Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

Цивилизациянын “алтын күзү”

Цивилизациянын “алтын күзү”

Баштан кечирген кыйынчылыктардан кийин адамдар ийгиликке умтулуу ордуна бейпилдикти каалап калышат. Эми алар өзүнүн өзгөчөлүү экендигин көрсөтүүгө умтулган индивиддер коңшуларга эң зор коркунуч келтирерин жакшы түшүнүшүп калышат. Анткени менен ал коркунучтан коомдук императивди алмаштыруу аркылуу кутулуу мүмкүнчүлүгү бар. Бул үчүн жүрүш-турушу эң мыкты делинген идеал адамды, мейли ал деги эле эч качан жашабаган адам болсун, аны кыял менен бөлсө да көз алдыга элестетип, ошондой болууга умтулуп жана бардык адамдардан ошондой идеал адам болууну талап кылуунун өзү эле жетиштүү болот.

Байыркы Дүйнөдө ушундай негизде падышаларга тайынуу кудайга сыйынуунун деңгелине жеткирилген. Мындай көз караш биринчи болуп Александр Македондуктун тушунда башталган. Египеттин жрецтери ага Амон аттуу кудайдын уулу экендигин билдиришкен. Эллиндер ал кудайды Зевс менен окшоштурушкан. Александрга бул жагып калат, бирок анын аскер башчылары муну Александрдын ата-энеси Филипп менен Олимпиаданын кадырына шек келтирүүчү жорук катары баалашып, ага таптакыр макул болушкан эмес.

Бирок бул идея жөнүндөгү сөз убактылуу гана басылып токтоп калат. Акыры ал кийин диадохтордун мураскерлеринин убагында, айрыкча Августтан кийинки Римде кайрадан пайда болот. Бийлик ээлери өздөрүнө Кудайга кандай мамиле жасалса ошондой мамилени талап кыла башташат. Ошентип бийлик ээсинин образы, анын жеке сапаттары эмес, анын кызмат ордуна байланыштуу болгон образы теңирлик касиетке ээ болгон. Дал мына ушунун натыйжасында букаралар үчүн падышанын образы милдеттүү түрдө үлгү болучу образга айланган.

Падыша тагына эки жүздүү бетбактар, кылмышкерлер, калпычылар келип каларын, алар өлтүрүп салууга гана татыктуу экенин римдиктер жакшы түшүнүшкөн, бирок “цезардын теңирлик касиети” жөнүндөгү принципти тартипке лоялдуу мамиле жасоонун жана такыбаа жүрүш- туруштун милдеттүү түрдөгү шарты катарында кабыл алышкан. Анткени чүнчүү доорлорунун үрөй учурган кызыл кыргындары элдин эсинде Оолгондуктан тартиптин кепили болуучу бийликке баш ийүү парз катарында түшүнүлгөн.

Жаңы доордо — XVII—XIX кылымдарда — жүрүш-туруштун эң мыкты үлгүсү “жентльмендин”, ак ниет жана тарбия көргөн ыймандуу адамдын образы болгон. Эми баардыгы ошондой адамды туурап, ага окшошууга умтула башташкан. Бул үлгүдөн баш тартуу мыйзам тарабынан болбосо да, коомдук пикир аркылуу айыпталган. Коомдук пикирдин кысымы буга жетиштүү түрткү болгон.

Чыгышта байыркы кайсы бир барктуу баатырдын үлгүсүндө, ага окшошуп жашоо чакырыгы илгертен келаткан салт. Бирок мындай жол менен турмуш оңолуп кетсе кана. Кыскасын айтканда, адамдын бардык мыкты, асыл сапаттары куугунтукка алынып, алдыга кетпей, артка калбай, идеалга айланган ортозаар адам болуу кубатталып турган.

Анткени менен бул процесс өтө жай илгерилеп отурган. Өзүнүн өзгөчөлүү жөндөмдүүлүгүнөн баш тарткысы келбеген адамдар искусство жана илим чөйрөсүнө кетишти, бул аларга зыяны жок өнөрдөй көрүнгөн. Ошону үчүн XVI кылымда кылычын алып жүгүрүүлөр XVIII кылымда үйүндө олтуруп, эгер ал таланттуу болсо баалуу чыгармаларды жаратты, эгер “чымыны жок болсо” — чалды-куйду бир нерселерди жазып жатты. Кантсе да “чымынсыздар” өтө көп болгондуктан китепканалар эч кимге кереги жок, окулбаган китептерге толуп чыкты. Муну “маданияттын өсүшү” дешти.

Алыскы Чыгышта да ушундай көрүнүш болуп өткөн, бул жердегилер мындай инерциялык фазага X кылымда туш келишти. Кытайда — Сун доорундагы искусствонун эбегейсиз көп байлыгы калтырылган, бирок алар Тан доорундагыдай зор чеберчиликте иштелген гениалдуу баалуулуктар эмес эле. Тибет монастрларынын китепканалары которулган, көбүн эсе байыркы нускалардан көчүрүлүп жазылган китептерге толуп чыккан.

Албетте, мунун натыйжасында генийлер — ойчулдар, окумуштуулар, акындар жаралды, бирок алардын саны акматикалык катаал фаза учурундагыдан бир топ аз болду. Анткени менен алар мыкты шакирттерди жаратты, алардын концепциясы — резонанс (жаңырык) болгон. Айталы, устат Цзонхаванын (1355—1418-жж.) “сары ишеними” айрым консорцияларды же секталарды гана эмес, бүтүндөй элдерди — монголдорду, ойротторду жана тибеттиктердин тең жарымын интеллектуалдык жактан байыткан. Ушундай эле ролду Византияда XIV—XV кылымдарда афондук акылмандар ойногон, бирок алардын идеялары ышпалдасы чыгып, ыймандан кеткен Константинополдо колдоого ээ болбой, Улуу Русь жергесинен орун тапкан.

Мисалдар көп. Мындан бир нерсе: этногенездин инерциялык фазасы — этникалык системанын пассионардуулугунун төмөндөп, материалдык жана маданий байлыктар ургаалдуу топтоло турган мезгил экени түшүнүктүү болду. Өз корутундубузду эми нейтралдуу индикатор аркылуу, т.а. романдык-германдык суперэтностун деңгелинде жүрүш-туруш көнүмүштөрүнүн алмашылышы аркылуу текшерип көрөлү.


Кыргыз