Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

«ДЕҢИЗ БОЙЛОЙ ЖОРТКОН АЛА ДӨБӨТ» ПОВЕСТИНЕН ҮЗҮНДҮ

«ДЕҢИЗ БОЙЛОЙ ЖОРТКОН АЛА ДӨБӨТ» ПОВЕСТИНЕН ҮЗҮНДҮ
Баласы үчүн жанын кыйган ата
Акырындап караңгы күүгүм калың тумчуп келе берди, Эмрайин оор ойго тумчугуп сүзүп баратат, улам узатып ойлогон сайын убактысы өтүп жатканын сезип, кейип баратат. Табияттан алибеттүү жаралган Эмрайин канча кайраттанса да болбой ачкалык менен суусагандык алкубатын курутуп баратты. Азырынча карманар кудурети бар кезинде, такыр алсырап ойлогонун ишке ашыра албай калган алга жете электе ойлогон оюн ортого салып, уулун даярдап коюу керек эле.
Уулунун жанын сактап калайын десе, сактап кала албаса да тиги кол бочкенин түбүндөгү суу түгөнгөнчө созуп калайын десе Эмрайин да алиги Орган менен Мылгундун жолун жолдоп кайыкты таштап кетиши керек. Башка арга калган жок. Туман бүгүн түнү тарайбы, же эртең күндүз тарайбы, аны Эмрайин билбейт, төтөн эртебикечпи күн ачылгандай болсо да ээн деңиз бетинде жалгыз уулу кандай абалда калат, чымын жаны эптеп аман калабы, жокпу, аны да билбейт. Бул суроосуна жооп жок эле. Жалгыз үмүтү, өчөр чырактай араңжан үмүтү, а балким таптакыр ишке ашпас үмүтү калды: деңиз бети ачылгыдай болсо, ак кишилердин чоң кемеси жолугуп калары ажеп эмес,— ушул өлүмсүк үмүткө өзүн ишен

диргиси келди. Нивхилердин жээгинен алыскы ушул океан менен өздөрүнүн кайсы бир максатын көздөп, каяктагы бир өлкөлөрүнөн каяктагы бир өлкөлөргө чоң кеме минген ак кишилер сүзүп өтөт деген аңызды көп уккан Эмрайин. Өзү аларга эч качан жолуккан эмес, көптү билген көпөстөрдөн уккан. Көпөстөрдүн билбегени жок, атүгүл кээ бирлери ак кишилердин алиги тоодой чоң кемелерине түшүп сүзгөмүн деп айтышкан. Күн ачылып кеткидей болсо, уулунун таалайы болуп чоң кемеге жолу туш келсе, ошондо чоң кемедеги ак кишилер кең океан бетиндеги нивхи кайыкты байкашса,— мына ошондо гана уулу аман калгысы бардыр. Бар болгону ушул үмүт, ойго келгис деле боло койгус үмүт, антсе да тирүү жанга куру үмүт эмеспи.
Ажырашар алдында Эмрайин уулуна ушуларды айтайын деген. Анан дагы Кирискеге деми токтогуча, акылэси өчкөнчө кайыктан кетпейсиң деп катуу айтып, аманат сөз калтырмакчы. Ичер суусу түгөнүп, арга жок өлөр болсо, кайыкта өлгөнү артык, Орган менен Мылгун атасы да айласыздан ошентет, бирок баланы антпегин деп катуу тапшырып, муну да аманат айтып кетмекчи. Тагдырдын катаалдыгына моюн сунуп, баш ийбеске чара жок… Бирок, он бирдеги жалгыз уулу учкыйырсыз ээн дүйнөдө жалгыз кайык минип, жалгыз калабы, бу жылчыгы жок туманда, четжакасы жок деңизде ачкалык менен суусундун азабына жаны кыйналып, маңдайында караан болор жакыны жок жалгыз жатып өлөбү деген ой Эмрайинди муздак терге салып кылчылдатып, шаштысын кетирди. Ошондо уулун жалгыз таштап кете албасын билди, өлсө бирге өлгөн артык деген ой такалды, түн биротоло карайды. Кайрадан деңиз бетинде тумандуу түндүн капкара караңгысы орноду. Күндүзү көзү жок туман ичинде бир жакка багыт алып сүзүү кажетсиз болгон соң, түнкүсүн төтөн маанисиз эле. Кайык бир ордунда калкып турду. Күн ырайы өзгөрөттөн бир белги жок. Деңиз дем албай өлүү жатты.
Атабала кайыктын түбүндө боорлошо кучакташып жатты. Атада да уйку жок, балада да уйку жок. Эртең эмне болот, эртеңге чейин эмне болотту ойлоп, ачкалык менен суунун азабын тартып жатты…
Боорундагы Кириск атасынын кийинки күндөрү канчалык арыктаганын, денеси кичирейип, дем алса көкүрөк сөөгү оркоюп турганын байкады. Баштагы кайратынан

