Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

«Кысасы кыяматка кетет»

«Кысасы кыяматка кетет». Кыса -тирүүчүлүктөгү кордук, азап, кыямат-тозок, тиги дүйнөнүн азабы-тозогу. Соз маанисинде бироого азап, кордук көрсөтсөң, аны менен тынч калбайт, бирде болбосо да, бирде айланып, ез башына токмок ойнотот. Тиги дүйнөдө да анын эсеби берилет. Бирөөнү кор тутпа, ал үчүн ызасын албай койбойт дегенди билдирет.

«Жел жүрбөсө, чөптүн башы кыймылдабайт». Албетте, бул чындык. Оң-терс аракеттердин чыгышы болот. Ал бекеринен эмес. Тимден-тим туруп эле ушундай көрүнбөйт. Ага бир нерсе туртку берет. Себеби бар. Ушул жонундо макал кабар берет.

«Дөөлөтуңө да ишенбе, мээнетиңе да ишенбе». Дөөлөт, салт, нарк, мурас, мансап, байлык, жыргал жашоо. Мээнет-ушул турушунда кара жанды карч урдуруу. Дөөлөттүү жүргөндөр да жаза таят. Аны түбөлүктүү кармай албашы да ыктымал. Пендени дайыма эле мээнет чырмабайт, Анын да жыдысы ачылат. Дөөлөттүү-сөөлөттүү көрүнөт. Опосуз дүйнөдө байлыгыңа да, бардыгыңа да, ошондой эле жардылыгыңа да, жалчылыгыңа да ишенбегин, экөө кайчы журот- деген ойду айтып турат. Кууралдын жыргалы бар.

«Коз коркок, кол баатыр». Аткарыла турган эмгектин коломун кергенде адам кооптонот. Анын баарын аткаруу кыйындай. «Кантип бүтөбүз» – дейбиз. Аны баштоодо да заарканып турабыз. Акыры чымырканып ишке киришебиз. Чекесинен иш-аракеттин арышы корунот. Натыйжасы чыгат. Ошондо ушул макал эске тушет.

«Адам барга чыдабайт, жокко чыдайт». Мында пендечиликти билдирип турат. Адам – жылкы кыял. Барчылык, кесирчиликти алып келет. Алдыга келген ырыскыны тээп турат. «Аны кой гана көтөрөт» -дейт. Анткени, кыял кутпейт, ал -жоош мал, адамдар бар турмушта чиренишет, эрегишет, тирелишет. Жакырчылыкта андай жоруктар болбойт. Пенделер эрксизден жокчулукка моюн сунат. Сунбаска айла-амал жок. Т.а. «Бардарчылыкты мал семизи гана көтөрөт, адам семизи которо албайт» – дегени.

«Куу алган кушта эмне сын.» Куш – кыраан канаттуулардын бири. Аккуудан кичине болот. Өзүнөн чоң көрүнгөн аңдарды ала алат. Ал чындык. Эми соз маанисине келгенде эрдиктин да, элдиктин да эң мыкты тузуна татыган, азуусун айга жанган эр-азаматтарга, жигиттерге, т.а. бир мерчемдүү эмгек өтөгөн, атагы Ааламга, даңкы далайга кеткен ата-уулдарга, эне перзенттерине карата айтылат. Ага эч кандай кеп-сез жок. Ал ез милдетин ойдогудай өтөп буткен – деген калыс түшүнүктү камтыйт…

«Ууру-бөрү ортоктош». Муну «бору табакташ, ууру ортоктош» -деп да айтат. Адатта, мындай кеп мал уурдоодон чыккан. Малды

ууру алдыбы, же карышкыр жедиби? Биринин акмакчылыгын бири кайталайт. Сез төркүнү непаада, карышкыр жесе, тарпы калат, ууру алса, биротоло күмжам болот. Кээде уурулар малды талаага союшат. Анча-мынчаларын (жал-куйругун, башы-көзүн, арка-моюн өңдүүлөРҮн) калтырат да, «карышкыр жеди» кылышат. Албетте, мындай кээри кеткен жоруктар эртели кеч билинип калууда. Булар «ээн жердин бөрүлөрү» – деп аталат.

«Көрө-көрө-көсөм болот, сүйлөй-сүйпөй чечен болот». «Кеп жашаган билбейт, көптү көргөн билет» – деп да айтат. Туура, бул адамдын дээрине байланышат. Көптү көрсө, көптү укса, ошол көргөндөрү-уккандары накылга-акылга бай болсо, аларды өзүнүн көкүрөгүнө тутса, м.а. ошого кулак төшөсө, көңүл койсо, ез боюна сиңирсе, иш жүзүндө айта жүрсө, албетте, көсөм көрүнөт, чечен сезилет. Бул элден алуусу, элге берүүсү.

«Алтын менен күмуштү, Зергер үчүн жараткан. Аркар менен кулжаны, Мерген үчүн жараткан». (Накыл)

Зергер-күмүш, алтын устасы. (Зер-алтын, күмүш, кер-уста. «Зер кадырын зергер билет, зергер кадырын эл билет»). Аркар -жапайы койдун ургаачысы. Кулжа -жапайы койдун кочкору, кийик-кайберендер. Too эчки, тоо теке, элик, телки ж.б.лар. Мерген – аң уулоочу. Алардын эң кыйыны «абдес мерген» деп аталат.

«Адырда аркар кулжасы,
*                  Атуучу мерген уулаган.

Абдес мерген жолукса, Ажалдуу кийик сулаган. Төрлөрдө чыккан дүйүм чеп, Төгүлүп гүлү бураган, Түн уйкумда жатканда, Түшкө кирсе кубанам». (Казбек)

Демек, мезелдин, казалдын оң мааниси аркылуу эле түшүнөбүз.

«Кудайдын каарына калган жыгач-тегирмендин шакылдагы болот». Тегирмендин шакылдагы – тегирмен чуркап жатканда калаадагы жемди т.а. тегирмендин кампасындагы дандын өлчөмү менен тегирменге берип турган жыгач. Ал чуркаганда үстүңкү ташына

өтө ылдамдыкта тийип, жаны-алы калбай үн чыгарып турат. Ал эми өтмө мааниде алганда, дайынын жоктугу, озүнчо маңызсыз түйшүктонүүчү же багытсыз ото сүйлоочү, обу жоктук. кыймыл аракетте жүрүүчү, ж.б. тажатмай адаттары бар, эл-журтка жакпоочу адамдарга карата айтылат. Албетте, мындайлар – кудайымдын каарына калгандар.


Кыргыз