Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

Цивилизация жана табият

Цивилизация жана табият

Эгерде биздин колубузда салыштыруу үчүн чен-бычымдар жок болгондо, бул жерде сунуш кылынып олтурган этногенез түшүнүгү субъективдүү болуп калмак. Ал чен-бычым — антропогендик ландшафттардын тарыхы, т.а. “этнос” деп аталуучу механизм аркылуу техника менен жаратылыштын өз ара аракетинин тарыхы болуп саналат. Баяндалып жаткан фазада этникалык системалардын пассионардык чыңалуусунун төмөндөшүнүн натыйжасында адамдардын өзүн курчап турган табигый чөйрөгө болгон мамилеси кескин түрдө өзгөрүп кетет.

Пассионарийлер канчалык жаалданып кутурушпасын, аларга караганда өзүнө өзү корстон болгон түшүнүгү тар адамдар бизди багып турган

табиятка көбүрөөк зыян келтирет. Бул фазада тобокел кылуучулук эч кимге кереги жок болуп калат, анткени керектүү нерселердин баары жеңилип алынган, эми коргоочусу жоктордун сазайын берүүгө кезек жетет. Акыйкатта, тынч жаткан берекелүү биосфера өзүн өзү коргой албастыгы баарыга белгилүү да?!

“Адам — табияттын падышасы” деп жарыяланып, эми ал аны эзип, өзүнө керектүү нерселерди шашылбай, максаттуу түрдө ала баштады. Качандыр бир кездерде жапжашыл болуп көлбүп жаткан Диксиленд (АКШ-нын түштүк штатты) ойдуңуна пахта айдалып, кыска мөөнөттө аны кумдуу дөбөлөргө айлантып жиберди. Прериялар айдалып, түшүм көбөйдү, бирок кээде анын айынан чаңдуу бороондор көтөрүлүп, Атлантикага че- йинки чыгыш штаттарынын эгиндери менен мөмөлүү бактарына зыян келтирүүдө. Өнөр жайы өнүгүп, эбегейсиз көп киреше берүүдө, а бирок Рейн, Сена жана Висла дарыялары акыр-чикирге толуп калды.

Бул азыркы көрүнүш, бирок мурда да ушундайлар болгон. Б.з.ч. 15 миң жылда Жер бетинде чөл болгон эмес, азыр кайда барба — чөл көзгө урунат. Жогоруда биз, Эцзинголдун, Хотан дарыянын, Лобнор көлүнүн жээктерин монгол жана түрк баатырларынын жортуулдары кумдуу чөлгө айлантканын көрсөткөнбүз. Муну утурумдук түшүм алуу камында жүрүп эртеңкисин ойлобогон дыйкандар жараткан. Ушуларга эле окшош эмгекчи дыйкандар Сахаранын жер кыртышын бузуп, тыпынга айлантышып, самум шамалына учуруп жиберишти. Ушулардын колу менен өздөрү жашаган кыштак, шаарлардын айланалары өнөр жай таштандыларына толуп чыгып, уу химикаттар сууга куюлуп жатат. Пассионардуу адамдардын бири да мындай ишке бармак эмес, ал эми кадыресе адамдарга мындай кылбоо керектигин такыр түшүндүрө албайсың. Антүүнүн кереги барбы? Бул деген этногенездин эң акыркы фазасы эмес да.

Ата-бабалары жыйнаган маданий зор байлыгы бар этностор да ушундай жолго түшүштү. Кандай гана техникалык жетишкендик болбосун адамдар кыймылга келтирмейин өзүнөн өзү прогрессивдүү өнүгүүнү жаратып жибербейт, тескерисинче, мезгил таасирине чыдай албай жок болуп кетет. Жаңы Падышачылыктагы Египетке жана Месопотамияны багынтып алган Ассирияга караганда Байыркы Падышачылыктагы Египет менен Шумердин дыйканчылык маданияты жогору болгон. Сыягы, кеп адамдардын өзүндө, тагыраак айтсак, алардын чыгармачылык энергиясынын корунда, т.а. пассионардуулугунда окшобойбу. Андыктан техника менен искусствону этникалык процесстердин көрсөткүчү, өткөндөгү муундардын пассионардуулугун өзүнчө бир кристаллдашкан нерсе катары кароо туура болчудай.

