Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

Кыргыз (Киргизы). Кыргыз эли

Кыргыздар — этноним. «Манас» эпосун жараткан эл. Бул эпопеяда кыргыз элинин нечен кылымдар бою башынан өткөргөн окуялары сүрөттөлгөн. Ушуга байланыштуу Кыргыздардын байыркы жа о. кылымдардагы тарыхына кыскача токтолууга болот. «Кыргыз» аты биринчи жолу орхонэнесайлык түрк эстеликтеринде кездешет. Ал эми кытай тилиндеги китептерде бул этноним андан мурун ар түрдүү иероглифтер (тамга) менен жазылып келген. Алардын транскрчпциялары (чечмеленген) цяьгунь, хягас, хагас, сяцзясы, хэгасы, хэхэ, хякя, цилицисы, хэлецзы, циэргайсы жа киэрцзис. Кыргыздар (Киргизы) байыркы доордо Моңголиянын түн.батышындагы Кыргызнур көлүнүн айланасында көчүп жүрүшкөн. Андан кийин алар биздин заманга чейинки доордун аяк чендеринде гунн урууларынын кысымынын натыйжасында Саян тоолорун ашып Миң Суу (минусин) ойдуңуна көчүп барышып, жергиликтүү динлин уруулары менен аралаш жашашкан. Орхонэнесай рун жазуулары жа кытай китептеринде 6—9кда МиңСуу өрөөнүндө жашаган. Кыргыздар ждө маалыматтар көп кездешет.

Кыргыз

Кыргыз

Кыргыз (Киргизы) турк кагандыгында. Бул мезгилдерде алар түрк кагандыгына (6—7к.) баш ийишкен, бирок кандайдыр бир деңгээлде саясий өз алдынчалыгын сактап калышкан. Түрк кагандыгы узакка созулган согуштардын жа ич ара келишпес жаңжалдын кесепетинен начарлай баштаган. Бул абалдан пайдаланып, 745ж. уйгур башкаруучусу Моюнчур СаянАлтайда жашаган уруулардын колдоосу менен түрк кагандыгын жеңип, Борб. Азиядагы саясий бийликти колуна алган. Моюнчурдун төңкөрүшүнө энесайлык Кыргыздар да активдүү катышкан. Бирок, бир аз убакыттан кийин алар, Түш. Сибирдеги башка уруулар сыяктуу эле уйгур кагандыгына күч менен бириктирилген. Бул абал деле көпкө созулган эмес. Кыргыздар түн. тараптан уйгур кагандыгына тезтез кол салып турган. Мына ошондуктан Моюнчурдан кийинки кан Мочжо Голе 758ж. Кыргыздарга каршы жортуул уюштуруп, алардын 50 миң жоокерин талкалаган. Буга карабастан уйгур каны Кыргыздарга саясий өз алдынчалыгын берүүгө аргасыз болгон. Алардын ортосундагы күрөш 820жылдардан баштап өтө күч алган. Жыйырма жылдык кармашуудан кийин уйгур канын жеңип алуусуна көзү жеткен кыргыз ажосу ага төмөнкүчө кабар берген: «Сенин өмүрүң бүттү. Мен жакында сенин алтын ордоңду алып, анын алдында атымды байлайм, туумду саямын. Эгерде мени менен күч сынаша алсаң тез кел, анте албасаң тезирек кет». Мына ушул мезгилдерде уйгур кагандыгынын ички жа тышкы абалы начарлай баштаган. 839ж. эпидемия тараган, кышында кар калың түшүп, малдар ири чыгашага учураган, ачарчылык күчөгөн. Кандын ордосунда ич ара келишпөөчүлүк күч алган,
сарай төңкөрүштөрү көбөйгөн. Чыгыш Түркстанда тибеттер менен болгон узакка созулган согуш өлкөнүн экономикалык абалын кыйындаткан. 840ж. уйгур аскер башчысы Күлү Бага козголоң чыгарып, кыргыз канын жардамга чакырган. Ал болсо ушул жагдайдан пайдаланып, 100 миң аскер менен ЭнеСай өрөөнүнөн Моңголияга карай жортуулга чыгып, Орхон дарыясынын боюндагы уйгур кагаңдыгынын борбору ОрдуБалыкты курчаган. Тарыхый маалыматтар бча кыргыз каны өзү уйгур башкаруучусунун ордосун талап, өрттөөгө катышка н. Акыркы уйгур каны Хэси Дэлэ өлтүрүлгөн. Уйгур каншасы (кытай принцессасы) Тайхо колго түшүрүлгөн.

ОрдуБалыктын калдыгын археологиялык изилдегенде, анын Кыргыздар тарабынан талкалангандыгы далилденди. Аны казганда «кыргыз (Киргизы) вазалары» табылган. Ал буюм жумуртка формасында, ичке моюндуу, түбү жалпак, кооздолуп жасалган. Мындай вазалар Кыргыздар жашаган МиңСуу өрөөнүндөгү көрүстөндөрдөн табылган. Алардын ЭнеСай ойдуңунун башка райондорунан табылышы, Кыргыздардын 840жылдары ал жерлерди каратып алгандыгын далилдейт. Мурун кыргыз канынын ордосу МиңСуу өрөөнүндө болгон, 840ж. кийин ал ТаннуОла тоосунун түштүгүнө, уйгур кагандыгынын борборунан 15 күндүк аралыктагы жерге көчүрүлгөн. Аны Батыш Моңголиядагы Улуу көлдөр айланасындагы кыргыз көрүстөндөрү ырастайт.

ЭнеСайлык Кыргыздар 9кда саясий жактан күчөп турган мезгилде Түш. Сибирди ж а Борб. Азияда көп райондорду каратып алышкан. Аны ошол жерлерден табылган археологиялык буюмдар аныктайт. Кыргыздардын өзүлөрүнө тиешелүү маданий, үрпадат калдыктары эң алгач Хакассиянын Тюхтят өрөөнүнөн казылып алынган. Алардын өзгөчөлөнгөн белгилери төмөнкүдөй: өлгөн адамдардын сөөгүн өрттөп, анын калдыктарын бир жылдан кийин көрүстөнгө алып келип көмүшкөн. Көрүстөндөрдүн үстү боз үй формасында курулган. Кыргыздардын бул адаты кытай китептеринде да жазылып калган. Алардын көмүү адаттарынын мындай калдыктары МиңСуу өрөөнүнөн алыс аймактардан да табылды.

Кыргыз (Киргизы). Бул археологиялык фактылардын жа китептердеги маалыматтардын негизинде 9 — 10кда Кыргыздардын кайсы территорияга чейин барышкандыгын аныктоого болот. ЭнеСай Кы түн. тарапта КызылЖарга чейин барышкан. Аларга тиешелүү көрүстөндөр ушул шаардын жанынан табылган. Уйгурлардын Кечжили тегин башчылык кылган бир бөлүгү азыркы ЯкутияБайкал тараптыкөздөй качып кетигакен. Алардын артынан Кыргыздардын баргандыгын Төмөнкү Иволга жа Хойцегордогу археологиялык табылгалар айгинелейт. Тегин Хэуче башчылык кылган уйгурлардын экинчи бир бөлүгү Моңголиянын чыгышында жашаган кидандарга качып кетишкен. Алардын артынан Кыргыздардын кууп барышын археологиялык табылгалар далилдейт.


Кыргыз