Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

Калп — принцип катарында

Калп — принцип катарында

Сөз көп мааниге ээ. Сөздүн маңызы анын эмне жөнүндө экендигине, ал эми сүйлөм текстке, көтөрүңкүлүкө же басаңдыкка, ал текст баяндаган кырдаалга ж.у.с. байланыштуу бөлөт, ал эми тексттин мааниси айлана-чөйрөгө, социалдык, табигый абалга жараша түзүлөт. Жадегенде жөнөкөй гана “стол” деген сөз өзүнчө турганда мааниге ээ эмес, ал “жазуу столу”, “заказ алуучу стол”, “Киевдик алтын стол”, ж.у.с. айкалыштар аркылуу мазмунга ээ болуп чыга келет. Бирок бул семантикалык айырмачылыктар жөнөкөй болгондуктан сөз эмне жөнүндө болуп жатканын ким болбосун оңой эле түшүнөт. Бирок ушундай эле көп маанилүү түшүнүктөр, алардын мааниси жымсалдат ылган учурда — бир төп татаалдыкты пайда кылат. Мисалга “өлтүрүү” деген сөздү алалы. Баарыбызга белгилүү: карактоо үчүн өлтүрүү — кылмыш; кыйнап моокум кандыруу үчүн өлтүрүү — кара ниеттүү кылмыш; бирок дуэлде өлтүрүү — жорук, ал жазаланууга татыктуу жорук болгонуна карабай кылмыш эмес, анткени тиги тирүү калган адам да өлүп каларын билип туруп, башын тобокелге сайып, намысын коргоду; согуш учурунда душманды өлтүрүү кылмыш эмес, эрдик; кылмышкерди желдеттин өлтүрүшү — бул да өлтүрүү экендигине карабай — желдеттин кызматтык милдети, ал эми алдын ала күнөөсү жок адамды жазага тартып, өлтүрүү кылмыш кылуудан да жаман иш, бул — күнөө. Сөздөрдүн маанисин контексттен сырткары түшүндүргөн граф Л. Н. Толстойдун философиялык куру чечендиги, ал эми б. з. I кылымындагы тарыхый кырдаалдардан сырткары жаткан — евангелиелик тексттердин мазмуну беймаанилик болуп саналат. Кейпи, граф муну чын дилинен жазгандыр, бирок анысы андан бетер жаман, анткени айтылган олуттуу катачылык сакталып кала берет, ал эми дөдөйлүк — карасанатайлык аракет өңдүү адамдардын башына түшчү бактысыздык. Дөдөйлүк кээде өтө жаман нерсе болушу мүмкүн, анткени ал: “Мен мындай ойлогон эмесмин, демек, мен күнөөлүү эмесмин”, — деп өзүнө жоопкерсиздик укугу берилишин талап кылат. Ошондо анын кара ниет эркине кеңири жол ачылат. Ал эрк кыйыр түрдө аракеттенет, себеби түз аракет кылуу опурталдуу экенин билет. Болгондо да ал бирөөлөрдүн көрсөтмөсүн гана аткарып, өздөрүнүн эмне кылып жатканын ойлонуп да койбой, ойлонбоо укугуна ээ экенине ишеними күч болгон акмактар аркылуу аракеттенет. Евангелиеде буга байланыштуу “жакшылап ойлонгула” (метаноите) деп айтылган, ал которулганда алгачкы маанисин жоготуп “күнөөңөр үчүн кечирим сурагыла” болуп калган.

“Калп” деген түшүнүккө кайра кайрылып келелик. Ал жандуу табиятта барбы? Кайсы бир деңгелде — ооба, бар десек да болот. Жаныбарлардын мимикриясы (айлана-чөйрөнүн түсүнө окшошуп өңүн өзгөртүп алышы) — жырткычты же олжосун алдоого жасалган аракет. Кантсе да, жырткычтар да, аларга жем болчулар да оз жандарын же ачкачылыктан, же жем болуудан сактоого укуктуу, андыктан мимикрия жакшылык менен жамандык түшүнүгүнөн сырткары жактарда жатат жана ал биочөйрөнүн мыйзам ченемдүүлүктөрү менен акталып турат.

Согуш учурларында адамдар өз душмандарына жалган даректерди берет. Бул калпка киреби? Ооба, формалдуу түрдө ал калп, бирок согуш — өзгөчө абал, андыктан ар бир дарекке ишене берүү жарабайт. Даректерди тактап туруу зарыл, себеби алдоо — оюндун эрежесине кирет. Кейпи, бул жерде кеп башка түшүнүк жөнүндө болуп жатканына карабай, анын аталышы да “калп”. Семантиканын түрлөнүшүнө анча маани бербөөгө терминдин өзү түрткү болууда.

Байыркы адамдар бул маселеде чаташышкан эмес. Алар “ант” деген түшүнүктү жашоо турмушуна кийиришкен. Анысы юридикалык жактан негизделген пайдалуу, кээде сактап калуучу калптан баш тартуу дегендик эле. Алдоого, айткорлонууга, тайсалдоого адамдардын укугу күндөлүк турмушунда сакталып кала берген. Ал эми ант дегенибиз табияттын мыйзамына багынуудан, т. а. өзүн сактап калуу инстинктинен баш тартуу катары маанидеги өзгөчө түшүнүк. Андыктан анын күбөлөрү болууга — анттын бек тутулушун көзөмөлдөөгө кудайлар же духтар тартылып, алар ант бузарларды жазалоого тийиш бөлгөн. Анттын супер натуралдык мааниси ушундан улам дагы күч алган.