Биз географиялык трактатта саясий тарыхты ашкере пайдаланып жиберген жокпузбу? Тарых менен табият таануу бирине бири жакындашпаган нерселер, аларды салыштырууга болбойт деп да айтылып жүрөт. Өзүнүн “Жеңилбес дарак” деген китебинде Жон Стюарт Коллинс минтип жазат: “Антиохиянын калкын катуу жазалоону суранып Кудайга кайрылган Ыйык Павел эн туура кылган. Башка пайгамбарлар да шаарларды адилеттүү түрдө каргаган. Бирок алардын мунусу акыйкат болгону менен, шаарга байланышкан жаманчылыктардын себебин туура эмес көрсөтүшкөн. Күнөөкөрлүктүн себеби ал маселенин моралдык жагында эмес эле, ал теологияга эмес, экологияга тиешелүү болучу. Ашкере кекирейүү же ашкере байлыкка чөмүлүп жашоо адамдарга жаманчылык алып келмек эмес; жапжашыл талаалар мол түшүмүн бере бермек, көгүлжүм дарыялардын салкын жели жүрүп турмак; адеп-ахлактын бузулушу жана мыйзамды тебелеп-тепсөө канчалык даражага жетпесин андан бийик мунаралар кыйшайып, бузулбас чептер урап түшмөк эмес. Бирок адамдар Кудай тарабынан өздөрүнө жашоо үчүн тартууланган Жерге чыккынчылык кылышты, алар жер мыйзамдарын бузуп, күнөөгө батышты, токойлорду тыптыйпыл кылып кыркышты, көчкүлөргө кеңири жол ачышты — ошондуктан аларды кечирүүгө болбойт, алар жараткан бардык нерселерди кум жутуп салды2.

Эң сонун айтылган, бирок туура эмес! Шаарлардагы адеп-ахлактын бузулушу жана мыйзамды тебелөө — токой менен талааларды жок кылып бүлүнтүүнүн башталышы гана болучу, анткени мунусуна да, тигинисине да этносоциалдык системанын пассионардык деңгелинин төмөндөшү себеп болгон. Пассионардуулуктун алдыда болуп өткөн жогорулоо учурунда адамдар өздөрүнө жана коңшуларына катуу талап коё билишкен. Ал эми анын төмөндөшүнө — “адамгерчилик”, кемчиликтерди кечирүү, анан парз, милдет дегенге кайдыгер кароо, анан кылмыштуулукка баруу мүнөздүү. Кылмыштуулукка көнө баштагандар адамдарга жасаган “акмакчылыгын” ландшафттарга да жасашат. Этностун адеп-ахлагынын деңгели — жандуу жаратылышты жок кылуу өңдүү эле этногенездин табигый процессинин көрүнүшү болуп саналат. Биз ушул байланыштын бар экенин билдик жана ушуга таянып биз антропогендик тарыхты, т. а. адам тарабынан бүлүнүүгө учураган ландшафттын тарыхын жазсак болмок, анткени байыркы авторлордун жазмаларында табиятты пайдалануу жөнүндөгү маалыматтардын өтө жардылыгы ал доорлордун адеп-ахлагынын деңгели жана саясий таламдарынын карама-каршылыктары жөнүндөгү толуктоолор менен байытылмак. Дал ушул биз баяндап жазып отурган өз ара байланыштын динамикасы — этнология илиминин, адамдын биосферадагы орду жөнүндөгү илимдин предмети болуп саналат.

Чын-чынына келгенде биз пассионардык түрткү тарабынан бузулган тең салмактуулуктун калыбына келиши катары мүнөздөлө турган микро- мутациянын көрүнүшүн баяндап жаздык. Пассионардык түрткү кайсы бир регионду мекендеген адамдарга гана эмес, ошол региондун табиятына да зор таасир тийгизет. Энергиянын ашып-ташып кетиши жаңы керектөөлөрдүн пайда болушуна гана эмес, ал эл жашаган ландшафтты кайра курууга да алып келет. Буга мисал болчу көрүнүштөр жогоруда жетишерлик эле айтылды, бирок азыр биз ал мисалдарды жалпылап, жыйынтык чыгарып, алардын багыттарын аныктап алышыбыз керек.

