Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

Күүдөн симфонияга чейин

«КҮҮДӨН СИМФОНИЯГА ЧЕЙИН…»

Күүдөн симфонияга чейин — мага басып өткөн жылдарыбыз ушундайча мүнөздөлөт. Эгерде кыргыз музыканттарынын топ башында атактуу Токтогул, Карамолдо, Ыбырай, Ниязалы, Мусага окшогон элдик таланттар болсо, бүгүн композиторлор союзунун катарын отуздан ашуун профессионал композиторлор бириктирип турат. Эзелтен элдик күүгө бай элибиздин турмушуна симфониялык музыка кошулуп, ал өзүнүн татыктуу ордун таап калды. Кыргыз музыкасынын көч башын баштаган Абдылас Малдыбаевдин таланттуу чыгармалары музыкалык өнөрүбүздүн алтын казынасын түзүп, жаңы бийиктикке көтөрдү. Байыркы күү, ыр, айтыш, кошок ырлары менен күн өткөрүп келген элибиздин турмушуна жаңы чыгармалар аралашып гана тим болбостон, музыкалык кайрыктарыбыз да түрдүүтүрдүү аспаптар менен байыды. Албетте, улуттук музыкалык маданиятыбыздын дүркүрөп өсүшүнө атактуу чеберлер В. Ференин, В. Власовдун таасири чоң. Алар профессионалдык музыкабыздын алгачкы кышын коюп, улуттук кадрларыбызды даярдап чыгууга айрыкча эмгек сиңирди.

Бүгүнкү музыкалык өнөрүбүздүн аймагы кеңейди, камтыган чабыты өстү. «Айчүрөк», «Ажал ордунда» деген операларыбыздын катары ондогон опералар менен байып, профессионалдык жагы калыптанды. Кийинки эле жылдарда опера жана балет театрында көрсөтүлгөн К. Молдобасановдун «Саманчынын жолу», «Маңкурт жөнүндө баян» аттуу балеттери улуттук музыка өнөрүбүздүн ички зор мүмкүнчүлүктөрүн ачык көрсөттү. Бул чыгармалар элибиздин музыка маданиятында да көрүнүктүү орун ээлеп калды. Мезгил сүрөткерди дайыма жаңы бийиктикке шыктандырат, дем берет. Бүгүн биздин коом ачык айтып, ак сүйлөөгө үйрөтүп жатат. Бул жакшы жышаан. Ырасында эле кыргыз музыка маданиятында бир топ ийгиликтерибиз бар. Ал тууралуу көп эле айтып жатабыз. Эмне үчүн биз композиторлор кеңири полотнодогу чыгармаларды жаратууда кашаңдык кылып жатабыз? Неге опера өнөрүбүз өспөй калды? Албетте, бул суроолор бекеринен коюлуп жаткан жери жок. Бул коңгуроолуу суроо бизди жетишкен ийгиликке маашырланып калууга жол бербейт.
Тескерисинче, биз кара жанды карч уруп эмгектенишибиз керек. Алдыдагы иштин баасы анын аткарылышы менен ченелет. Эгерде мунун маанисин ачыкайкын түшүнбөй кол куушуруп отура берсек, дагы көп жылдар бою бу жайбаракаттыктын арааны жүрө бермекчи. Бул деген жаңы чыгармалардын жаралышынын жолун бөгөп, улуттук сахнабыздын репертуарын жардылантат. Күүдөн симфонияга чейин — мага басып өткөн даңктуу жолубуз ушундайча мүнөздөлөт.

Таштан Эрматов


Кыргыз