Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

Конструктивизм

Конструктивизм таанып билүүнү процесс катары карайт, мында окуучулар учурдагы же мурдагы билимдердин же тажрыйбанын негизинде жаңы идеяларды же концепцияларды активдүү конструкциялайт же түзөт. Башка сөздөр менен айтканда “таанып билүү өзүнүн жеке тажрыйбасына жараша өзүнүн жекече билимдерин түзүүнү камтыйт”.

Демек, Конструктивдик таанып билүү ‟ бул абдан эле жекече күч-аракет, ал аркылуу интернационалдаштырылган концепциялар, эрежелер жана жалпы принциптер реалдуу дүйнөнүн практикалык контекстинде ырааты менен колдонулушу мүмкүн. Ал ошондой эле социалдык контруктивизм катары дагы белгилүү.

Социалдык конструктивисттер инсан качан социалдык жактан сүйлөшүүгө жана жалпы милдеттер менен тапшырмаларга карата ишке тартылганда билим жолго коюлат деп эсептешет. Таанып билүү процесс катары каралат, ал аркылуу айрым адамдар коомдун кыйла активдүү мүчөлөрүнүн жардамында маданият менен таанышат.

Конструктивизм активдҥҥ таанып билҥҥнҥ жана эвристтик таанып билҥҥнҥ кошкондо өзүнөн өзүэле таанып билүүнүн көптөгөн процедураларын өнүктүрүүгө алып келди. Көп жактуулугуна карабастан конструктивизм ушул чектерде же ушул түзүмдүн алкагында окуучулардын эркин изилдөөсүн колдоого алат. Мугалим фасилитатор катары аракеттенет, ал студенттерди өздөрү үчүн принциптерди ачып берүүсүн жана билимди реалисттик проблемаларды чечүүнүн үстүндө иштөө жолу менен түзүүсүн колдойт. Конструктивизм аспекттери өз алдынча иштерде, эмпиристтик таанып билүүдө жана рефлективдик практикада табылышы мүмкүн. Окутуу үчүн процедуранын бардык маалыматтары окуучуга багытталган окутуу процедурасы деп аталуучу кыйла кеңири топтун бөлүгү болуп эсептелет.

Когнитивдик жана конструктивисттик таанып билүү теориясынан келип чыккан окутуу методу окутуу окуучулар материалдарды иштеп чыгууга тереңдеп катышуусу, ал узак мөөнөттүү эс тутумга кириши үчүн болгондой түрдөгү окуу ырааттуулугун түзүмдөштүрүү зарылдыгы басым жасайт. Бул демек окуу тапшырмалары аркылуу материалдар менен иштеши жана өздөрүнүн “аны талдап чыгышы” зарыл болгон студенттер эстеп калуу жана түшүнүү үчүн гана эмес, жогорку тартиптеги ойлоо көндүмдөрүнө (колдонуу, талдоо, баалоо, чыгармачылык) катышуусун окуучулардан да талап кылуусун билдирет. Каталар жолу болбогондук катары каралбайт, бирок али өнүгө элек түшүнүүнүн учурдагы деңгээлинин көрсөткүчү катары каралат.

Төмөндө келтирилген таблица когнитивдик жана конструктивисттик методдорго негизделген окутуунун жана таанып билүүнүн мүнөздөмөлөрүн жалпылайт.

Булак: http://arunet.kg/metodicheskiy-centr/111-zhozhzhdogu-insanga-bagyttalgan-okutuu.html


Кыргыз