Эреже катары биринчи фазага жашоо-турмушту иретке келтирүүгө умтулуу мүнөздүү. Этногенездин алгачкы фазаларында жашаган адамдар өздөрү жашап жаткан система жок болуп кетерин сезип да коюшпайт, эгерде бул ойду кимдир бирөө айта турган болсо, анда аны эч кимдин уккусу келбейт, ошондуктан адамдар эч кандай күч-кубатты аябай, нерселерди түбөлүктүү кылып курууга умтулуп келе жатышат. Табият байлыгы азырынча түгөнбөстөй сезилет, андыктан ал байлыкты эч кандай тоскоолсуз түрдө чексиз алып турууну жөнгө салуу милдети коюлат. Кээде бул чектелбегендик жырткычтыкка алып келет, анча катуу эмес тартип орно- туу жана аны аткаруу жеке адамдарга өз билгенин жасоого тоскоолдук кылып, чектеп турат. Эгерде англиялык королдор жана алардын шерифтери оз мезгилинде жаратылышка зыян келтирүүгө каршы катуу мыйзамдарды киргизип, Орто кылымдарда “Робин Гуддар” деп аталышкан браконьерлерди тыйбаганда азыркы Англияда бир да бугу, кыркылбаган бир да дарак, тепселбеген бир да шалбаа калбайт эле. Чындыгында Англиянын элдик уламыштарынын баатырлары менен сыймыктануунун ордуна, алардын душмандары менен сыймыктануу оң болор эле. Ооба, беркилеринин да, аркыларынын да пассионардуулугу өсүп жаткан эле, тилекке каршы, алар өлтүрүп кырып жаткан айбанаттарда андай пассионардуулук жок эле. Айбанаттар үчүн Жүз жылдык согуш сонун шарт түздү, кан майданда эми адамдар өздөрү кырылып, Карт Англия менен Ажайып Франциянын табиятынын бузулушун алыстатты.

Буга окшош карама-каршы окуялар көп ирет кайталанды, бирок алардын бири да кыйроого учураткан жок, анткени табият тарыхка караганда бир топ ылдамыраак өзгөрүп турат эмеспи.

Жогоруда айтылгандай, Батыш Европанын обскурация процесси IX кылымдагы пассионардык түрткүдөн улам үзгүлтүккө учурады, бирок биочөйрөгө ал кездерде келтирилген зыяндар али жоюла элек эле. Галлия менен Британиянын аба ырайы нымдуу болгондуктан токойлор менен шалбаалар калыбына келди; Италия менен Андалусияда лимон жана апельсин бактары өстүрүлдү, а бирок кургакчыл Түндүк Африка оңоло албай чөлгө айланды. Эгерде II кылымда римдин атчан аскерлери мингич аттарды Атлас тоолорунун этек-жакаларындагы жайылып жүргөн сансыз жылкылардан алып турушса, VIII кылымда ал жерлерге төө өстүрө баштады. Албетте, бул аймактардын климаттык шарттары өзгөрүп кеткен жок, себеби бул — туруктуу антициклондордун — тропиктин ары жагында жаткан ээндиктин зонасы болучу. Ошондуктан аба ырайынын мындай шарттарында жердин күрдүү жука кыртышынын бир нече кылым ичинде калыбына келиши кыйын, а түгүл мүмкүн да эмес. Б.з.ч. II кылымдан б.з. IV кылымына дейре римдиктер азыркы туарегдердин ата-бабалары болгон нумидиялыктарды түштүк тарапка кысып кууп турушту. Алар ал жактарга өздөрүнүн үйүр-үйүр малдары менен чегинип отуруп, кургак талааларды акырындык менен таштуу Сахара чөлүнө айлантышты. Ап эми контингенттин Чыгыштагы чет-жакаларында римдиктердин милдетин кытайлар аткарды. Алар хуннуларды түндүккө карай кыса беришип, Иншандын токойлуу бөксөлөрүн таштуу Гоби чөлүнө, Ордостун кең талааларын кумдуу бархандарга айлантты. Акыйкатта, бул жерлерде антропогендик процесстер менен бирге кургакчыл жана нымдуу3 зоналардын көбүрөөк нымдууланышынын гетерохрондуулугуна байланыштуу болгон климаттын өзгөрүлүп турушу таасир тийгизди, бирок бул феномен биздин корутундубузду өзгөртө албайт4, муну оңой эле далилдеп берүүгө болот.

