрдө коюп, аны ар түрдүү позициядан карап чыгат. Адегенде, деп эсептейт ал, өзүн өзү кыймылга келтирүүчү нерсе пайда болууга тийиш. Ал жандан, акылдан башка эч нерсе эмес. «Жан өзүнүн кыймылынын жардамы аркылуу асмандагыларды, жердегилерди жана деңиздегилерди башкарып турат» [Мыйзамдар. 897а].Платон жан проблемасын такыбаачылыкка тарбиялоо маселесине байланыштуу да коёт. Жанды тарбиялоо проблемасы «Федон», «Пир», «Мамлекет» диалогдорунда каралат.

Жан үч башталмадан: акыл-эстүүлүктөн, кызуулуктан (эргүү), ышкылыктан (вожделения) турат. Жандын бул үч курамына үч топ — сакчылар, аскерлер, кол өнөрчүлөр ылайык келет, ал эми ар бир топко өзүнчө такыбаачылык сапаттар: акылдуулук, эрдик, токтоолук мүнөздүү. Туура тарбия гана мамлекетте адилеттүүлүктү жана жанда бардык ушул үч башталманын шайкеш келишин камсыз кыла алат жана кылууга тийиш. Эгерде ушул үч бөлүктүн ортосунда шайкештик болбосо адилетсиздик, жеткилең эмес мамлекеттик түзүлүш жана тиги дүйнөдөгү жаза келип чыгат. Платондун философиялык көз карашында коомго жана мамлекетке карата айтылган ой-пикирлери чоң орунду ээлейт. Платонду мамлекет жөнүндөгү өз түшүнүгүн системалык түрдө иштеп чыккан байыркы грек философторунун бири деп эсептөөгө болот. Платондун философиялык проблематикасынын борборунда жаратылыштын түпнегизи жөнүндөгү абстрактуу натурфилософиялык жоболор эмес, адам проблемасы турган. Коомдук-саясый маселелерге Платон өзүнүн бир кыйла ири эки чыгармасын — «Мамлекет» жана «Мыйзамдар» деген эмгектерин арнайт. Буларга «Саясатчы» жана «Критон» диалогдорун да кошууга болот. Платон байыркы замандарда жашаган мамлекеттин идеал тибин сүрөттөп жазат. Бул идеал типке Платон мамлекеттин терс тибин карама-каршы коёт, бул терс тип төрт формада көрүнөт, алар: тимократия, олигархия, демократия жана тирания. Тимократия дегенибиз — башкаруунун бул формасында бийлик мансапкорлордун колунда болот, баюуга умтулуу күч алат, жашоо-турмуш асемдүү түргө айланат. Тимократиядан кийин олигархия келет, мунун тушунда бийлик көпчүлүктүн үстүнөн үстөмдүк кылган азчылыктын колунда болот. Бийликти байлар жүргүзөт, бирок алар акырындык менен өз байлыктарынан ажырап, кедейленип, коомдун таптакыр пайдасыз мүчөлөрүнө айланышат. Олигархия өнүгүп отуруп демократиялык мамлекетке келет, мында бийлик көпчүлүктүн колунда болот, бирок байлар менен кедейлердин ортосундагы айырмачылык дагы көбүрөөк күч алат.

Демократия кедейлердин байларга каршы көтөрүлүшүнүн натыйжасында пайда болот да, байлар жок кылынат же кууп жиберилет, бийлик коомдун калган бардык мүчөлөрүнүн ортосунда бөлүштүрүлөт. Демократиядан кийин тирания келет, бул демократия куруп бүткөндө пайда болот. Платондун пикирине ылайык, бир нерсенин көп даражада ашыкча болуп кетиши өзүнүн карама-каршысына алып келет. Ошондуктан эркиндиктин ашкере көп болушу, Платон ойлогондой, кулчулукка алып барат, тирания эң жогорку эркиндик болгон демократиянын койнунан төрөлөт. Тирания орногондо, тиран адегенде «жылуу жылмайып, өзү менен жолуккандарды кучактап, өзүн тиран деп атабайт, жалпы жана жеке көп нерселер жөнүндө убада берет, карыздардан куткарат, элге, өзүнө жакындарга жер бөлүп берет, бардык адамдарга бирдей ырайымдуу жана назик адам катарында көрүнүмүш болот [Мамлекет. VIII. 566]. Акырындык менен тиран «кандайдыр бир пайдасы тие турган достору да, душмандары да калбаганга чейин» өзүнүн бардык каршылаштарын кырып жок кылат [Ошонун өзүндө]. Мамлекеттин бардык ушул терс түрлөрүнө карама-каршы Платон идеал мамлекет жөнүндөгү өз долбоорун сунуш кылат, бул коомдун тарыхында биринчи социалдык утопия болгон. Платондун оюна ылайык, бул идеал мамлекет адилеттүүлүк принцибинин негизинде түзүлүүгө тийиш.

