Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

КУЙРУЧУК

КУЙРУЧУК

Өз аты — Кудайберген. Кийин анын элди туураган жорукжосунуна карата «Куйручук» атыгып кеткен. Атасы Өмүрзак жарды адам болгон. Кудайберген төрөлгөндөн эле оорукчан болду. Анын энеси керээликечке байдын суусун алып, казанын асып, колу бошобой, көр оокаттын айынан ымыркай баланы бешикке бөлөгөн бойдон калтырып кетүүчү. Таңдан кечке бешикте таңылып жаткандыктан итий оорусу жабышат. Анысы аз келгенсип куу далы болду. Мойну кылдай, чекесинен көк тарамышы көрүнүп турат. Арык баланы ыраматылык энеси колуна алып эркелетип, арыктыгына начарлыгына боору ачып, үшкүрүп, көзүнө жаш алып кайгырчу эле дешет. Жашынан саламаттыгы начар болгондуктан болочок куудул 5—6 жашка чейин бечел калган экен.

Жардынын үйүнүн бир жагынан ит өтүп, бир жагынан ат өтүп, үзүктөн уугу, туурдуктан керегеси чыгып, кышкысын ызгаарДУУ сууктан кыйналат. Жайкысын жаанчачындан жабыркап турган кездери болсо керек. Кыясы үйдөгүлөр бүт буттары баскан балдарын жетелеп алышып, байдын жумушун кылганы кетишкен го. Куйручукту эски тонго ороп, капшытка жаткызып кетишет. Бир оокумда айылдаштарынан бирөө үйгө кирет. Киши жок, ээн үйдөн жабыкта сайылуу турган шибегени алмак болот. Аңгыча «Ай киши, көзүмө чөп түшүрөсүң! Шибегени алба, атам чокоюн көктөйт!» — деген үн чыгат. Шашып калган киши чочуп кетип караса, көзү жылтырап, бала жатат. «Капырай, бешиктеги бала сүйлөдү»,— деп, эси чыккан неме үйдөн чыга качыптыр. Бечел такыр эле баспай койгондуктан, айрым адамдардын «бир корксо басып кетет» деген сөздөрүнөн улам, жаман алачыктарынан анчалык алыс эмес жердеги коктучага көтөрүп барып, таштап коюшат. Бир маалда алышкан айгырларды, элирген кунантайларды, жер чапчып жээликкен бээлерди баланы көздөй айдашат, буту баспай үйдөн чыкпай жаткан балага бул тири укмуштай көрүнөт. Эси чыгып, «апакелеп» чыңырып тура чуркайт. Аңдып турган апасы чуркап келип, Куйручукту жерден көтөрүп ала коюп, апаптап сооротот. Мына ошондон кийин басып кеткен дешет.

Жапар Кенчиев.


Кыргыз


Метки: