Кыргыз Инфо - Кыргыз. Кыргызча китептер, ырлар, каада-салттар, эпостор, жомоктор, акыл-насааттар, учкул сөздөр жана макал-лакаптар Кыргыз Инфо сайтында.

Акбаранын көз жашы

Акбаранын көз жашы

Ошентип, келчү күн келди…
Бирок күн келгиче түн бар эмеспи — бу түнү Акбара баягы үңкүрүнө кайрылып барган эле. Ташчайнардан айрылгандан бери келе элек болчу. Жалгыз калган бөрүканчык үңкүр алдында аңылдап бош турганын, аерге барганда эч кимди таппасын сезчү, ошол үчүн бу чөлкөмгө жологусу келчү эмес. Ошентсе да кайгыга алдырып, алы куруп бүткөн неме ушу түнү көнүмүш жолу менен жүгүрүп, тааныш бадалды аралай чаап үңкүргө кирип барууну капыстан эмнегедир катуу эңседи — а балким, бөлтүрүктөрү небактан күтүп жатышкандыр. Дагы да өзүнө өзү алданды. Дагы да жалган үмүткө азгырылбай коё албады.
Катуу жүгүрдү; жинди болуп кеткен тариздүү жол тандабай, алдынан суу жолугуп атабы, таш жолугуп атабы дебей, жайлоого келе атабы дебей, жайлоого келе баштаган малчылардын ар кай жерде жаккан отунан жазганбай, аларга, алардын арсылдаган иттерине чукул эле жерден жаналы калбай чуркап кетип баратты, артынан тарсылдап мылтык атылып жатты…
Коколой башы жалгыз калган, акылынан айрылган энебөрү тоо аралап, бийикте, көктуңгуюкта турган ай астында ушинтип жүгүрүп келатты. Үңкүрдүн тегерегин жаш чөп басып, бөрү карагат тегиз жалбырак ачып, таанылгыс болуп калыптыр. Жетерине жетип, үңүрөйүп, ээнсиреп калган үңкүрдүн ичине кирүүдөн заарканып, туруп калды… Жок, жалгыз азгырыкка алданыпмын деп, эсине келип артына кайра салышка да кудурети жетпеди… Ошондо Акбаранын көөдөнү кайрадан өрттөнүп, боздопулуп, көзүнөн жашын төгүп, айдагы БөрүАнага кайрадан кайрылды, шордуу тагдырын айтып, дагы да буркурады: — Мени өзүң отурган айга, адам жок жерге алып кет, БөрүАна — деп жалынды.


Кыргыз