Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

Касым Тыныстанов

Касым Тыныстанов

Касым Тыныстанов 1901-жылы 10-сентябрда касиеттүү Ысык-Көлдүн кылаасындагы Чырпыкты кыштагында кедей үй-бүлөсүндө туулган. Атасы Тыныстан араб тамгасында анчамынча окуп катсабаты жоюлган адам болгондуктан Касым жети жашка чыкканча эле ага араб тамгасында окуужазууну үйрөтүп койгон. Андан кийин Касым Байсорун кыштагындагы (азыркы Ананьево) сарт мектебинде үчтөрт жылы окуйт да, 1912-жылы Касымды атасы Тыныстан Каракол шаарындагы орус тузем мектебине орноштурат. 1916-жылга чейин Касым ал мектептин үчүнчү классын орус тилинде бүтүрөт. Касым да 1916-жылдагы үрккөн эл менен бирге Кытай жерине качып барып, ачтан өлүп, суукка тоңуп кыйналып, зар какшап ыйлаган кыргыздардын арасында болуп, алардын муңдуу ыйын укту. 1918-жыл. Ак падыша тагынан кулап, көлдө жаңы турмуш орноптур деген кабарды угуп, Касым ошол эле жылы качкын кыргыздар менен бирге Көлгө кайтып келет. Көл башындагы таякелеринде — Тепкеде бир жылы туруп калып, 1919-жылдын жазында таякелеринин буурусун сокосун кармайт.

1919-жылы Садыбакас Ысмайылов деген таякесинин жардамы менен Ташкент шаарына окууга кетип, андагы казаккыргыз институтуна кирет. 1919-жылдан баштап АлмаАта шаарында казак тилинде чыгып турган «Ак жол», «Учкун», «Тилчи», «Өрүм» аттуу газеталарга казак тилинде ырларын жарыялайт. 1925-жылы Москвада алгачкы жыйнагы «Касым ырларынын жыйнагы» деген ат менен басылып чыгат. Алгачкы «Окуу китебин» (эне тилин) жазган. Касым Тыныстанов 1925-жылдын август, сентябрь айларында «Эркин Тоо» газетасына редактор болот. Ошол эле жылы күзүндө областтык эл агартуу бөлүмүнүн илимий комиссиясынын башчылыгына дайындалат, Кыргыз автономиялуу республикасы уюшулган күндөн баштап, ал Кыргыз республикасынын эл агартуу комиссары болот. 1928-жылдын май айында «Жаңы маданият жолунда» аттуу журналдын биринчи саны жарык көрөт. Журналдын жооптуу редактору Касым Тыныстанов болот. Касым өз жанын аябай иштеген илимпоз эле. Менин оюмча бир суткада 24 саат болсо, ошонун 18-саатын эмгектенүү менен өткөзчү. Касым Тыныстанов 1930—31-жылдарда иштеп жүрүп Кыргыз драма театрына бир аз мезгил директор да болуп калат. Манасты орус тилине которуп чыгаруунун демилгечиси да Касым болгон. Манастын чоң казатын орусча чыгаруу үчүн анын тексттерин 5 киши (Касым, Карасай, Узакбай Абдукаимов, Саманчин Тазабектер) сапмасап котормосун иштешет. Ал котормону көркөмдүк жагынан кооздоп иштеп чыгыш үчүн Касым Москвадан үч котормочу (С. Липкин, Тарловский, Пенковскийлерди) чакырат. Ал китеп кийин 1946-жылда басылып чыгат. Сөздүн кыскасын айтканда Касым Тыныстанов кыргыз элинин тунгуч жазуучусу, тунгуч эл комиссары, кыргыз тилинин грамматикасын негиздеген профессор жана кыргыз маданиятынын, адабиятынын өнүгүшүнө зор таасир эткен мамлекеттик ишмер эле.
Зияш БЕКТЕНОВ

КАСЫМ КАНДАЙ КИШИ ЭЛЕ?

