Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

Кылым-кылдары. Актан

1902-жыл. Сентябрь айы. Нарындагы Туюк айылы. Атагы таш жарган айтыпуу манасчы Тыныбектин оорусу катуупагандан катуупап, мертинен тайып, жүзүнө өпүүчү адамдын сүрү кирет. Акылы тунук кыраакы Тыныбек бир буту көргө сапандап, көрөр күнү өчүп, ичер суусу бүтүп баратканын сезип, Элүү апты жаштын арапыгындагы басып өткөн өмүрүн көз алдынан дагы бир жолу чубатууга сапат. Киндик каны тамган Ысыккөпдүн Кайнарын, атасынын кедейчипигин, он төрт жашынан колуна куш кондуруп, жонуна мыптык асынып, мергенчипиктин артынан түшкөнүн, жыйырма беш жашынан баштап, түш көрүү менен Манас айтып калганын. Анан залкар манасчыпар Чоңбаш, Бекмурат, Акызбек, Кепдибек, Назарпарга жолугуп таапим апганын, айрыкча айпап айткан Чоңбашты эстейт. Акыры ап:

Тагдырга жакын болгон бейм. Танып барам акылдан, Кыргызга нускам калганы, Кыраан Манас баатырдан. Арманым ушул капайык Ардактуу эрди таштабай. Айтса экен Элим артымдан1 —

деп, кыбыпжыл араң чыккан үн менен сөздөрүнүн бирин ачык айтса, экинчисинин аягын булдуруктатып, үчүнчүсүнүкүн жутуп ырдап жанындагы отургандар менен кош айтышып жан берет.

Залкар манасчынын уулу Актан атасы өпгөндө он беште эле. 1888-жылы Нарындын Тегерекбулак деген жерде туулган. Актан жарык дүйнөгө жаралгандан жомоктун, ырдын чордонунда өсөт. Атасынын айткан орошондуу Манасын угат. Аны ээрчип, Эл таанып, жер көрөт. Ар түрдүү шайырпардын ырпарын, күүлөрүн нускалуу сөздөрүн угуп, көкүрөгүнө түйөт. Көркөм өнөргө акылэс дүйнөсүн байытат. Атасынын айткан «Манасынан», «Көкөтөйдүн ашын», «Семетейдин жетим калып Букарага барышын» үйрөнүп алып, айып арасында айта баштайт. Элдик ырларды, «Эр Табылдыны» кыз-оюндарында комуздун коштоосунда ырдайт. Бирок, аларды канчапык берипүү, кумардануу менен аткарбасын комузчу бопууну эңсейт. Атактуу комузчупарды көрсөм, таапим апсам дегенде ак эткенден так этет. Айрыкча, Муратаалы, Кара-Молдо, Калык, Боккөтөн өңдүү залкар шайырпардын ысымдарын апыстан угуп, алар менен таанышып, нускаларын апсам деп, дегдейт. Мына ушинтип, аларды бир көрүүгө зар болуп жүргөн кезинде 1905-жылдын жай айпарында айып арасында: «Эмки кепүүчү жекшембиде Балыкчыда чоң топ болот экен. Ага Ысыккөпдөн, Нарындан, Чүй боорунан чыккан ак тандай акындар менен айтылуу комузчулар, куудупдар, манасчылар деги, мен өнөрпозмун дегендин баары катышат имиш. Ал жыйынды көргөн да, көрбөгөн да арманда. Атаң көрү жолдун алыстыгы болбосо, аны көрүп келгенге не жетсин» — деген сөздөр тарайт. Бул кеп Актанга да угулат. Андай сөздү уга албай араң турган Актан айылдаштарынан, ар кимдерден топтун чын эле болорун, качан башталарын сурамжылаштырып тактап билип, үйүндөгүлөрүнүн: «— барба, жол алыс» дегенин укпай эки жолдошу менен салт атчан жолго чыгат. Актан курбулары менен өргүй жол жүрүп отуруп, эртең жыйын башталат деген күнү Балыкчыга келет. Өмүрүндө биринчи жолу мелмилдеп жаткан Ысыккөлдү көрүп: «Жарыктык көлүм» деп, суусунан кочуштап ичип, жүзүн чайып, жүрөгү менен сүйүп, сулуулугуна суктанат. Айтылгаңдай эле Көлдүн кылаасында топ башталат. Ага Көлдүн көкүрөгүнөн, алыскы Нарын менен Чүй боорунан ат арытып келишкендер катышат. Жыйында Муратаалы баштаган Кара-Молдо, Калык, Боккөтөн, Майлыбай, Куйручук сыяктуу ж. б. залкар шайырлар өнөрлөрүн тартуулашат. Акын менен акын айтышып, комузчу менен комузчу күү чертишет. Шайырдан шайыр өтөт. Актан алардын өнөрлөрүн угуп, өздөрүн көрүп, чыгармаларын көкүрөгүнө жаттайт. Айрыкча Актанга Муратаалы менен Кара-Молдонун терең ойлуу күүлөрү, комузду чертүүдөгү ыкмалары суктантат. Алардын алдыларына комузчулардын эч бири чыкпасына көзү жетет. Жыйындын акырында Актан Муратаалы, Кара-Молдо отурган үйгө кымырыныпкымтынып уялып жатып араң баш багат да, отургандарга апик айтып, коп алышып бүтө электе мейман кабып алып отургандардын ичинен бирөө: — Бул жигит биздин үйгө адашып кирип алды көрүнөт. Жаштар тиги четки үйдө. Мында жалаң аксакалдар. Бирок, кейпине караганда бир жактан жолоочупап келе жаткан көрүнөт — деп, дембедем суроолорду берип суракка ала кетти.

