Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

Цин сулалесинин расмий хроникалары

Цин сулалесинин тышкы саясатын, анын ичинде кыргыздар менен Цин империясынын карым-катнашын изилдеп үйрөнүүдө «Да Цин личао шилу» («Улуу Цин сулалесинин баардык өкүмдарларынын башкаруусу тууралуу акыйкат жазмалар») аттуу булактын мааниси баа жеткис Расмий документтердин хронологиялык принципте түзүлгөн бул ири жыйнагы манжуу-мин өкүмдарларынын 1583-жылдан тартып, 1912- жылга чейинки бийлик жүргүзгөн мезгил мерчемдерин өз ичине алат.

«Да Цин личао шилу» 122 папкада (тао) топтолгон 1220 томдон турат. Ар бир тому бөлүктөргө (цзюань) бөлүнүп, көлөмү 100-110 бетке чамалап барат. Бул басылма 1937- жылы Японияда жарыяланган. Шилу гуань деген атайын мекеме тарабынан кытай, манжуу жана моңгол тилдеринде даярдалган «Шилу» мурунку өткөн өкүмдарлардын даанышмандыгын жана жасаган иштерин даңазалаш үчүн гана эмес, ошондой эле, императорго ибарат өрнөк иретинде да жазылган. Алар өкүмдарлык жүргүзүүчү үй-бүлөнүн жашыруун архивдеринде сакталып, императордун үй-бүлө мүчөлөрүнөн тышкары, эң жакын санаалаш бийик мартабалуу мансап адамдары менен саналуу тарыхчыларга гана жеткиликтүү болгон. Ошол ишенимге арзышкан тарыхчылар кийин «Шилу»нун негизинде сулалелердин расмий тарыхын түзүшкөн.

Тарыхый эстелик катары «Шилу»нун мааниси айрыкча экени талашсыз. Арийне Цин доорунун ар кыл тарыхый проблемаларын, жана ошондой эле, Цин империясынын тышкы саясатын иликтешкен изилдөөчүлөр тарабынан «Шилу»нун материалдары өтө сейрек пайдаланылган. XVII кылымдагы манжуу-моңгол мамилелерин изилдеген И.С. Ермаченко «Да Цин личао шилу»нун материалдары, жана ошондой эле, башка кытай булактары да сын көзкарашты талап кылаарын баса белгилейт. Анткени окуялардын расмий түрдө түшүндүрүлүшү көп убактарда ошол эле булактагы фактыларга карама-каршы келет. Эмгекте Канси (1662-1722 жж), Юнчжэн (1723- 1735 жж), Цяньлун (1736-1795 жж) бийлиги тушундагы «Шилу» пайдаланылды. Башка изилдөөчүлөр сыяктуу эле, биз дагы «Пиндин чжуньгээр фанлюе» («Жуңгарияны тынчытуу баяны») эмгегиндеги көптөгөн документтер «Шилу»да орун алганына көңүл бурдук 1770-жылы түзүлгөн «Пиндин чжуньгээр фанлюе» эмгеги 1755-1765 жылдар аралыгындагы окуяларды баяндайт.

Булактын акыркы эки бөлүгү (биринчи бөлүк- «цянь бян», 54 цзюань, экинчи бөлүк-«чжэн бянь», 85 цзюань, үчүнчү бөлүк-«сюй бянь», 32 цзюань) Цин империясынын казактар жана кыргыздар менен болгон карым- катнаш тарыхы боюнча кеңири материалдарды өз ичине камтыйт. Кыргыздар туурасындагы документтердин чоң бөлүгү «Пин-чжунь»да, «Шилу»да жана «Дунхуа лу»да кайталанат. «Дунхуа лу»ну иликтешкен изилдөөчүлөр бул хроника формасы жагынан «Шилу»ну кайталап, мазмуну боюнча аны кыскача аңгемелээрин белгилешет. Алгач ирет «Дунхуа лу» («Дунхуа турак жайында жаралган жазмалар») 1765-жылы Цзян Лян-цинин жетекчилиги астында даярдалып, Цин сулалеси бийлигинин адеп башталышынан 1735-жылга чейинки окуялар баянын өз ичине алган. Кийинчерээк «Дунхуа лу» улантылган. Жогоруда аталган үч эмгектин материалдары манжуулар Жуңгария менен Чыгыш Түркстанды караткан убакта Борбор Азияда болуп өткөн тарыхый окуялардын жүрүшүн калыбына келтиришке, ошондой эле, Цин империясынын кыргыздар жана казактар менен кандай карым-катнаш жүргүзгөнүн толук турпатында акыйкат аңдап билишке мүмкүндүк берет. Бөлөк кытай булактары сыяктуу эле, аталган хроникалар дагы сын көз карашты талап кылат.

Анткени окуяларды расмий эмгектерде баяндап жазуу жана чагылдыруу ар дайым бийликтеги сулаленин мүдөөлөрү менен байланыштуу болуп келген. XIX кылымдын башындагы булактардан эмгекте «Циньдин Синьцзянь шилюе» («Улуу мартабалуу өкүмдар бекиткен Синьцзянь баяны») жана «Сичуй яолюе» («Батыш аймагы тууралуу негизги маалыматтар жыйнагы») пайдаланылды.

Булак: bizdin.kg


Кыргыз