Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

Мукамбет пайгамбардын 12 зайыбы. Кадийча

Азыр биз колдонуп жүргөн жыл эсебинде, Мукамбет 570-жылы 29-августта туулган. Ымыркайында атасынан, алты жашында апасынан ажырап, чон атасы Абдымиталиптин (Абд аль-Муталиб) колунда калган. Сегиз жашында чон атасы да көз жуумп.анын тун улуу Абыталиптин (Абу Талиб) камкордугуна өтөт. Ал атасынын ордуна касиеттүү Каабага, ушул таптагы түшүнүктө, шайык болгон жана кербен жумшаган. Анткени мекеликтер сооданы биз сыяктуу жерибеген жана тиричилигинин көбү соода менен болгон. Мукамбет он эки жашында абыгайы Абдыталипке кошулуп Шамга (Сирияга) барып, соодага каныгат.

Тагдыр эки күйөсунен ажыраткан, калк арасында кадырлуу Кадича 595-жылы аны кербен башчылыкка дайындашына да ошондогу дагдысы себеп болот. Сирияда Мукамбет бир ай жүрүп, зор өлкөнүн түркүн улуттары азыркы ислам динине окшош мыйзам боюнча жашап жаткандыгын көрүп кайтат. Сапарлаштары периштелер Мукамбетти аптаптан коргоп, көлөкө болуп жүргөнүн байкашат. Бирок аны өзүнө айта алышпайт. Сапардан ийгиликтүү кайткан кербендин башчысы акылдуулугу, ак ниеттүүлүгү аркылуу Кадичанын журөгүн жылытат. Дамаскиге кербен менен кошо барып келген Майсур деген кулу да Кадийчага Мукамбетти тали жетишинче мактайт. Кийин ал Кадича менен Мукамбетке орточу жүрөт.

I. Кадийча Кадийча жиберген Майсур кул нике жөнүндө маек баштаганда, Мукамбет аң-таң калды.

— Неге үйлөнбөйсүң, Мукамбет? — деп сурады Майсур. — Дүнүйөм жок болсо кайдан үйлөнмөк элем,

—-деди Мукамбет чын пейилинен. Абыгайы Абдыталип кызы Вахитти ага дал ушул себептен ыраа көрбөгөн.

— Ошондой де. Эгер ары бай, ары сулуу, журтка белгилүү ургаачы сага колун сунса кантер элең? — Ал ким экен? — деди Майсурдун соболу тегин эместигин түшүнгөн Мукамбет.

— Кадийча.
— Койсоңчу! — деди Мукамбет ишене бербей жана таңданып да, кубанып да. Калыбы, ташы миңтип өргө кулары оюна келбеген, түшүнө кирбегён белем. Сунуштан улам Мукамбеттин төбөсү кеккө жеткенин Майсур ошол замат Кадийчага билдирди. Мукамбетти үйүнө чакыртып алып, мындай деди

— Ээ, акемдин, уулу. Биздин туугандык жайыбыз бар, сен чынчылсың, мүнөзүң жакшы, баркын бар. Сендей кишиге кошулууну самайм. экөбүз баш кошсок жакшы болор эле. Мукамбет мурда Майсур сураганда дүнүйөсу жоктугунан үйлөнбөй жүргөнүн айтканынан улам ал жакырлыгынан эч ким каркыралуу кызын бермек эмес, же үй- булөсун багып-карай алмак эмес деген ойго кетүү жарабайт. Байлык жана жардылык — шарттуу түшүнүк. Мекедеги бардар кишилердин кызына уйлөнүүгө чынында эле анын чама-чаркы жок эле, бирок колу анчалык кирсиз кишинин кызын алуу ага анчалык деле кыйын эмес болчу. Анан калса, Мукамбет сыяктууларга көчмөндөр кызын сүйүнө беришке, Көчмөндөр аябай жакырчылыкта жашагандыктан Мукамбет сыяктуулар ашкан байдай көрүнгөн, Антсе да, Мукамбет өз уруусу курайштын сеп-серсиз кызына да, көчмөндөрдүн кызына да үйлөнө алмак эмес. Анда багы байланып, жакырчылык менен өтмөк.