— Ооба, акебайлар алыскы Нарындан ат арытып, атайын Топту көрөйүн деп келдим эле. Тыныбек манасчынын уулумун. Атым Актан. Анчамынча комуз чертем. Ыр да ырдайм. «Манастан», «Эр Табылдыдан» да айтам. Бул үйгө Мукем менен Молдокемдин күүлөрүн угайын — деп, атайын кирип калдым. Ээнбаштык кылсам кечирип коюңуздар — деп, Актан кебин айтып бүткүчө төрдө комуз чертип отурган Муратаалы күүсүн шак токтото коюп: — Баланы бери өткөргүлө, менин жаныма келсин,— деп, катарынан орун берди да! — Кадимки биздин чоң манасчы Тыныбектин уулу турбайсыңбы? Тыныбекти ээсине берипсиңер. Арты кайырлуу, жаткан жери жай­луу, топурагы торко болсун! Ыраматылыктын жашы улуу болсо да мени менен жаны бирге эле. Ар кайсы жыйында көп болчубуз. Түгөнгөн жолдун алыстыгынан топурак сала албадым. Кебиңе, жүргөн, турганыңа караганда тың көрүнөсүң. Кана, балам эмне өнөрүң бар. Билгенинди бизден уялбай айта отур —деп, Муратаалы Актанды тигиле карайт.

— Муке, атамы эстеп, көңүл айтканыңызга ырахмат. «Молдо билгенин окуйт» дегендей билгенимден баштайын. Оболу, атамдын «Манасынан» үйрөнүп алганымды айтайын — деп, Актан Манастан «Көкөтөйдүн ашын» баштады. Бакашака түшкөн үй ичи алиги заматта дымырай түштү. Актандын кырааттуу мукам үнү отургандарды шак өзүнө тартып алгансыды. Ал көпкө айтты. Эл да берилип кумарлануу менен угуп жатышты. «Манастын» аягын Актан созолонто созуп келип бүтүрдү. Муратаалы болсо кубангандай — Жакшы балам. Тыныбек өлгөн эмес тура. Дагы эмнени билесиң? — деди. — Эми «Эр Табылдыдан» — бир аз айтып берейин — деп, Актан комузун күүлөп, тамагын таптап аспабынын коштоосунда Эр Табылдыны айта баштады. Ал аны «Көкөтөйдүн ашынан» дагы уккулуктуу обондо ырдап, көпчүлүктүн көңүлүн өзүнө тартты. Актан Эр Табылдыдан узак айтты. Ал отургандарга аябай жакты.

