Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

Чүнчүү жана анын мааниси

Жогоруда келтирилген мисалдар этногенез фазалары пассионардык чыңалуулардын деңгели боюнча аныктала турган ар түрдүүлүгүнүн дара- жалары менен гана айырмаларын баяндайт. Гомеостазга мүнөздүү суб- пассионарийлер бардык учурларда жолугат, бирок бир нече муундарда пассионарийлер пайда болгон учурларда калыптанып калган системада алардын өзгөчөлүү мааниси жоголот, т. а. алар байкалбай калат. Жогорулоо учурунда өз милдеттерин так аткара билген гармониялуу адамдардын ролу өсөт. Ошондуктан акматикалык фазада, пассионардуулуктун ашып-ташып кеткен учурунда көбүрөөк пассионардуу адамдар кырылып жок болот да, гармониялуу кишилер сакталып калат.

Чүнчүү мезгилинде граждандык согуштун кадрларын түзүүчү субпас- сионарийлердин мааниси жогорулайт. Андан кийин инерциялык фазада гармониялуу адамдардын мааниси кайрадан өсөт да, обскурация фазасында кескин төмөндөп кетет. Себеби бул мезгилде этнос өзүнүн субстраттарынан мураска алып калган момун субпассионарийлери менен бир катарда кечеги өткөн инерциялык фазанын туундусу — ары-бери урунган тынчы жок селсаяк-жоокерлер алдыга чыга келет. Булар гармониялуу адамдарды оңой эле жок кылып, системаны жөнөкөйлөтө отуруп, анын туруктуулугун жоготууга чейин алып барат. Ага жеткенде өздөрү да жок болот жана ага улай эле этностун кайталангыс маданияты кыйрап, гомеостаз башталат. Бул этносоциалдык мыйзам ченемдүүлүк этнографиялык материалдардан да ачык-айкын көрүнүп турат. Бардык фазалардын мүнөздөмөлөрү да дал келет.

Этнос өзүнүн жаралышында өзү жашаган ландшафтты “өзүнө ылайыктап” керегине жаратат жана ошол эле учурда анын шартына өзү да ылайыкташып алып жашайт; кыскасы бул жерде өз ара байланыш принциби ишке кирип, табият азыраак жабыр тартат. Акматикалык фазада этникалык системанын энергиясы ашып-ташып, басып алуулардын жана жер которуулардын кезеги келет, бирок этнос коңшу этностордун каршылык көрсөтүүсү менен токтотулуп, энергия табигый шарттар аркылуу чектелип турат. Табият эки жактан жабыр тартат. Пассионарийлер өз жеринде жер иштетүүнү жактырбайт. Алар жашоонун жана жыргал турмушка жетүүнүн кыйын жана кызыктуу жолун издейт. Цивилизациянын табиятка кысымы азаят, ал эми бул буркан-шаркан түшкөн мезгилдерде көп учурда калктын саны өспөй калып, чарба жүргүзүү начарлайт, натыйжада табият ландшафттары — токойлор, талаалар жана саздар, ошондой эле жапайы айбанаттардын саны кайра калыбына келет.

Бирок пассионарийлер басып алган өлкөлөр катуу жабыр тартат. Эреже катары пассионардык чыңалуусунун деңгели төмөн болгон, андыктан коргонуу жөндөмдүүлүгү начарлаган өлкөлөр гана басылып алынат. Ошондуктан алардын өздөрү, өлкөсүнүн байлыгы, анын ичинде табияты, искусство чыгармалары баскынчылардын олжосуна айланат.

Муну далилдөө үчүн Мексика менен Перунун алтындарын ташыган “алтын кемелерди”, же индейлердин эсепсиз көп адамдарынын мүрзөсүнө айланган Пөтөсидеги (Боливия) күмүш кендерин эске салуу эле жетиштүү. Ал эми Бразилиядагы португалдардын плантацияларын Голландиянын Ява жана башка Зонд аралдарындагы колониялары менен гана салыштырууга болот. Португалиянын дөңсөөлөрүндөгү кооз бактарды жана Нидерланддын шалбааларын негоциандар менен төрөлөрдүн чарбактарына (поместье) айлантуу үчүн миңдеген майлыктардын жана африкалык кулдардын өмүрү кыйылган. Ал ач көз жер ээлери жыргап-куунап жашоо үчүн тобокелчиликтен кайра тартпай, өздөрүн да, башкаларды да аяшкан эмес. Канададагы аң тери кампаниялары азыр коруктарда гана сакталып калган кемчеттерди тукум курут кылып кырып жиберишкен. Пилдердин азуу тиштерин сатуудан түшкөн акчасын Лондондун биржаларында уттуруп жиберүү үчүн гана аңчылар Чыгыш Африкадагы пилдердин бүтүндөй бир үйүрлөрүн жок кылышкан. Байыркы мезгилде да ушундай болгон. Кытайда керктер (носорогдор) тукум курут болгон, Хотанда жер үстүндө жаткан нефрит кени талоонго түшкөн. Мисалдар жетиштүү эле болгонсуду, эми бул маселени башка жагынан карап көрөлү.

