Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

Cеметейчи Cейдене

Молдоке кызы Сейдене — семетейчи 1922-жылы Кетмен төбө өрөөнүндө төрөлгөн. Айылдык жети жылдык мектепти аяктаган. Сейдене өтө жаш кезинен ырга, сөзгө үйүр болуп, өзү да кези келгенде жамактатып ырдай коюп жүргөн. Сей дене «Семетей» айтып калышын башка манасчьшардай эле түш көрүү менен байланыштырат. Анын түпгүнө адеп улуу акын Токтогул кирип, «Манас» айт дейт.

Айланайын Токо! Аял киши болсом кантип айта алам?  деп макул болбойт. Көп өтпөй Сейдене катуу ооруйт, түпгүнө Семетей кайра кайра кирип, эпосту айтууну талап кылат. Упгул мезгилде Сейдененин баласы чарчап калат. Муну ал эпосту айтпага ны үчүн түшүнө кирген баатырлардын (Семетей жана баш ка) арбактарынын жазалоосу катары түпгүнөт да жалгыз калганда көбүнчө түн ичинде, өзүнчө «Семетейдин» ар кай сы эпизоддорун айта баштайт. Барабара такшалып кадим кидей айтууга жарап калганда, коңшу аялдарды үйүнө ча кырып алып аларга айтып берип жүрөт. Муну кайнатасы билип калып:  «Манасты» аял киши айткан эмес,  деп Сейдененин эпосту айтуусуна катуу каршы болуп, таптакыр тыюу салат. Бирок «Семетейди» эл арасында айтууга абдан ынтызарлан ган Сейдене эл көп чогулган кайсы бир майрамда үйүнөн ; качып чыгып, майрамга келген карыяларга барат да алар дын уруксаты менен алгач көп жыйындын астына чыгып өнөрүн көргөзөт. Анын «Семетейин» жактырган карыялар ак батасын беришет. Упгундан тартып үйбүлөсүнүн тоскоол дугу токтоп, «Семетей» айтып калат.

Эпосту тереңдетип ай туу максатында Таласка бир нече жолу барып «Манас» эпосуна байланышкан андагы атактуу жерлерди кыдырып көрүп чыгат. Сейдене эл чыгармачьшыгынын көптөгөн кароо, конкурс тарына катышып башкы байгелерди жеңип алган  Манас таануу бөлүмү Сейдене айткан «Семетейдин» бардык эпизоддорун жазып алган. Эпостун айрым эпизод дорун семетейчи өзү да кагаз бетине түшүргөн. Сейдене нин семетейчи болуп калыптанышына китептин, айрыкча, 1959-жылы жарык көргөн белгилүү семетейчилердин вари анттары боюнча түзүлгөн курама варианттын таасири чоң. Китептин Сейденеге таасир этүүсүн күйөөсү Үркүн Сейитбе ков мындайча эскерген:  Айылда мугалим болуп иштеп жүргөндө китеп жаңы жа рыкка чыгып, сатып алып бош боло калганда үнүмдү чыга рып баштан аяк көп сапар окуп чыгар элем. Менин окуган дарымды Сейдене ар дайым кунт коюп угуп жүрөт.

Демек, жаш кезинен ырга, көркөм сөзгө шыктуу Сейде ненин ичинде бугуп келген жашыруун таланты эпостун ук муштуу дүйнөсү менен аралашып, ээ бербей сыртка атып чыкканы талашсыз. Бирок, ички көркөм касиети, мазмуну, айрым деталдары, мотивдери боюнча толук өзүнчөлүккө ээ. Сюжеттик курулупгу жагынан да бүтүндөй эле китеп менен окшош эмес. Ал турсун айрым эпизоддор белгилүү вариант тардын эч бирине окшошпогон өзгөчөлүккө ээ.


Кыргыз