Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

Эллинизм жөнүндө

Эллинизм жөнүндө

Александр Македондук Фиванын гегемониясын, Афинынын эркиндигин, Персиянын улуулугун, Индиянын көз каранды эместигин, Египеттин байыркы маданиятын (Александрия шаарын куруп) талкалаган мезгилден, т.а. б.з.ч. 336-жылдан баштап, “Ажайып комедия” деген чыгарма жаралганга чейин төмөндөгү окуялар болуп өткөн.

Анча көпкө созулбаган македондук басып алуудан кийин Иранга Арал деңизине жакын жерлерде жашаган парфяндар кирип келет. Алар адегенде эллин маданиятынын көркөм дүйнөсүнө катуу таасирленишти, кийинчерээк зороастризмге берилип кетишти (б.з.ч. 250 — б. з. 224-ж.). Андан соң аларга каршы ирандыктар көтөрүлүп чыкты, муну азыркыча улуттук кыймыл десе болот. Арташир Папаган майда ак сөөктөрдүн (дехкан) жана дин өкүлдөрүнүн (мобеддер) биримдигине таянып, кечирим берилген парфян ак сөөктөрүн атчан аскер катары пайдаланып, ак сөөктөрдүн үстөмдүгүн талкалап салат.

IV кылымдын башында Маздак төрө бийликти тартып алгандан кийин элдин интеллектуалдуу бөлүгүн түзгөн ак сөөк адамдарды жана дин өкүлдөрүн кырып жок кылуу башталат. Хосров Ануширвандын 530-жылкы төңкөрүшү реформаны жана ага байланышкан атып, асууларды токтотуп, аскерлердин бийлигин, ушул сөздүн толук маанисиндеги аскер бийлигин орнотту. Анткени, аскер кесибиндегилер жалданма акы алып турушкан. 590-жылы аскер башы Бахрам Чубин бийликти тартып алат, бирок жергиликтүү башкаруучулар ага каршы түп көтөрүлүшүп, тактан алып ыргытышат.

Акыркы мезгилде (591—651-жж.) — маданияттын жана мамлекеттик системанын бузулуп, чирүүсү бардык билимдүү жана сабаттуу перстердин өлкөнү таштап кетүүсүнө жана кырылышына алып келген, бул арабдар басып алганга дейре уланган. Анын натыйжасында жаңы маданияты бар, а түгүл жаңы тилде сүйлөгөн жаңы эл жаралат.

Бул мезгил ичинде Ирандын маданият чөйрөсүндө беш өзгөрүү болуп өттү. Ал өзгөрүштөрдүн ар бирин өз-өзүнчө алганда генезиси, мүнөзү, натыйжасы жагынан окшош болбогонуна карабай италиялык Кайра жаралуудан ашса ашат, кем калбайт: 1. Талаалык парфяндардын эллиндешүүсү, т.а. бөтөн маданиятты кабылдоо. 2. Парфян ак сөөктөрүн ирандаштыруу — өз эли менен жакындаштыруу аракети. 3. 224— 226-жылдарда парфян ак сөөктөрүн зороастризмдин жеңиши — так менен диндин биримдиги. 4. Маздакизм. 5. Митраизмдин каршылыгы. Себеби Бахрам Чубинди армяндар “Михрага сыйынган козголоңчу” деп аташкан. Ушундай кырдаалда христиандык жана гностикалык идеялардын болор-болбос эпкиндери пайда болуп, ал идеялар нагыз, бирок туругу жок интеллигенциянын бир аз гана бөлүгүнүн көңүлүн бурган.

Бирок ушу миң жылдык чымырканган чыгармачыл жашоо-турмуш максдондук жана арабдык басып алуулардын аралыгындагы өткөөл мезгил гана болгонуна мен деги эле ишене албайм. Иран үчүн ушул парфяндык-сасанилик мезгил, анын ичинде Сумбад Магдын, Бабектин көтөрүлүштөрү, Афшиндин тымызын кутуму жана араб баскынчыларына каршы күрөштөр жана башкалар италиялык Кайра жаралууга эмес, Каролингдерден Бонапарттарга чейинки Батыш Европанын бүткүл роман-герман маданиятына тең келчү көрүнүш. Миң жыл менен миң жыл тең келген менен, салыштырылып отурган маданияттар бири бирине дегеле окшош эмес. Бирок так ошол “окшош эместик” окшоштук сыяктуу эле Н. И. Конраддын концепциясынын постулаттарынын бири болуп саналат.