— Эми, туугандар — деди, Актан комузун толгоп — анчамынча билген күүлөрүмдөн чертип берейин. Эл күүсү «Ботой» деп, армандуу ойду эске салган татаал кайрыктагы күүнү таза, так чертти. Эми, «О, Керимбай кулунум» деген күүнү чертейин. Ал бирде ыр менен, бирде кара күү түрүндө ырсыз аткарылат. Бул күүнүн тарыхын биздин айылдагылар мындай деп айтышат. Мына ушул Ысыккөлдүн Тоңундагы Тогузбулак деген жерде Сарбан Сыдык дей турган адам жашаптыр. Анын Керимбай аттуу жалгыз уулу болуптур. Ал алыс жакта окуп жүрүп, катуу оорудан каза табат. Ошоңдо атасы Сьщык минтип жоктогон экен:

Айланайын, Керимбай, Калкыта салдың кемеңди. Калкыңа кылдың чегеңди, Какшатып кеттиң эненди. Толкута салдың кеменди, Топко кылдың чеченди. Алда, айланайын Керимбай. Томсортуп кеттиң энеңди. Аргымак атың чабылбай, Айланайын Керимбай, Айлындан кеттиң табылбай Тобурчак атың чабылбай, Томсортуп күлбөй сүзүлүп, Камгактай оозуң жабылбай, Тобундан кеттиң табылбай. Аалы минген дулдулум,

Ооганбектей булбулум. О Керимбай, купунум, Изаты асып кербенбиз. Кире тартып кепгенбиз. Эсебин апса кудурет. Аманат жанын бергенбиз. Зарпанып мен да сурадым. Акыры өпүм төгүнбү. Ошондой азыр чырагым, Кара жерге көмүпдү. Аркырап чыккан азанын, Тушунда чыкты казанын. Копумдан учкан боз кушум, Курусун менин бул түшүм, Куу куркупдап көп сактайт. Кууратып кеттиң атаңды, Кайда барып жансактайт? Ак талды жакса чок болот. Азыраак Сарбан топ кылса. Кулунум — сенин көрүнбөй, Ошондо ордуң жоктолот. Ак жибектен жасалган. Олпок элең Керимбай Ай тийгендей жаркырап, Чолпон элең Керимбай. Көк жибектен жасалган, Олпок элең Керимбай. Күн тийгендей жаркырап, Чоппон элең, Керимбай. Солтон сары Сокуташ, Сокуташ сенин сеңириң, Дегеле ажыратты теңирим —