Табигый процесстер — кургакчылык же суу ташкыны региондун жаратылышы үчүн кандай зыяндуу болсо өз заманынын техникасы менен куралданган адамдын ишмердүүлүгү да ошондой эле зыяндуу деген пикир пайда болот. Бирок бул дегеле андай эмес! Табигый процесстер кайра калыбына келүүчү өзгөрүүлөрдү жаратат. Мисалы, Евразиядагы Улуу талаада бир топ жолу кайталанган кургакчылык чөлдөрдүн жана жарым чөлдөрдүн таштуу Гобиден түндүктү жана түштүктү карай кеңейишин шарттаган. Ал эми андан кийинки нымдуулуктун күч алышы тетири процессти жараткан: чөлдөрдү чөп басып, токойлор болсо талааларды каптап кирген. Муну менен бирге антропоценоз да кайра калыбына келип, көчмөндөр өз малы менен “чөп жана суу” бар жерге кайрадан келип байырлашкан.

Бирок этногенездер дегенибиз — табигый процесстер, андыктан алар биочөйрөдө кайра калыбына келгис өзгөрүштөрдү жасай албайт, а эгер жасаса, анда, сыягы, бул процессте кандайдыр бир башка фактор катышып турган болуу керек. Ал кандай фактор? Чечмелеп көрөлүк.

Тарыхый мезгил ичинде Улуу талаада этногенез үч жолу болуп өттү: б.з.ч. V—IV кылымдарда аны хуннулар5 б. з. V—VI кылымдарында түрктөр менен уйгурлар6, XII кылымда моңголдор7, ага жанаша сунгар тайгасында жашаган манжурлар баштарынан кечиришти8. Бул жаңыланган этностордун баары өзүлөрүнөн мурдагы жергиликтүү элдердин укум-тукумдары болушкан. Алар ашып-ташкан пассионардуулуктарын табиятты өзгөртүүгө коротушпады, анткени алар оз мекенин жанынан артык көрүшкөн, пассионардык энергияларын алар өз алдыларынча, өзгөчөлөнгөн саясий системаларды — хуннулар уруулук мамлекетин, түрктөр “Түбөлүк Элин”, моңголдор улусун түзүүгө жана Кытай же Иранга жортуул жасоого жумшашты. Бул жагынан көчмөндөр византиялыктарга окшош болушкан. Бекеринен булары да, тигилери да евроборборчулуктун көз карашынан алганда “экинчи катардагы”, же “толук баалуу эмес адамдар” катары эсептелип жүрбөсө керек, бирок да европалыктар менен кытайлар айлана-чөйрөнү коргоону түрктөр менен моңголдордон үйрөнүп, үлгү алышса туура болмок.

Бирок цивилизация фазасындагы эң жаман нерсе — бул табигый миграцияны стимулдаштыруу, тагыраак айтканда, бүтүндөй бир популяциялардын натуралдык ландшафттарды таштап, антропогендик чолкөмдөргө, т. а. шаарларга көчүшү болду. Албетте, шаар деле өзүнүн

чоң, кичинелигине карабай табият байлыктарынын эсебинен күн көрөт, бирок шаар ушунчалык зор техникалык базаны топтоп алгандыктан, бул жерде бири бирине деги эле окшошпогон өлкөлөрдөн көчүп келгендер да жашай беришет. Урбаникалык ландшафтта алар эң эле кур дегенде, бул ландшафтты жасалма түрдө түзүп, аны колдоп турган жергиликтүү элди эксплуатациялоонун эсебинен жашоого жөндөмдүү келишет. Бирок бул аймактарда карама-каршылыктар келип чыгат, алардын эң коркунучтуу жагы — көчүп келгендердин жергиликтүү калкка тескери таасир тийгизгени болуп саналат. Алар жергиликтүү калкка акыл-насаат үйрөтүп, өздөрүнүн мекендеринде жарактуу болгону менен, бул жаны ландшафттарга жараксыз болгон техникалык өркүндөтүүлөрдү киргизе башташат. Кээде мындай аша чапкандыкын зыяндарын ондоого болот, ал эми кээ бир учурда мунун айынан гүлдөгөн өлкөлөр чөлгө эле эмес, таптакыр жараксыз жерлерге (бэдленддер) айланып, техника келтирген зыяндарды кайра калыбына келтирүү мүмкүн болбой калат.

Тигр менен Евфрат дарыяларынын ортосу мына ушундай тарыхый тагдырга туш келген. Шумерлер бул аймактагы саздарды “Эдемге” айлантышса, семит-аккадийлер “Кудайдын Дарбазасы” (Баб-элои) деп аталган шаарды — Вавилонду курушкан. Эмне үчүн ал жерде азыр урандылар гана жатат?


Кыргыз