Адилеттүүлүккө ылайык бул мамлекетте ар бир гражданин, Платондо адамдардын айрым топторунун ортосундагы айырма адеп-ахлак сапаттар менен аныкталса да, эмгектин бөлүнүшүнө ылайык өзүнө гана таандык абалды ээлөөгө тийиш. Коомдун төмөнкү катмарын өндүрүшчүлөр түзөт, алар: дыйкандар, кол өнөрчүлөр, көпөстөр, андан кийин жоокерлер — сакчылар жана башкаруучулар-философтор турат. Төмөнкү коомдук тап, Платон боюнча, алда канча төмөнкү адептик мүнөзгө ээ болот. Бул үч катмар жогоруда сөз болгон жандын үч бөлүгүнө ылайык келет. Башкаруучулар үчүн жандын акыл-эстүү бөлүгү мүнөздүү, аскерлерге — эрк жана изги кумарлык, өндүрүшчүлөр үчүн — сезимдик жана ышкылык (влечение) мүнөздүү. Ошентип, аскерлер менен башкаруучулардын адептик сапаттарын Платон өндүрүшчүлөрдүн адептик сапаттарынан жогору коёт. Идеал мамлекеттик система, Платондун окуусуна ылайык, адеп-ахлактык жана саясый уюм белгилерине ээ, ал маанилүү мамлекеттик милдеттерди чечүүгө багытталган. Ал милдеттерге төмөнкүлөрдү таандык кылат: мамлекетти душмандардан коргоо, граждандарды үзгүлтүксүз жабдып турууну ишке ашыруу, коомдун жана граждандардын руханий маданиятын өнүктүрүү. Бул милдеттерди аткаруу, Платон боюнча, дүйнөнү башкарып турган идея катарында жыргалчылык идеясын ишке ашыруу болуп саналат. Идеал жана ушундан улам изги мамлекет төмөнкү төрт жакшы сапатка ээ, алардын үчөө коомдун үч катмарына, атап айтканда, акылмандуулук башкаруучулар менен философторго, баатырдык — жоокерлерге, сакчыларга, ашыра талап кылбоочулук (орто заарлык) бүткүл элге мүнөздүү.

Төртүнчү жакшы сапат — бүткүл мамлекет үчүн мүнөздүү, бул «ар ким өз ишин аткарсын» дегенди билдирет. Платон, «ар кайсы ишке чарпылуу», б.а. өзүнүн катмарына мүнөздүү болбогон ишти иштөөгө умтулуу мамлекетке зор зыян алып келет деп эсептейт. Аристократиялык республиканы Платон башкаруунун эң мыкты формасы деп эсептейт. Мамлекеттердин терс типтеринин мүнөздүү белгиси катарында Платон материалдык кызыкчылыктарды көрсөтөт. Ошондуктан Платон өзүнүн идеал мамлекетинде ушул коомдун бардык граждандарынын үлгүлүү жашоо-турмушунда чагылып көрүнө турган адеп-актык принципти биринчи планга алып чыгат. Платондун идеал утопиялык мамлекети сүрөттөлгөн долбоордо анын граждандарынын жашоо-турмушу көп жагынан белгилүү бир эрежелерге багындырылган. Платон жогорку катмарларда жеке менчиктин болушуна жол бербейт, жеке менчик төмөнкү катмарлардын, өндүрүшчү таптын колунда болушу мүмкүн. Платон жогорку катмардагы адамдар үчүн үй-бүлөнүн болушуна да жол бербейт. Никелешүү мамлекеттин байкоосу астында жана бала төрөө үчүн гана ишке ашырылат. Балдар ата-энелеринен тартып алынат да, атайын мекемелерде тарбияланат. Эркек балдар жана кыздар бирдей тарбия алышат, анткени Платондун ою боюнча, аялдар эркектер аткарган социалдык функцияларды аткарууга толук жөндөмдүү. Бүт мамлекетти бактылуу кылууга багытталган Платондун социалдык утопиясы акыры түбүндө жеке адамды курмандыкка чалат. Платондун теориясы боюнча идеал мамлекет өзүнүн социалдык функцияларын өзүнүн жеке керт башынын кызыкчылыктары менен керектөөлөрүн эсепке албай аткара турган адамдардан турат.