Римдеги эллинизмди эки датанын биринен баштап эсептесе болот: 1) Куугунтук жегендердин бир тобу жети дөңсөөнү ээлеп алышып, ал жерде грециялык полистердин (шаар-мамлекет) үлгүсүндө уюмдашкан учурдагы Он эки таблицанын доорунан башталат. Эгер мындай болсо, анда буга дээрлик бүт Рим республикасы кирет жана өткөөл мезгилдин башталышы болууга бул дата жараксыз; 2) Римдин маданий эллиндештирилиши, адатта, б.з.ч. II кылымда Сципиондордун ийриминин ишмердүүлүгүнө байланыштырылып жүрөт. Бул чынында да ошондой, бирок ага карабай Н. И. Конрад Рим республикасын өткөөл мезгилге таандык кылуу ордуна, аны кул ээлөөчүлүк коом орногон мезгилге таандык кылат. Андай болсо Н. И. Конрад өзү “көкөлөөнүн жана ошону менен эле бирге кыйроонун мезгили” деп атаган империя доору гана “өткөөл мезгил”7 делин иши мүмкүн. Мейли, ошондой дейлик.

А эгер андай болсо, биз ар бири өз-өзүнчө алганда италиялык Кайра жаралууга тең келе алаарлык бир нече маданий жана ошону менен эле бирге коомдук-саясий мезгилдерди бөлүп көрсөтө алабыз жана көрсөтүүгө тийишпиз. Теңештирүү көрүнүштөрдүн мүнөздөрүнүн окшоштуктары боюнча эмес, ошол заманда жашагандар үчүн канчалык маанилүү болгондугу боюнча аныкталарын кайталап айтып кетемин.

Байыркы римдиктердин өздөрү да б.з.ч. II—I кылымдардагы республиканы калыптанып калган саясий түзүлүш катары карашкан эмес.

Б.з.ч. 133-жылы Тиберий Гракх өлтүрүлгөндөн баштап Антоний курман болгон б.з.ч. 30-жылга чейин Рим тынчтык көргөн эмес. Рим сенаты менен элин канга боёгон граждандык согуштан аман калгандар ар кандай катуу бийликтин орношун каалап калышкан.

Октавиан Август жарыялаган “Алтын ортолук” саясий турукташууга, аскерий кубаттуулукту чындоого жана өткөндүн мыкты тажрыйбаларына кайрылып, аны улантуу чакырыгына айланды. Ушул көз караштагы система Марк Аврелий каза болгон мезгилге дейре, т. а. 200 жылча жашады. Эгерде Хан Юнун жана башка конфуцийчилердин ишмердүүлүктөрүн Кытайдагы “Кайра жаралуу” десек, анда Плинийди, Тит Ливийди жана Светонийди Римдин өзүндөгү “Байыркылыкты Кайра жаратуучулар” катары мүнөздөө туура жана алгылыктуу болмокчу. Биз терминдер жөнүндө ушундайча макулдашып албадык беле.

Экинчи мезгил — азиялык маданияттардын Римди үстөкө-босток жеңип алуулары. III кылымдан баштап бул жерде акыл-ойду Чүмбөт жамынган Изида, Үч катар улуулукка ээ Гермес, кудайлардын Энеси — Кибела, айдай сулуу Астарта бийлеп турушту, акырында алардын баарын жеңилбес Күн — жоокерлердин кудайы — Митра жеңип алды. Ошентип, митраизм Аврелиандан Юлиан Апостатка чейин мамлекеттик динге айланып, Рим империясынын расмий көз карашы катарында жашап турду. Маданияттагы бул төңкөрүш гуманизмден, ал эле эмес Реформациядан да маанилүү эле. Кантсе да италиялыктар менен немистер XVI кылымда эстетикалык жана саясий көз караштарын анча-мынча гана өзгөрткөнү болбосо, христиан динине ишенимин жоготпой, сактап калышпадыбы.

Ал эми б. з. I—IV кылымдарында бүткүл Жер Ортолук деңиз жээктерин өзүнө камтыган үчүнчү кыймыл мурдагыларга караганда эбегейсиз күчтүү болгон. Адатта аны христианчылыктын тарашы менен байланыштырышат. Бирок христианчылык Рим империясын каптаган жаны идеялардын арасындагы бар болгону бир кичинекей агым болгону көз жаздымда кала берет. Анткени ал мезгилде христиандар менен бир катарда Материяны каргап шилеген египеттик гностиктер — Валентин менен Василид, Жакшылык жана Жамандык күчтөрүн тендештирген сириялыктар — Сатурнин менен Манини, каардуу алп кара куш Яхвенин душманы — акылмандыктын символу Жыланды ыйык туткан офиттер, Эски осуяттын ыйыктыгын танышкан маркиончулар жана аны символикалык түрдө кабыл алып, түшүндүрүүнү талап кылышкан оригенчилер жана акырында бардык чындыктын негизи болгон Теңирлик Плеромду — жогорку монизмди жарыялашкан гностиктер өз ишенимдерине үндөп турушту. Булардын ичинен Улуу Василий менен Григорий Богословдун христиандык теодицеясына баарынан жакын турганы жана өзүлөрүнүн өзгөчөлүү окуусун Платондун ысмы менен аташканына карабай античный платонизминен баарынан алыс турганы неоплатончулар болуп чыкты. “Акыл- эстин” революциясы римдик Чыгышта пайда болуп жана өнүгүү менен ал “римдин чөйрөсүндөгү жерлердин” гректик-латындык бөлүгүн да өзүнө камтып алганын жана бул жакта да мурдатан калыптанып калган эски көз караштардын өз кризиси жүрүп жатканын” Н. И. Конрад өтө кылдаттык менен байкаган8.

