Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

Этнологиядагы “система”

Этнологиядагы “система”

Н. Винер кибернетиканы башкаруу жана жаныбар менен машинедеги байланыштар жөнүндөгү илим катары аныктаган2. “Кибернетика татаал системаларды изилдөө усулдарында татыктуу орунду ээлейт. Ал эми жөнөкөй системаларды изилдөөдө кибернетиканын артыкчылыгы жок”3. Кибернетиканын изилдөөчү нерсеси — объектинин жүрүш-турушунун ыкмалары болуп саналат, ал: “бул эмне?” — деп сурагандын ордуна “бул эмне кылат?” — деп сурай4. “Ошондуктан объектинин касиети анын жүрүш-турушунун аталышы болуп саналат”5. “Кибернетика жүрүш-туруштун бардык түрүн бирдей изилдейт, анткени ал жүрүш-туруштардын үзгүлтүксүз болуп туруучу түрү болот, же ал белгилүү бир себептерге байланыштуу болот, же кайрадан кайталанып, кайрадан калыбына келип турат. Кибернетикага материалдуулуктун мааниси жок, ошондой эле физиканын кадимки мыйзамын сактоо же сактабоо да ал үчүн маа- нилүү эмес”.

Жогоруда айтылгандар этнос феноменинин маани-маңызына кызыккан жана өзүнүн жеке байкоолорун табияттын өзүнө белгилүү мыйзамдары менен байланыштырууга аргасыз болгон этнолог үчүн Винердин кибернетикалык усулдарына толук ишенүүсү зыян гана келтирет6. Изилдөөнүн кибернетикалык усулдарын пайдалануу эмпирикалык жалпылоолорду экстраполяциялоо үчүн тактоочу катарында кызмат кыла алат, андан башкага жарабайт. Андыктан, этносту системалуу изилдөө усулунун негизине Н. Винердин оюн эмес, кибернетиканы физикалык химия менен термодинамикага бириктирген Л. Берталанфинин идеясына таянуу максатка ылайыктуу болот.

Л. Берталанфинин7 системалык усулуна ылайык “система дегенибиз — бул бири-бири менен өз ара аракетте болуп турган элементтердин комплекси”8 болуп саналат, т. а. маалыматтардын көнүмүш элементтерин айрым фактылар эмес, ал фактылардын ортосундагы байланыштар түзөт. А. А. Малиновский боюнча “система топтоштура келгенде өз алдынча мааниге ээ болгон бирдиктерден, звенолордон жана подсистемалардан түзүлөт, булардын ар бири төмөнкү катардагы бирдик болуп саналат да, иерархиялык принципти камсыз кылат, бул болсо изилдөөнү белгиленген деңгелде жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берет”9

Ушул принципке негизденип, биз этносту ага мүнөздүү болгон элементтери менен бирге социалдык жана табигый бирдиктердин системасы катары кароого укуктуубуз. Этнос — тиги же бул белгилери боюнча окшоштуктары бар адамдардын жөнөкөй жыйындысы эмес, ал ар түрдүү табитке жана жөндөмдүүлүктөргө ээ болгон инсандардын, алардын ишмердүүлүктөрүнөн жаралган продуктулардын, каада-салттардын, жашап турган географиялык чөйрөнүн, айлана-тегеректеги этностордун, ошондой эле системанын өнүгүшүндө үстөмдүк кылып турган белгилүү бир тенденциялардын системасы болуп саналат. Өнүгүүнүн багытын аныктап турган бул система өзгөчө мааниге ээ, анткени, көптөгөн бардык учурлар үчүн статикалык же динамикалык структуралардын жаралышына алып келүүчү касиети көптөгөн, ар кандай учурларда активдүүлүктүн бардык түрүнө ээ болууга умтулган элементтердин касиети болуп саналат”10. Бул ыкманы этногенез процессин изилдөөгө колдонуу историзм маселесин чечүүгө да тыгыз байланыштуу, себеби биз байкоого алган бардык фактылар тарыхый өнүгүүнүн динамикалык системасына бап келет. Ошентип, бизге бүткүл дүйнөлүк тарыхтын өз темабызга тиешелүү болгон бөлүгүн талдоо мүмкүнчүлүгү гана калат.

Ошентип, биз реалдуу этникалык бир бүтүндүктү кыймылдагы система катары аныктап, ал өз тутумуна адамдарды эле эмес, ландшафттын элементтерин, маданий салттарды жана коңшу элдер менен болгон өз ара байланыштарды камтып турган динамикалык система катарында аныктай алабыз11. Мындай системада энергиянын алгачкы күчү бара-бара сарпталып, энтропия үзгүлтүксүз арта берет. Андыктан система энергия менен энтропияны айлана-чөйрөдөн алмашып алып туруу менен бирге, чогулуп калган энтропияны кайрадан үзгүлтүксүз түрдө четтетип турушу зарыл. Бул алмашуу мурас боюнча берилип туруучу маалыматтардын корун пайдаланган башкаруучу система тарабынан жөнгө салынат12. Биз жүргүзүп жаткан изилдөөдө башкаруучу системанын ролун материянын кыймылынын коомдук жана табигый формалары менен бирдей эришаркак аракеттенген каада-салттар (традиция) ойнойт. Өз тажрыйбасын укум-тукумуна өткөрүп берүү жылуу кандуу көпчүлүк жаныбарларда да байкалат. Анткени менен эмгек куралын колдонуу, сүйлөө жөндөмдүүлүгү жана жазуунун болушу адамды башка сүт эмүүчүлөрдөн айырмалап турат, ал эми этнос болсо адамга гана тиешелүү болгон жамаатташып жашоонун түрү.


Кыргыз