Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

Мукамбеттин өмүрүнүн урунттуу учурлары

Бизде колдонулуп жаткан жыл, он кун эсеби боюнча 569-жылы, азыркы түшүнүк боюнча, Каабанын шайыгы Абдымиталиптин 12 уулунуи кенжеси Абдылда (Алланын кулу деген мааниде) өзүнүн курайш уруусунун асыл зат, бирок дуйнөсү чакталуу үй-бүлөсүнон чыккан Аминага (ишенимдүү деген мааниде) баш кошот. Үйлөнуү тою Аминалардыкында өтүп, Абдылда ошерде жашап калат.

570-жыл тарыхка «Пил жылы» деген ат менен кирген. Анткени, эфиопиялык христиандар арабдар эзели көрбөгөи, билбеген үйрөтүлгөн пилдер менен келишип, үрөйдү учура, Мекени каратканы калышканда, аларды капилет ооруу каптап, кырылып, ойрондору чыгат. Меке аман калат. Ошол эле түнү Перс падышасынын сарайындагы буттар (жасалма кудайлар) өздөрүнөн өздөрү кулап, таш-талкандары чыгат. Ошол эле туну Амина көз жарат жана ага мурдатан берилген аянга жараша тойдо ымыркайга Мукамбет деген ат коюлат. Бизче которгондо, макталуучу, даңкталуучу деген маанини билдирген мындай ат му¬да арабдарда эч кимге берилбеген экен. Куранда, арабдардын эски китептеринде анын аты Ахмад, Хамид, Мухаммад деп берилген жана бардыгы унгулаш сөздөр, арабча жазылышы бирдей. Болочок пайгамбар 29-августа төрөлгөн делет. Арабча раби айынын 12-күнү туулуп, дал ошол куну өмүрдөн өткөндүгү да айтылат. Атасы Абдылда уулун көрбөй көз жумат. Андан 5 тоо, бир нече кой, бир күң мураска калат.

571-жылы жазында алты айлык Мукамбетти Калийма (жумшак, мээримдүү деген мааниде), салт боюнча акыга багууга алып кетет. ( 574-жылы эки периште Мукамбеттин жүрөгүн алып, кара тамчыдан тазалап, кайра салат.

576-жылы Амина уулу менен теркүндөрүнүкүнөн кайтып келатып, Абва деген жерде үзүлүп, ошерде, жол дун боюна коюлат.

578-жылы чон атасы Абдымиталиптеи да ажырайт.

582-жылы абыгайы Абдыталиптин кербени менен Шамга барат. Багийра деген кечил кереметтүү китептерден окуп, билген белгилери боюнча (көлөкө болуп төбөсүндө жылып жүргөн булут, эки далысынын ортосундагы бармак басым калы, тоголок жетимдиги жана араб экендиги), жеткинчектин болочок пайгамбар экендигин аныктап, аны Абдыталипке айтат.

584-жылы курайштардын авазилерге каршы согушуна абагыларын ээрчип барып, жерге түшкөн жебелерди аларга терип берип турат.

595-жылы Кадийча аны кербен башчылыгына дайындап, Шамга экинчи жолу барат. Ал жерден ханифчилик менен таанышат. Кийин исламга ошону негиз кылгандыгы жөнүндө пикир бар. Шамдан ийгиликтүү кайтып келгенден кийин анын ишине ыраазы болгон кырк жаштагы Кадийчанын сунушу боюнча, ага баш кошот. Кадийча, арабчадан которгондо, ара туулган деген мааниде.

605-жылы Кааба кайрадан курулат. Анын касиеттуу кара ташын коюу урматы жана бактысы Мукамбетке туура келет.

610-жылы орозо айынын 24-түнүндө түшүно Жебирейил периште кирет. Кийин аны түнкүсүн кадимкидей коре баштайт. Мукамбет жалпысынан Жебирейилди 24 мин жолу көрүптүр. Ал эми Жебирейлди Адам Ата— он эки, Ыбырайым— 42, Муса — 400, Ыса 10 жолу көргөн экен.

613-жылы Мекенин Супа деген дөңсөөсүндө журтту исламга ачык үгүттөөгө отот.

619-жылы 90 жаштагы Абдыталип, анчалык узабай 64 жаштагы Кадийча көз жумат. Мукамбет эн жакын кишилеринен, колдоочуларынан, коргоочуларынан ажырап, абалы өтө оордойт.

620-жылы пайгамбар Мекеде Ясрибдин (болочокку Медина) алты уруу башчысы менен жолугушат. Алар мусулманчылыкты кабылдашат.

