Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

Фетишизмдин издери

Кыргыздар жөнүндөгү этнографиялык адабияттарда кечээ жакынга чейин фетишизмдин көрүнүштөрүнө таандык кыла турган диний ишенимдер жөнүндө кандайдыр-бир анык маалыматтар келтирилген жок. Фетиштер (онгондор) культунун качандыр-бир убакта казактар менен кыргыздарда болгондугун Ч. Валихановдун болор-болбос бир эскертүүсүнөн баамдоого болот: «…элестери ыйык тутулган, айрыкча сүрөттөрү бар, мисалы, жер кудайлары буркандар — зыягачтар сыяктуу экинчи даражадагы теңирлер таптакыр унутулуп калган, мунун себеби, исламдын киргизилиши менен мусулмандар жек көргөн буттар көбүрөөк куугунтукталгандан улам болсо керек»179 . Кечээ жакында эле Ч. Валихановдун пикири ырасталып отурат. Орто азиялык суфийлердин белгилүү шейхи Хожо Исхактын турмушуна арналган «Зия ал-Кулуб» деген кол жазмада Хожо Исхактын муруттарынын бир тобунун кыргыздар сыйынчу жайга келишкени эң сонун сүрөттөлөт . Средняя Азия

Кыргыздардын көп сандаган тобу өзүлөрүнүн оорулуу жол башчысы Сарыктун маңдайында отурушат. Тамак алдыга келгенде ар кимиси эттен бир тилим кесип алышып, идишке салды. Андан кийин бардык эркектер менен аялдар дараюса барышып, ага жүгүнүшөт да, эт салынган идишти дарактын түбүнө коюшуп, анын алдында ийилип турушат. Даракта күмүш бут181 (идол) илинүү турат, анын айланасында жыгачтан жана таштан чегип жасалган эки миңге жакын башка буттар коюлган. Бул кыргыздардын бутканасы болгон. Кол жазмада буттун аты — «талбийа- йижакар» келтирилген. Эт салынган идишти башкы буттун алдына коюшуп, аны тамактан ооз тийүүсүн суранышат. Андан кийин эт салынган идишти четке жылдырышып, бир кесим этти буттун сол колуна, экинчи бир кесим этти оң колуна салышып, үчүнчү кесимди (туурап) чачып жиберишет182 . Бутпарастардын жөрөлгөсүнө ызаланып, ачуусу келген шейхтин шакирттери башкы бутту жерге ыргытып жиберишет да, алардын баарын шейхке ээрчитип келишет. Шейх топко кайрылып, бутту көрсөтүп: «Мунуңар эмне, мунун колунан эмне келет?» — деп сурайт. Чогулгандар: «Бул биздин кудайыбыз (худа), силердин кудайыңардын колунан эмне келсе, биздин кудайыбыздын колунан да ошол келет», деп жооп беришет. Андан ары эшендин оорулууну кеселден айыктырганы жана чогулгандардын баарынын мусулман болуп калышканы жазылган. Ушундан кийин бардык буттарды талкалашат да, күмүштөрдү шейхти жандагандарга тартуу кылып беришет. Азия

Кыска болсо да бул маалыматтар кыргыздардын онгондор культунун мүнөздүү өзгөчөлүктөрүн аныктоо үчүн баалуу материал берет. Жазылганга караганда, бул сыйынуунун максаты оорулууну оор кеселден айыктыруу болгон. Бул жөрөлгө онгонго тамак берүү менен коштолгон. Башкы онгон антропоморфтуу болгон. Средней Азии Онгондорду жасоо үчүн күмүш, таш жана жыгач пайдаланылган. Азыркы кыргыздардагы фетишизмдин издери жөнүндө Ф. В. Поярков жазган: «Средняя Азия хандарынын тушунда кирген мусулманчылыктын өркүндөтүлүшүнө чейин кыргыздарда «кут» — бут бар болучу же болгон, калайдан жана коргошундан куюлуп, ар түрдүү, көбүнчө көгүш жана кызыл түстөгү чүпөрөктөр менен чулганган бут болгон. Бул бут майда мал ооруганда колдонулган, аны сууга чайышып, ал сууну малга чачышкан, азыр болсо ал пайдаланылбайт жана ал жөнүндө эскерүүлөр гана калган» . Ушул эле онгонго тиешелүү болгон жана жарым-жартылай Поярковдун жазганы менен дал келген эң сонун маалыматты К. К. Юдахин чогултуп, жарыялаган: кут 2. эски сөз, тумар, адамды жана малды кайтарат имиш (ичинде бир тоголок коргошуну бар баштыкка тигилген азия жети седеп топчу жана коргошундан же калайдан жасалып, көк же кызыл чүпөрөк кийгизилген адамдын келбети, бул келбет сууга жуулуп, ал суу ну малга чачышкан; азыр бул унутулган, карыялар гана элес-булас билишет).


Кыргыз