Ошентип, мамлекеттин баш кошкондугу адамдардын жеке турмушун катуу чектөөнүн жана кунарсыздандыруунун, жеке адамды мамлекетке толук баш ийдирүүнүн эсебинен камсыз кылынат. Идеал мамлекеттин жогоруда баяндалган концепциясынын негизинде көптөгөн изилдөөчүлөр Платондун теориясын коммунисттик коомдун биринчи долбоору катарында карашкан. Башка бир окумуштуулар Платондун долбоорунда байыркы коммунизм сүрөттөлгөн деп эсептешет. Платондун идеал мамлекеттик түзүлүш жөнүндөгү теориясы өзүнүн айрым бир жоболорунун аша чапкандыгына карабастан цивилизациянын андан аркы өнүгүшүндө мурда эле Платон тарабынан сүрөттөлгөн бардык тоталитардык белгилери менен иштелип чыгып жана турмушка ашырылган социалисттик коомдун мисалына толук ылайык келет. Алсак, Платон бийликтердин катуу идеологиялык диктатурасы болуу керектигин белгилеген. «Кудайсыздык» үчүн өлүм жазасына тартуу каралган. Ошондой эле, мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн моралды өркүндөтүп-өнүктүрүүгө багытталбаган ар кандай искусство катуу цензурага кабылмак.«Бул жерде башкы нерсе,— деп жазат Платон,— мейли эркек, мейли аял болсун, эч ким эч качан башчысыз калбоого тийиш. Мейли олуттуу иштерде болсун, мейли оюн-шооктордо болсун эч ким өзүн өзү каалагандай алып жүрүүгө көнүктүрбөш керек… Башкаларды башкарып, өзүң да башка бирөөлөрдүн башкаруусу астында болушуң керек» [Мыйзамдар. XII. 942].

Платондук мамлекет — бул деспоттук мамлекеттин теориялык схемасы. Платондун окуусунун ар түрдүү тараптарын карап чыгуу менен, биз алардын баарысы «идеялар» концепциясынын ар түрдүү тармактарда ишке ашырылганы болуп саналарын көрдүк. Ошентсе да, Платондун «идеялар» жөнүндөгү окуусу мезгилдин өтүшү менен билгилүү бир өзгөрүүлөргө да учураган. Мындай өзгөрүүнүн процессинде Платондун пифагорчулар менен жакындашуусу болуп өтөт. Атап айтканда, бул анын космологиялык окуусунан көрүнөт. Өзүнүн чыгармачылыгынын акыркы мезгилдеринде жазган «Тимей» диалогунда космология жөнүндөгү өз түшүнүгүн түз эле пифагорчунун оозуна сала берет. Платондун космологиясы төмөнкүчө окуу болуп саналат. Космостун формасы шар түрүндө, ал жаратылган жана түбөлүктүү эмес. Демиург (жаратуучу) дүйнөгө тийиштүү тартипти орноткон. Бул дүйнө — жандуу нерсе, анын жаны бар, ал жан дүйнөнүн өзүндө эмес, топурактын, суунун, оттун жана абанын элементтеринен турган бүткүл дүйнөнү өзү менен курчап турат. Бул элементтер сан мыйзамынын негизинде белгилүү бир пропорциялык бирикмелерге топтолгон. Дүйнөлүк жанда сандык мамилелер жана гармония үстөмдүк кылып турат. Анын үстүнө дүйнөлүк жан ошондой эле таанымга да ээ. Дүйнө бир катар чөйрөдөн турат: кыймылсыз жылдыздардын чөйрөсү, планеталар чөйрөсү.