Пассионардуу баскынчылар канчалык жаалданып кутурушпасын табиятты алар чектелүү түрдө гана бузушкан. Алар жер үстүндө жаткандарды, даяр нерселерди алуу үчүн гана салгылашышкан, анткени эмгектенүүнү дегеле жактырышкан эмес. Ошондуктан алардын жеңиштүү жортуулдарынан кийин калыбына келген биоценоз, өтө кыйынчылыкка баткан, бирок тукум курут болбогон индейлердин, негрлердин, полинезиялыктардын жана папуастардын уруулары сакталып калган. А бирок баскынчылар көз ирмем сайын өмүрүн тобокелге салып турган.

Ошентип чүнчүү мезгилинин жүрүшүндө этникалык популяциялардын пассионардуулугунун деңгели жасалма түрдө төмөндөп турган. Мындайда мамлекеттин кубаттуулугу начарлап, этностун туруктуулук даражасы да солгундап кетери эч кимдин оюна да келген эмес.

Көп учурда мындай кырдаал кыйроого алып келерин биз жогоруда байкадык, анткени менен Батыш Европадагы романдык-германдык бир бүтүндүккө оңдой берди болду. Батыш Европа — Евразия континентиндеги жарым арал. Аны үч тарабынан деңиз коргоп турат. Коркунуч түрктөр Византияны багынтып, XVI—XVII кылымдарда кеңири чабуулга өткөн түштүк-чыгыш тарапта гана бар эле. Венгрия багынып берди. Эмки кезек Италия менен Германияга келген. Дал ушул учурда Батыш Европа- дагы эң артта калган10 жана ошону үчүн башкаларга салыштырмалуу пассионардуулугунун көбүрөөк угутун сактап калган кайраттуу Польша өзүн курмандыкка чалып жиберет. Ян Собесскийдин гусарлары 1683-жылы Венаны сактап калышат. Германияны коргоп кан төккөн поляктар өз мекенинин бөлүнүп кетүүсүнө жол ачышкан. Акыры Германияда чүнчүү фазасы бүтүп, улуттун биригишине алып келген инерциялык фаза башталганда ЕврОпа кайрадан жеңилбес жана агрессивдүү, бирок өзүнүн мурдагы мезгилдегисине аз окшошкон Европа болуп чыга келет. Эми ал “рыцардык” Европадан “соодагер” Европага айланат. Бул жөнүндө өзүнчө кеп кылуу керек. Азырынча биз К. Ясперстин концепциясына, тагыраак айтканда, батыш европалык тарых философторунун көз караштарына токтололу. Августинден баштап, алардын баары тарыхтан белгилүү бир багытты, максатты жана маанини көрүүгө аракеттенишкен. Чыгыштын бардык ойчулдары тарыхтан көкөлөө жана кыйроолорду гана көрүшкөн, т.а. бул процесстер өзүнөн өзү жүрө бере турган нерселер деп эсептешкен, ал эми маңыз болсо ар бир жеке адамдын өркүндөп-өсүшүнө байланыштуу, ал эми тарых фон гана болуп саналат деп болжолдошкон.

Бул айырмачылыктын кокустук эмес экени айдан ачык. Биздин оюбузча ал айырмачылык мында: батыштыктар адам колунан жаралган прогресс — техночөйрө жөнүндө айтышкан, буга адамзат ишмердүүлүгүнүн туундусу бөлгөн философияны да кошсо болот, ал эми чыгыштын акылмандары — жандуу жаратылыш жөнүндө сөз кылышкан, мунун бир бөлүгү болуп адамдар саналат, ал эми техниканы болсо фон деп далилдешкен. Эми муну илимий тилге которуп көрөлү: Батышта социалдык-маданий тарыхты, ал эми Чыгышта — этникалык тарыхты, көп учурда жөнөкөй гана санжыраны (генеалогия) изилдеп үйрөнүшкөн. Мунун биринен экинчиси маанилүү деп айтуу мүмкүн эмес. Тигиниси да, мунусу да зарыл керектүү нерселер. Бирок социологиянын усулун табигый кубулуштарды изилдөөгө колдонуу гана туура эмес. Анткени менен мунун тетирисинче болбогонуна шүгүр деш керек.

Ясперс менен жана дин менен прогресстин телеологиялык системалары менен талашып-тартышууну ушуну менен жыйынтыктап токтотсок болот. Этникалык процесстерге эки негизги фактор катышат, буга алгачкы түрткүнүн күүлөнүүсүнүн жоголушун — этностун картаюусун жана коңшу этностордун же табияттын башка бир күчтөрүнүн11 катуу, кыйраткыч таасиринен улам ордунан жок болуп кетишин көрсөтсөк болот. Ордунан сүрүлүп кетүүлөр табияттын өзү тарабынан алдын-ала белгиленип коюлган этногенезди бузуп, өзгөртүп турат, бирок фазадан фазага өтүү учурларында гана ал ордунан сүрүлүп кетүүлөр катуу кыйроого алып келиши мүмкүн. Булак – bizdin.kg


Кыргыз