Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

Ганнибал жана Карфаген

Ганнибал жана Карфаген

Эми 2-Пуни согушунун учурундагы Ганнибалдын жүрүш-туруштарын өз көз карашыбыздан талдап көрөлү. Барка тукуму Карфагендеги эң бай үй-бүлө болгон. Ганнибалдын атасы Гамилькар Нумидия менен Испанияны багынтып алып, өз байлыгын ого бетер көбөйтөт. Анын уулу Ганнибал иш жүзүндө бул өлкөлөрдүн падышасы болгон. Рим менен согушуу Ганнибалга эч кандай пайда алып келмек эмес. Тетирисинче, кыр- сыкка учуроо коркунучу өтө зор эле. Ганнибалдын жеке кызыкчылыгынын көз карашынан алганда согуштун ага кереги деле жок эле, бирок ал согуш анын ата журту — Карфаген үчүн болбой койбой турган аргасыздык болуучу. Жортуул учурунда кокустан колбашчынын көкүрөгүнө жаанын жебеси кадалган болсо, анда анын өлүмүн согушта түшкөн эч кандай олжо актай алмак эмес, анткени анын эч кандай байлыкка муктаждыгы жок болуучу. Ал, балким, өз өлкөсүнүн граждандарынын ой- максатын аткаргандыр?! Жок, калк андан согуш ачууну суранышкан эмес, тескерисинче, алар чечүүчү мезгилде кошумча аскер жиберүүдөн баш тартышып, аны өтө кыжырлануу менен жек көрүп турушкан. Алар бул жолу өзү үчүн эмес, көпчүлүктүн иши үчүн бир нерсе жасоо керектигин сезип турушса да, ордунан козголушкан жок. Анткени мындай кырдаалдарда субпассионарий өзүн көпчүлүктүн алдындагы ар кандай милдеттерден куткарып кетүүгө мүмкүнчүлүк берүүчү шылтоолорду издей баштайт. Албетте, бул келечек жөнүндө ойлонбогондук болуп саналат, анткени адамдар келечекте эмне болорун алдын ала биле алышпагандыктан көп учурда кыйраткыч кырсыктарга туш келишет эмеспи. Кыскасы, Ган- нибал өзүнүн керт башынын кызыкчылыгы үчүн Гадестеги үйүндө оюн- зоок куруп, көңүл ачып отура бериши керек болуучу; карфагендик аксакалдар кенеши өз колбашчысын бардык күчтөр менен колдошу керек эле; финикиялык жек көрүмчү колонизаторлорду коштоп согушта өлбөс үчүн нумидиялык атчан аскерлер качып кетиши керек болуучу; испандык салмоорчулар көтөрүлүшкө чыгып, эркиндиктерин кайтарып алуулары керек болуучу. Бирок баары теңирден тескери болуп чыкты! Бул согуштун натыйжасында Карфагендин бай пуни адабияты жок кылынды. Атлас капчыгайындагы өрөөндөр айдалып, топурагы тозоңго айланып, акыры кароосуз ташталды, себеби бул өлкө миллион калкы бар Рим шаарын дан менен камсыз кылууга милдеттендирилген. Эркиндикти сүйгөн берберлер ырайымсыз римдиктерден качып түштүк тарапка көчүп, алардын түмөндөгөн малы Батыш Сахаранын жашыл түзөндөрүн тебелеп-тепсеп, таштуу чөлгө айланта баштайт. Баса, Ганнибалдын мезгилинде Түндүк Сахарада дарыялар агып, пилдер менен жылкылар жайылып жүрбөдү беле, ал эми эки миң жыл өткөн соң, рим жана араб баскынчыларынын антропогендик таасири астында бул жерде жашаган көптөгөн жаныбарлардын ичинен… жалгыз гана төө калган.

Эгерде биз бул зор өзгөрүштөрдүн себептерин этнография менен физикалык географиядан тапкыбыз келсе, анда бардыгы түшүнүктүү болот: Барка тукумунун пассионардуулугуна карфагендик кайдыгер адамдардын субпассионардуулугу катуу зыян келтирди. Дал ушул себеп эң алды жеңишти колдон суурутуп, анан камаланган Карфаген сепилинин түбүндөгү кыйроого, анан Нумидиянын басылып алынышына, алардын артынан ландшафттын жок кылынышына алып келди.

Башкача болушу мүмкүн беле? Албетте, мүмкүн эле! Ганнибалга өз учурунда жардам берилгенде Рим талкаланмак, самниттер менен цизальпылык галлдар бошотулмак, адесинен ашкан жасалма түрдөгү урбандаштыруу токтотулмак, а бул болсо Апеннин тоолорундагы бук жана эмен токойлорунун, Капуя менен Тарентанын айланасындагы жүзүм талааларын, Арно өрөөнүндөгү этрус шаарчаларын сактап калууга шарт түзмөк. Галлиянын байлыктары жана Элладанын искусство кенчи көпкө чейин сакталып турмак, бирок анда келечектеги доорлордогу Аппиев жолу, Каракалланын термилери (мончолору), мектептерде латын тилин окутуу болбой калмак. Анткени менен өндүрүш мамилелеринин өнүгүшү бул кырдаалда да өз жолу менен кете бермек. Өзүнөн өзү жоголуп бараткан античный кул элөөчүлүктүн ордуна эртеби же кечпи феодализм келмек. Пассионардык жогорулоолор менен төмөндөөлөр коомдук-экономикалык түзүлүштөрдүн алмашуусуна — адамзаттын социалдык өнүгүшүнө таасир көрсөтө албайт. Эмоция акыл-эске кантип өзгөртүү киргизе алмак эле? Анын эмне үчүн мындай экенин азыр биз көрөбүз.


Кыргыз