Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

Ландшафттардын “ашташкан” жерлери

Этностун ландшафт менен өз ара катышы маселесине кайра кайрылалы да, жаңы этностун жаралышында эмне үчүн милдеттүү түрдө эки же андан көп ландшафттын, эки же андан көп этностун, эки же андан көп “социалдык организмдин” айкалышы талап кылынат деп окурмандар тарабынан коюлган суроого12жооп берели. Бул эмне: кокустуктарбы же мыйзам ченемдүүлүкпү?

Өз алдынчалыкка ээ көрүнүш болгон этностун ландшафт менен өз ара байланыштарын талдоо алар бири бирине көз каранды байланышта экендигин, анан да этнос ландшафтты жаратуучу туруктуу аракеттенген фактор болуп саналбасын, ландшафт да сырткы таасирлерсиз этногенезге себеп боло албастыгын көрсөттү. Ал эми этникалык жана социалдык мыйзам ченемдүүлүктөрдүн өз ара катышы бири бирине көз карандылык байланыштарды четке кагат, себеби Жердин этночөйрөсү социалдык өнүгүүнүн фактору эмес, фону гана болуп саналат.

Социалдык мыйзам ченемдүүлүктөрдөн айырмаланып, этногенез үчүн территориялык маселе чечүүчү мааниге ээ, бирок ар бир жаңы учурда, жогоруда биз белгилеген шарттарга жооп бергидей жаңы регион болушу керек. Элдердин пайда болуп түзүлүшү жер шарынын көптөгөн чөлкөмдөрүндө болуп өткөн, анткени этногенездин дүрт этип башталышы элдердин маданиятынын жана турмуш-тиричилигинин өнүккөндүгү же дымып тургандыгы, алардын расалык курамы, экономикасы менен техникасынын деңгели менен эмес, мейкиндиктин жана мезгилдин өзгөчөлүү шарттарына байланыштуу болот. Ландшафт өзүнөн өзү жаңы этносторду жарата албайт, анткени этностор кээде тигил же бул аймакта, мейли ал абдан жайлуу жер болсо да миңдеген жылдар бою жаралган эмес. Этногенездин региондору дайыма өзгөрүп турат. Бизди кызыктырган процесс бирде мында, бирде анда башталып турган, демек, аны жерден сырткары жаткан күчтөр козголтуп турат. Ошондуктан, этногенездин булагын биз Жер планетасынын айланасынан издөөгө жана бул үчүн кайрадан биохимияга кайрылууга тийишпиз.

Пассионардык жарылуу жаратып туруучу система катары каралуучу этностун табияты жөнүндөгү өз тезисибизге таянуу менен этносту биз энергетикалык көрүнүш катары аныктоого укуктуубуз. Себеби, жаңыдан башталган энергетикалык процесс өзүнөн мурда болуп өткөн процесстердин инерциясын дайыма жеңип чыга алат, мына ошондуктан инерция канчалык начар болгон сайын, аны күтүлбөгөн түрткү аркылуу бузуу ошончолук оңой болору өзүнөн өзү түшүнүктүү.

