Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

Эсептөө системасы

Эсептөө системасы

Эгерде биз жеке бирөөнүн же түрдүн өзүн өзү сактоого болгон тубаса инстинктинин импульсун (1) эталон катары кабыл алсак, анда пассионардуулуктун импульсу (Р) карама-каршы белгиге ээ болот. Импуль тун чоңдугу пассионардуулукка жараша же көбүрөөк, же азыраак, же өзүн өзү сактоонун импульсуна барабар болушу мүмкүн. Демек, адамдарды төмөнкүчө классификациялоого болот: пассионардуулар (Р>1), гар- мониялуулар (Р=1) жана субпассионарийлер (Р<1). Бул топтордун өз ара байланыштарына карата системанын, т. а. этностун пассионардык чыңалуусунун деңгели аныкталат. Пассионардык түрткүдөн кийин ал чыңалуу тез өсүп отуруп, жогорку чекке жеткенден соң жай, бир калыпта төмөндөө жүрөт. Көп учурда ал төмөндөө токтоп, анан кайра башталып жүрүп отурат. Эгерде биз ийри сызык түзө турган болсок, анда ал чыңалуудан кийинки инерциялык процессти көрсөтөт. Бардык чоңдуктар оң касиетке ээ болуп, аларды иш жүзүндө чектөөгө мүмкүн эмес, ал нөлгө барабар.

Арийне, адамдардын жорук-жосундарынын басымдуу көпчүлүгү же жеке адамга, же түргө тиешелүү болгон өзүн өзү сактоо инстинктине ылайык жасалат. Түр аны өз тукумун көбөйтүүдө жана тарбиялоодо көрсөтөт.

Анткени менен пассионардуулук тетири векторго ээ, ошондуктан адамдарды кыялкеч же ишке ашпас кызыкчылыктары: даңкка жетүү, көйрөңдүк, намыскөйлүк, ач көздүк, ичи тардык, кызган уучулук жана башка кумар ышкысы үчүн өзүн жана тукумун садага чабууга мажбурлайт. Андыктан биз пассионардуулукту антиинстинкт, же тетири белгидеги инстинкт катары карашыбыз мүмкүн. Ал эми пассионардуулуктун алгачкы дүрт этип жаралышы менен байланышпаган бир да этнос болбогондуктан жана болушу да мүмкүн эмес болгондуктан ал бардык этностор үчүн салыштырмалуу чоңдук болуп саналат.

Мына ошондуктан биз бардык этносторду этникалык талаанын пассионардык чыңалуусунун жогорулоо жана төмөндөө даражаларына карата классификациялай алабыз. Флуктуациялардын болушу бул негизди ото болбосо да, бир топ эле татаалдантат, себеби пассионардуулуктун тез жогорулашынын жана жай басаңдашынын схемасы бизге белгилүү бардык этносторго тиешелүү. Бул кокустук көрүнүш болушу мүмкүн эмес. Андыктан биз этногенездин башталыш учурун, этникалык системага чөйрөнүн каршылыгын жеңүүгө коротуучу инерцияны бере турган түрткүгө окшоштурсак болот.

Инстинкт импульстары өңдүү эле, пассионардык импульстар да эмоция чөйрөсүнө тиешелүү. Анан да психикалык ишмердүүлүк аң-сезимди да өзүнө камтып турат. Демек, биз аң-сезим чөйрөсүнөн жогоруда жазылгандар менен салыштырууга мүмкүндүк берүүчү импульстарды издеп табышыбыз керек. Мындайча айтканда, ал импульстар разряддарга бөлүнүүгө тийиш: анын бири тирүүлүктү сактоого, дагы бири ишке ашпас кыял үчүн тирүүлүктү курмандыкка чалууга багытталган импульстар болушу мүмкүн. Бөлүп кароого ыңгайлуу болсун үчүн тирүүлүктү сактоочу импульстарга плюс, ал эми курмандыкка багыттоочу импульстарга минус белгисин коёлу. Ошондо бул параметрлерди Декарттык координаталардынын көнүмүш системасына окшош тегиздиктеги проекцияга айлантса болот, мында белгилеп кете турган нерсе оң импульстар “жакшы” же “пайдалуу”, тетири импульстар “жаман” деген түшүнүктү бил- дирбейт. Айталы, физикада катиондор менен аниондор, химияда — кислоталар менен щелочтор сапаттык баага ээ эмес.

Жалпы эле материя кыймылынын коомдук формасында гана прогресс дымып калууга, регресске карама-каршы коюлушу мүмкүн. Ал эми табияттын дискреттик процесстеринен ойлонулган максаттарды издөө — орунсуз телеология. Тоо тектеринин жаралышы анын табигый түрдө бузулушунан эч кандай “жакшы” эмес, бойго бүтүү жана төрөлүү да өлүм сыяктуу эле организмдин жашоосундагы демейки окуялар болгон сыяктуу этникалык процесстерде да мыктылыктын критерийи жок. Бирок бул этногенезде система, кыймыл, ал гана эмес өнүгүү да жок дегенди эмес, жон гана, анын “алды”, “арты” болбойт дегенди түшүндүрөт. Термелүү кыймылынын кайсынысын албайлы ритм жана көбүрөөк же азыраак чыңалуу (жыштык) бар.

