Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

Каныкей

Бир топ мезгил өткөндөн кийин Алмамбет ойлонуп отуруп Манас досунун али өзү чындап жактырып алган никелүү зайыбы жок экенине, Манас али шөкүлөлүү кызга күйөөлөп бара электигине көзү жетип, арстан баатырга үйлөнүүгө кеңеш берет. Манас мурутунан жьшмайып:  Алмамбеттин сөзү ырас,  деит. Көк темирден тон кийген, көкала сындуу ат минген эр Чу бак ордолуу Букар шаарына келет.

Он эки кыздын кенжеси, кудайдын сүйгөн пендеси, кара сурдун сулуусу, аялзаттын нурдуусу Темиркан кызы Каныкей бир жагынан баатыр бейбак болуучу Каныкей:  Ажалым жетсе өлөйүн, мен бир кагыш салып көрөйүн,  деп зоот кийимин кийинип, бөрү тил болот найзасын кол го алып, Чубак менен беттешүүгө чыгып, бири бирин жеңе алышпай, Чубак арбын кошуун менен келейин деп, Талас ты көздөй жөнөйт.

Каныкей артынан кууп, Чубактын айла сын кетирет. Бир маалда алды жактагы белестен беш киши көрүнөт. Каныкей сулуу алардын ортосундагы Аккула ми нип болкойгон, накери бутта чойкойгон, алыстан даңкын угуп жүргөн Манас экенин боолголоп тааныйт.

Манас баатырдын
Алтын менен күмүштүн
Ширөөсүнөн бүткөндөй,
Асмандагы күнүн да
Бир өзүнөн бүткөндөй,
Асман менен жериңдин
Тирөөсүнөн бүткөндөй.
Асмандагы ай, күндүн
Жаркынынан бүткөндөй.

Өзгөчө жан экенин ыраактан байкап, Каныкей:  Манас Манас экенин, мен баштатан угуп билгемин, Ма настыгың чын болсо, атайын издеп келер деп, мен, кургур, ошону тилеп жүргөмүн,  деп ичинен сүйүнүчтүү күбүрөнөт да, атына камчы уруп, Букарга кайра тартып кетет. Каны кейден качып келген Чубак Манаска:  Узун чачтын ыктуусу, ургаачынын мыктуусу, бул өндөн гөн жан болбойт, Каныкейди албасаң, эгерде ишиң оң бол бойт,  деп айтып, баатыр кызды төрөсүнө абдан мактайт. Зайып   алуу  жөнүндө   ойлонгондо   арстан шердин көңүлүнүн түпкүрүндө дайыма момундай ой уюп жатчу эле:

Мен биле турган кеп болсо,
Оймоктуудан узду алам.
Оюмда жүргөн кызды алам.
Керемети кеңди алам,
Акылэси ошонун

Мени менен тенди алам
Алты жылдык зыянды
Биле турган кызды алам.
Жан жолдошко жаман сөз
Айтпай турган кызды алам.
Бейжайлык менен кесирди
Билбей турган кызды алам.

Чубактын сөзүн укканда Каныкейдин элеси ушул оюнда гы өлчөмүнө төп келип, Манас «Мурутунан жылмаиып, тегеле жалгыз сөз айтпай, ээрдин башын каккьшап, турган экен мулуюп». Ошондон кийин Жакып Темиркандын алдына кулдук уруп барып, Каныкейге сөйкө салып кайтат. Андан соң бай Жакып Бакайды алдыга салып, байбичеси Чыйырдыны боз жоргого мингизип, кызмат кылчу кызкелин, жигитте рин, достамырын жанына алып, Манас менен Алмамбетти ээрчитип келинин алып келүү үчүн Букарга кайра аттанат. Манастын кьшкылдаган колу да дүңгүрөп кошо жөнөйт. Бай Жакыптын Каныкейдин калыңы деп, Букарга айдап ба раткан төрт түлүк малы төмөнкүдөй сүрөттөлөт:

Айдаган жылкы чуркурап,

Чаңыасмангабуркурап,

Доолбасүнүтарсьшдап,

Аябаи калың эл кетти.

Мөөрөгөн бойдон уй кетти.

Төөнүн баарын боздотуп,

Тулпардын баарын коштотуп,

Айгырлар барат алышып.

Бууралар барат жөөлөшүп,
Букаларбаратмөөрөшүп,

Кочкорл ор карскарс сүзүшүп,

Асманга чаңы созулуп,

Качарына жер таппаи

Аркарлар малга кошулуп.

Пилдер келет томпондоп,

Бууралар келет бышкырып,

Белден баскан жьшандар

Баш көтөрүп ышкырып,

Күндүн көзү көрүнбөй,

Көктөн туман бөлүнбөй,

Баскан жери тозулуп,

Токойдогу доңуздар

Кошо келет корсулдап,

Айдаган малга кошулуп.

Кирпи чечен, кашкулак
Келе жатат килендеп,
Токойдогу коёндор
Кошо жүрөт серендеп.

Мына ошентип, кудалар: Темиркан менен Жакып Букарда кездешип, отуз күнү той кылып, Каныкейди Манаска нике кыйдырышат. Манас менен Каныкейдин тою андан кийин Таласта чоң салтанат, даңаза менен кырк күн бою уланат.

Чубактын сөзүн укканда Каныкейдин элеси ушул оюнда

гы өлчөмүнө төп келип, Манас «Мурутунан жылмаиып, тегеле жалгыз сөз айтпай, ээрдин башын каккьшап, турган экен мулуюп».

Ошондон кийин Жакып Темиркандын алдына кулдук
уруп барып, Каныкейге сөйкө салып кайтат. Андан соң бай
Жакып Бакайды алдыга салып, байбичеси Чыйырдыны
боз жоргого мингизип, кызмат кылчу кызкелин, жигитте
рин, достамырын жанына алып, Манас менен Алмамбетти
ээрчитип келинин алып келүү үчүн Букарга кайра аттанат.
Манастын кьшкылдаган колу да дүңгүрөп кошо жөнөйт.
Бай Жакыптын Каныкейдин калыңы деп, Букарга айдап ба
раткан төрт түлүк малы төмөнкүдөй сүрөттөлөт:


Кыргыз


Метки: