Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

Боз үй

БОЗ ҮЙ

Кыргыздын боз үйү — өзүнчө өнөр. Элдин сергек акылынан чыккан, чебер колунан тамган, улуттук колдонмо өнөрдүн теңдешсиз байлыгы. Ал көркөмдүккө, математикалык так эсепке жана физикалык тең салмакка ээ, журтчулугубузду даңазалоочу бөтөнчө күчкө барабар. Элибиз байыртан көчмөн турмушту өткөрүп жүргөн. Боз үйдү жаратып алуусуна жашоотиричилик өзү түүрткү берген. Кыргыздар боз үйдүн ушундай түрүн жаратыш үчүн турмуштук тажрыйбаларын, талантын, акылойлорун жана кол өнөрчүлүгүн жумшаган.

Көчүүгө жеңил, каалаган жайга конууга ылайыкташкан. Табияттын ар кандай татаал каршылыгына, сырткы күчүнө туруктуулук кылган боз үйүбүз ичине от жагууга жана жылуулукту сактоого да оңтойлуу. Азыр боз үйлүк жыгачтан жана ээрден бөлөк көркөм буюмдарды турмуштиричилигибизде такай колдонуу кескин кыскарууда. Бүгүнкү чеберлер уук учтап, кереге матап, түндүк ийип, комуз чабуу аркылуу өз өнөрлөрүн көрсөтүп жатышат. Кыргыздар жашоо шартына ылайык боз үйдүн жүктөмө түрүн кабыл алышкан. Аны алачыктардын көчүрүп жүрүүгө ылайыктуу түрлөрүнүн андан өнүктүрүлгөн формасы десе болот. Боз үйдүн жыгачын жасаган усталар — чебер архитекторлор. Жайып тиксе тең салмакты сактап, кыз такыясындай келишимдүү келет.

Бир бүктөй калса, бир төөлүк жүк. Тоолуктардын сыймыктуу мүлкү бул боз үйдүн көлөмү, албетте, ар кандай болот. Үйдүн жыгачы «он эки канатка» жетет. «Сегиз канат», «алты канат», «төрт канат», же болбосо «жүз баштуу», «сексен баштуу», «жетимиш баштуу», «элүү баштуу» деп айтылат. Бул боз үйдүн чоңкичинесин далилдеп, ууктун саны менен өлчөнөт. Тигипчечүүгө жана конупкөчүүгө, ички эмеректеринин орун алышына азыр 55—65—75 баштуу үйлөр арбын жасалууда. Жакшы тигилген боз үйлөрдү «бүркүттүн томогосундай» деп баалашат. Малчылар үчүн фабрикадан чыккан боз үй кыркэлүү баштан ашпайт. Бирок анын тигилиши, көркөмдүгү, жасалуу ыкмасы чыныгы боз үйдөй эмес.

Амантур Акматалиев


Кыргыз