Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

Калдык этносторду тукум курут кылуу

Калдык этносторду тукум курут кылуу

Маселени мындайча коёлу. Эмне үчүн этностор ушунчалык бат-бат жоголуп турат? Айталы, б. з. ч. III кылымда жазма тарыхта катталгандардын бирөө да сакталып калбады, ал эми биздин замандын башталыштарында жашаган этностордон бирин-серини гана бүгүнкү күнгө жете келди. Байыркы римдиктердин, эллиндердин, ассириялыктардын кыйыр тукумдары таанылгыс болуп өзгөрүп, азыр да жашап жатканы менен, ата-бабаларынан генофондду гана мурастап, эми алар римдик, эллиндик, ассириялык болбой калганы качан. Окшоштук издеп палеонтологияга кайрылып көрөлү, себеби бул илим көптөгөн маселелерди изилдөөдө түрдүн өлүп жок болушун кошо иликтеп келатат. Бул жерде изилденүүчү нерсенин чоң же кичинелиги маанилүү эмес, анткени өлүп жок болуу процесси бир гана мыйзам ченемдүүлүккө баш иет деп божомолдосо болот.

Таң калыштуу болсо да, бардык түрлөрдүн ичинен алда канча начар өнүккөн, өткөн замандардын табигый шарттарына өтө начар ылайык- ташкан түрлөр аман калып, сакталып келатканында. Анткен менен өз мезгилдеринде өздөрүнө теңдеши жок жаныбарлар — динозаврлар, мастодонттор, махайроддор, үңкүрлөрдө жашаган аюулар менен арстандар тукум курут болуп кетти. Түрлөрдүн жок болушу ээлеп турган аймактын бара-бара тарышы менен коштолуп, акыры коңшу жашаган атаандаш түр тарабынан өлүп жок болууга баш койгон түрдүн биохордон сүрүлүп чыгарылышы менен аяктайт. А бирок алардын кандай себептерден улам өлүп жок болучу абалга жеткени али белгисиз бойдон калууда. Эми биз бул жерде палеобиологиялык маселени чечүүгө умтулбай, этнологияда мындай өзгөрүү этностун өзүнүн ички түзүлүшүндө катылып жатканын айта кетели. Бирдей шартта (саны, техникасы ж. у. с.) этностун ички түзүлүшүнүн татаалдашы айлана-чөйрөнүн катаалдыгына туруштук берүү касиетин күчөтөт, ал эми түзүлүштүн жөнөкөйлөнүшү — туруштук берүүнү начарлатат. Мына ушул себептен дене түзүлүшү жана акыл-эси жагынан толук баалуу болгон элдер, айталы, индейлер менен полинезиялыктар колонизаторлордун алдында — өз элдеринин ортозаар өкүлдөрү болгон адамдардын алдында күчсүз болуп калышкан. Ошентип, этностор үчүн да, жаратылыш үчүн да өзүнүн өнүгүү процессинде ылайыкташууга жөндөмдүүлүгүн жоготпогон, ошондуктан жашоо чөлкөмүн кеңейтүүгө умтулган коңшу этностор жана түрлөр өтө зор коркунуч туудурат. Мындай душманы жок болсо байыркы этностун калдыгы чексиз узак мезгил бою жашай алат12. А бирок өнүгүп бараткан этностор да өзүнөн күчтүү, өзүнөн да мыкаачы коңшуга туш келсе жоголуп, биротоло тукум курут болуп кетиши да ыктымал. Буга VI—VIII кылымдардагы түрктөрдү (түркүттөр) мисал келтирүү менен чектелебиз.

550-жылдан 581-жылга чейинки мезгилде Алтайда жашаган чакан этнос — түркүттөр Улуу талаага үстөмдүк орнотту. Алардын бийлигин Кытайдан Донго, Сибирден Иранга чейинки жерлерде жашаган элдер тааныды. Түрктөрдүн “Түбөлүк Эл” деп аталган мамлекеттик түзүлүшү тармактанган, ийкемдүү түзүлүш болгон. Бул түзүлүш тоолор менен талааларды мекендеген урууларга, Согдиананын көк шиберлери менен Волга (Эдил) дарыясынын ал кездеги кеңири болгон төмөнкү агымдарында жашагандарга, соодагерлер менен малчыларга, бутпарастар менен отко сыйынуучуларга, деги бардыгына бирдей ийкемдүү, жашоолоруна ыңгайлуу түзүлүш болгон. “Көкө теңир менен кара жерге” сыйынган түрк-жоокерлер да алардын катарында болгон. Бирок алар менен канаатташ жашаган Суй династиясы (589—618) жана Тан империясынын (619—907) жеңишчил табгачтары бириктирген Кытай күчтүү да, агрессивдүү да болгон. Куралдуу күч менен кытайлар түрктөрдү жеңе албады, а бирок тымызын дипломатия аркылуу алардын бирдиктүү кагандыгын Чыгыш жана Батыш кагандыктарга бөлүп салды. Андан соң чөлдө жашагандарды, Тарим дарыясынын көк майсандарын басып алып, талаалыктарды бөлүп таштады. Ушундай ык менен алар Согдиананы арабдардын каратып алуусуна жол берди. Андан кийин кытайлар уйгурларды, карлук менен басмылдарды тукуруп, 747-жылы түрк ордосунун талкаланышына жетишти.

Бул согуштарда жеңишке жеткендер туткун албай, жырткычтарча өлтүрүүнү артык көрүшкөн. Бирок кытайлардын өзүлөрү бул согуштан качкан түрктөрдү кабыл алып, аларды дароо чек ара аскерлерине кошуп койду. Ал “бактылуулар” кытай бюрократиясына каршы Ань Лушандын көтөрүлүшүнө катышып, 756—763 жылдарда курман болушту. Көтөрүлүшчүлөргө каршы кытайлардан башка талаалык уйгурлар жана тоолук тибеттиктер аттангандыктан качып, баш калкалоого жер да жок эле. Ошентип, ар тараптан чектелүүгө дуушар болуп, мунун натыйжасында жөнөкөйлөнүп кеткен система акыры кыйрап тынды. Деги эле, кай жерде болбосун, мындай жөнөкөйлөнүү менен коштолгон түзүлүш акыр аягында ушундайча кыйроого туш келет.


Кыргыз