деп, Актан уккандын сай сөөгүн сыздаткандай мунданган обондо ырдады да: — Эми, ушул эле жоктоону кара күү түрүндө чертип берейин — деп, «Керимбай кулунумду» аткара баштады. Жөнөкөй жоктоонун обону терең кайрыктарда кайрылат. Күүнүн ар бир кайрыгында таш боор өлүмгө болгон өксүү, аянычтуу да, аярлуу да жаңырат. Актан «Керимбай кулунумду» аягын өтө эле жашыган кайрыктарда кайрып келип токтоду, үй ичиндегилер: — «О бу балада кеп бар экен. Өмүр берсин. Атасын тартса, андан ашпаса кем болбойт» — деп, дуулдап да кетти. Ошондо Муратаалы: — агайынтуугандар. Бир’ аз кебиме кулак салгыпа. Актан алыстан ат арытып бекеринен келбептир. Анын жомокчулугу, айтуучупугу жалпыбыздын жаныбызды асылдантты. Баарынан да Актандын комуз черткени жакты. Айрыкча мени аспабынын калкагын какпай, кылдарын булдуруктатып баспай, так, таза, ачык черткени, атайын эле комуз үчүн төрөлгөндөй шыктуулугу таң каптырды. «Эр жигитке жетимиш өнөр аздык кылат» дегендей айтуучупук, жомокчулук, комузчупук өнөрүңдү бири-биринен ажыратпай тең өстүр. Бирок, комузга көбүрөөк Көңүл бөп. Бактың ачыпсын! Кеткиче биз менен бирге боп. Күүлөрүбүздү угуп, үйрөнүп ап —деди. Аңгыча Кара-Молдо: — Мукем туура айтат. Айпыңа кеткиче биз менен бирге болуп, күүлөрүбүздү ук. Апчупарын алып кап. Копуң комузду черткенде шуупдап турат экен. Ошондуктан комузчупук кесибиңди таштаба — дейт, Муратаалынын, Кара-Молдонун айткандарын Актан бүтүндөй жандили менен кабыл алат. Үйүнө кеткиче алар менен, үч-төрт күн бирге жүрүп, бирге турат. Ондогон татаал кайрыктагы залкар күүлөрдү угат, жан дүйнөсүн байытат. Актан Муратаалы, Кара-Молдо менен мындан ары кол үзүшпөй бирге жүрөлү деп кош айтышып, айлына жол тартат. Анын эки музыкант менен таанышы, бирге болушу, күүлөрүн угушу чыгармачылыгынын жаңы баракчасын ачат. Актандын комузга болгон сүйүүсү баштагыдан да артат. Табигый музыкалык сезимге бай Актан аз күндүн ичинде Муратаалыдан «Камбаркан», Кара-Молдодон «Жаш кербез», «Чоң кербез» деген ж. б. күүлөрүн үйрөнөт. Буларды ал авторлордун өздөрү черткендей аткарууга аракеттенет.

Күн айга, айлар жылга айланган сайын Актандын дагы өздүк репертуары байыйт. Калк арасына ысымы да көрүнүктүү аткаруучукомузчу катары тарайт. Ал салт күүлөрдөн «Чоң ботой», «Ботой», «Тунгуч Камбаркан», «Шыңгырама», «Ойломо Кербез» өңдүү күүлөрдү чертет. Бул күүлөрдү Актан накка чыгармачылык берилгендикте, терең толкундагандыкта аткарат. Анын классикалык элдик салт күүлөрдү мыктылап өздөштүрүшү, өз алдынча күү чыгарууга дем берет. Алсак, ап «Манас» Эпосунун обонунда «Чоң кошун» аттуу күүнү чыгарат. Күүнүн музыкалык мазмунунда чоролордун жоого аттанганы, алардын жеңиштүү кайткандары кеңири жана терең сүрөттөлөт. Автордун экинчи Эликалык күүсү «Семетей күү» деп аталат. Анын өзөгүнө «Семетейдин» сабатмалуу (куюлушмалуу) обону алынган. Аны автор өтө билгичтикте, накка чыгармачылыкта угуучулардын көңүлдөрүн толкундаткандай көркөмдүктө иштеп чыккан. Актандын ажайып кайрыктардагы программалуу күүсү «Дүңгүрөмө». Бул чыгармасында Нарындагы келбеттүү «Дүңгүрөмө» деген жердин кооздугу баяндалган. Күү коңур добуштардагы мелүүн жүрүштөрдө башталып, ылдамдатылган темпте аяктайт.

Актан өз алдынча күү чыгаруу менен бирге репертуарын да элдик шайырлардын жаңы чыгармалары менен да такай байыткан. Алардын ичинен ал Күрөңкөйдөн Муратаалыга мурас катары өткөн «Моңолбай» аттуу каардуу кайрыктардагы жана өз мезгилинин белгилүү комузчусу «Мусанын арманы» деген залкар күүлөрдү өзгөчө чеберчиликтерде черткен. Алсак Актан «Моңолбай» күүсүн аткарганда угуучулардын көз алдыпарына сан колдуу жоокерлердин кан төгүлгөн кармаштарын, алардын эрдиктерин элестете черткен. Ап эми Мусанын «Арманында» тек гана бир адамдын эмес өткөн замандагы калың калктын муңун зар каткан кайрыктарда баяндайт.

