Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

АСАН АГАЙДЫН АЛТЫН САНДЫГЫ

АСАН АГАЙДЫН АЛТЫН САНДЫГЫ

Кызыктар дүйнөсүнөн окуганым бар. Өткөн кылымдардагы чыгыштын шахтарынын бири бардык жоокерлеринин атын билчү экен. Муну айтып отурганымдын себеби мындай, Асан агайдын мектебинде азыркы учурда эки миңге жакын окуучу окуйт. Директор алардын баарынын атын билет деп угам. Балдар жайгашкан комнаталардын биринин эшик алдына токтодук. Биз жатаканага бөлүштүрүүдө да балдардын эмнеге жөндөмү бар экенин эске алганбыз. Ансыз болбойт. Маселен тиги комнатада өңчөй математика менен физикага кызыккандар, анын тескерисинче, ал сабактарды такыр окугусу келбей, гуманитардык билимге ыктаган балдар жатат. Мына мында болсо, «спорт — бул мушташкандардын иши» деген ойдогу өтө эле «токтоо, олуттуу» балдар турат. Андан аркы жактагы команаталарда да бирибирине контрастуу балдар. «Акылоошот, ырыс жугушат» дешет го. Максатыбыз — акыл оошобу деген ой. Сен экөөбүздү кызыктырган мына бу комната. Асан агай математика менен физикага жөндөмдүү, тескерисинче ал сабактарды окугусу келбеген балдар жаткан комнатаны көрсөттү да, эшикти такылдатты. Бир аз тынчтыктан кийин кире бергиле деген үн чыкты. Балдар орундарынан тура калышты. Экөө шахмат ойноп отуруптур. Терезенин түбүндө бир нерсе жазып жаткан бала биз кирип барганда, жазган кагазын бүктөп чөнтөккө урду да, жаздык үстүндө жаткан физика окуу китебин колуна ала койду. Устаты анын жанына басып келгенде, эмнегедир ал бала будалана түштү. Демейдегидей эле ыр жазып жатасың го, Талант. Эмне, илхам келбей жатабы? Устатынын сөзүнө бардык балдар кулак түрүп калды. Илхам дегениң дайым эле келе берчү неме эмес. Ал ар бир акынга ар кыл шартта, ар кандай кырдаалда келет дешет. Күздүн басмырт күндөрүнүн биринде Царское селодогу түнт бакта отуруп, белгисиз бирөөнүн кадамын угуп, ошондон кийин Пушкин ыр жазууга отурган экен. Катуу таяктан уугуп, жабыр тарткан орус аялын базардан көрүп, Некрасовдун шыгы ойгонуптур. Түпсүз мейкинде атам замандан бери жашап келе жаткан үлбүрөгөн кайыңдуу Россиянын кебетесин жепирейген тамдын терезесинен телмире көпкө тиктеп туруп, Есенин биринчи жолу ыр арибин тартыптыр. Тумандуу Питерде жападан жалгыз басып жүргөн
«бейтааныш аял» Блоктун каламынын тушоосун кесиптир. Менимче, окуя «мээ китепте» бышып жетилгенде илхам өзүнөнөзү, күтүүсүз жерден келет. Сен өзүңдүөзүң бекерге кыйнап жаткан жоксуңбу?

Бектурсун АЛЫМОВ, «Шакиртиме кат» публицистикасынан


Кыргыз