Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

Гармониялуу адамдар

Гармониялуу адамдар

Пассионарийлердин этногенездеги ролу канчалык зор болбосун, алардын саны этностун ичинде ар дайыма өтө аз болгон. Анткени, пассионарийлер деп биз, сөздүн толук маанисинде алганда, пассионардык импульс жеке адамдын жана ошондой эле түрдүн өзүн өзү сактоо инстинктинин импульсунан алда канча күчтүүрөөк болгон адамдарды атайбыз. Кадыресе адамдардын басымдуу көпчүлүгүндө бул эки импульс тең салмакта бөлөт, бул тең салмактуулук интеллектуалдык жактан толук баалуу, ишкер, башкалар менен ынтымакта жашай билген, бирок ашынган активдүү деле эмес гармониялуу инсанды жаратат. Анан да, мындай адамдар башка бир кишилердин күйүп-бышканын, өзүн өзү жок жерден курмандыкка чалууга даярдыгын жактыра беришпейт жана колдошпойт. Баса, өнүгүп жаткан этностордо адамдардын көпчүлүк бөлүгү байыркы калдык этностордогудай эле пассионардык жактан начар болушат. Алардын айырмачылыгы динамикалуу этностордо өздөрүнүн ашып-ташкан күч-кубатын өз системасынын өнүгүшү үчүн сарп кылышкан пассионарийлердин бар болгондугунда жана алардын аракет кылып тургандыгында.

Ошентсе да, ургаалдуу өнүгүү этноско ар дайым эле пайда келтирбесин белгилеп коюу зарыл. Кээде пассионардуулук ашкере “ашып-ташып” кетиши мүмкүн, мындайда пассионардуулук акыл-эстүүлүктүн чегинен чыгып, түзүүчү күчтөн кыйратуучу күчкө айланып кетет. Мындай учурда гармониялуу адамдар өз этносторун сактап калууга аракеттенишет, бирок алар деле белгилүү бир чектерге дейре гана ошентишет.

Мындай мүнөздөгү адамдар — этностун курамындагы эң маанилүү элемент. Алар этносту кайра жаратышат, пассионардуулуктун дүрт этип дүүлүгүүсүн басандатышып, мурда түзүлгөн үлгүлөр боюнча материалдык байлыктарды арттырышат. Сырткы душман пайда болгучакты алар пассионарийлерсиз эле жашай алышат. Алсак, Исландиядагы викингдердин тукумдары бара-бара өздөрүнүн пассионардуулугун жоготуп алышкан. XII кылымда алар деңизден аркы жактарга жортуул жасоону токтотушат, XIII кылымда үй-бүлөлөр ортосундагы кандуу жаңжалдар токтолот,андан соң алар жашаган аралга 1627-жылы басып кирген алжир каракчылары эч кандай каршылык көрсөтүүгө тушугушкан эмес. Исландиялыктар курал көтөрүп, каршы чыгууга чечкиндүүлүк көрсөтө алышпай, кайракчыларга өз үйлөрүн өрттөөгө, аялдарын зордуктоого, балдарын кулчулукка алып кетүүгө мүмкүнчүлүк беришкен1.

Бул окуяны башкача түшүндүрүү мүмкүнчүлүгү бар деп коёлу. Айталы, алжирликтер өз кесибин мыкты билген каракчы-баш кесерлер болушкан, алар күтүүсүз кол салуу менен исландиялыктарды дүрбөлөңгө түшүргөн болсо керек. Исландиялыктар ал кезде метрополиянын жардамынан толук ажырап калышкан болуучу, анткени Дания Отуз жылдык согушка катышып, жеңилип жаткан… Акырында келип, биздин идея боюнча исландиялыктардын пассионардык чыңалуусу андан ары бошоңдогондон бошондой бериши керек эле. Ырасында эле ошондой болдубу? Анда, ошондон эки кылым кийинки Исландияга көз чаптырып көрөлү.

1809-жылы Рейкьявикте отуз жоокерден, капитандан жана губернатордон турган даниялык гарнизон бар болуучу. Губернатордун сулуу кызы бар экен. Ошол жылдын июнь айында деңиз жээгине кара желегин желбиреткен кеме келип токтоп, шаардын багынып берүүсүн талап кылат. Даниялык офицер замбирек менен атат, бирок өзү кемеден атылган ядродон жараат алып, жыгылары менен жоокерлер багынып беришет. Каракчылар жээкке түшүп келишет. Алардын башчысы исландиялык мурдагы белгилүү саат оңдогон уста, кийин каракчы болуп кеткен Юрген Юргенсон болуп чыгат. Көрсө, бу каргыш тийгир каракчы губернатордун кызын сүйүп жүргөн экен, андыктан аны аялдыкка алмак болот да, өзүн Исландиянын королу деп жарыялап, каракчыларына шаардын калкын талап-тоноого уруксат берет. Кудай жалгап, кыз катуу ооруп калат. Исландиялыктар болсо мүңкүрөп отуруп беришти. Үркөрдөй каракчыларга кенедей да каршылык көрсөтө алышкан жок. Англияны, Нормандияны, Винландды жеңип алган кайраттуу “деңиз көбүртүүлөрдүн” миңдеген тукумдары бир нече ондогон баш кесерлердин чектен чыккан жоруктарына моюн сунуп, каршылык да көрсөтпөй, качып кетип кутулууга аракеттенбей туруп беришти. Аларды басып киргендер, Испания менен Франциянын королдук флоту менен тең тайлашкан жаалы күч маврлар болсо бир жөн эле го, булар Түндүк деңизинин портторунда тентиреп жүргөн бир ууч шүмшүктөр эмес беле. Исландиялыктардын бул жоругу пассионардуулуктун кыйроосу эмей эмне?

Кантсе да баарын бир кыркалай карап, көпчүлүктүн караанына кошуп жиберүүгө болбойт. Айрым адамдар бул кырдарда да өздөрүнө тиешелүү жеке сапатты сактап кала алышты. Ырас, алар жалпы калкты титиреткен коркоктук менен алсыздыкты жоюуга чамасы жетпегенине карабай, айла-амал табууну унутушкан жок. Булардын катарында даниялык сулуу кыздын сүйгөн жигити да бар эле. Ал балык уулоочу кайыкка түшүп качып келатып англиялык аскер кемесине туш келип, жардам сурайт. Англиялыктар Рейкьявикке бат эле сүзүп жете келишет да, замбиректери менен коркутуп, каракчыларды колго түшүрүп, колу-буттарын кишендейт. Губернаторду жана анын сулуу кызын боштондукка чыгарат. Каракчылардын башчысын Англиянын соту соттоп, анын Улуу Британиянын букараларынын кызыкчылыгына зыян келтирбегенин тактап, анан актап жиберет2. Ошентип, каракчы-королдун алты жумалык бийлигинен бошонгон исландиялыктар эч нерсе болбогондой, кайрадан көр тирлигин улантат. Мындай кырдаалдарда өзүнөн башкаларга зыяны тийбеген, маданияттуу жана гармониялуу адамдар гана ушундай жүрүш-турушка жөндөмдүү болушат. Анан да өзүн өзү коргой албаган чабалдык этностун гүлдөшүнө дайыма жардам бере албайт.


Кыргыз