Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

КИНОДОГУ ӨМҮР

Өз чыгармалары көркөм тасмалары менен кыргыз элин дүйнө элине тааныткан Ч. Айтматов, Б. Шамшиев, Т. Океев жана башка киноишмерлери болду. Ал эми кыргыз деген ким экенин элестете албаган элдер кыргыз өңүн, мүнөзүн жана элесин Сүймөнкул Чокморов жараткан образдар аркылуу кабыл алышты.
Сүймөнкулдун табият тартуулаган талантынын маанилүү сапаттары кинодо алгачкы ирет образ жаратуусунда эле ажайып ачыкка чыга келди. М. Ауэзовдун чыгармасы боюнча Б. Шамшиев тарткан «Карашкараш окуясы» тасмасы экранга чыккандан кийин кино өнөрүнө өзгөчө таланттуу актёр келгендиги маалым болду. Сүрөтчү Чокморов буга чейин кинодо тартылып көрбөгөндүгүнө карабастан, Бактыгулдун образын такшалган актёрлордун деңгээлинде ойногон. Ал каармандын ички дүйнөсүнө сүңгүп кирип, турмуштагы зулумдук, наадандык менен келишпес күрөш жүргүзгөн, бул күрөштө өлүмдөн да кайра тартпаган, майышпас, эрктүү адамдын элесин жаратты. Сүймөнкулдун андан кийинки актёрлук таржымалындагы эң чебер түзүлгөн Карабалта менен Ахангулдун образдары кандайдыр бир деңгээлде Бактыгулдун образына жакын. Бул үч образдын жалпылыктары бар. Бактыгул сыяктуу эле Карабалта, Ахангул да жакырчылык замандын запкысын тартып, акыйкаттык, чындык үчүн тайманбай күрөшкөн адамдар. Бул образдардын мыкты чыгышы Сүймөнкулдун өз элинин турмушун, үрпадат, салтын терең билгендигинде болуш керек. Сүймөнкулдун беттеген максатына жетмейин жаны жай албаган темирдей бекем эрки, адам таң калаарлык чыдамкайлуулугу экранда элдик мүнөзгө ээ болгон жаркын образдарды жаратууга көмөкчү болду.
С. Чокморов «Өзгөчө комиссар» тасмасында Ходжаевдин ролун, «Жетинчи ок» тасмасында Максутовдун ролун ойдогудай жаратуу менен боордош өзбек киносунун да сүйүктүү киноактёру болуп калды.
Көптөгөн кино көрүүчүлөр Сүймөнкулдун элеси аркылуу жалаң кыргыз элинин элесин гана эмес, ошондой эле жалпы чыгыш элдеринин элесин да кабылдай башташты. Москвалык кинорежиссер А. Бобровский Чокморовду «Фердинанд Лиюстун өмүрү жана өлүмү» тасмасында жапан банкири Даонун ролунда ойноого чакырышы буга күбө.
Дүйнөлүк кинематографиянын эң көрүнүктүү чеберлеринин бири жапан кинорежиссеру Акира Куросаванын саякатчы жана жазуучу Н. Арсеньевдин повести боюнча «Мосфильм» киностудиясында койгон «Дерзу Узала» тасмасындагы Чокморов ойногон Дерзунун ишенимдүү досу Чжан Баонун элеси да ушундай мүнөзгө ээ. Акира Куросава С. Чокморовдун кинодогу эмгектерине байкоо жүргүзүү менен аны учурдагы чыгармачылыгы эң кызыктуу актёрлордун бири катары белгилеген.
Залкар жазуучу Ч. Айтматовдун чыгармалары боюнча тартылган «Жамийлада» — Даниярдын, «Көк мелжиген тоолордо» Байтемирдин, «Кызыл алмада» — Темирдин, «Эрте жаздагы турналарда» Бекбайдын образдарын жаратуу менен Сүймөнкул көп кырдуу талантынын дагы бир кырын көрсөтө алды. Бул образдардан С. Чокморовдун тышкы ыкчамдыкты жана шамдагайлыкты талап кылган эпикалык мүнөздөгү образдарды түзүүгө гана чебер эмес, ошондой эле каармандардын жан дүйнөсүндөгү көзгө көрүнбөгөн жана байкалбаган ар кандай кылдат белгилерди, психологиялык сезимдерди так ачып бере алган лирикалык маанайдагы киноактёр экендигин баамдайбыз. С. Чокморов Т. Океевдин «Улан» тасмасында Азаттын, кинорежиссер А. Видугиристин «Жалаң эразаматтар» тасмасында Касымдын образдарын жогорку чеберчиликте аткарган.
С. Чокморов жогоруда аталып өткөн негизги образдардан тышкары дагы айрым тасмаларда экинчи катардагы каармандардын элестерин түздү. Көрүүчүлөр менен болгон эң кыска жолугушууда да аларга терең таасир калтырган. Мисалы: «Уркуядагы» Үтүр устанын, «Толкундар жээкте жоголот» тасмасында Асхаддын, «Каныбектеги» Жолой мергендин образдары да эстен кетпейт.
С. Чокморов кинодо эмгектенген 20 жылдын ичинде жыйырмага жакын образдарды жаратып, республикадагы киноактёрлордун ичинен биринчи жолу эркектердин ролун беш жолу эң мыкты аткаргандыгы үчүн байгелерге арзып, калың катмарга таанылып, сүйүктүү актёр, элибиздин эң сыймыктуу атуулу болуп калган.
Бүгүнкү күндө Чокморовдун өзү арабызда жок болсо дагы анын экрандагы сакталып калган сүйкүмдүү элеси түбөлүккө кала бермекчи.
Аскербек Секимов


Кыргыз