Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

МЕНИН УСТАТТАРЫМ

МЕНИН УСТАТТАРЫМ

Ыр менен күүнү, шайыршат тамаша менен кызыгы түгөнбөс жомокту өңгө балдардан көбүрөөк угуп чоңойдум. Анда Калык, Муса, Муратаалы, Шаршен сыяктуу залкар өнөрпоздордун даңкы таш жарып турган учур эле. Атам Молдобасан Мусулманкулов да көпчүлүккө таанымал манасчы, ырчы, комузчу болгондуктан, алар менен үзөңгүлөш бир жүрчү. Кулагына сиңип, көкүрөгүнө жаттай берсин дейби, атам мени кайда барса ээрчитип алчу. Анысын өзүм да каалачумун. Кыргызда башта үч, төрт киши биргелешип комуз чертип, кыл кыяк, чоор тартуу ыкмасы болгон эмес. Аны Кыргызстанга келген орус композитору П.Ф. Шубин баштады. Эл аспаптар оркестрин уюштурду. Жети, сегиздеги мени да отургузуп алып, комуз черттирет. Адамды көтөрмөлөй билген, шыгын арттыра билген мыкты адам эле. 1939жылы Москвада өткөн Кыргызстандын адабияты менен искусствосунун он күндүгүнөн кийин Ташкентте Орто Азиялык он күндүк болду.

Ошондо бир топ кишилер сыйлык алышты. 15 жашар мага да Жогорку Советтин грамотасы ыйгарылды. Оркестрде 1948жылга чейин иштедим. Оюн койгону айылдарга көп барчубуз. Буюмдарыбыз арабада, өзүбүз жөө. Жарданган эл алдына чыкканда чарчапчаалыканыбызды заматта унутуп калабыз. Биз эмес, комуздун кылы чарчагандай эле болчу. Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайынын скрипкалык, дирижёрлук бөлүмдөрүн 1950жылы артыкчылык диплому менен бүтүрдүм. Мени дирижёрлукка Р. Миронович кызыктырып кетти. Ал кыргыздын музыкалык маданиятына чоң салым кошкон адам болчу. Москвадагы консерваториядан ушул кесибимди тереңдеткен билим алдым. Ар качан балалык чагым эске түшкөндө, менин музыканттык, адамдык сапаттарыма таасир берген жогоруда аты аталган адамдарды өзгөчө урмат менен эскерем. Анткени, алардын баардыгы — менин устаттарым экен.

Калый Молдобасанов


Кыргыз