Кадийча бай эле, ошондуктан Мукамбет каш кагымда ыргылжынданбастан сунушту жандилинен кабыл алды. Ага үйлөнүү Мукамбеттин намысына кымындай шек келтирген эмес. Кайдичанын калкка кадыры калын болучу. Теги Мукамбеттикинен кем түшпөгөн, даңазалуу Курайштын тогуз ата өткөн урпагы Кубайлиддин кызы эле, апасы Багма, анын таенеси да Курайштан тараган мындай артык жерди таап кор. Нике маселеси чечилип, үрп-адатты жасоо жагы калды. Кадийчанын сунушун Мукамбет абыгайы Абдыталипке, Хама, Асаз, Абдылазиске кабарлады. Алар Мукамбеттин огона ортоктошуп, көктөн көктөгөн бактыга чын дилдеринен кубанышты. Хамза абасы Му¬камбетти ээрчитип, Кубайлиддикине жуучулукка жөнөду. Кубайлиддин эркине койсо, бул никеге таптакыр көнмөк эмес. Анткени, өздөрү Кадийчанын байлыгы аркылуу бардар турмушта жашап жатышкан. Эми ал эрге тийсе ошол ырыскыдан таптакыр кол жууганы турушат. Бирок Кадийча чечиминен такыр айныбастыгын атасына мурда кабарлаган, аным өтүнгөнүнө, акылына көшөрүп көнбөй койгон, Ошондуктан, Кубайлиддин ак көңүл, кең пейил ата сыяктаныштан башка аргасы калбаган.

Кадийчанын атасы Хаша менен Мукамбетти сылык-сыпаа тосуп, жуучунун өтүнүчүн көнүл кое угуп, ак пейилден макулдугун берди. Анан Кубайлид менен Хамза сеп-сер жөнүндө сүйлөштү. Кубайлид кызынын өз дунүйөсун себи катары түгөл берди. Ал эми ашым тукумундагылар (өз уругу) Мукамбетке 20 укиа, болжолдо 20 төөнүн пулу, энчи ыйгарышты. Ошентии, эки үйдүн башчылары жубайлардыи тагдырын ата салтына ылайык чечишти. Тойду Кадийчаныкында өткөрүштү. Коноктор негизинен Мукамбет менен Кадийчанын жер жайнаган тууган-тушкандары эле, шарап, эт, мөмө-чөмө, таттуулар тартылды, Дарбазанын жанына төө союлуп, эти жакырларга таратылды. Өнөрпоздор тамбур чалышып, Кадийчанын кундөрү сезимди дуулүкгүргөн бийлер ме¬нен коноктордун көңүлүн көтөрүшту. Мукамбеттин туугандарынын эн барктуусу, албетте, ашым тукумунун ары акылдуу, ары салабаттуу башчысы, ары аяр, соодадан гана жолу жогураак Абдьпалип эле. Ал Мукамбет менен Кадийчага мактоону жаадырып, бакыт тилеп, келини кырктын кырында турса да, ак тойдо андай жагдайды байкамаксандыкка салганы он го, бала- чакалуу болууларын каалап өтту. Бул тилек, салт боюнча, «кыз-кыркын көрбөй, уулдуу болгула» деген мааниде айтылды. Кыздын төрөлушү катуу кайгы болбогон күндө да, жакшы кишиге ыраа көрбөс жагымсыз жагдай эле.

Мукамбет Кадийчанын байлыгы аркылуу ири соодагер болуп кете албады. Ошондуктан, ал Шамдан башка жерди көрбөдү. Себеби, Мекенин мыкчегерлери башкаларга бут тосушуп, өз алдыларынча кербен күтүүгө мүмкүндүк бершипеген. Алар Мекеге сырттан алынып келине турган товарларды да, Мекеден башка жакка алпарылуучу товарларды да сатып алышып, бөлөктөрдүн соода жүргүзүшүнө астыртан бөгөт коюшчу. Ошентип, Кадийчага үйлөнгөндөн кийин Мукамбеттин дөөлөтү ашып- ташпаса да, эч кимдин колун карабай жакшы жашады. Мукамбет Кадийчаны чыңдап, баш оту менен берилип, өмүрлүк сүйдү. Кадийча Мукамбеттин эч ким алмаштыра алгыс ажайып жарына айланды. Бул жагынан экөө ошол кезде арабдардын арасышда өкүм сүргөн эротикалык аруу кыялга аябай төп эле. Мукамбеттин Кадийчага ченемсиз берилгендиги жубайынын ой дуйнөсүнө айкалышып, үйдө тынчтык жана бейпилдик өкүм сүрүшүне өбөлге болду. Мукамбет башка зайыпка көз салуу, ойноо — күнөө деп эсептеген. Ал мейли жакын жерге, мейли нечен күндүк алыс сапарга жөнөбөсүн, кайра качан келерин айтып кетер эле. Эгер ал убагында кайтпаса, Кадийча санааркан, күңдөрүн аны калаадан тегиз каран, Мекенин аттуу-баштуу кишилери жыйылып, аркы- беркиден кеп салышып, мамлекеттик маселе жана саясат жөнүндө ангеме куруп, дин жөнүндө ой жүгүртүп, пикирлешчү Каабадан, базардан издөөгө жиберүүчү. Кызганчактык ara жат болучу.