Бир тектүү этнос жана саясий институттардын формасына айланып кеткен салттар аркылуу бириккен адамдар жашаган бир түрдүү ландшафттар — бул алсыз түрткүлөрдү деги эле кенеп койбос өзүнчө бир массив. Ал эми ландшафттардын айкалышына жараша чарбачылыктын ар түрдүү ыкмалары болору шексиз. Бирөөлөр деңизде балык ууласа, дагы бирөөлөрү тоолордо мал жайып жүрөт, үчүнчү бирөөлөрү жер айдап, эгин өстүрсө, дагы башкалары өрөөндөрдө жүзүм өстүрүп, түшүм камында. Эгерде алардын ата теги бир болгон күндо да, чөйрөнүн ар кандай шарттарына ылайыкташуунун зарылдыгы аларды бир нече муундан кийин бири-бирине анчалык окшоштурбай салат. Ошентип, ал окшош эместиктер эскирген коомдук системаларды жаңылап туруучу өндүрүш мамилесинин өнүгүшүнүн негизинде, бир эле мезгилде коомдун ургаалдуу кыймылынын күчөшүнө ылайык алардын ортосундагы системалык байланыштар начарлаганга дейре көбөйө берет. Эгерде кайсы бир тарыхый тагдырдын оош-кыйыштарынын натыйжасында бул этностун эки-үч мамлекеттүүлүгү же уруулук түзүлүшү пайда болсо, анда системанын бекемдиги ого бетер начарлайт. Демек, системада социалдык жана этникалык өнүгүү багыттары эриш-аркак болуп чырмалышып турат. Адистешүүдөн жана эмгектин бөлүнүшүнөн улам мындай системалар экономикалык өнүгүү маанисинде алганда өтө натыйжалуу келет: аларды басып алууга аракеттенген айлана-чөйрөдөгү башка этносторго каршылык көрсөтүүсү да жаман болбойт, анткени азык-түлүк алмашуу адаты өз ара жардам көрсөтүүгө да тарайт, Бирок эреже катары, пассионардык түрткү аларды таң каларлыктай оңойлук менен көңтөрүп салат. Ар кандай маданий деңгелдердин, чарбанын ар түрдүү типтеринин, окшош эмес салттардын айкалыштары этногенездин башталыш учуруна бирдей ыңгайлуу шарт түзөт. Ар түрдүүлүк принциби мында жалпы негиз болуп саналат, андыктан аны биз өз көз карашыбыздын тургусунан түшүндүрүүгө мүмкүнчүлүк алабыз.

Эми биз этночөйрөнү бири бирине тийиштирилип төшөлгөн бир нече чоң жалпак плиталардын айкалышы катары элестетип көрөлү. Аны жогорудан төмөн карай бир нерсе менен согуп көрөлү. Албетте, эң алды менен плиталардын ашташкан жерлери бузулат да, анан барып плиталар өзү өзгөрүүгө учурай баштайт. Мисалы: VI—VII кылымдарда Иран менен Византия туруктуу системалар болгон, ал эми алардын чек ара аймактарында жашаган арабдар тиги эки кошунасынын таасирин баштары- нан кечирип турган. Пассионардык түрткү арабдарды ушунчалык бөлүп-жарып салгандыктан Мухаммеддин талапкерлеринин тобу (консорция) суурулуп чыкты. Төрт муун аралыгында эң алды этнос, анан Эбродон Памирге чейинки аймакта суперэтнос түзүлдү.

Жаңы этностун адамдары өз ара карым-катнашта боло баштаганда ошол эле замат эмоционалдык, психологиялык жана жүрүш-туруш көнүмүштөрү жагынан бирдей болгон бир бүтүндүк жаралат. Мунун негизинде биофизикалык феномен жатат болуш керек. Баарынан мурда, бул жерде биз өзгөчө бир мүнөздөгү бирдиктүү ритмге туш келдик окшойт. Дал ушунун өзү байкоочулар тарабынан кандайдыр бир жаңы, көнүмүштөгүдөн башкача нерсе катары кабыл алынып отурат. Басып алуу — этностун таралышынын жана башка уруудагыларды өз системасына тартуунун бирден бир жолу болуп саналбайт. Маданиятты динге үгүттөө жолу жана турмуш-тиричилик буюмдары менен искусство аркылуу жайылтуу, бул таасирге тушуккан системаны бузары белгилүү. 988-жылы славяндарды чокунтуу Византиянын этномаданият мейкинин кеңейткен; апийим менен керосин чырактарынын сатууга түшүшү Кытайды Англия менен Америкага көз каранды кылды, турмуш-тиричилик салтын бузуп, андан соң мамлекеттик бийликти, эң акырында Цин империясынын суперэтникалык системасын солкулдатты. Түзүлгөн абал саясий жана социалдык гана эмес, этникалык өзгөрүүлөргө да алып келди, атап айтканда, манжурларды кытайлар өзүнө сиңирип алды.

Ошентип, этногенездин жаралышы үчүн пассионардык импульс сөзсүз керек, ал эми бардык реалдуу нерселердин ар түрдүү болушу ландшафттык, климаттык шарттар, коңшу этностордун таасири, маданий салттар жана ошондой эле түртүлүү күчү, т. а. импульс аркылуу аныкталат. Дал мына ошондуктан этногенез процесстеринин мүнөздөрү жана багыттары окшош болгонуна карабай бардык этностор кайталангыс жана өзгөчө касиеттерге ээ.


Кыргыз