Көрүнүктүү комузчу көпчүлүк тарткан азаптозокту да башынан өткөрөт. Ал 1916-жылы Үркүндү өз көзү менен көрүп, өзү күбөдөр болот. Актан андай армандуу адилетсиз, бактысыз турмуштан Улуу Октябрдын нуру астында бошонот. Бүткүл эмгекчил эл менен боштондукка чыгып, бактаалайга жетет. Актан жаңы замандын алгачкы күнүнөн баштап жарчысы болууга, бүтүндөй өмүрүн, өнөрүн арнайт. Кедейкембагалдардын кубанычын совет өкмөтүнүн Атажуртубузга орногонун «Кеңеш» аттуу күүсүндө баяндайт. Автордун чыгармасынын өзөгүнө шаңдуу обон алынган. Аны Актан жайдары кайрыктагы, терең ойду камтыган акылнасаат айтып, кеңеш курууга чакырган, чыгарма аркылуу жеткирген. Ал эми өзгөргөн жерди, өнгөн элди комузчу «Өзгөрүш шыңгырама» деген күүсүндө сүрөттөйт. Бул чыгармада салтанаттуулук менен шайырдуулук өкүм сүрөт. Күүдөгү башкы музыкалык тема ар түрдүү мүнөздө, түркүн жүрүштө бир нече жолу ырааттуу кайталанылат (вариацияланат). Актан совет өкмөтү жергебизге орногондон тартып, анын активдүү куруучуларынан болот. Ал граждандык согуш, айыл чарбасын коллективдештирүү мезгилинде белсемдүү эмгектенет. 1923-жылдан тартып Нарын областтык аткаруу комитетинин ар түрдүү кызматында иштейт. Ал эми 1933—1935-жылдары айылдык советте төрага, колхоздо башкарма, кийинчерээк Нарын райондук радио түйүндө иштейт. Андан соң Нарын драма театрына артист болуп иштөөгө алынат. Ал театрдын коллективи менен бирге жаңы заманды даңктаган чыгармаларын жана элдик музыканын классикалык үлгүлөрүн угуучуларга тартуулайт. Таланттуу комузчу 1936-жылдын октябрь айында борбор шаарыбыз Фрунзеде өткөн эл чыгармачылыгынын республикалык олимпиадасына катышат. Анын аткаруучулук чеберчилиги жюри мүчөлөрү тарабынан жогору бааланып, филармонияга иштөөгө калтырылат. Музыковед А. Затаевич Актандын өздүк репертуарынан ар түрдүү мазмундагы, ар кандай жанрдагы он төрт күүнү жазып алат. Актан филармонияда он жылдан ашык эмгектенет. Ал совет бийлигинин алгачкы жылдарында чыгарган «Алга бас Камбаркан», «Бий күүсү», «Кыял күү» деген ж. б. элдик чыгармалар угуучулар арасына кеңири тартуулайт.

Автордун «Алга бас Камбарканы» элдик «Камбаркандын» толгоосунда, ыкмасында, нугунда чыгарылган. Бирок, Актан бул чыгармасында өзү жашап, өзү эмгектенип жаткан жаңы заманды ар тараптан алгалап өстүрүүгө эмгекчилерди чакырат. Күүнүн кайрыктарында жаңы ритмдер менен жаңы музыкалык сүрөттөөлөр жаңырат. Автор «Бий күү» деген чыгармасында жаштардын шандарын, салтанаттарын, кубанычтарын сыпаттайт. Ал эми жайдары кайрыктарга бай Кыял күүсүндө» адамдардагы кыял чабытынын күлүктүгүнө, ар түрдүүлүгүнө ой жүгүртөт. Аны автор философиялык мазмунда чечүүгө аракеттенген. Кубаттуу жүрүштө башталып, бирде жумшак, бирде алабармандаган мүнөздө чертилет. Актандын филармонияда залкар шайырлар менен иштеши, Кыргызстандын бүткүл аймагын аралап, көп улуттуу өлкөбүздүн күн санап өсүп жатканы акындык шыгынын ойгонушуна жана жанышына бирденбир булак болот. Ал өзү жашап, өзү эмгектенип жаткан доордогу улуу өсүштөрдү, укмуштуудай өзгөрүштөрдү күүлөрү аркылуу гана эмес, ырпары аркылуу да баяндап бергиси кепет.