621-жылы 12 ясрибдик Мекенин Акаба адырында исламды салтанаттуу түрдө кабылдайт. Ал «Акабадагы I ант», «ургаачылардын анты» деп аталып жүрөт. Анткени, антта элчини курал менен коргоо жөнүндө айтылбаган. Мунун себеби бар эле. Мукамбет бутбарастар аны согушууга аргасыз кылганча, куралдуу күрөш жөнүндө ойлобостон, жаңы динди үгүт аркылуу гана жайылтууга аракеттенген.

622-жылдын 16-июлу мусулмандардын жапырт көчүшүнүн башталышы. Бул күн кийин мусулман жыл санагына негиз кылып алышган. Андан мурда, жыл башында Мекеге ажылыкка келген 75 ясрибдик, алардын экөө ургаачы, Акаба адырынын түбүндөгү терең аңда пайгамбарга жолугуп, көчуп баруучу мусулмандардын бардыгын тууганча кабыл алууга, бир Аллага гана сыйынып, бирдиктүү журт болуп, Мукамбетти, жер которуп баргандарды өз үй-бүлөлөрундөй коргоого ант беришет. Ошондуктан, «Акабадагы экинчи ант», «согуш анты» аттыккан. 22-сентябрда Мекеден качып чыккан элчи 24-сентябрда Куба кыштагына, андан Ясриб калаасына барат, Ошондон тартып, шаардын Ясриб аты өчуп, Мадинад ан-наби (Элчинин калаасы) кыскача, Медина (калаа) атка көчөт.

623-жылы он жашар Айшага үйлөнөт.

624-жылы мартта Мукамбет баштаган топ Бедирде мекелик бутбарастар менен салгылашып, жоону женет. Пайгамбардын тигилерден кыйла аз үммөттөрүнө 3 миң периште жардамдашкандыгы Куранда айтылат.

627-жылы 31-марттан тартып, мекелик бутбарастардын кошуну Мединаны жарым ай бою камашат. Алардын ойлору ордунан чыкпай, күн сууктап, Теңирдин каарына калышып, кайра кетүүго аргасыз болушат. Бул согуш «аңдын жанындагы салгылашуу» деп аталып кетет. Себеби, жоонун он мин колу келатканын укканда, Мукамбет Мединанын ачык калган түндүк тарабына ан каздырып (өзү баштан бардык шериктери иштешкен), 3 мин жоокерди аңдын берки четине койюндуктан, бутбарастар ото албай айлалары куруйт. Бул арабдарга белгисиз согуштук ыкма эле.

629-жылы мартта 2 миң уммотү менен барып, мурдагы келишим боюнча, үч кун го ээн калтырылган Меккеге кирип, Каабага сыйынат.

630-жылы, 1-январда 10 миңден ашуун колду, Мединадан баштап чыгат. 11-январда мекеликтер кагылышсыз багыштай беришет. Каабанын жанындагы таш кудайлар талкаланып, ажылык мусулмандардын беш парызынын бири катары жарыяланат. Ушул жылы көнтөгөн уруулар исламга өткөндүктөн, тарыхка «өкүлчүлүктөр жылы» деген ат менен кирген.

632-жылы 27-январда элчинин акыркы уулу Ыбрайым ымыркайында чарчайт. Кун тутулуп, асман да аза күтот. «Жакында өзүм да келем — дейт элчи кызы Батмага. 8-12-марта пайгамбар Мекеде болуп, анын касиеттүү жерлеринин бардыгына сыйынат. Ажылыктын ошондо орнотулган жол-жобосу бек сакталып келатат. Меке исламдын ыйык борборуна айланат, капырлардын ага киришине тыюу салынат. Пайгамбар эл алдында «Моида», бизче которгондо 8-июнда дүйшембүдө катуу ооруунун айынан (Хай-бардагы уулануунун кесепетинен) өмүрдөн өтөт.

Элчини өзү көз жумган керебеттин астына казылган казыналуу мүрзөгө шериктери шаршембинин түнүндө көмүшүп, жерди тегиздеп салышат. Элчилердин мөөрү аталган Мукамбеттин артында түмөндөгөн үммөттөрдү, кылымдар бою көөнөрбөс рухни мурас Куран калды. Куранды кийин кураштыруучулардын берген эскертүүлөрүнө караганда, Мекеде 86 сүрө, Мединада 28 сүрө окулган. Айрым окумуштуулар Мекеде 90 сүрө, Мединада 24 сүрө окулганын далилдеп жүрүшөт.


Кыргыз