жазбаган сакалы гана калыптыр. Атасынын бооруна бекем жабышып, ачуу жашын ичине соруп улутунуп жатып, бала ошол түнү башта сезбеген баланын атага байланган жан биримдигин билди. Башта ал атасына окшош экенине сыймыктанып, атасынын жүргөнтурганын туурачу, атасындай болгусу келчү, эми болсо ата деген эмне экенин түшүнүп жатты, атасы — ал өзү экенин, өзү — атасынын уландысы экенин түшүнүп жатты. Ошондон улам атасын өзүндөй аяды, өзүнөн бетер аяды. Эми Кириск чычканга чындап жалынды, атасы экөөнө тең суу апкелип беришин суранды:
Чычкан аке, суу берчи! Чычкан аке, суу берчи!
Улам күчөп жанын кыйнап, ичекарды жыйырылып, мыкчылып, суусаганы жалын болуп өрттөп баратканы менен Эмрайин азыр өзүнө суу тилеп ой ойлонбоду. Ичи күйүпбышып баратты жалын аймалаган мештин ичинен бетер кургап, ысып баратты. Башы гүүлдөп, мээси кургап, чаңтозоң болуп учуп кеткендей. Мылгундун өлөр алдындагы далбас урган кыйноосун ал эми түшүндү. Сууну ойлоп, кана жутсам деп эңсөөнүн ага азыр эч кандай мааниси жок эле. Эгер уулу болбосо, ушул акыркы түндө бүрүшүп бооруна корголоп жаткан уулу болбосо Эмрайин жан чыдагыс кыйноосун бая эле токтотмок. Уулу деп, аман калыш үмүттүн баары үзүлсө да, ошого карабай акыркынын акыркы аргасы менен коргоп калгысы келген уулу деп, аз болсо да анын жашоосун улантып калыштын амалы менен караан болуп жаткан уулу үчүн деп,— атанын үмүтсүз далбасы эми ушу болду. Ушул уулу деп ал азыр кайыктан секирип кетмей болуп жатты. Бирок ушул уулу деп секирүүгө, уулун тагдырдын ырайымсыз чеңгелине жалгыз таштап кетүүгө даабай жатты. Бирок кечиктире бериш, созо бериш да жаман эле чымырканып акыркы кайратын жыйнаар чамасы азайып баратты…
Атанын ичер суусу түгөнүп баратты…
Ушунун баарын уулуна кандай сөз менен кантип түшүндүрө алмак? Уулум деп уулун таштап кетерин кантип айта алмак?
Атанын ичер суусу түгөнүп баратты…
— Ата! — деп шыбырады Кириск анын оюн туюп жаткансып, анан дагы бекемирээк атанын бооруна жабышып, чычкандан суу суранды:

Чычкан аке, суу берчи! Чычкан аке, суу берчи!
Эмрайин жаны кейигенине чыдабай тиштенип, онтоп жиберди, уулуна эчтеке айта албады. Оюнда ал уулу менен коштошуп, коштошуусу улам созулган сайын сууган боюн таштоо кыйын боло берди. Өткөн өмүрүнүн баары ушу бүгүнкү түндүн башталышы гана болгонун Эмрайин ушул түнү түшүндү. Анын туулганы да, азыр өлүп баратканы да мынабу уулунда калыш үчүн, уулунда уланыш үчүн тура. Уулу менен унчукпай коштошуп жатып, ата ушуну ойлоду. Өзүн өлүмгө берер алдында Эмрайин керемет жаңылык ачты: жан берип, көз жумганга чейин уулунда уланыш үчүн ал өмүр бою ушул Эмрайин болуп жашап келген тура. Бул улуу чындыкты буга чейин ойлобогон болсо, а дагы күндөлүк тиричиликтин алаксытканы.
Кириск ойгонуп алып, мурдагы түндөргө караганда жылуу уктаганына таң калды. Көрсө үстүнө атасы тонун жаап коюптур. Бала көзүн ачып, башын көтөрдү. Караса, кайыкта атасы жок. Бала ордунан учуп туруп, кайыктын ичин тинтип сыйпалап чыкты да, тумандуу караңгы түн басып турган деңиздин бетин жаңырта бакырып ыйлап жиберди. Баланын зар какшаган үнү көпкө басылбай турду. Жан доошу чыга ыйлаган бала акыры алсырап барып кулады да, башын кайыктын бооруна ургулап, үнү кышылдап жатып калды. Бул ый атаны жоктогон кайгысы эле, атабабасын жоктогон арманы эле, атасына багыштаган өмүр акысы эле…


Кыргыз