Бул акыйкат жыйынтык, бирок андай болсо, Европанын маданияты үчүн бул көрүнүш өткөөл мезгил катарында каралууга мүмкүн эмес. Чын-чынына келгенде, христианчылык менен манихейчиликтин Сенеканын рационалдуу ой-пикирлерине, митреумдардагы Аврелиандын кандуу мистерияларына же Гелиогабалдын бузукчулук менен көңүл ачууларына кандай тиешеси бар эле? Көз караштын чыгармачыл жаңы агымы бул экөөнү бирдей четке какты. Ал ышмалдасы чыккан античный ойлорду андан ары улантпай, аны шыпырып салды. Башка сөз менен айтканда, бул жерде “өткөөл мезгил” дегеле жок, салт үзүлүп, токтоп, анын ордуна жаңысы жаралган.

Христиан жана манихей чиркөөлөрүнүн бирге жашай албай калышы замандаштарын таң калтырганына карабай, бул көрүнүш античный доор менен толук кол үзүү болгонун түшүндүрүп турат. Ал эмес император Константин бутпарас дининен биротоло баш тарткан кезде да, христиан жамааты дүйнө өкүмдарын өз катарына диакон даражасында кабыл алып, чиркөө маселесин чечүүдө добуш берүү укугуна ээ кылуу же “Императордун чиркөөгө кандай тиешеси бар?” деп карфагендик Донаттын талабын аткарып, катардагы пенде катары калтыруу оңбу дегенчелик эки анжы ойго кабылышкан. Ушул мезгилде империяны варварлар бөлүп- жарып, талап жаткан V кылымда эң алгач манихей, анан христиан динин туткан, таланттуу жазуучу жана талашып-тартышуунун улуу чебери Такыба Августин жашап, иштеп, чыгармаларды жаратып, аракеттен жазбады. Августиндин башкы идеясы католик дини эмес, еретикалык ойлор бол- гонун белгилөөгө тийишпиз. Адамдын эркинин эркиндиги жөнүндөгү католиктик догмага сокку урган анын тагдыр жазмышы жөнүндөгү ойлорунда, бул дүйнөдө болуп жаткан жаман көрүнүштөр үчүн Жараткан өзү жоопкер деген жыйынтык жасалат. Августиндин бул ойлорун миң жыл өткөн соң Жан Кальвин пайдаланып, өнүктүргөн, бирок Орто кылымдарда ага анча маани берилген эмес.

Өз заманына тиешелүү идеялардын тууралыгын талашып-тартышпаганы менен замандаштарына анча ыраазы боло албаган Дантеден айырмаланып, Августин өзүнүн талантынын бар күчүн өткөндөгү идеялаштары — манихейлердин көз караштары жана британиялык кечил Пелагийдин гуманизм концепциясы менен талаш жүргүзүүгө коротту. Пелагий өзүнүн диний ой-жорууларында, адамдын күнөөгө батышы анын жаман аракеттеринин натыйжасы, ошондуктан каардуу христиандан боорукер бутпарас жакшыраак деп айткан. Августин туулганда эле күнөөлүү болуп төрөлүү жөнүндөгү ойлорун сунуш кылды, анда бутпарастардын баарын толук баалуу эмес жандар деп жарыялап, диний келишпестиктин теориясын негиздеди. Бул идея кийинки беш кылым ичинде анча тарай алган жок. Ал кезде Дантенин ырларына тең келчү чыгарма табылбай, акындын тирүү кезинде эле зор баага татыды. Албетте, Августин менен Данте Алигьери бири бирине өздөрүнүн тарыхтагы орду, белгилүүлүктөрү, жеке сапаттары жагынан окшош эмес эле. Алар жашаган жана чыгарма жараткан мезгилдер андан бетер окшош эмес болучу. Эгерде эле Дантеге окшош адам тапкыбыз келсе, ага улуу акын жана чындыкты бетке айтуудан тайманбаган Иоанн Златоустту айтсак болчудай. Эгер мындай салыштыруу, окшоштуруу туура делсе, анда мындан аркы ой жүгүртүүбүз жаңы нукта уланат. Бул жаңы нук бир топ натыйжалуу болчудай көрүнөт жана ал кандайдыр бир күтүүсүз натыйжа катары кабыл алынышы ыктымал. Булак: bizdin.kg


Кыргыз