Ошентип, дүйнөнүн структурасы төмөнкүдөй болуп чыгат: теңирлик акыл (демиург), дүйнөлүк жан жана дүйнөлүк тело (космос). Жандууларды Кудай жаратат. Платондун ою боюнча, жанды Кудай жаратат, ал жан өзү жашап турган дене өлгөндөн кийин башка бир денеге көчөт. Жандын көчүшү жөнүндөгү теорияны Платон орфиктерден өздөштүрүп алса керек. Пифагореизмдин Платонго тийгизген таасири анын заттардын түзүлүшү жана анын өнүгүшүнүн мыйзамченемдүүлүгү жөнүндөгү окуусунда өзгөчө байкаларлык. Платон идеянын структурасына математикалык өз ара мамилелерди жайылтат, ал эми идея нерсе менен тыкыс байланышта болгондуктан, нерседе идеянын математикалык структурасы да чагылышып турат. Ошентип, от пирамида формасындагы телолордон, аба — сегиз бурчтуу формадагы телолордон турган болуп чыгат жана д.у.с. Платондун сандык өз ара мамилелерге кайрылышы обьективдүү түрдө дүйнөнү илимий таанып-билүүгө багытталган. Платондун жогоруда баяндалган «идеялар» теориясы «мажес» деп да аталат, анткени ал теория анын көз караштарынын өзөгүн түзүп турат жана көптөгөн татаалдыктарды эсепке албайт, ошондуктан сынга алууга дуушар болушу мүмкүн. Платон муну өзү да сезген, «Парменид», «Фелиб» жана «Софист» диалогдорунда ага каршы өзүнүн каяша пикирлерин көтөрүп чыгат. Платондун сыны өтө эле олуттуу сын болгондуктан, кээ бир изилдөөчүлөр бул диалогдор Платонго эмес, башка философторго, мисалы, Аристотелге таандык деп эсептешкен. Бирок, өтө кунт коюу менен жүргүзгөн изилдөөлөр булар платондук диалогдор экендигин көрсөттү. Платондун «идеялар» теориясы анын дуализми үчүн жана ошондой эле чыныгы бытиени жердеги сезимдик дүйнөгө түздөн-түз тиешеси болбогон идеяларга алып барып такаганы үчүн сынга алынат.

Ошондуктан, Платон жогоруда айтылган диалогдордо өзүнүн идеялар концепциясына жаңыча мамиле менен карайт. «Идеялар» дегенибиз жекелик менен көптүктүн, бытие менен бытие эместин, кыймыл менен кыймылсыздыктын карама-каршы биримдиги болуп саналат, ушул биримдик — ар кандай өзгөрүүнүн булагы дейт ал. Дал ушунда кийинки Платондун диалектикасы көрүнөт, бул диалектика бир аныктама өзүнүн карама-каршысына өткөндө карама-каршылыкты бирдейлик деп тааныйт. Алсак, бытие — бытие эмести, бирдик — көптүктү, кыймылсыздык — кыймылды, окшоштук — айырмачылыкты болжолдойт. Платон — обьективдүү идеализмдин эң көрүнүктүү өкүлү, анын негиздөөчүсү, бүткүл батыш философиясынын өнүгүшүнө эвристикалык түрткү берген философ. Бул мааниде алганда А.Н.Уайтхеддин айтканы адилеттүү болуп чыгат, ал мындай деп жазган: «Европалык философияга бериле турган эң ишенимдүү мүнөздөмө: европалык философия Платонго карата берилген бир катар эскертүүлөр болуп саналат дегенде турат» [ Уайтхед. Процесс жана реалдуулук. 13-6.].

Булак: bizdin.kg


Кыргыз