Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

АЛГАЧКЫ АГАРТУУЧУ

Базаркул Данияров кыргыз интеллигенттеринин аксакалдарынын бири. Республикадагы эл агартуу иштерине зор эмгек сиңирген, кыргыз элинин көп таланттуу интеллигенттерин окутуп, тарбиялап, уядан учурган татыктуу мугалим, таасын табиячы эле.
Б. Данияров 1895жылы Чоң Кеминдеги Кайыңды кыштагында төрөлгөн. Ал революцияга чейин айылдык диний мектептен окуп, араб тамгасында кат жазып, окуганга жараган. 1918жылы Ташкент шаарында ачылган казаккыргыз эл агартуу институтуна кирип, аны 1923жылы бүтүрүп чыккандан кийин Ош шаарына жиберилип, анда мугалимдерди даярдоо курсун уюштурат. Данияров жетектеген ал курстан көп мугалим окуп чыгат. 1925жылы Пишпек шаарында Кыргыз эл агартуу институту ачылган күндөн тартып, Базаркул анын окуу бөлүмүнүн башчысы, 1929жылдан тартып Фрунзедеги борбордук педагогия техникумунун директору болгон. Ал институтта окуп жүргөн кезинде илимий комиссиянын орун басары болуп, кыргыз фольклорун эл оозунан жыйнатууга, жыйналгандарын басмага бастырууга жана кыргыз мектептеринин башталгыч класстарына окуу китептерин даярдоого активдүү катышат. Б. Данияров «Касым ырларынын жыйнагына» баш сөз жазган. Ал ар дайым сөздүн туурасын жазып, айтып, кара кылды как жарган калыс киши эле.
Б. Данияров чарчабаган педагог жана талыкпаган тарбиячы эле. Ал көбүнчө бизге сабак берип жаткан кезинде: «Балдар, бир нерсеге жакшы түшүнүшүңөр керек. Билим деген бир заматта учуп келе калып, башыңарга коно калчу бакыт кушу эмес. Силердин мектептен алган билимиңер он процент болсо, билимдин 30 процентин өз бетинче китеп окуу жолу менен аласыңар. Илимдин жаркыраган тоо жонуна чыгыш үчүн даңгыраган, даңгыр жол жок, ага жетиш үчүн толгон аракеттер керек, далай тар жолдуу, бийик ашууларды ашып, тайгак кечүүсүн кечиш керек. Ошондуктан кенедей да убактыңарды бошко кетирбей, китепти казып окуп, билимиңерди арттырууга умтулгула. Китеп силердин ажырашпас досуңар, кыйышпас жолдошуңар болсун» — дей турган.
Ошол кезде бизде кыргыз тилинде жазылган окуу куралдарынан Ишенаалы Арабаевдин «Кыргыз алиппеси», Касым Тыныстановдун «Окуу китеби», чала сабаттууларга арнап жазган «Окуй, жаза бил» аттуу алиппесинен башка эч кандай окуу куралдарыбыз жок болчу. Агайыбыз: «Тырышып жакшы окуп, бул мектепти ийгиликтүү бүтүрүп чыксаңар, кыргыз тилинин грамматикасынан, адабиятынан окуу китептерди силер өзүңөр жазышыңар керек. Ал гана эмес, мамлекетти башкара турган ишмерлер да силердин араңардан чыгууга тиииш», — деп калаар эле.
Биз окуган эл агартуу институтта тарбияланган балдардын басымдуу көпчүлүгү атаэнеси жок жетим балдар эле. Б. Данияров багаркөрөрү жок томолой жетим балдардын үстүнө үйрүлүп түшчү. Ошондой жетимдер сабактарынан начар болсо, аларды «сен жолдошуңа жардам бер» деп, сабакты жакшы окуган жолдошуна кошоктоп койчу.
1931жылы Узакбай Абдукаимовдун ордуна, Москвадагы борбордук секциясынын жооптуу редакторлугунун орун басарлыгы кызматына кетүүмө Б. Данияров себепчи болгон. 1933жылы башталгыч мектептердин 3—4класстарына кыргыз тилинин тунгуч туруктуу окуу китептерин жаш тилчилердин ичинен кимдер түзө алат деген маселе коюлганда, Байжиев менен Бектенов түзө алат деп, бизди сунуш кылган да Данияров болгон эле. Менин адам болушума өбөлгө түзгөн Б. Данияровдун шарапатын эч качан унутпайм.
1935жылы Кыргыз эл агартуу институту ачылган кезде Б. Данияров завуч, андан кийин директор болуп иштеп, кыргыз маданиятынын алгачкы карлыгачтарын учуруп, ондогон билимдүү кадрларды даярдап, эбегейсиз зор иштерди иштеген эле. Данияровдун тагдыры да каардуу 1937жылга туш келип, ал кандуу репрессиянын курманы болгон. Анын эл агартуу жаатында эмгеги зор, аны изилдеп үйрөнүү зарыл.
Зияш Бектенов


Кыргыз