Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

Кыргызстандын Орусиянын курамына ыктыярдуу кириши

Кыргызстандын Орусиянын курамына ыктыярдуу кириши кыргыз элинин турмушундагы эң ири бурулуш окуянын бири, анын андан аркы тагдырында зор прогрессивдүү мааниге ээ болду. XIX кылымдын 50—70-жылдарында Орусияга бүткүл Кыргызстандын кошулушунун натыйжасында жайыттары менен мал-жанын гана эмес, адамдарды да тебелеп-тепсеген согуштар токтоду. Миңдеген адамдар өз ара кол салуулардан кийин болгон кулчулук абалдан куткарылды. Кыргыз эли кокон зомбулугунун эзүүсүнөн жана артта калган коңшулаш чыгыш мамлекеттеринин бири тарабынан кулга айлануу коркунучунан кутулду. Кыргызстандын Орусияга кошулушунун өтө маанилүү натыйжасы кыргыз элинин орус эли менен мурдагы саясий жана экономикалык байланыштарын чыңдоо, бир мамлекеттин чектеринде алардын жакындашуусу болду. Бул жакындашуу падышалык өкмөттүн эркинен жана каалоосунан тышкары жүргүзүлдү.

Орус эли аркылуу кыргыздар өзүнүн ишенимдүү шериктешин жана досун тапты. Орусияга кошулгандан кийин Кыргызстандын орусиялык капитализмдин экономикалык турмушунун чөйрөсүнө тартылышы, анын чарбасынын жалпы орусиялык экономиканын бир бөлүгүнө айланышы башталды. Орусиянын бул алыскы чет-жакасынын өндүргүч күчтөрү ойгоно баштап, өзүнүн өнүгүшү үчүн түрткү алды. Соода өнүгүп, отурукташкан кыштактар, шаарлар, катнашуунун алгачкы жакшыртылган жолдору пайда болду. Зор жер массивдерин өздөштүрүүгө, асыл тукум малды, айыл чарба машинелерин ташып келүүгө, кол өнөрчүлүк өндүрүшүнүн өнүгүшүнө жол ачылды. Алгачкы кол өнөрчүлүк өнөр жай ишканалары пайда болду. Ага чейин кыргыз айылында өкүм сүргөн патриархалдык-феодалдык мамилелери ыдырап бөлүндү. Бир кыйла прогрессивдүү капиталисттик мамилелер өтө жайбаракаттык менен болсо да кыргыз чарбасына сүңгүп кире баштады. Ошол эле убакта кыргыз элинин турмуш тиричилигинде, материалдык жана рухий турмушунун ар түрдүү жактарында орус адабиятынын, орус коомундагы алдыңкы бөлүктүн революциялык-демократиялык идеяларынын жагымдуу таасирин кадимкидей сезип баалай баштаган. Бирок падышачылык Кыргызстанда өзүнүн реакциячыл максатын ишке ашырууну көздөгөн, бул аёосуз колониалдык саясаттан, бул өлкөнү Орусиянын агрардык-сырьёлук коштондуларынын бирине айландыруудан байкалган. Байлардын жана манаптардын колдоосуна ээ болгон падышачылыктын колониялык саясатынын бүткүл оорчулугу кыргыз элинин эмгекчилеринин мойнуна жүктөлгөн. Падышалык өкмөт түпкү калктын пайдалануусунан зор массивдеги айдоо жерлерин тартып алып, кыргыздарды — малчыларды жана дыйкандарды кунарсыз тоолорго айдап жиберишкен.

Айылдарда жана болуштуктарда байлардан жана манаптардан түзүлгөн падышалык бийликтин башкаруу аппаратынын жардамы менен эмгекчил кыргыз калкынан көп сандагы салыктар, жыйымдар алынып турган. Булар менен катар жергиликтүү администрация жана кыргыз феодалдары практикалаган официалдуу эмес жыйымдар да болгон. Кыргыз кембагалдарынын, катардагы малчылардын байларга жана манаптарга кулчулук көз карандылыгы азаймак гана турсун, улам барган сайын күчөгөн. Кыргыздардын эмгекчи массасы аттуу-баштуу адамдарды жана байларды колдогон мыйзамдын алдында саясий жактан таптакыр укуксуз жана толугу менен коргоосуз болгон. Падышалык колониялык администрациянын системасы эзүүнүн куралы катары феодалдык жергиликтүү төбөлдөрдү жана байларды пайдаланууга негизделген. Ак сөөктөрдүн жана байлардын таламдарын ачык коргогон мындай системада калктын эмгекчил бөлүгү, өзгөчө кембагалдар жана бат- рактардын көп сандаган катмары саясий гана эмес, эң эле жөнөкөй адамдык укуктардан ажыратылган болучу. Коргоодон жана жардам алуудан алар үмүттөнүшкөн эмес. Бай-манаптык төбөлдүн зомбулугу, алардын эмгекчилерди аёосуз эзүүсү акыркы чегине жеткен. Эл массалары караңгыга камалып, рухий жактан басмырланып, наадандыкта, ырым-жырымдардын кысымынын астында кыйналып жашаган. Бирок, падышачылыктын бул реакциячыл саясатына карабастан ага каршы күрөшкө кыргыз жана орус элдеринин жакындашына көмөктөшкөн факторлор да болгон. Мындай факторлордун бири Кыргызстандын аймагына падышачылык уюштурган орус жана украин дыйкандарынын бир кыйла массасын көчүрүшү болуп саналат. Дыйкандарды калк жыш жайгашкан губерниялардан көчүрүү менен падышалык өкмөт аларды кыргыздардын жерин тартып алуунун эсебинен камсыздаган. Өкмөт ошонун өзү менен Орусиянын борборундагы агрардык маселенин курчтугун басаңдатууга, бир жагынан, помещиктер менен, экинчи жактан — жерсиз дыйкандардын ортосундагы орус жана украин кыштагында улам барган сайын тереңдеп жаткан карама-каршылыктарды басууга аракеттенген.

Мына ошентип, бир катар этаптан өткөн дыйкандарды мындай көчүрүү падышачылыктын колониялык саясатынын көрүнүштөрүнүн бири болгон. Ошону менен бирге, Кыргызстандын аймагында көчмөндөргө караганда эски жана ченемсиз жогору дыйканчылык маданияты бар орус жана украин дыйкандарынын бир кыйла массасынын пайда болушу оң натыйжаларды берди. Кыргыздардын кыштоолорунун катарында өздөрүнө мүнөздүү болгон толук отурукташкан турмуш уклады, үй жана чарба турмуш-тиричилигинин бир кыйла жогорку маданий деңгээли бар дыйкан кыштактары өсүп чыккан. Мындай коңшулук крайдын чарбалык турмушуна көп өзгөрүштөрдү алып келип, кыргыздардын отурукташуусуна жана дыйканчылыкка өтүшүнө көмөктөштү. Ал кыргыз калкынын караңгы массасынын орус элинин маданиятына жакындашында маанилүү тарыхый роль ойноду.


Кыргыз