Евангелиеде өзүн өзү жеткилең кылып өркүндөтүү же такыбаалыктын жолуна түшкөндөргө ант бербөө, анын ордуна ар дайым чындыкты айтуу сунуш кылынган. Ал эми калган башка карапайым адамдар үчүн ант берүү бардык христиандык өлкөлөрдө касам ичүү деп аталган жана ал эмдигиче маанисин жана маңызын жоготпой, жарым юридикалык — жарым-диний акт катары сакталып келатат. Анткени калп айтып алдоо — бул жөн эле бейпарасат жорук эмес, ант бузуу, т. а. ишенген адамды алдоо — бул адамзаттын табиятына каршы жана кудайга каршы жасалган кылмыш, бул дүйнөлүк тартипти шылдың кылгандык — чыккынчылык.

Анан да географиялык трактатта унутулган фантастикалык окуулардын тарыхын иликөө зарылбы? Ооба, зарыл, анткени буларда коюлган проблемалар — Жердеги жашоого карата болгон мамилелер баптын баш жагында коюлган: ким, кантип жана эмне үчүн өзү жашаган биоценозду талкалайт деген суроого жооп бүдөмүктөнүп баамдалып турат.

Кептин чын маанисинен алганда биз анын плюсу менен минусун таптык, алгебрада булардын ордун алмаштырса боло берет эмеспи. Мындай орун алмаштыруудан биздин субъективдүү сапаттык баа берүүбүз эле өзгөрбөсө, объективдүү түрдөгү карама-каршылыктын өзү өзгөрбөйт. Эгерде биз тирүү жандарды өлтүрүүнү өзүнө камтыган биочөйрөнү анын мыйзам ченемдүүлүктөрү менен бирге өн башталыш катары алсак, анда анын карама-каршысында жатчу позиция, ал жаманчылыкка каршылык көрсөтпө деген диний осуятка байланышканына карабай тетири позиция болуп саналат. Адамзат тукуму өз жашоосун улантуу үчүн өлтүрүүгө тийиш болгондуктан, ал өз жашоосун токтотуп салышы керектиги Л. Н. Толстойдун “Крейцердик сонатасында” бир топ ырааттуу түрдө көрсөтүлгөн. XIII кылымда франциялык манихейлер (катарлар) каны жылуу жаныбарларды өлтүрүү күнөө деп эсептешкен. Андыктан альбигой согушунда француз туткундарынын католик же катар экенин билиш үчүн аларга тоок өлтүрүүнү сунуш кылышкан. Катарлар тоокту өлтүрүүгө колдору барбай… отто өрттөнүп өлүүгө барышкан.

Эгерде француздар тоокторун союп жешпесе, аны багышпайт да, көбөйтүшпөйт да эле, токойго кууп жиберип, ит-кушка, түлкү менен үкүгө жем кылмак. Тоокторго андан бетер кыйын болмок, бирок жашоодон кечүүнү ырааттуу жактаган система муну зор жетишкендик деп эсептеп, аны жашоонун жан кыйнаган дагы бир кордугунан кутулуусу катары карашмак.

Ал эми жашагысы келгендер башкаларды өлтүрүп жана өздөрү да курман болуп, келечек тукумдары өз жашоолорунда ата-бабаларынын кылганын улантып, планета бетинде өлүм менен өмүр алмашып жаңырып туруучу жашоо түпкүрлөрдөгү геологиялык доорлордон бери карай кандай болсо ошондой уланып келатат. Бул эки көз караш тең ырааттуу, бирок алардын максаттары жана Жер бетинде калтырган издери кандай ар башкача болсо, алардын пассионардык генезистери да ошондой эле ар башка.

Калп, жеке адамдын деңгелинде — кылык-жоруктун жагымсыз түрү гана эмес, ал этникалык жана ландшафттык айлана-чөйрөгө таасир этүүнүн ыкмасы да болуп саналат. Жамааттык деңгелде болсо бул, антисистемадагы социалдык жана маданий чөйрөгө таасир этүүчү жалпы алдамчылыкка айланып кетет. Биочөйрөлүк деңгелде жөнөкөйлөнүү процесси жүрөт: ал жогорку баскычтагы жаныбарлардын микроорганизмге айланышына алып келет (өлүктүн чириши): жандууну жансызга айландырат; жансыз нерсе молекулаларга ажырайт; молекулалар — атомдорго, атомдордун ичкери жактарындагы реалдуу бөлүкчөлөр — виртуалдык бөлүк- чөлөргө айланып, фотондор болсо “Тунгуюкка” т. а. вакуумга чөгүлөт. Мындай карасаң баары кайсы бир бөлбөгөн нерседен башталгансып көрүнөт.

Ал эми калптын карама-каршысында туруучу акыйкат деген эмне? Акылдуусунуп, ар кайсыны чаргытып окурмандын да, өзүбүздүн да башыбызды айлантпайлы. Көзгө көрүнгөн, байкоого алынган даректердеги кемчиликтер мыйзамдуу ченеминен ашпаган ой жүгүртүүгө адекваттуу түшүнүктөрдү акыйкат деп айта алабыз. Координаттын ок сызыгы аркылуу текшере келгенде акыйкат ой жүгүртүүлөр оң мааниге, ал эми калп терс мааниге, болгондо да глобалдуу масштабдагы мааниге ээ болуп чыга келет.

Позитивдүү жана негативдүү маанилердин генезистери да ар түрдүү: биринчиси — биочөйрөдөгү жандуу нерсенин энергиясынын түздөн-түз туундусу, экинчиси — вакуумдан, т. а. акыл-ойдон чагылган нерселер.


Кыргыз