Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

Нурдөөлөттүн керези

Кийинки шайлоонун алдында Садыр Нурдөөлөттөн уруксат алып Текеске — айлына кеткен. «Алышкан айгыр», «Мөөрөгөн уй», «Маараган койдун» чуусунда арадан эки-үч жыл  өтүп кетти. Бул эки шайлоодо тең белек эли Нурдөөлөттөн болуштукту талашкан жок. Нурдөөлөттүн жолу жакшы болду. Алышып-жулушуп, талашып, тартышып, союл, чокмор көтөрүп кагылышкан зөөкүр элдин жолу жөнгө  салынды.

Журт агымы бир беткейлерди. Мал төлү дүркүрөп  өстү. Кечээ күнү күн чыгаар алдында коңгуроосун шаңгыратып катуу  өткөн почта орус арабасы Нурдөөлөттүн дарегине тил кат таштап кетти. Ал катта Көл айланасы Каракол өрөөнү  болуп  өзүнчө бөлүнүптүр. Алма-Ата дан жаңы оез келет экен. Анын мыйзамына баш ийүү зарылдыгы  өкүм кылыныптыр. Бул кабарды Нурдөөлөт төшөктө жатып укту. Оорулуунун түрү — суук. Алы начар. Жыгылган күндөөң тартып тез эле  өңүн суука салды. Каруусу кетип, кайры кайрылбачудай ыңгайланды. Ал бул абалын түшүндү. Уйгу-туйгу ой толкунун калчап, Бурулчаны жанына алып олтуруп көңүлү  туура тапкан сырын айтты. Денесинин шишиги киндигинен өйдө  жылып, төштүн ай балкасын тиреп демин кысып,  өмүрүн шаштырып  калган  экен.  Бурулча  эшиктен  кирип,  ооруну  аяп  жанына  кулак кагыша келип олтуруп: — Кайрат кылыңыз, айыгып кетерсиз. Артыңыз кур эмес Балдарыңыз бар. Оору күрсүнүп жаздыктан башын күч менен  өйдө көтөрдү, артына жууркан койдуруп алып: — Ээ Букей ыраазылашалы. Экөөбүздүн баш кошконубузга быйыл он жылга аяк басты. Өйдө-ылдый айтылган кеп болс0  кечирип кой. Кечээги келген кат кабардын мааниси Деркембай айткан акыр замандын босогосу сыяктанат. Эл дыйкан, көчмөң болуп бөлүнөт. Мал каттоо, эл каттоо, жер чеги ченелет.

Журтка тушоо салынып, мыйзам жолу тарыйт көрүндү. Максатыма жетпей кетип баратам. Элге эгедер болор эч кимим жок. Балаң  жаш.  Өзүңдөн башка атаарым калбай турат. Элдин ээси эле сен бол, — деди. Бурулча чочуп кетти. — Ээ баатыр алтын баштуу аялдан, бака баштуу эр ийги  — деген. Калкан, Карабайың бар эмеспи. — Калкан жарабайт. Сөзү кырс, элге мерес, жакшылыгы аз. Андан өзүң да үмүт кылба.

Карабайды эл ээрчибейт. — Ал болбосо Солто алысың эмес го. — Солтонун тууган алыстыгын жерибеймин. Анын оозун;1а тили, башында ою болгон менен дөөлөт көтөрө  албайт. Колтугу ысык, кесири көп. Колун силкип таштады. Торгойдун тилинин эми жок. Максатсыз кой ойлуу кишиЖунуш кайнагандын малы бутун тушап алган, — деди да каңырыгы түтөп ойлоп отуруп, баягы сынчы Деркембайд1>1н айткан сөзүн, Таштанбектин түшүн эсине алды. — Садыр кабарсыз кетти. Эл тизгинин ошого ташта Бурулча бул сөздөн кийин туш-тушка чабарман жиберип Эл жакшыларын жыйнап Нурдөөлөттүн керээзин өз оозу менен айттырмак болду. Элдин аяк башы жыйылып, айыл төлө келгенден кийин саяк, белектин сакалдуу-көкүлдүүлөрү  Нурдөөлөттүн  үстүнө  чогулду. Нурдөөлөт үстүнө жамынган жуурканын бооруна басып олтуруп: — Ага, ини тагдыр жолу ушул экен. Ынтымактуу болгула. Белек, саяк бир боор элсиңер. Акыл-кеңешибиз бир агайын элек.

Эми мыйзам жолу бизди экиге бөлгөн олтурат. Ар кимиң өз камың үчүн, башчың өз башы  үчүн, камчы чапса да, акыл тапса да бирине-бири  айтпаган сыры зынданга түшкөн заман келди. Мына бул Бурулча бириңе эже, бириңе жеңе болуп калды эле. Катарыңардан калтырбагыла. Кеңеш тобунун арасына алып жүргүлө. Сөзүн угуп, өзүн сыйлагыла. Белек ага, ини силерге ыраазымын. Силер мага ыраазы болгула. Саяк туугандарым силерге айтаарым Жолболдунун Садырынан тизгин талашпагыла. Сыртка сүрдүү, ичке жылуу сүйкүмү бар.

Ошону алдыңарга салып, артынан ээрчигиле! Калкан Садырга өзүң бар! Же өз атыңдан киши чаптыр! Бул жыйынга Садырды катыштыргыла — деп буюрду. Ушинтип Калкандын Садырга катып жүрүүчү арам оюн өзүнө артып, жолун бууду. Бул сөздү  уккан Солто, Торгой туугандары оозун басышты. Адатта өлүм астында айтылган керез аткарылат. Садырга Калкан киши жиберди.


Кыргыз