Антишине кымындай себеп да болбогон. Кундөр Мукамбетти табышса да, үйгө чакырышпай турган, Кадийча анын кырсыктан тышкары, эсен-соо жүргөндүгүн гана билгиси келчү. Мукамбетти ашкере сүйгөн Кадийча анын адептик жана рухий артыкчылыгын дароо моюндагандыгы таң каларлык эмес. Кадийча күйөөсүн камкордукка бөлөө менен чектелбестен, дилин түшүнгөн, кубанычы менен түйшугүн тең бөлүшкөн, өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк болгон жан курбусуна айланды. Ал Мукамбеттин динчилдигин урматтаган, андыктан анын каалаганындай сыйынып, ооз бекитишине үйдө эч ким жолтоо кылбаган. Кырктын кырындагы Кадийча үчүнчү никесинде төрөп-түшүүдөн, энелик үзүрдөн үмүттөнбөсө деле ке¬рек. Ошого карабастан, сүйүү, тагдыр ага керемет тартуулап, улгайганда этегинен жалгады. Алгач уул төрөп, атын Касым коюшту. Жубайларга ак тоюнда «кыз-кыркын көрбөй, уулдуу болгула» деген тилек айныбай келе баштагансыды. Уул көргөнүнө байланыштуу Мукамбетти мекеликтер Абылкасым (Абу-Касым), бизче которгондо, Касымдын атасы атыктырышты. Бул анын өз атына Караганда ары барктуу, ары жагымдуу эле, аттиң, кубаныч узакка созулбады, Абылкасым маалына жаңы жеткенде чарчап, ата-энесин калың кайгыга салды. Касымдан кийин Кадийча Уркуя, Зейнеп Күлсүн, Батма деген төрт кыз, анан дагы уул терөдү. Уулга, чоң атасынын урматынабы, балким, тагдырга алкыштарын кошо билдиришкендиктенби Абдылда, же Алланын кулу, деген ат коюшту. Корчолоп коюлган ат да жардамдашпай, ал жада калса, Касымдын курагына жете электе чарчады. Анын тез чарчаганы ушунчалык, мекеликтер Мукамбетке Абдылданын атасы деген жаңы, ардактуу аты койгонго үлгүрүшпөдү. Мукамбеттин жетинчи перзенти, же үчүнчү уулу ат-Тахирдин (Аттокур деген кыргызча ат түпкүлүгүндө арабдардын ушул ысмынын кыргызчаланышынан жаралган окшойт) тагдыры да агалардыкындай болду. Ал ата-энесинин жүрөгүн кыска мезгил гана үмүтке карк кылып, анан узак жылдар унутулбас кайгы-канага малып, жалт өчтү. Узак жылдар деш да аздык кылар, өмурлүк кайгыга батырды.

Анткени, бул уулу мурдакысындай эле суйкайган, толукшуган, Му¬камбеттин аруу жана терең сүйүүсүне арзыган, бирок, төрөп-түшөр курактан өтүп бараткан Кадийчанын акыркы ымыркайы эле. Мукамбет туяксыз калгандыгынан улам тарткан азап эсен-соо бой жетип келаткан кыздарын барк албаган дегендикке жатпайт, кыздарын ал жанындай көргөн, аздектеп багып, аларга кошулуп ойноп, эч нерседен кемитпей, телегейи тегиз өстүргөн. Кадийча бай, Мукамбет мекеликтерге кадыры калың болчу, экөө тең тектүү жерден чыккан. Ошондуктан алгач Уркуяны, анан Зейнеп менеи Кулсүндү күйөөгө берүүнүн кезеги келгенде, алардын жолуна бөгөт болушпады, септерди мыктылап беришип, бардар, такыба жана жалпыга барктуу жерлерге узатышты. Ата-эненин колунда кенжеси Батма гана калды. Улам улгайган сайын мүлдө ааламдын жүзү түшкөндөй Мукамбетти ой басат, такыбалыгы артат, көбүнчө Хира тоосунун боорундагы үңкүргө барып түнөп, орозо кармайт, тиричалик, жашоонун маңызы, кишисинин жарык дүйнөдөгү милдети жөнүндө өзүнчө ой жүгүртөт. Үңкүргө кээде жубайын да ала кетет. 610-жылы орозо айынын 24-түнүндө кереметтүү түш көрөт. Ойгонуп, сыртка чыкса, түшүндө көргөн неме көк тиреп көз алдыда турат.