Актан комузчупарыбыздан кандай аткаруучулук чеберчипикте айырмаланса, акындык жагынан да башка акындарыбыздан аттын кашкасындай айырмаланат. Актандын «Ильич эстен кетпейт», «Кыргызстан», «Элиме», «Селкинчек», «Коштошуу», «Бешик ыры», «Токтогулга», «Эли сонун кыргыздын» деген ж. б. чыгармалары кыргыз окурмандарына кеңири тарайт. Актан башка акындарыбыздай эле Улуу Ата Мекендик согуш мезгилинде фашисттердин ташталканын чыгарууга, баатырлыкка чакырган «Кырааныма», ал эми көп упуттуу мекенибизде жеңиштин желеги желбирегенде «Май майрамы», Жеңиш жылы», «Кубанычтуу жаңы жыл», «Өч алдык» деген терең мазмундуу ырларын тартуулайт. Актан булардан сырткары «АсанЖамал», «Бакты Болот», «Үркүн» деген поэмаларды жазат.

1964-жылы Ж. Таштемировдун түзүүсүндө Актандын туңгуч жыйнагы «АсанЖамал» деген ат менен «Кыргызстан» басмасынан басылып чыгат. Ага автордун ар түрдүү ырлары менен 1916-жылкы үркүндү баяндаган «АсанЖамал» поэмасы кирген. Ал эми Актандын айтуусундагы «Эр Табылды» Эпосу 1941, 1956, 1970-жылдары «Кыргызстан» басмасынан басылып чыгып, окурмаңдарыбызга тартууланат. Элге кеңири белгилүү Эпостун кайракайра басылып чыгышы Актандын айтуучулук шыгынын мыктылыгын айгинелейт. Актан жазгычакын болгондуктан өзү айткан «Манас» Эпосунан «Семетейдин жетим калып, Букарага барышын», «Семетейдин Букарадан келип, Манастан калган мүлктөрүн алып жаткан жерин», «Көкөтөйдүн ашын», баш-аягы 13000 салтан ашык, үзүндүнү, атасынын өмүр баянын, «Кыргыздын улуттук оюндары» деген баалуу материалдары Кыргыз Илимдер Академиясынын тил жана адабият институтунун кол жазмалар фондусуна жазып тапшырган. Бирок, алардын көпчүлүгү алиге чейин жарык көрө элек. Ошоп себептен Актандын ар тараптуу жаркын шыгы, терең маңыздагы чыгармалары да илимийжактан изилдөөгө алына элек. Көрүнүктүү комузчуакын Актан Тыныбеков 1947-жылга чейин филармонияда иштеп, кадырлуу эс алууга чыгат. Ал өздүк репертуарын Муратаалынын, Кара-Молдонун, Чалагыздын, Асанаалынын, Ыбырайдын, Атайдын күүлөрү менен байытат. Ал эми Актандын күүлөрүн кесиптештери үйрөнөт. Актан замандаштары менен 1939-жылкы Москвада өткөн кыргыз искусствосунун он күндүгүнө катышат. Өкмөт тарабынан эмгеги жогору бааланып, «Ардак белгиси» ордени менен сыйланат. Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти деген наам берилет. Кыргыз ССР Жогорку Советинин Ардак грамотасы менен сыйланат. Чалагыз Иманкуловдун мүнөздөмөсүнө караганда «Актан өтө сөзмөр, куудул, күлкүлүү кепти машы менен сүйлөгөн, сыпаа, бирөөнүн көңүлүн оорутпаган, оор басырыктуу ак көңүл адам болгон». Ап 1951-жылдын 5ноябрында дүйнөдөн кайтат. Бирок, ал артына элибиз менен бирге түбөлүккө жашай турган жаркын терең мазмундуу чыгармаларды таштап кетти.


Кыргыз