Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

Кыргыздарда САЙМАЧЫЛАР

САЙМАЧЫ

Мен мында окуу башталардан үч күнү мурда келгем. Мына бүгүн сентбярь бүтүп, октябрдын үчүнчү күнү. Ушу бир ай, бир жума өткүчө таяжеңем экөөбүз теңтуш келинкызга бир жолу шынарлаша алсакчы. Бир эле жолу сырдашсакчы! Таң эртең менен мектепке кетем, түштө келем. Таяжеңем ээн үйдө сайма сайып отурат, саймалуу актын түрмөгү далай го, учу көрүнбөй узарып барат. Деле таяжеңем ушу саймасынан башка тириликти таза унуткандай. Адегенде мен аны аяп жүрдүм: «Жетим калганда окуудан да калып, кыязы, кишиге өзү да батына албайт го». Мен эмес таенем да ошондой деп жоручу. Ошентсе да шынарлай берем, анын ичикойнуна киргим келип, аркыберкини сурап: «Таяжеңе, бу сайманы эмнеге?» Ал «Ии, керек», — дейт да, биздин маегибиз ушуну менен бүтөт. Экөөбүздүн тең үнүбүз өчөт да калат. Эрикпегенине, эч ким менен сүйлөшпөгөнүнө таң калам.

Бул үйдө, үйдө түгүл бүт шаарда кыбыр эткен жандын баржогу анын капарына келбейт. Ал үн дебей, былк этпей отуруп, сайма эле сая берет. Дегеле өзүнүн турпаты да ошо сайма эле сайыш үчүн жаралгандай, көзү талыбаган, өзү тажабаганы укмуш. Кадап койгондой ал качан көрсөң эки терезенин ортосунда. Тымтырс, аны тымтырс карап отурам. Отурам да өзүмөн өзүм сурайм: «Деги бул өмүрүндө бирөө менен сүйлөштү бекен ыя?». Тыштан Медер таякем же мен киргенде баш көтөрүп, угуларугулмаксан: «Ии,— деп унчугат да, кайра улай берет саймасын. Бир гана «Ии». Үйбүлөдө сүйлөшкөнүбүз да ушу гана. Ушундан кийин ар кимибиз өз арбайыбызды согуп, мен сабагымды бышыктап, Медер таякем баягы көнүмүш сүрөтү менен алек. Үйичибизде көнүмүш тымтырстык калат да, биздин үйдө барыжогубуз белгисиз. Ушу тапта тышка келген киши жан жок деп кайра кете бергидей.

Таякемин тоо, талаасы кагазга тартылып бүтпөй, таяжеңемдин саймасы чүпүрөккө сайылып бүтпөй күндөр өтүп жатты. Күндөрдүн биринде Медер таякемди дегеле кой, жадырап — шайман экен. Колтугундагы рамкадан талаанын чети, чоң суунун жээги көрүнө түштү. «Баягысын бүткөн тура!». Мен кошо жайнап, ичимен ушинттим. Анын адаты башынан ушундай. Сүрөтүн бүткөндө өзү да сүрөтүнө окшоп, өңүнө чыгып жайнай түшчү. Өз колунан жаңы бүткөн жерсууну, тооташты жакшы санаалаштарына көргөзүп, алардын сөзүн сан ирет угуудан чарчачу эмес. Азыр да ошондой кызуу маекке камынган Медер таякем колтугундагы пейзажды бурчтагы буфеттин үстүнө бери каратып койду. Өзүнүн тарткан сүрөтүн кумарлана карап турду. Мен адам өз эмгегинен ырахат алат деген ушул го деп ойлодум.

Сагындык Өмүрбаев


Кыргыз