Мукамбет кай тарапка бурулбасын, тигини ошол жактан көрөт. Ал Мукамбетке жана түшүндө айткап сөздөрдү кайталайт. Мукамбет анын ким экенин түшүнбөй аябай кыйналат. Анын сырын Кадийча ачат, …Түнкү конок алардын бөлмөсүнө дагы келгенде Мукамбет Кадийчанын өтүнүчү боюнча, аны дароо ойготту. — Ал келди, — деди Мукамбет. Бирок Кадийча караңгылыкка канчалык тигилсе да, эч нерсе көрбөдү. Бөлмө ээн бойдон тургансыды. — Ордундан туруп, менин сол капталым жакка олтурчу, — деди Кадийча. Мукамбет Кадийчанын өтунүчүн аткарды. — Сен аны көрүп турасыңбы? — деди Кадийча. — Ал ушул жерде, — деди Мукамбет карангылыкка тигилип. – — Анда төшөктү тегерене басып, он капталыма өтүп отурчу, — деп суранды Кадийча. — Эми кандай? Аны дагы эле көрүп турасыңбы? Мукамбет баягы эле жоопторун кайталаган сон, Кадийча күйөсү дагы ордунан туруп,.бул саам саал ‘ башкачараак жайгашуусун өтүнүп, тизелеринин ортосуна олтургузду. Мунусу да жардам бербеди, бөлмөдөгү неме периште, жин-шайтан деги ким болсун,.Му¬камбетке мурдагыдай эле айкын көрүнүп турду. Ошондо Кадийча тиги элестен көзүн айрыбай, Мукамбетке байкатпай, жуурканынын четин ачты. — Аны дагы көрүп турасыңбы? — деп сурады Ка¬дийча төртүнчү жолу. — Жок, —- деди Мукамбет. Анткени сырдуу элес заматта шырт-шыбырсыз кайым болгон. — Оо, акемдин уулу, — деди Кадийча, — кубана бер, көңүлүңдү жайлап, көкүрөгүңдү бас. Теңирге шукур ( ал азезил эмес, периште тура. Аял ачынганда, Шайтан кетпей салсын. Элестин аруу жан, периште экеидигии Кадийча өзү жууркандын четин ачканда, жактырбай кетип калгандыгынан улам баамдады. Антее да, тигинин периштелигине Му¬камбет даты далай ой толгоолордон, аяндардан кийин гана ынанат. Мукамбетке Алланын аянын билдирген Жебирейил периштенин келип жүргөнүнө күмөнү калбаган жан да, исламды Мукамбетке удаа кабылдаган жан да Кадийча болгон. Бирок ал Мукамбеттин элчилик доорун көрбөдү. Күйөөсүнөн он беш жаш улуу аял 619-жылы ажалынан көз жумат. Ошол жыл мусулман тарыхына «каралуу жыл» деген ат менен кирген.

Мукам¬беттин зор тиреги, атасынын агасы 90 жаштагы Абиталип бабаларынын жолунан тайбай, ис¬ламды кабылдабай көз жумат. Ошондуктан кийин буга байланыштуу Мукамбетке ар кандай кычы суроолор берилип, каршылаштары аны жарга такоого далбасташкан, Абдиталип акыретте эмне болору жөнүндөгү суроого элчи токтолбостон, «тозоко» деген экен. Бирок Абдиталип өлөрүндө келме келтиргендиги жөнүндөгү уламыш таралган. Мукамбетке көрсөткөн жардамы аркылуу, улуу кол башчыларга, зор акимдерге Караганда, адамзаттын тарыхына чоң таасир тийгизген Кадийчадан жер жайнаган байлык калбаган, колунда бийлиги жок Мукамбетке Абдиталиптеп кошо айрылуу зор сокку болду. Колдоочусу өлгөн соң, элчини өзүнүн уруулаштары аябай кодулашып, аны менен бардык мамилелерин үзүп, журттан чыгарышты. Ошонун кесепетинен акыры Мекеден качууга мажбур болду. Бирок биздин баян пайгамбардын зайыптары жөнүндө болгондуктан, кеп нугун ошого буралы.

Булак – bizdin.kg


Кыргыз