Терминдер жөнүндө макулдашып алалы. Акыл-эсин жана эркин өзүнүн жеке керт башынын максаттарын жүзөгө ашыруу үчүн гана пайдаланууну талап кылуучу чексиз өзүмчүлдүк (эгоизм) гана аң-сезимдин он импульсу боло алат. Акыл-эс деп биз шарттуу түрдө белгилүү бир ой- максатты ишке ашырууга болгон жөндөмдүүлүктү, ал эми эрктүүлүк деп тандап алган ой-максатка ылайык иш-аракеттерди жасоо жөндөмдүүлүгүн түшүнөбүз. Ушундан улам, бул разряддагы адамдардын бардык тактилдик жана рефлектордук аракеттери башка адамдардын мажбурлоосу аркылуу же өтө маанилүү кырдалдарда жасалуучу иш-аракеттер өңдүү эле жокко чыгарылат. Анткени ички кысым — же инстинкттин, же пассионардуулуктун буйругу катары жүрүш-турушту жөнгө салып турат. Демек, муну да этникалык талаанын жана салттардын кысымы менен бир катар- да сыртка чыгарып салуу керек. Ошентип, “эркин” же “өзүмчүл” импульстар үчүн анча чоң эмес, бирок баш-аягы так белгиленген, адам өз кылык-жоругу үчүн моралдык жана юридикалык жоопкерчиликке тартыла турган чек калтырылат.

Бул жерде да биз баа берүүгө мүмкүнчүлүктүн жоктугу менен кайрадан бетме-бет келип отурабыз, иш жүзүндө анын кереги да жок. Адамзаттын жамаатташып жашоо тажрыйбасы аргасыз жасалган жорук-жосунду кылмыштуу жорук-жосундан так айырмалай алат. Өзүн коргоп калуу үчүн кокустан бирөөнү өлтүрүү — карактоо же өч алуу максатындагы өлтүрүүдөн, азгыруу — зордуктоодон айырмаланат, ж.у.с. XIX кылымдын орто чендеринде мындай кылык-жоруктарды бирдей деп кароо аракеттери болуп келген, бул аракет негизсиз аракет эле. Буга Л. Н. Толстойдун Ф. М. Достоевский менен болгон жашыруун адабий талаш-тартышын мисал келтирүү жетиштүү. Ошону үчүн биздин замандын адамдарынын өзү жөнүндө көргөн камкордугу канчалык акыл-эстүү болбосун, мындай камкордук кошуналарынын, же жамааттын укугун аң-сезимдүү түрдө бузууга негиз бөлө албайт.

“Акылга сыярлык өзүмчүлдүккө” тетири вектордогу импульстардын тобу карама-каршы турат. Ап баарыга маалым, а түгүл пассионардуулук да эч качан бирдиктүү разряд болгон эмес. Бардык эле адамдарга акый- катка (кайсыдыр бир нерсе жөнүндө толук түшүнүк алууга), сулуулукка (өзүнө жаккан нерсеге) жана адилеттүүлүккө (моралга жана этикага ылайык) таң каларлыктай умтулуу мүнөздүү. Бул умтулуу импульстун күчүнө жараша ар башкача бөлөт жана ар дайым “акылга сыярлык өзүмчүлдүктүн” туруктуу таасири аркылуу чектелип турат, бирок кээ бир учурларда ал ушунчалык күчтүү болгондуктан, пассионардуулуктан кем эмес даражада ээликтирип, адамдарды курмандыкка барууга түртөт. Ал кантсе да пассионардуулуктун аң-сезим чөйрөсүндөгү өзүнө окшош түгөйү болуп саналат, андыктан ал да ошол эле белгиге ээ. Муну биз “аттрактивдүүлүк” (латынча attractio, ionis, Г. — умтулуу) деп атайбыз.

Аттрактивдүүлүктүн жаратылышы аң-сезимдин жаратылышы сыяктуу эле белгисиз, бирок анын өзүн өзү сактоонун инстинктивдүү импульстары жана пассионардуулук менен ылайык келиши кайыктагы кыймылдаткыч (калак же мотордун) менен рулдун катышы кандай болсо ошондой. Аттрактивдүүлүктүн карама-каршысы — “акылга сыярлык өзүмчүлдүк” да алар менен ошондой эле катышта болот.

Ушундан улам биз, импульстардын өзүбүз бөлүп алган разряддарын координаттарга: сокур сезимди — абсцисске, аң-сезимди — ординатка коёбуз (2-сүрөттү карагыла).

Деги ушундай татаал түзүлүштүн кереги барбы, эгер бар болсо эмнеге керек?


Кыргыз