Касым Тыныстанов 1901-жылы 10-сентябрда касиеттүү Ысык-Көлдүн кылаасындагы Чырпыкты кыштагында ке-дей үй-бүлөсүндө туулган. Атасы Тыныстан араб тамга-сында анча-мынча окуп кат-сабаты жоюлган адам бол-гондуктан Касым жети жашка чыкканча эле ага араб тамгасында окуу-жазууну үйрөтүп койгон. Андан кийин Касым Байсорун кыштагындагы (азыркы Ананьево) сарт мектебинде үч-төрт жылы окуйт да, 1912-жылы Касым-ды атасы Тыныстан Каракол шаарындагы орус-тузем мек-тебине орноштурат. 1916-жылга чейин Касым ал мек-тептин үчүнчү классын орус тилинде бүтүрөт. Касым да 1916-жылдагы үрккөн эл менен бирге Кытай жерине ка-чып барып, ачтан өлүп, суукка тоңуп кыйналып, зар как-шап ыйлаган кыргыздардын арасында болуп, алардын муңдуу ыйын укту. 1918-жыл. Ак падыша тагынан ку-лап, көлдө жаңы турмуш орноптур деген кабарды угуп, Касым ошол эле жылы качкын кыргыздар менен бирге Көлгө кайтып келет. Көл башындагы таякелеринде — Тепкеде бир жылы туруп калып, 1919-жылдын жазында таякелеринин буурусун сокосун кармайт.

1919-жылы Садыбакас Ысмайылов деген таякесинин жардамы менен Ташкент шаарына окууга кетип, андагы казак-кыргыз институтуна кирет. 1919-жылдан баштап Алма-Ата шаарында казак тилинде чыгып турган «Ак жол», «Учкун», «Тилчи», «Өрүм» аттуу газеталарга ка-зак тилинде ырларын жарыялайт. 1925-жылы Москвада алгачкы жыйнагы «Касым ырларынын жыйнагы» деген ат менен басылып чыгат. Алгачкы «Окуу китебин» (эне тилин) жазган. Тыныстанов 1925-жылдын август, сен-тябрь айларында «Эркин Тоо» газетасына редактор бо-лот. Ошол эле жылы күзүндө областтык эл агартуу бөлү-мүнүн илимий комиссиясынын башчылыгына дайында-лат, Кыргыз автономиялуу республикасы уюшулган күн-дөн баштап, ал Кыргыз республикасынын эл агартуу ко-миссары болот. 1928-жылдын май айында «Жаңы мада-ният жолунда» аттуу журналдын биринчи саны жарык

347


көрөт. Журналдын жооптуу редактору Касым Тыныста-нов болот. Касым өз жанын аябай иштеген илимпоз эле. Менин оюмча бир суткада 24 саат болсо, ошонун 18 саа-тын эмгектенүү менен өткөзчү. Касым 1930—31-жылдар-да иштеп жүрүп Кыргыз драма театрына бир аз мезгил директор да болуп калат. Манасты орус тилине которуп чыгаруунун демилгечиси да Касым болгон. Манастын чоң казатын орусча чыгаруу үчүн анын тексттерин 5 киши (Касым, Карасай, Узакбай Абдукаимов, Саманчин Таза-бектер) сапма-сап котормосун иштешет. Ал котормону көркөмдүк жагынан кооздоп иштеп чыгыш үчүн Касым Москвадан үч котормочу (С. Липкин, Тарловский, Пен-ковскийлерди) чакырат. Ал китеп кийин 1946-жылда басылып чыгат. Сөздүн кыскасын айтканда Касым Ты-ныстанов кыргыз элинин тунгуч жазуучусу, тунгуч эл комиссары, кыргыз тилинин грамматикасын негиздеген профессор жана кыргыз маданиятынын, адабиятынын өнүгүшүнө зор таасир эткен мамлекеттик ишмер эле.

Зияш БЕКТЕНОВ


Кыргыз